Назира Жетигенова, куудул, телеалпаруучу: «ЭРТЕ КҮЙӨӨГӨ ЧЫГЫП, ОКУБАЙ КАЛГАНЫМА ӨКҮНӨМ»

№806 13-апрель -19-апрель, 2018-ж.

«СҮЙҮҮМДҮН КАРААНЫ КӨРҮНӨ БАШТАДЫ ОКШОЙТ»
–Мен жазында төрөлгөндүктөн ушул мезгилди абдан жакшы көрөм. Ушул убакка чейин ар жылы жаздан сүйүү күтүп, издей берем. Сүйүүм азырынча келе элек, бирок карааны көрүнө баштады окшойт. Жаш кезде бир аз айбан чалыш болуп, тандаган түгөйүңдүн эч нерсесине карабайт экенсиң. Жаш өткөн сайын талаптар өзгөрүп, алды-артыңды карап калат турбайсыңбы. Азыр өзүм түзгөн идеалды күтүп жүрөм. Талапкер катары бирөөнү көрөйүн десең деле сөзсүз бир кемчилиги көрүнө берет экен. Биринин сүйлөгөнүн жактырбай калсам, экинчисинин тамак жегени, башкасынын буту жакпай кала берет. Идеалдуу адам жок дейт, бирок мен ойлогондой мырза бар экенине ишенем.

«КӨЗҮ МЕНЕН БАШКАРА АЛГАН МЫРЗАЛАР ЖАГАТ»
–Мага узун бойлуу, ак жуумал, арык да, толук да эмес, орточо мырзалар жагат. Ыраматылык атамдын көз карашынан эле эмне дегиси келип жатканын түшүнчүбүз. Эркектин сүрү ошончолук күчтүү болушу керек деп эсептейм. Колу тийбей, көзү менен түшүндүрүп же сөз менен башкара алган эркектерди баалайм. Андан тышкары ачык, шайыр, юморду түшүнүп, сыйлап, чыгармачылыгымды колдосо дейм. Анан акчасы көп болсо (күлүп). Эми ушундай мырзаны мага сыйкырчы келип эле «ме, ал» деп берип койсо...

«МЕНИ ДА БИРӨӨ БАКСА ДЕП КЫЯЛДАНАМ»
–Ушунча жылдан бери үйдө аял, сыртта эркек болуп жүрүп чарчадым. Апам менин колумда. Андан тышкары алыш-бериш, жек-жааттар менен катташуу да менин моюнумда. Жакшылык-жамандык болуп калып, акча таппай калганда ыйлагым келип кетет. Бир жолу унаам бузулуп калып, тетиги табылбай, табылса да кымбат болуп, каражатым жетпей жатса апам чалып бир таежебиздин каза болуп калганын, ага акча керек экенин айтып калды. Ошондо ызам менен «эми өлбөй турса болбойбу» деп жибериптирмин. Апам да «сени күтүп отурмак беле» деп күлөт. Ошондой мезгилдерде "табыш керек, чуркаш керек" деп жүргөндөн чарчап кетем. Баары бир аял кишиге күйөө керек тура. Той-топурга башкалар өмүрлүк жарлары, кайын-журту менен барса, мен соксоюп өзүм жүрөм, ошондо жалгыздык сезилет. Анан кээ бир учурларда «мени да бирөө бакса, мен болсо тиричилик кылыш керек экенин ойлонбой, үйдө кожойке болуп жыргап жатсам» деп кыялданам.

 

«АР БИР СӨЗДҮ ОКУП КӨЗҮМ ДА, ЖҮРӨГҮМ ДА ЫЙЛАП, ДЕПРЕССИЯГА КАБЫЛДЫМ»
–Куудулдук өнөр азыр элге мурдагыдай кабыл алынбай калды. Бүгүн эл кыска тамашаларды жакшы кабыл алып, мурдагыдай узун сатиралардын доору бүтө баштагандай. Куудулдукту эч ким талап кылбаса, ыңгайлуу жагына ыктап кеттим. Азыр басымды тамадалык менен алып баруучулукка коё баштадым. Актёрдук билими жок, бизге окшогон куудулдарды «жапайы артисттер» деп коюшат. Ошентип актриса болбосом да, журналист болбосом да өзүмдү ар тараптан сынап келе жатам. Мисалы, учурда теледе алып баруучу болуп иштөөдөмүн.
Кечээ жакында «Салам, Кыргызстан» деген долбоордогу кесиптешим Гүлжайна Атаканова экөөбүз эл тарабынан катуу сынга кабылганыбыз баарыңарга маалым. Адам сөзү менен таанылып, сөзүнөн жаңылат экен. Элди күлдүрүүнүн аракетинде бизге берилген ролго сүңгүп кирип, эфирде бир-эки туура эмес сөздөр айтылып кетти. Өзүм ушакты жаман көрөм, бирөөнүн кемчилигин же туура эмес иш кылып жатканын бетине эле айтып салам. Ал эми «кемчонтой» деген сөздү жадакалса колдонбойм. Ошол сөз оозумдан чыгып кеткенине өкүнөм. Мен Зарылбек (ред.: Чыпалак баатыр) менен Клараны (ред.: Алибекова) эфирден шылдыңдап эмес, тескерисинче жооп бере албай калган убагында багыт берип, колдоп жаттым. Кийин видеону монтаждап, суроого жооп берилип жаткандай кылып тууралап койдук. Бул эки адам тарабынан бизге жеке таарыныч же капачылык болгон жок. Окуяны көпчүлүк козутуп жиберди окшойт. Ошол убакта дарегиме бир далай терс сөздөрдү жазып жатышты. Ар бир сөздү окуп теригип, көзүм да, жүрөгүм да ыйлап, депрессияга кабылдым. Анан дагы ашыкча сөз сүйлөп албайын деп тилимди тишиме катып жүрүп, ошол учурдан өтүп кеттим.
Гүлжайна экөөбүз долбоордон кеткен жокпуз. Болгону ал гастролдоп, мен жакында бере турчу жеке концертиме даярданып жаткандыктан ортодо тыныгуу болуп калды. Бирок жаңы чыгарылыштарга сөзсүз чыгабыз.


"АТАМ МЕНИ ДАРЫГЕР БОЛСО ДЕП ТИЛЕЧҮ..."

– Өмүрүңүздө жасаган жиндилик?
– Эрте күйөөгө чыкканымды жиндилик деп баалайм.

– Өкүнүчүңүз?
– Атам мени дарыгер болсо деп тилечү. Бирок ага көнбөй, билим албай калганыма өкүнөм.

– Жашооңузда кубаныч болгондо кимге биринчи сүйүнчүлөйсүз?
– Жакшы жаңылык орун алганда дароо апама чалам. Менин биринчи эмоцияларыма апам күбө болот.

– Тагдырды колго жасап алса болот дегенге ишенесизби?
– Адамдын тагдырын мээси башкарат деп ойлойм. Ошондуктан жаман ойлордон алыс болуш керек.

– Сизди ишенчээк дешет...
– Ооба, Алина эжем өзүн айткандай, көкүл менен жаап алсам да маңдайымдагы «лох» деген жазуу көрүнүп калат.

– Дөөлөт бир келет дешет, сиздин базарыңыз жүрүп турган убак деп кайсы учурду эстей аласыз?
– «Молдо менен ырчыны эл бакканга милдеттүү» деген тамаша бар го, башка бизнесим деле жок. Кудайга шүгүр, сахнага келгенимден бери мени эл багып келе жатат.


Алтынай Тынышова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Назира Жетигенова: "Сындарга кабылып, жүрөгүм ооруду"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(36)
17.04.2018. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Тарс тарс айтатда ушул эже. Сыйлайм. Өмүрүңүз узун болсун. Анча мынча эркектерге караганда бул эже кыйын ЭРКЕК айым. Тилегинизге жетиңиз.
17.04.2018. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жаш кыздай болуп ак жуумал, арык эмес толук эмес деп эркекке талап койбой эле койбоптур.
19.04.2018. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Siren90,кызыксын го))) эже бойдок болсо талап коет да. 60ка чыккандардын деле вкусу бар, талабы бар. е сонун. жагат мага
19.04.2018. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Siren90, Жаш кыздар эле талап коюп, жашы чонураактар эмне эшекке деле тийе берем деш керекпи? Омурлук жолдош тандоодо ар бир адам талап коёт да. Конулуно туура келеби жокпу,ону-тусу,журум-туруму кандай деп.
17.04.2018. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Эми кыялындагысын айтыптыр да анын эмнеси бар. Бирок ошо тамашалары жагат салам кыргызстандын
17.04.2018. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кемчонтой ким же эмне?
23.04.2018. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tyty1990,Кемчонтой-бул,акылы кемдерди айтат.Соо эле адам ойлонбой суйлогон созунон да "кемчонтойсунбу?"-деп койот.
17.04.2018. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Салам Бишкекте "пап" эткен звук каяктан чыккан эле Чыпалак баатыр кулдуруп жатканда?
22.04.2018. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bond02, кор албастардын жасап койгон видеосу да
17.04.2018. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эркекти идеал кылып алыш сиздин колунузда
17.04.2018. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Анча мынча эркекке караганда тарсылдаган адамсыз.Элге тегиз жагыш кыйын но 70/80%элге жагасыз деп ойлойм.Мисалы биз уй булообуз менен абдаан сыйлайбыз!Бар болунуз
17.04.2018. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Анча мынча эркеккекараганда тарс тарс жургонунуз жагат.Элге тегиз жагыш кыйын но сиз 70/80% жаксаныз керек деп ойлойм.Биз уй булобуз менен жакшы коробуз сыйлайбыз.Бар болунуз!
SUPER.KG видео
17.04.2018. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Бул эже ХХХХХХХХХ оозуна эмне келгенин суйлой берет. Ойлонбой жаш кыздай.
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-18 09:31:29
17.04.2018. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бар болунуз.
17.04.2018. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Атасындай мырзаны таппай жургон окшойт. Чындыгында копчулук кыздар, мырзаларды атасына окшоштуруп тандашат. Назира эжеге ийгилик! Жылдыздуу эже. Эркек болсо, Кыргызстандын бир бурчун чойгон жигит болмок экен. Тарс-тарс, дан-дан!
17.04.2018. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ансыз деле куудул аялдар саналуу эле кызыгып күтүп көрчүмүн салам кыргызстанды
17.04.2018. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сыйлайм эжени и салам Кыргызстан Гулжайна эже экоонорсуз кызыксыз болот коросунор силер жок кез мн келгенинерден коручуулордун айырмасын,мен мисалы силер кеткенден коро элекмин
18.04.2018. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
ХХХХХ ХХХХХ суйуумду кутуп журом,ак боз ат минген принцтей болсо деп айтпай эле койсо болмок. Айла жок,артист...
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-18 09:33:49
23.04.2018. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nibiru.,жаман сын - пикирлерден депрессияга туштум деп атса да, туз сепкендей суйлогонун жакпады. Жон гана Назира эжеге ийгилик каалап коелу.
18.04.2018. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Идеалдуу жигит бул эмес базары журуп турган жаш кыздарга жок,эркегим болсо жалгызмын дейт куйоосун оштук деп тоготпой жашабай койгон Эми Ошо оштук да жок издеп журот
18.04.2018. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Lilireinhart18,тууганым ал учурда оштук,аркалык деп элдер болунчу эмес 90 жылдын баштары эле.Так что билбеген билдуун жарабайт.
18.04.2018. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
TazaKyrgyz,сен билбегенден кийин Антип суйлобой эле кой 90 эмес 70 жылдары эле болунушчу сен кечээ эле торолуп алып акыл уйропочу ошол илгери эле болунуп келгени учун уланып келе жатат Оштук Аркалык болуп,сага кызык болуп билгин келсе архивдеги гезиттерден таап окуу назиранын интервьюсун кайынсиндимди шылдындап чыгарган сатирам колхозбай Суусаркан деп журот кайнатам кийлигишет деп
18.04.2018. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Lilireinhart18,тоготпой койбой эле куйоосу сабачу экен, суперге бул жонундо интервью берген
SUPER.KG видео
18.04.2018. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
JLoго окшоштурдум журуш-турушун.
18.04.2018. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адамдар билип билбей учурта бербегилечи
18.04.2018. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куудулмун деп баш этеги жок суйлой бериштин кереги жок эле.былтыр санаторияга концерт койуп барышты Гулжайна экоо эс алып,даарыланып аткан элди эс алдырбай эле кайра чарчатып кетишкен.белден ылдый тушуп бир уят суйлошот экен.баарынан да Мурат брат деген ненорльмалный сатирасычы
SUPER.KG видео
18.04.2018. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мен тие турган эркек туула элек окшойт дейтго бул дагы Пугачева болоюн дегенго
19.04.2018. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мага жакпайт Назира айым. Ото эле обу жок
19.04.2018. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
BekAmir,Ооба ото эле обу жок болуп кетет.
22.04.2018. 07:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
BekAmir,туура ашыкча
19.04.2018. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Назира эже, сиз жалгыз эмессиз, сизди жакшы коргон, колдогон куйормандарыныз бар. Баарына бирдей жага албайсыз барыбир. Чыгармачылык ийгилик каалайм. Тв койггондо Салам Кыргызстан беруусу силер жок болуп жаткан экен которуп салдым. Демек силер менен бул беруу кызык окшойт деп ойлоп койдум.
20.04.2018. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жактырбаган мн сураган учурда баары таанышат! Мага жагат ар бир адам озунукун билбей суйлошот кыйын болуп, баары эле бирдей адам терс коментарий жазардан мурда ордуна озунорду коюп анан жазыш керек! Ар бир адамдын ар кандай кемсиликтери бар идеалдуу адам жок! Жанылыштык кетирбеген адам жок!
20.04.2018. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Назира эже Гулжайнага караганда соом ойдороок.турмуш тириликтин айынан куудулданып элди кулдуруп,кээде ашыкча далдактап да кетмейи менен жан багып журбойбу.кыздары апасы,катташуу тууган урук менен,баарын мойнуна котуруу да чон эрдик.
Жаман коруп сындагандар деле ошол чыгууларын коруп атасынар,демек анын алып баруусу,чыгуусу кызык болгон учундур.
Кантседа ийгилик,канча жалжактап атса да артынан жаман соз ээрчитпей журот.сый сизге Назира айым
20.04.2018. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Канчанчы жылкы ушул эже
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо