Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БАГА АЛБАСАҢ БАЛА ЖАРАТПА

№807 20-апрель -26-апрель, 2018-ж.

“8 баланын ата-энеси жардамга муктаж”, “10 балалуу үй-бүлө нанга акча сурайт”. Байкасам, акыркы кездери ушул өңдүү кабарлар, кайрылуулар, жардам суроолор коомубузда арбын болуп кетти. Ушундан улам бала деген үй-бүлөнүн бактысы эмес эле маселе жараткан жанбы деген ойго кептелет экенсиң.

Ооба, билем, турмуш түйшүктүү, жашоо жеңил эмес. Бирок ага бала күнөөлүү болбосо керек? Макул, үй-бүлөнүн бала багууга чындап шарты жок дейли. Балким, көпчүлүк актанган кокустук болуп, максатсыз жерден наристе пайда болуп калгандыр. Пландалбай биринчи, экинчи, мейли, үчүнчү бала жарыкка келсин, бирок 2983-бала жаралганча деле жетишпеген турмуштун ээси кокустук деген сөздү бетке кармай бергени канчалык туура?
Ушул беш сүйлөмдү окуп жатып “ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлөт” деген сөздү эстегендирсиз. Макул, болуптур. Анда баланын ырыскысы кантип ченелет? Эмнеге ырыскы деген сөз бирөөнүн эскирген кийими, кайрымдуу жарандын он тыйыны же күндө ичкен катыгы жок сары чай болушу керек? Ал башка балдар сыяктуу эле түрлөп кийинип, момпосуй жеп, селкинчек тээп бейкапар ойноо укугуна ээ болуп жарыкка келгендир.
Аял-күйөөнүн “кокустугунун” айынан бала да кадам таштаган күндөрүнөн баштап турмуш деп тырмышып, ата-энеси түртө албай жаткан, көпчүлүк учурда түртүүгө аракет да кылбаган арабаны чогуу түртүшүп, бардар балалыктын кереметин жон териси менен сезбей, жакшы жашоого сырттан көз салган көрүүчүсү катары чоңоюп кетет. Ошентип кийиминин жоктугунан мектепке барбай калган бала чоңоюп кара жумуштун, ашып барса миграциянын курмандыгы болот. Анан? Билимден алыс, турмуштун түрткүндүсүндө өсүп калган адамдын келечеги кыйын. Кайра эле ата-энесинин үзүл-кесил тагдырын кайталай берет. “Эмнеге сиздин турмуш жокчулукта өтсө, ал жетишсиздик сизден башка дагы беш же он адамда кайталанышы керек?” деп суроо берер киши жок. Моюнга албаганыбыз менен, ырыскы деген нерсе "асмандан түшсө" да, ата-эненин жоопкерчилиги, эмгеги же каалоосунан да көз каранды экендигин сезүү керек.
Баса, бардар үй-бүлөлөргө салыштырмалуу бала багууга мүмкүнчүлүгү азыраак үй-бүлөлөр көбүрөөк балалуу болушарын байкасаңыз керек. Ошондой эле кедей мамлекеттерде төрөлүү бай өлкөлөргө салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп. Буга элдин сабаттуулугу, эртеңки күндү ойлоп, пландап иш кылуусу себеп болгондой. А биздечи? Бизде кандай? Шарт, мүмкүнчүлүк, ден соолук сыяктуу факторлор арткы орунга жылып, “бойго бүттү, демек, төрөш керек” деген себеп менен эле балдар жарыкка келип кала берет. Жадакалса аялдар арасында түйүлдүк дээрлик 3 айга жеткенче кош бойлуу экенин билбей жүрө бергендерин угуп калам. Жөн эле, максатсыз, келечеги туман болсо да бала келе берет, чоңоё берет. Тилекке каршы, биздин чындык ушундай. “Кечиресиз, эгер баланын жашаганга жери жок болсо, эмнеге көбөйүп жатасыз? Коопсуз секс дегенди билбейсизби же болочок наристенин тагдырына ушунча кайдыгерсизби?” деп сурагың келет.
Кана, кайсы ата-эне чүрпөсүнүн начар шартта өсүүсүн каалайт? Кимдин баласы башканын тамагына тамшанып, бирөөнүн оозун карап өсүшүн тилейт? Ким жокчулуктан санаа тартып, ойго батып, өзүнө оору ашырып алган бала тарбиялагысы келет? Ким баласынын кайыр сурашын каалайт? Унчукпайсыңар. Демек, бир же бир нече адамдын жашоосуна жоопкерчилик алып жатканда терең ойлонуп, эчкиге жараша ышкырганыбыз туурадыр. Бүгүнкү караңгылык менен көңүлкоштук эртеңки жетишпеген турмуштун түйшүгүн тарткан коомго жетелеп барбасын.
Балдар айла жоктун айынан эмес, пландалып, күтүлүп келип, эркелеп чоңойсун. Дубалы урап турган үй да ушул тилекке кошулмак.


Алтынай Тынышова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(134)
24.04.2018. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бала мээриге зар, багалбасаң төрөбө деген менен байлардын балдары мээримге бөлөнүп жашайт деп ким кепилдик бере алат. Ошол бирден экиден балалуу болуп байлыгы ашып баратканда нянка алышат кыйратып койгонсуп, өздөрү караган биякта турсун фигурасын ойлоп эмизгенден да качышат, атасы эч нерседен муктаж кылбасам эле болду бала бактылуу болот деп акчанын артынан кууп алат, а бала мээримди күтүп жүрүп чоңоет. Эмне үчүн ошондой байларды сындап жазбайсыңар?
24.04.2018. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Көп балалуу ата эне эң бай адам деп билем, баардык нерсе Жараткандын жазганы, кааласа көп балалууга, кааласа аз балалууга кааласа баласы жокко берет байлыкты. Жашоонун өзү сыноо, байга бала бербей сынаса, кедейге көп бала берип сынайт, бирөө көтөрсө, экинчиси сынып калат, ал адамзаттын өзүнөн. Жардам сураган көп балалуунун арасында чыныгы муктаждары бардыр, ошондой эле жалкоолору да бардыр, бирок баардык нерсени эки тарабынан карап көрүү оң.
24.04.2018. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Араңарда жыртык кийим кийип, бирөөнүн эскисин кийип дегендер бар экен, жыртык кийим, эски кийим кийген байлардын эң кымбат модасы болуп жатпайбы азыр... Илгери бай кедей дебей кеми 5-6, алды 12-13 балалуу болушкан, сен багалбайсың балалуу болбошуң керек деп кедейге эч бир "акылдуу" айткан эмес, автор абдан "акылдуу" экен.
24.04.2018. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Авторго мен 100 эмес 1 миллион % кошулам эң туура айтылган бага албасан бала жаратпа деп. Өзүн өзү багалбай жүрүп баланы кантип багат. Айтканга оор бирок карап көрсөң азыр көпчүлүгү уйлуу жайлуу болуш үчүн бала төрөп жаткандай. Эмне үчүн эл өзү оп чап турмушта жашап жатып бирөөнүн баласына үй алып берип же курсагын тойгозуп багыш керек. Элдин бала чакасы жокпу же ашып жаткан дунуйосу бар бекен? Азыр интернетке кирсен жок дегенде 3 семьны көрөсүң жардам сураган
24.04.2018. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Баарынын өмүр таржымалын окуп келсең же күйөөсү ичип таштап кеткен куйоодон күйөөгө тийип ар бир күйөөсүнөн 2 ден балалуу болгондор же майып ишке жарамсыз анан күйөөгө тийип анысы сенин колунан эч нерсе келбейт экен деп боюнда болуп калганда таштап кеткен болот анан айласы жоктон торойт караса үйү жок жегенге наны жок кийгенге кийими жок интернетке бир сыйра жашоосун тартып туруп киргизип коёт мага үй бергиле жардам бергиле кайрымдуу элдер деп.
Baku88 түзөттү 2018-04-24 23:26:52
25.04.2018. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Baku88, жардам бергин келбесе отуп кет, ошол катындардын айрымдары арактан козу ачылбай журуп тийип алса керек да ботолколош эркекке, эртенкисин ойлобой...

Ким бироо шор бешенелуу болгондур... Аларды табалабастан жон эле кете бер, жардам бергин келбесе...

Эми ошолордун айынан башкалар балалуу болушпасынбы?!!

Мисалы эртен бир самолет кырсыктап кулап тушсо, эч ким самолетко чыкпай калышы керекпи, эгер салыштырчу болсок?!!
24.04.2018. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Бирөөгө жардам бергенин көрүп калып экинчиси чыгат анан 3 су чыгат. Кудайга шүгүр элибизде кайрымдуу элдер көп колунан келишинче жардам берип келишет Аллах ыраазы болсун.
24.04.2018. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Авторго кошулам. Бага алса кудай жалгасын хоть 20 бала болсо да жакшы. Бул жерде кээ бир кыйындар жазыпсынар илгери 10-15 тен торогон, жыртык кийип чонойгонбуз деп. Мен 15 баламын уйдо. Силер айткандай жыртык, эски кийип эле чонойгом. Бирок мен ошентип чонойгум келген эмес. 13 жаштан баштап иштегим келген эмес. Башка балдардай балмуздак жеп ойногум келчу, жаны кийим келет эле.
25.04.2018. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Same, эми сен 15ти торобосон кой... Сенин ордунда башкасы 15-чи болуп бир жакшына балалык доорун сурот чыгаар, байке же эжелеринин эски кийимдерин кийип чонойсо да... Элдин баары сага окшоп чоноет коп балалуу болсо деген тушунук жок да.....
24.04.2018. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бул жерде отуруп алып илгерки жашоо мн азыркы жашоону салыштырып жаткан фантомас сен кайсы кылымда жашап жатасың акыл эс ой жүгүртүүн илгерки боюнча калыптыр кайра кайра эле илгерии илгери дейсиң го ал илгерки жашоо бүткөн болду уже өттү кетти жер тепкилесен да кайра кайтара албайсын. Сени мн талашпайм менин чоң энем 15 бала төрөп 6 баласы өлүп 9 баласы калган экен татыктуу тарбия берип чонойтуп алардан биз жаралдык дегендей. Эми азыр жашоо оор мындай шарты оор жашоодо 2 3 баланы татыктуу
24.04.2018. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Тарбия берип чонойтуш да оор болуп жатат. Баскан турганын баары акча жашоо оор бала эмес өздөрүн эптей албагандар бага албагандар бар ошолорго эле бага албасан бала жаратпа деген сөз айтылат
25.04.2018. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Baku88,Ооба өкүнүчтүүсү бала деген бакытты акча менен ченегендер абдан көбөйүп кетти. Мен кийген эмесмин, жеген эмесмин дегениң ата-энеңе койгон дооматың. Сен кийип-ичпегениңе 15ти төрөгөн ата-энең күнөөлүү эмес, бешенеңе жазылган тагдырың ал. Балам көбөйүп баратат деп боюнан алдыргандарды деле, сактанып төрөбөй койгондорду деле көрүп жүрөм, жыргап деле кеткен жери жок, дагы эле жок, жок деп эле жүрөт. Адамзатка өзү канча болсо да аз, муктаждыкты өзүбүз көбөйтөбүз, болгон сайын дагы болсо дейбиз
25.04.2018. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Kymyzkyz,Москвада батирде жашаган кыргыздар бирин жетелеп бирин коляскага салып бири курсагында жашаганы батир куйоосу иштеп ашып кетсе 30 мин табаттыр анын жармысы батирге жармысы оп чоп тамакка жетет.Анан качан чогултуп уй салып кыз узатып уул уйлойт.Байлардай нянка жалдап балдардын оозу мурдунан чыкканча тойгуз деген эч ким жок .Жок дегенде орто жашап балдарды бутуна тургузуш учун он жылдап мигрант болуп 30 мин айлык учун кыйналып 14 саат иштеп тапкан акчанда жетпейт.
25.04.2018. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Baku88,Илгеркиден азыр жакшы жашоо, шугур эт жеп,фруктынын турун жеп атабыз Аллага шугур.
25.04.2018. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргыздар кобойуш керек!
25.04.2018. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurzada78,сандан сапатка отуш керек.
25.04.2018. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Автор эн туура айткан
25.04.2018. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туура, мен кошулам, менин ойумду жазыптыр
25.04.2018. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
fantomas, 111 комментарийдин 80-90доюн сиз жазган окшойсуз)
Макала боюнча оюм, болуптур, шарты болсо төрөш керек, төрөгөндө да ак төрөсүн, төрөгөн соң татыктуу тарбия берсин, ден соолугуна кам көрсүн, камсыздасын.
