№806 13-апрель -19-апрель, 2018-ж.
Сөзү, обону: Гүлмира Эсенгулованыкы
Көп дүкөндү аралап,
Көрүп калдым мамалак.
Капа толгон көздөрү
Карап турду жалдырап.
Кайырма:
Мамалак, мамалак,
Ырдап берем сага арнап.
Күлүп койчу, мамалак,
Сага күлгөн жарашат.
Колу-бутуң оорутпайм,
Эркелеп өс, мамалак.
Жүр, жүрөгой, мамалак,
Үйгө алып барайын.
Жомок айтып, ыр ырдап,
Эркелетип багайын.
Кайырма
Мени менен, мамалак,
Бакчабызга барасың.
Аябай көп балдар бар,
Сен аларга жагасың.
Кайырма
Эң акылдуу сенсиң дейм,
Эмне айтсам билесиң.
Мен ишенбейм, ишенбейм.
Сен оюнчук эмессиң.
Алтынай Тынышова
balakai@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
3
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |