Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«МЕН БАЙ КЫТАЙГА ТУРМУШКА ЧЫКТЫМ ДЕП ОЙЛОГОМ...» Кытайларга турмушка чыгып алданып калган кыздар

№806 13-апрель -19-апрель, 2018-ж.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, былтыркы жылы 1394 кыргыз жигити чет элдик кыздарга баш кошкон болсо, 1141 кыргыз кызы башка өлкөнүн жарандарына турмушка чыккан. Ал эми башка өлкөдө никеге турган жарандар тууралуу так маалыматтар жок. Мындан сырткары жарандык никеде жашап жаткандар да жок эмес.

«ЖАМАН УЛУТ ЖОК, ЖАМАН АДАМДАР БАР»
Эркектер башка улуттан аял алса унчукпайбыз, ал эми кыздарыбыз башка улуттун жигиттерине турмушка чыкса сындап жатып калабыз. Ооба, чет элдикке тийген кыздарыбыздын бактылуу жашап жаткандары да, өкүнүп, азап тартып калгандары да бар. Үй-бүлөдө жубайлардын бактысынан да улуту маанилүүбү? Бул маселе тууралуу кытай мырзага турмушка чыгып, Кытайдын Пекин шаарында жашаган Айгүл аттуу (аты өзгөртүлдү) кыргыз кызы төмөндөгүчө оюн билдирди:
– Менин кытай мырзага турмушка чыкканыма 10 жыл болду. Кытайда окуп жатканда таанышып, жактырып калгам. Бир уулубуз бар. Жолдошум нике кыйдыруу үчүн ислам динин кабыл алган. Ал мени ЖОЖдо окутту. Жакшы жашайбыз. Бирок 2 жылдан бери таарынышып жүрөбүз. Ага карабай азыр да ата-энеме, балам экөөбүзгө жардам берет. Баламдын мектебине эле жылына 1 миллион 800 миң сом төлөйт.
Кытай жигиттерине турмушка чыккан мен билген кыргыз кыздары бул жакта аябай жакшы, бактылуу жашашат. Анткени бул өлкөгө келүү менен алардын маданиятын, жашоо шартын жакшы түшүнүп калышкан. Ошентсе да башка улуттагы адамга баш кошуу кыйын. Алардын маданиятына көнүүдөн тышкары эки тараптан тең чет жерлик күйөө бала, келинди кабыл ала албаганы кыйынчылыктарды жаратат. Биз Кыргызстанга барсак, жолдошум кытай, баламдын атасы кытай болгону үчүн бизге жаман мамиле жасашат. Кошуналар таш ыргыткан күндөр да болгон. Ошол эле себептен бул Кытайда да бизге жаман мамиле жасаган кытайлар бар.
Кытайлар эмгекчил болушат, үй-бүлөнү сыйлашат. Ал эми Кыргызстанга барып иштеген кытайлардын көпчүлүгү билимсиз. Алар Кытайдан акча таба албагандыктан Кыргызстанга барышкан. Ар бир адам жөн жерден үй-бүлөсүн, баласын таштап кете албайт да. Андыктан бул жерде бизге көрүнбөгөн маселелер жатат деп ойлойм. Жаман улут болбойт, жаман адамдар гана бар.

«ТОВАРГА КЕТКЕН БОЙДОН ДАЙЫНСЫЗ»
Бай турмуш, жакшы жашоону эңсеп кытай мырзаларына турмушка чыгып алданып калган кыргыз кыздары да бар. Күйөөсү таштап кеткенден кийин кайда барып, эмне кыларын билбей кыйналган бул кыздардын айрымдары Ош шаарындагы «Ак жүрөк» кризистик борборуна жардам сурап кайрылышат. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Дарика Асылбекова айтып берди:
– Бизге башка улуттагы мырзага турмушка чыгып, ал никеден жапа чегип калган кыздар көп кайрылышат. 2016-2017-жылдары кытайларга турмушка чыккан 18-20 жаштардагы 6 келин биздин кризистик борборго кайрылган. Расмий эмес кайрылгандар, телефон аркылуу кайрылгандар дагы бар. Бул келиндер Ош, Жалал-Абадда кытайлардын колунда сатуучу болуп иштеп жүрүп эле кытайлар менен жакын мамиледе болуп турмушка чыккандар. 1 же 2 балалуу болгондон кийин күйөөлөрү дайынсыз кетишкен. Дегеним, алар көбүнчө соода-сатык менен алек болушат да. Товар алып келүү үчүн кеткен бойдон кайра кайрылып келбей коюшкан. Айрымдары «сени менен жашагым келбей калды» деп таштап кетишкен. Балдарын да талашышкан эмес. Үй-бүлөлүк жашоодо аялдарына жакшы мамиле жасашчу экен. Бир келинди күйөөсү Кытайга алып барып келиптир. Ал кыз мага «Мен кытайлардын байлары бул жакка келип иштешет деп ойлочумун. Кытайга жолдошумдун үйүнө барганда анын жашоо шартынын өтө начар экенин билдим. Талаа сыяктуу эле жерде жашайт экен. Ал кыштактын жашоочуларынын жашоо шарты өтө төмөн экен. Ал жактан кайра келип «Кара-Суу базарында» иштедик. Жакшы эле жашап жатканбыз. Бир күнү кезектеги товарды алып келүү үчүн кеткен бойдон дайынсыз. Эмне кыларымды билбей калдым» дейт.
Кыздар никесин каттатып расмий түрдө турмушка чыгышканы менен, нике каттоо күбөлүктөрү каякта экенин билишпейт. Бул кыздардын баары социалдык абалы начар үй-бүлөдөн. Айрымдарынын ата-энеси эмгек мигранттары. Ошондуктан алар акчага кызыгышып, жетиштүү турмушта жашайбыз деп ойлоп турмушка чыккандар.

«КҮЙӨӨЛӨРҮНҮН 2-3 ПАСПОРТУ БАР ЭКЕНИН КӨРҮШКӨН»
– Келиндер күйөөлөрү эмне себептен үйлөнүп, эмне себептен таштап кеткендиктери тууралуу себеп издеп таппай келишет. Айрымдары күйөөлөрүндө 2-3 өлкөнүн паспорттору бар экенин капысынан көрүп калышкан. Бирок бул тууралуу күйөөлөрү өздөрү ооз ачышкан эмес. Айрымдарынын күйөөлөрү Кыргызстандын жарандыгын алууга жетишишкен. Менин баамымда, кытайлар кыргыз кыздарына үйлөнүп Кыргызстандын жарандыгын оңой алып, биздин өлкөдө эркин жашап, эркин ишкерлик кылууну максат кылышкан. Ошол себептүү бул кыздарды пайдаланышкан окшойт.
Байкаганым, биздин кыздарды алган европалык, америкалык мырзалар үй-бүлөнү бекем сактап калууга аракет кылышат. Бизге көз жашын көл кылып кайрылгандардын арасында түрк улутундагы мырзага турмушка чыгып жапа чеккендер дагы көп. Кытайлар сулуулугуна, байлыгына карабай өз кызыкчылыктарын алдыга коюп үйлөнүп жатышса, түрктөр сулуу жана жаш кыздарга үйлөнүп Түркияга алып кетишет. Аларды убактылуу пайдаланып туруп таштап кетишет же сойкулук менен алектенүүгө мажбурлашат. Алардын саналуусу гана турмуш куруп жашап калышпаса, көпчүлүгү ыйлап кайра келишет.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(80)
17.04.2018. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кытайларга жийиркенбей кантип тиесинер кыздар. Алар адал тамак эмне экенин да билишпейт жорголоп жургон чычкандан ойдо жешет го. Бул калкты жаман кором ошол учун балээнин баарын ойлоп таап бизди ар кандай химикаттар мн уулантып атат.
17.04.2018. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
jikitai,мусулмандар кытайда коп да. мен бир кытай мусулман кызды билем, динди бизден жакшы кармайт. Халал гана тамак жейт. Жаман улут болбойт, жаман адамдар болот. Дуйно жузундогу бардык мусулмандар бир тууган. Химикаттар менен ууланткандар кытайда эле эмес
18.04.2018. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
jikitai,макул кыздар жийиркенбей тийиптир дейли. А жапжаш жигиттер башка улуттун кемпирлерине уйлонуп жийиркенбей жашап журушот? Буга не демексин?