25.04.2018. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
илгерки эле илгерки дейсинер жанатан бери, адам канча кобойом десе кобойо берси. Илгери медицина, интернет байланыш болгон эмес, 20дан тороп бирок 1-2баласы аман калып калганы оорудан, кырсыктан коз жумган. Азыр медицина онугуп балдардын олуму азайган, анан да адамдар кобойуп, тамак аштын сапаты начарлаган.Кана айткылачы киминер кунуго чон казанда боркулдап кайнаган эт жеп, жыргап жатасынар? Керек болсо автор да мындай жашоодо жашабайт. Мурун да ачка калган уй-булолор болгон, азыр да бар
25.04.2018. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Asiet,келечекте да болот,бир эле Кыргызстанда эмес мындай маселе, дуйно боюнча бар. Болгону жардам бергин келсе, колундан келсе жардам бер. Жок болсо башкаларга тоскоол болбой эле четте туруп туруу керек. Кайрымдуулук деле жакшы иш, соопко каласын, кудайдын буйругу болбосо ката болуп бала торолуп калбайт
25.04.2018. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жетишпеген жашоодо жашап 10 15 бала төрөп өздөрүнө кошуп аларды кыйнап ар кимдин оозун карап автор айткандай бай жашоого сырттан көз чаптырган көрүүчү кылбай 2 бала төрөп татыктуу тарбия берип жетиштүү жашоодо бүтүн кийимде чоңойтуп өз алдынча кылып өстүргөн жакшы. 10 бала жакшы бирок турмуш шарты жакшы болсо ден соолугу пожалуйста төрөй берсин эч ким каршы эмес. Эркектер торотконду эле билбей ошол эле учурда бакканды да жоопкерчилигин алууну да билиш керек
25.04.2018. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
baarynar talashyp ketipsiner avtor aithanyn jakshy tushunbopsunor avtordun aitkany baarynarga tiesheluu emes baiagy joopkerchiligi jok ertekter nar go erkek bashy .n bir ui bulonu bafa alvai kyzdardy tonop akcha uurdap 1000som ichun biroogo bychak saiyp bala bagam dep erkekter azyr slabyi bolup kaldy bir soz kotoro albai mushrashat bychaktai erkek aial ekenine karabait. siler murdagy 10 15ti torotup bakkan erkekterdi suiloboi ele koigula alar ausldardy tonogon emes bychaktagan emes
25.04.2018. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айланайындар азыркы заман менен илгерки заманды салыштырып болобу и ошондой эле адамдарды дагы.... Авторго кошулам ар бир бала жакшы жашоого татыктуу Жана укуктуу, ата-эне аны тартып алууга акысы жок. Балага хотя бы бесплатный болгон мээриминди бере албасан анда алды артыны карабай балалуу болгондун кереги жок.
25.04.2018. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туптуура. Бага албаса бала жаратпаш керек. Жардам сурагандардын баарында 7 8 балалуулар.
25.04.2018. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байлардын жашоосун,балдарын зор кедейлердикин начар кылып корсотуптур. Кыйын адамдардын омур баянын окусан кедей уй булодон чыккан. Баары бар болсо дагы болбойт, турмуштун кадырын билбей чоноюп калат.
25.04.2018. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бетке айткандын заары жок, ачуу чындык, чычалоонун кереги жок деп ойлойм бул жерде
26.04.2018. 05:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Элибизде "Балалуу уй базар, баласыз уй мазар" деген накыл кеп бар. Коп балалуу болуп, алардын бакытына ортоктош болуп, карыганда ошолордун убайын корууго эмне жетсин... Коп бала торотуп, остуруу, жакшы тарбия берип адам катарына кошуу чон туйшук. Бирок эртен эле уул-кыздарын эр жетип чоноюп, ишеничинди актап, сага жаман соз тийгизбей жакшы уул-кыздардан болуп оссо, катар катар неберелуу кылса, ошол оор туйшугундун акыбети кайтанына суйунуп отуруп каласын...
26.04.2018. 05:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарын эле шарт дейсин, силер айткан шарт башка. Анда журо бергиле орус ж.б.туурап 1-2 балалуу болуп... Шарт дегенин уйдо куйоосу менен аялы эриш-аркак болуп шартка карап иштеп, балдарынын курсагын ток, кийимин бутун кылып бага алса, эл катары окута алса, ошол шарт жетиштуу го...

Ким бироолор шарт десе особняк уйду тушунот, кымбат оюнчук, кымбат кийим, престиждуу бала-бакча, мектепти тушунот. Анча болду, Америка, Оруссиядан нянка жалдап келип койгула балдарынарга!!!
26.04.2018. 05:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анан калса канча балалуу болгон менен да тарбия бере албасан бекер... 10 бала эмес, 1-2 балалуу болуп, ошолорго туура тарбия бере албай, эрке талтан кылып остуруп отургандар толтура.

Колундан келеби, баары-жокту турмушка шылтап озунду алдап жургондо озуно эле зыян. Алдасан бизди эмес, озунору алдайсынар. Чон уй салам, машине алам деп тытынып журуп жаш да отот кетет. Тарбия берууго келгенде телефондон колунар бошобойт. Анан эле жашоо куноолуу, шарт жок дейсинер..
26.04.2018. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мдааа. Менин жолдошум уйдун улуусу. 8бир тууган. Мен 3бир тууганмын. коп балалуу болгум келет. ден соолук жол бербейт. Анан жолдошум дагы макул эмес, конулу калган экен коп бир тууган болгондон. Же жыргатып кийинген жокпуз,же курсак тое тамак жебедик,же окуган жокпуз талаа иштерине эрте аралашдык дейт. Ошондуктан баланын санына эмес сапатына караш керек дейт.
26.04.2018. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин да бир женем бар 5 ти тууду Тууба десе мен туубасам ооруп калам дептир Эми алтынчысы боюнда Келгенине 7 жыл болду Кыйратып кызмат кылбайт боюмда бар деп шылтоо кылып иш кылбайт. Лапшыйып барсан жакшы тосуп албайт. Тайнем оорукчан. Аны караштын ордуна балдарын карматып коюп кетип калат. Эн кичине келини начар чыкты.
26.04.2018. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар Бир адамдын Оз ою,ага жараша чындыгы бар. Кеп бай же кедей эмес,алардын алган тарбиясы. Мен деле жыртык,эски кийип чонойгом бирок жашоо шартым шугур,ысырап кылбай ал Апамдын акчаны уномдоп колдоно билгени. Азыр баары эле тытынып мигрант болуп жургондор,балдарын таштап коюп,алар баарын жайгаштырган кезде Ден соолугу болбой же 40ка чамалап калышат. Анан Эл эмне дейт уят деп торобой калышат. Кудайга шугур эки балам бар мен деле коп балалуу болгум келет,бирок Уй салалы деп чет жактабыз.
28.04.2018. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах Таалам кайсы нерсени жаратды баарын себеби менен жаратат,коп балалуу болдум деп эле элден жардам сураган жарабайт,ОЗУ ынтылып жашаш керек?илгери апаларыбыз аталарыбыз эн аз дегенде 10 торогон экен,алар бироодон жардам сурабай эле балдары учун кун тунду билишбей иштеп бешене тэри менен балдарын чонойткон?аталарыбыз корунгон кыз келинди коруп коздору бозоргон эмес?азыркы эркектер 80%ойнош ойнойт?семяны унутуп коюшат?ойношуна тапканын ташыйт баласы 1 нерсе алып бер десе наалып кирет ыраа кор
28.04.2018. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Корбойт?Бай уйбулодо чонойгон бала озумчул болуп чонойот,ысырап эмне адал эмне экенин билбей чонойот?мээримге муктаж болуп чонойот,мерезге айланат?аа жыртык наски жыртык шым кийип чонойгон балдар мээримдуу ысырап кылбаган акыл калчап иш кылган инсан болот?афтор сен ал нерселерди айтып Аллахтын алдында куноокор болбо?анткени сен сактанган убагында балким 1 уруктан наристе жаралмак ошол наристеге бул дуйного келишине жол бербесен жооб керчилиги ото кучтуу экенин унутба?Аллахтын алдында жообберишти
28.04.2018. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Толугу менен кошулам авторго. Коп бала албетте жакшы бирок турмуш шартка да караш керек. Баланы да озунду да кыйнабагыдай болуп. Фактысы жок эле илгерки заманга салыштырып анан Алла таала бергени дей бербесенер. Албетте Аллах улук, анын окумуно эч ким каршы чыга албайт, бирок сактансан сактайм дейт. Илгерки менен азыркы замандын асман менен жердей айрымасы бар.Медицина онуккон заман азыр.
29.04.2018. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саламатсыздарбы комментчилер ар ким оз оюн жазыптыр мен да кошо кетейин оз оюмду. Эми бул жер устундо ашып эле кетсе 100 жыл жашайбыз максат бул дуйно эмес акырет болуш керек. Байлык жокчулук оору кырсык жоготуу ж.б. бул пенденин башына тушкон сыноо. Бирок бир жерден автордун оюна кошулам жокчулукту бетке кармап жата беруу бул шылтоо жана жалкоолук деп билем азыр Аллага мин мертебе шугурлор болсун илим алуу мурункудан мин эсе женил издениш керек ниет жана аракетке жараша баары болот иншаАллах
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо