(Башталышы өткөн сандарда)
– Алибек, антип айтпа, балам. Баары ордуна келет.
– Хм, ордуна ансыз да келди. Эч нерсе эми өзгөрүлбөйт. Сүйүктүү келиниң жаныңда, неберең тизеңде, уулуң да кашыңда. Болгону менин жүрөгүм, жан дүйнөм талкаланды. Жок болду! Анын сага эмне кереги бар, ээ? Менин эмне каалаганымдын сага эмне кереги бар? Макул, атам экөөң каалагандай болсун. Мен мындан ары Жамилясыз жашайм. Анын атын да оозума албайм. Бирок ошону менен кошо Алибек да жок. Өлдү ал, алдыңда турган жигит болгону анын көлөкөсү.
Алибек апасына мындай катуу сөз айтмак тургай, катуу карап да көргөн эмес. Эмне дээрин билбей оозунан сөзү түшүп отуруп калды. Шалдайып өңүнөн азып турган уулуна боору ооруй карады эне. Биринчи жолу жаңылыштыгын сезди.
ххх
– Сени алыстан тиктегендин да ырахаты бар экенин билбегем,- деди ичинен Керем. – Сени сагындым, Жамиля. Ушунчалык сагындым. Сен сезбесең керек. Жытыңды сагындым. Сен өзүңдүн жытың кандай экенин сезбесең керек. А мен билем. Сени биздин үйгө келген күндөн тарта тиктегенди жакшы көрөм. Сыртыңдан байкаганды жакшы көрчүмүн. Баш аламан жашоомдо сени тиктегенде гана эс ала алар элем. Анткени мен сендеги тазалыкты буга чейин эч кимден көрбөгөм. Наристе болчусуң. Таңыркай, сонуркай тиктеген наристеникиндей таптаза көздөрүңө кирип кетип, мен өзүмдүн кир дүйнөмдү тазалап алгым келгендир. Балким, менин чөйрөмдөгү адамдардан чоң айырмаң болгон үчүн тартылгандырмын. Эгерде...
Мына ал көчөдө кетип бара жатат. Мурункусундай эркин, арышы да салмактуу, ийиндеринде канча жүк болсо да күчтүү басык. Машинасын жай гана айдап аркасынан бара берет. Иштеген жерине, үйүнө чейин ошентип барат. Эмрени бир көрүп калармын деп тиктегени тиктеген. Көрдү бир-эки жолу. Бирок сагынычы тарабады.
– Уулум!- деп бакырып жибере жаздап токтоду. Өзүн токтотту. Эгерде анын аркасынан аңдып жүргөнүн билсе Жамиля изин таптырбай кетеби деп коркту. Сыртынан каниет кылып күтүп турууну чечти.
ххх
– Кечкиге балык кууруп берчи, эне,- деди Эмре апасы эс алган күнү.
– Сен каалаган тамакты бышырам,- деп сөз берген эле. Тамактын жанында туруп окшуп кетти. Эки-үч сапар ушундай болду. Алгач ашказаным ооруп жатса керек деп ойлогон. Бирок... Башына келген ойдон бирөө чака менен башынан ылдый суу куюп жибергендей ичиркене түштү.
«Болбойт, андай болушу мүмкүн эмес!» Теңселе түштү.
– Сага эмне болду?- деди кирип келген апасы.
– Башым айланып кетти.
Сыртка чыгып терең дем алды. Башын канча жолу чулгуп ал ойду алыстатса да кайра-кайра ошол ойду ойлоп туруп алды. Уктай алчудай эмес. Оодарылып тынчый албаган соң ордунан турду.
– Менин башым ооруп жатат. Сыртка чыгып дем алып келем,- деди таң кала тиктеген апасынан көзүн ала качып. Дарыканага барып тест алды да, кайра келди.
– Келесоолук бул. Бирок көңүлүм жай болушу үчүн жасап коё берейин,- деди калтыраган колдору менен кутуну ачып жатып.
Жасады. Эми 4-5 мүнөт күтүү керек эле. Демин ичине алып көзүн жумуп турду. Бир аздан кийин көзүн ачып тестти карады. Эки кызыл сызык! Денесин калтырак басып кетти. Буркурап ыйлап жиберди. Бир топтон кийин көзүнүн жашын сүртүп чечкиндүү ордунан турду.
«Жаңылыштык болчу, бул менин эң чоң катам. Тезинен аборт кылуу керек» деди өзүнө-өзү.
Ваннадан чыгып баратканда Нурилянын турганын көрдү.
– Билем мен, жашырбай эле кой,- деди ал акырын гана.
– Эмнени билесиң?
– Боюңда бар экенин...
Жамилянын оозу ачылды.
– Байкадым, Москвадан мындай учурларды башымдан көп өткөргөм. 4 жолу боюмдан алдырдым.
– Жетет, унчукпа.
– Жамиш, сенин акылыңа эң биринчи келген нерсени да билем. Кааласаң алдырасың. Бирок андан кийинки абалың... Сен укпа, мен айтпайын. Түндө эмчегиңди бүлкүлдөтө соргон наристе, эзилип эмизип балкып жатып эле ойгонсоң түшүң. Баарынан жаманы, өзүңдү күнөөлүү сезгениң. Өзүңдү тиштеп жеп жутуп койгуң келет. Дүйнөдөгү эң бир жаман аял экениңди ойлойсуң. Антип да чарчайсың, кайра өзүңдү-өзүң актагың келет. Ал баланы төрөсөң мүмкүн болмок эмес экенин миң жолу өзүңө айтасың. Андан да жаманы, өзүңдү-өзүң актай албайсың. Кылба муну, суранам. Сен күчтүү аялсың. Мендей болуп жеңилбе.
– Сен эмне деп жатасың? Мен бул баланы кантип төрөйм? Силерди бакканга араң жетип жаткан маянам менен мен кантип төрөйм? Мен бул балага атасыз төрөлдү деген нерсени кантип ыйгарам? Кантип?
– Керемге бар!
– Эмне-е?
– Кеч боло электе аны менен жолук. Ал сен үчүн жанын кошо бергенге даяр. Сен Керемдин бул жолу мыйзамдуу аялы болосуң. Бардык маселелерден бир жолу кутуласың.
Жамиля кулагын жаба калды. Алибектин
«Керемге кетесиң» деп күнөөлөгөнү кулагына жаңырды.
– Акылыңдан адаштыңбы? Ал Алибектин баласын өмүрү кабыл албайт. Төрөлгөндө биринчи күнү өлтүрүп таштайт. Сен Керемди мен билгенчелик билбейсиң.
– Алибектики экенин билгизбе...
– Нуриля?!
– Билем, акмакмын! Апамды тарткам да. А сен анте албайсың. Унут бул сөздү.
Нуриля ушундай. Чорт айтат, дал үстүнөн түшкөндөй айтат.
– Сен бар, апам угуп калбасын, ордуңа жат.
Нуриля бөлмөсүнө кирип кетти. Жамиля таң атканча уктаган жок. Эртеси ишине кетти.
ххх
Алибек түш көрүп жатты. Жамиля деңизге чөгүп кол жаңсап жардам сурап жатыптыр. Жетейин дейт, колдору кыймылдай албайт. Араң жетип колун кармаса да болбой шыпырылып колунан чыгып кетти.
– Жамиля!
Кыйкырып жиберип ойгонуп кетти. Керебеттин четинде аялы кызын эмизип жаткан экен. Кимдин атын атап кыйкырганын укса да укмаксан болду.
– Жаман түш көрдүңбү?
– Ооба, саат канча болду?
– 3кө 15 мүнөт калыптыр...
– Сен жата бер. Мен Аруукени уктатып анан уктайм,- деди Алибек. Кызын кучагына алып таптап отурду. Наристенин жытына балкып, бардык таарынычын, ызасын, жоготуусун бир саамга унутуп койгондой эле...
(Уландысы кийинки санда)
Алибектин апасын коркутканын, акмак экен! Ата-энесин куноологондой го баардыгына. Билсен сенин бейишин ошол энен!
Диана болсонузчу?
Жазуу чеберчилигинизде соз жок, баракелде!
Бирок айтынызчы, тигинисинен да , мунусунан да балалуу болуп алса кантип жашайт эки ортодо?
Ушулбу суйуу?
Бул жагы таптакыр каша'варенье болуп калды. Канчалаган адамдар окуп жатат муну, бизге кандай тарбиялык мааниси бар?
Туркторду туурап жатасызбы?
Кээ бир адамдарга "Демек, "суйуу"деп эле ушундай нерселерге жол бере берсе болот экен да?"деген ой келет деп, ойлободунузбу