19.04.2018. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nelli,зато баласы кыргыз болот!
17.04.2018. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кытайлардын айрым видеолорун коруп алып бут Кытай элин курт кумурска жейт дегенинер туура эмес. Кытай деген 1,5млрд калк болгондон кийин ар кандай адамдары бар. Кытай элинин дуйнолук цивилизацияга кошкон салымы өтө чоң, улуу тарыхка, өнөргө, маданиятка бай эл. Кытай деген Кытай.
17.04.2018. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Соз жок жанагы алданып калган кыздарга ыйман берсин кийики муунга акыл айтып туура жол коргосун дагы мындан да кобуроок ушундай факты мн алдынып калган окуяларды ачык жазып туруш керек кийкинкилер алданбагандай болуп...анан дагы айтарым кыздарга куйоого тийдинби ЗАГС га созус туруш керек..куйоон макул болбойбу анда кечирип Гана койде...
18.04.2018. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздикилерге баарибир ким акча коп берсе кете беришет, азыркы биздир кыздар акча десе олуп даже ата энесиненда кол шилтеп коюшпат. Уят эле
18.04.2018. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Өзбек Тажик Азерлер Чечендер дегеле ушул Кавказ улутундагы мусулман эркектер аялдарын иштетпейт иштегендери деле бар бирок бизчелик эмес себеби аларда жоопкерчилик деген нерсе ушунчалык күчтүү жигиттери намыской келишет биздикилерге окшоп талаалатып коё бербейт тур акча таап кел тур москвага барып иштеп кредитти ток элдин кызынча жоксунбу деп келип байкуштар иштеп иштей элек акча сал эле акча сал паланчанын кызы күйөөгө тийип атыптыр тукунчонун уулу үйлөнүп атыптыр мен тойго барышым керек деп
18.04.2018. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул жакта 17 20 жаштагы кызы эмне болуп иштеп жатат баштары да оорубайт салган акчасына чычайышып атасы апасы экөө ээрчишип тойго барып олорчо шапар тееп тойлошуп тойтойушуп келет сурагандарга кызым Москвада иштеп акча салып атат деп жакшылыгын мактангансып мактанып да келишет а кызы эмне болуп акча таап жатат кантип таап жатат кимдер мн кандай шартта жашайт иштери жок жөн эле чоң атасынын үйүнө коноко жоноткондой жонотушот Москвага эки бетинен беш өөп эми айта берсең сөз көп
18.04.2018. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эң өкүнүчтүүсу бизде кыргыздарда эркектерге караганда аялдарда жоопкерчилик көбүрөөк бизде кичине кезинен ошентип тарбиялашат карап көрсөң үйдө бир уул 2 кыз болсо ошол уулун жоктон тапкансып аяп оор иштерди кыздарына жасатып уулун аяп ичирбегенди ичирип жедирбегенди жедирип айтканын кылып чонойтушат анан дагы айтат бул балабыз чонойсо бизди багат деп каяктан кантип багат даяр оокатка көнгөн бала а кыздары болсо өмүр бою жоопкерчиликти мойнуна жүктөп алат күйөөгө тийсе күйөөсүн аяйт иштетпей
19.04.2018. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Baku88,Азаматсын,туптуура айттын,эркектердин кобунон нарк-насил кетип буткон.Бара - бара аялдар кйуоосуз эле жашап калышат, эмне кереги бар бекерпоз ичип-жегичти омур бою багып, анын сасык созун угуп.Бир аялды жакшылап карап, эптеп багышты билишпейт, анан тилдери мин кулач,коздору кыйшык,оло албай жатып алышып ойнош ойногондоручу аялы тапкан акчадан беките калып.Жакшысы деле бар,бирок эптемей эркектер кобойуп кетти.
25.04.2018. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baku88,точно ошондой
18.04.2018. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Балалуу болсо баласын аяйт кыздарын иштетип анысы аз келгенсип ата энесин чоң килейген эркек бир туугандарынан бери жардам берет себеби психологиясына синип калган эркекти аяш керек деген анан ошентип ошентип уланып кете берет
18.04.2018. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тийсин каалаганына дейсинер,кыргыздын эмес кытайлар дын санын кобойтуп жатасынарго!Акчасы учун тийип жатышат,мен учун мисалы жийиркеничтуу!Бактылуу болсо болду деп кайдагыларга тийип!Эй мусулман бир туугандарым бактылуулук озубуздун динибизде,
Жакшынакай озубуздун жигиттери бизге эч бир башка улуттун эркектери тен келе албайт!
18.04.2018. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошо кыргыз кыздарын коргоп калгыла
18.04.2018. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кытайга сүйүп эмес байлыгы үчүн тийип атышпайбы Кытайды суйоткрган неси бар же мусулман болбосо көздөрү кылый бою кыска жымшык и тилин билбесең только арамдарды жесе даже адамдын кошунон бери жешсе несин суйосун суйом деген кыз келиндер башыңды иштеткиле мен кыргызмын кыргыздан гана аял алам кедей болсун бай болсун АЛЛАНЫН кулу болсун ошо жетиштүү болот акчанын кулу болбосун сүйүү бар бирок бул анча мынча да кездешет башка улут башка динчил адамдар менен Кытай менен кыргыздын окшоштук жагы жок
18.04.2018. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Капырга тийсен капыр болосуң и ошо бойдон олсон сени тозок күтүп турат бул кытайлардын жебеген нерсеси жок
18.04.2018. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Manas230595, Жогоруда окубадыңбы, кээ бир Кытайлар Исламды кабыл алып анан үйлөнгөндөрү да бар. Кытайлар баары көзү жымшык, бою кичине боло бербейт, көзү жымшык бою кичинелер кыргызда да толуп жатат. Кытайдын баары эле ачка калды дейсинерби корунгон нерсени жей бергидей. Керек болсо Продукты кийим кече буюм терим мн Кыргыздарды камсыз кылып жатат. Алардын көбү дыйкан эмгекчил, чарбачыл эл. Баары силер ойлогондой эмес.
18.04.2018. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
traveler,сенин куйонда кытай окшот эээ олло кытай жакшы эле жакшы деп жатасын
18.04.2018. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оз агасын агалай албаган Киши агасын сагалайт Кытай менен Турктун акчасына сагалагынар келсе, Намысынар жок болсо, Акча учун аланарды берсенер, бакытты байлыктан издесенер оз ишинер! Бирок кийин окунуп калбагыла!
18.04.2018. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргыз кыздар акылынар болсо башка улутка чыга корбогуло.Кантип айтасынар баламдын атасы [moderated] же турк же кытай деп.Омур бою озунор да кыргыз экенинер унутулуп калат.Туркко тийсен турк болосун дегендей
18.04.2018. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аа дейбиз бу дейбиз пешене жазган насип кылган кунду коробуз,бирок коробуз деп журо бербей башыбызды иштетип жаратканга кобуроок сыйынып тилек кылышыбыз керек.Чындап эле кыргыз жигиттерибиз бар аял кишилерди сыйлабаган ичип келип кордогон,жакшы эркек жигиттинен эч качан аял киши кетпейт тескерисинче чап жармашат.
18.04.2018. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Озум Кытайда окуганмын биз окуп жургондо балдарда кыздарда кыйтайлар менен суйлошкон эмеспиз,турлорун коруп эле чочуйсунго,балит болгондо:(,анан биздин кыздар кантип кытайларга чыгышат билбейм бул жакты мен жиркенип кетем,алар паспорт алыш учун эле улонотта
18.04.2018. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менделе чет олколук балага тийгем. 3 семья багып атам . Ошондо мен жаман болуп каламбы ?
18.04.2018. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Билбейм, кыздарын, аялдарын иштеткен эркектер Кыргызстандын башка аймактарындабы? Бизде баары эле уй-булом деп тытынган эркектер окшойт,себеби биздин миграция боюнча сурамжылоодо 2 эле уй-було Россияда экен аябай суйундум мектеп боюнча
18.04.2018. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Үй булоосун эч нерседен кем кылбай баккан эркектер деле бар бирок бакпай кордогон эркектер басымдуурак болуп жатат жоопкерчилик жок. Илгери эркектер үй бүлө багайын балалуу болом деп уйлонсо азыркы эркектер курсагын тойгозуш үчүн үйлөнүп калды арабызда бар ошондойлор эң өкүнүчтүүсу ушул. Жаш жигиттерибиз жаш кыздарды алдап боюнда кылып коюп таштап кетишет анан кыздар эмне кылыштарын билбей акчасы барлар аборт кылып жок кылат акчасы жок бага албагандар төрөп туруп өлтүрүп ыргытып жиберип жатышат
18.04.2018. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздарды алдап олдум талдым сенсиз
Жашай албайм деп сүйүп сүйүүсү көпкө узабайт жүрүп жүрүп аягы бей күнөө наристенин өлүмү мн аяктайт
19.04.2018. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыбызга ыйман берсин. Ыйманга келсек баары жайында болмок.
19.04.2018. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акчага тийбегиле. адамга тийгиле. акчасы жок бир бечара кыргызга тийсен сенин жакшылыгында экоонорго Кудай береке берип байып кетесинер
19.04.2018. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Baku88 чык эшикке Баку деп жазып алып сың эриң Азербайжанго!
19.04.2018. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azatbek.Svoboda., мына ушинтип дарт десе балаа деп отурсанар силерден эмне жакшылык кутсо болот просто сөз жок айтса чычалайсынар кана бир эркек чыккан жок биз кыргыз кызын коргойбуз деген макала чыккан күндөн бери кыздар мн теңме тең айтышып отурасынар сенин эрин тажик окшойт сенин эрин кытай окшойт деп
19.04.2018. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Башы жок биздин кыздардын өзү байлыкка кызыгып өл
19.04.2018. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз кыздар азер тажике тийсе тийгендир зато жоопкерчиликтуу ар намыстуу уулдарды торойт чонойсо апасын кор кылбай багат
20.04.2018. 08:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Baku88,жоопкечиликтуу болгону менен кыргызым деп сокпойт журогу,кези келсе сатып кеткенден тайбайт
21.04.2018. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baku88,э жетим себе озун тазик же азерге талтайып бул жакта озуно окшогондорго адвокат боло бербечи
21.04.2018. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ady-88, байкуш ай байкуш боорум ооруйт сени төрөгөн энеге
20.04.2018. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызымдан айланайын!!!
20.04.2018. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз эле жигиттер кыргыз кыздарды алып багалбай бактысыз кылып бир жакшы созун аягандар толтура.Же балдарын багалбай же аялын багалбай дагы устунон аял алып алганычы.Кыскасы эркектер намымтуу болгулачы кыздаргале аяпты коё калбай
20.04.2018. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mart19, ошо эркек кундо 100 сом таап келсе да шугур деп жашаш керек да илгери биздин апалар ушундай эле жашашкан уйдоле эчким кор болбой азыркылар алкымынар эле чон ошого бактысызсынар эркекти угуш керек ал кандай болсо да
20.04.2018. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кызын да эркегин да бирдей эле Ошон учун кыргыздар онукпойбуз Аялдар тилин тыйбаса эркектер колун тыйбайт
22.04.2018. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер кыргыз кызы башка улутка тийсе ал ошол улутту кобойтот. Эгер кыргыз баласы башка улуттан уйлонсо ал кыргызды кобойтот. Кыргыз кобойгон жерде кыргыздын аты, салты, маданияты ырым-жырымдары, накыл создору, тарыхы сакталат. Айырмасы ушул жерде турат. Ошон учун ойлонгула кыргыздын кыздары!!!
23.04.2018. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы учурда кыздар деле жигиттер деле бирдей . Кыргыз куруп калгансып башка улутка уйлонушот, турмушка чыгышат. Бир эки кыздардын айынан бардык кыздарды акча байлык учун барына даяр дегенинер туура эмес!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо