Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖУМАГҮЛ РАИМЖАН КЫЗЫНЫН КОНЦЕРТИНДЕ ОМАР «ТҮШТҮК КЫЗЫН» ЭРДИНЕН СҮЙҮП...

№806 13-апрель -19-апрель, 2018-ж.

Концерт өткөн күн –10-апрель
Өткөн жери – Улуттук филармония
Башталышы – 18:57 (27 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 90 пайызы
Алпаруучулар – Чыңгыз Мырзаев, Нурзат Токтосунова
Мыкты номер – Омардын «Түштүк кызы»

Эми-и, «сакадай бою сары алтын» десем Жумагүл карындашым таарынбастыр, бирок азамат. Ошто жашап, иштегенине карабай борборго мынча адам чогултуп концерт бериш ар кимдин колунан келе бербеси турган кеп. Анда сөз башынан болсун. Алпаруучулар Нурзат менен Чыңгыз өз ишинин «профиси» эле болуп калбадыбы, концертти жакшынакай ачып беришти. Топ кызды коштотуп Жумагүл чыкты. Ыры, бийлеши, кийимдери, айтор, баарына эле «ии» деп турдум. Биринчи ырын берилүү менен ырдап, анан сүйлөйүн деп эле микрофонун "ойгото" албай калды. Азыр эле ырында жакшынакай "иштеп" жаткан микрофондон үн чыкпай, алмаштырууга туура келди. Дагы бир ка-ап дей турган жери – ырлары бир кылка, бир нукта, селт эттире элди ойготуп жибере турган бир ыр кошсо жакшы болор беле? Чыгармачылыктагы апам деп Кенже Дүйшеева экөө чогуу чыгып ырдап калышты. Мыкты экен бул ыры. Таасирленген жаным кийинки күнү да «Сагындым сении-ии» деп кыңылдап жүрдүм.
Анан Омар иним чыкты. Үйлөнгөнүн укканым менен, андан бери өзүн көрө элек элем. Жары жакшы багып жаткан көрүнөт, көзгө бараандуу көрүнүп калыптыр. Жандуу үн менен жаркылдап чыгып, «Ошко барсак дайыма аш басып сыйлап турат» деп Жумагүлгө арнап «Түштүк кызымды» созду. Омарды деле мактагым келип турат деңизчи, бирок бул ырды жараткан Чубак Сатаевди элестетип талантына бир таазим кылып койдум. Мен билгенден кайсы заманда болбосун, кайсы ырчынын аткаруусунда болбосун шаңга бөлөйт. Эрдин бөйтөйткөн, тартынчаак, ыйбаа кыздын элесин көз алдыбызга тартат. Ырга баракелде дейсиң. Айтмакчы, Омар бул жолу түштүктүк карындашынын оозунан «сорбоду» жөн гана «сүйүп» койду. Салт болуп калгандай Жумагүлдү тиги жак, бул жактан куттуктап келишти. Эми ал жагын айтып убакыт кетирбей эле коёюн. Алардын ичинен мага жакканы Раимжан Курбановдун ыр окуганы болду. Баса, унута электе Жумагүлдүн музыкалык аспаптардын коштоосунда Асанкалый Керимбаевдин ырынан тарта 3-4 ырды жандуу үн менен ырдаганын айта кетейин. «Күлүк күлүктү көрсө, төрт аягы тыбырайт» дегендей эки-үч ыр ырдагандан кийин Жумагүлдүн уламдан улам үнү ачылып, жарпы жазылып, берилип ырдады. Коноктордон Гүлжигит Калыков, Анжелика келди. Илгери "ырдын пири Рыспай" болсо, азыркынын "ыр пирине" айланган Бек Борбиев да келди, карындашына колдоо көрсөтүп. "Карындаш кимди сүйөсүң?" деген ырды Бек Борбиев Назми менен ырдап баштап, улам жаш ырчы кыздарга өтүп отуруп, эми Жумагүлгө келип токтолуптур. Анысынан өздөрү да ыңгайсыз болуштубу, айтор, бири-биринен 10 метрдей алыс туруп алып, эки башка тарапты карап ырдашты.
Бир сөз менен кызыктуу, конокторго бай, эски ырларды сагынган адамдар үчүн мыкты концерт болду. Кемчилиги – мазмуну да, ыргагы да бир калыптагы ырлар тандалыптыр. Арасында бир эки даңкылдак түңкүлдөктү кошуп койсо телефон чукулаган жаштар да селт ойгонуп сахнаны карап калат беле деп койдум. Анан айланайын, алпаруучулар, «колдоп коштоп отурабыз, барсыңарбы?» деген сөздөн башка да издештирип көрсөңөр. "Кыргыз тили бай" деп келебиз, чыгып калар беле.


Толик сынчы


Бишкекте алгачкы концертин берген Жумагүл Раимжан кызы: "Концерт үчүн өзгөчө 5 көйнөк тиктирдим"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(29)
SUPER.KG видео
11.04.2018. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жеке концертинди тынч аман откоруп алыпсын азамат.Мындан ары ийгилик каалайм.Эми жеке жашоонду да жонго сал
SUPER.KG видео
12.04.2018. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенже эжем кантет ХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-13 09:45:13
SUPER.KG видео
12.04.2018. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ким билет бул Жумагул деген орган жакта да иштейт беле же атасы иштейт беле озунун ыры деле жок бирок депутат ырчы чоорчулар жандап жургону тан калычтуу
SUPER.KG видео
12.04.2018. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу 3-4эле бироолордун ырын ырдайт анан сыйлык эле тапшыра берет да ушул кызга странно же ....
SUPER.KG видео
13.04.2018. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иштеген тиштейт! Азамат кызсың! А Кенже эжеге соз жок суппппер!
17.04.2018. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Азаматсыз Толик байке))
17.04.2018. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Рыспай абдыкадыровтун ырлары көп адамдарды ырчы кылды. Кээ бирөөлөр эмгек сиңиргенди алышты. Концертиңерде жок дегенде сөзү обону деп Рыспай агайдын атын атаганды унутпагыла
17.04.2018. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Толик байке сындаганда концертке барып келгендей эле болобузго чиркин
17.04.2018. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
озу жакшы ырдайт таланты оркундой берсин
17.04.2018. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушу Толик сынчы ким болдукен))))
17.04.2018. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жумагулдун уну жок такыр.
17.04.2018. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jaziko80,кантип ырдаганын угуп туруп уну жок дейсинер.ХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-17 17:16:57
17.04.2018. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
он метр дегени эле кулдурду да
17.04.2018. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жумагул абжебиздин үнү Керемет чынында, берилүү мн ырдайт, чем башка фунчёзаларга караганда... )))
Толик сынчы, сизге баракелде, ким болсоңуз да, өтө жеткиликтүү кылып сындайс, концертке сиз мн чогуу барып келгендей эле болобуз го... )
Бек Борбиев карындашын куттуктап келди десе, өзүмчөле сүйүндүм...
Талантыңызга таазим Беродар байке, ырларыңызды угуудан тажабайбыз го чиркиин... ))))Рахмаат!
17.04.2018. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ким бул? Ушундай ырчымын дегендер кобойду. Бир ырды тынгылыктуу ырдай албай ырчымын дегендер!
17.04.2018. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ХХХХХХХ ушундай ырчылар тойгузду. Буларды эптемей бирнерсе деп коёт.
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-18 10:43:33
17.04.2018. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик! Ийгиликке жетпеген, жашоодон кыйналган адам ар дайым бироого негативный комменттерди жазат" деп Курал байкем айтты го. Оюнарды ондогула достор. Бироонун конулун оорутуп, бакыт таппайсынар.
17.04.2018. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оорусаныз таарынам деп, Айжамал ырдайт экен десе, ушул кыз ырдайт турбайбы.
18.04.2018. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Анжелика бул жерге да кыпчылыптыр да, Жумагулдун жанында уну угулбай эле калыптыр го
18.04.2018. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу кыз жанагы Бир передача бар эле го , ыр алмашып ырдаган, случайно ощону коруп калдым, жанындагы аялдын ырын ырдады эле Кудай сактааааа депмин , Эми не болсо да ийгилик каалайбыз
18.04.2018. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Анжелика менен дует сонун болуптур
18.04.2018. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Толик колго тушсон олдун
19.04.2018. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек Борбиевдин ырларын эмнеге Медиа порталга жуктобойсунор,Супер инфо.Кыргызымда мындай таланттар азго.Жеке таарынычынар болсо да,кыргыз Эли учун жуктоп турсаныздар абдан ыраазы болмокпуз.
19.04.2018. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ainur78007,
Саламатсызбы! Аткаруучунун өз суранычы менен порталдан ырлары алынган. Сунушуңузга рахмат.
19.04.2018. 08:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайсыл жерди карасаң Анжелика
20.04.2018. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Суйомго суйом
22.04.2018. 04:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушул кыздын уну жагат!Бир келип кетчи Ош жака деген ыры аябай жагат!Жумагул алга!
23.04.2018. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Голосу жагат,иштеген эптеген эптеп жолун таап жашоосун ондоп жашап атат. Сындаган сынап озуда бактылуу эмес,жашоосу жарыбай журот!!! Ишине ийгилик каалайм!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо