Залина Касымова, кыл кыякчы: «ӨЗҮМДҮ МУЗЫКА МЕНЕН ДАРЫЛАЙМ»

№807 20-апрель -26-апрель, 2018-ж.

9 жашынан кыяк кармаган Залина Касымова музыкалык аспаптарга бай үйү менен тааныштырды. Чыгармачыл адамдардын үйү баарына кызык болсо керек. Андыктан көпкө созбой кепке өтөлү.

  • 2 кабаттуу үй, жер төлөсү бар.
  • Кире бериш, 3 уктоочу, 1 ашкана, 1 конок бөлмөсү бар.

"Бул үйгө киргенибизге 8 жыл болуп калды".



КИРЕ БЕРИШ

– Бул жерде биздин музыка чөйрөсүндө жетишкен сыйлыктарыбыз, дипломдорубуз илинип турат. Андан сырткары 15 жылдан бери менин колумдан түшпөй келген сүйүктүү кыл кыяктарым бар. Музыкалык аспап эскирген сайын баасы өсөт, сапаты жогорулай берет. Мисалы, менин кыл кыяктарым 500 доллардан жогору турат.




КОНОК БӨЛМӨ
–Көп жакшылыктар ушул жерден өтөт. Былтыр кышында апам экөөбүз дүкөндөрдү кыдырып отуруп, ушул асма чыракты жактырдык.


АШКАНА
– Ашкананы өзүбүздүн табитке ылайыкташтырганбыз. Парда, эмеректердин баары буюртма менен жасалган. Эс алуу күндөрү чай ичип жыйнап, кайра тамак жасап, ашканадан чыкпай калабыз.


УКТООЧУ БӨЛМӨ
– Балдардын керебеттери көп орун ээлебесин деп эки кабаттуу алганбыз. Бул жерде балдарым сабак даярдашат, сүрөт тартышат, ойношот.


УКТООЧУ БӨЛМӨ
– Бөлмөнүн эки жагы тең терезе болуп жарык, жылуулук жакшы тиет. Атам спортко көңүл бурууну унутпайлы деп бул жакка да велотренажёр алып койгон.


ИНИМДИН БӨЛМӨСҮ
– Атамдын алгачкы комузунан баштап инимдин азыр ойногон комузуна чейин илип койгонбуз. Кыргыз болгондон кийин ар үйдө комуз болуш керек деп ойлойм. Кээде убакыт тартыш болгондо спорт залга барып отурбай, бул жактан машыга берсин деп атам иниме турник орнотуп берген.


– Атам бактарга да аябай маани берет. Карлик алмалар 2 жылдан кийин эле мөмө берип баштады.


- Жайкы ашкана. Жайында ачык абада эс алып отурганга эмне жетсин?


ЧАЙ МАЕК

– Залина, үйүңөрдө музыкалык аспаптар көп экен. Мунун баары сага тиешелүүбү?
– Кыл кыяк, пианинодо өзүм ойнойм. Ал эми комуздар атам менен инимдики. Үйдө атам чыгармачылыкка жакын, комуз ойнойт. Мен 6 жашымда комуз черткенди атамдан үйрөнгөм. Балдарым да алыс кетпей, музыка чөйрөсүн тандашты. Кызым Акзыйнат учурда Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатында 1-класста скрипка бөлүмүндө окуйт.

– Көпчүлүк чыгармачыл адамдар баласы жолун жолдошун каалашпайт. Уул-кызыңардын чечимин колдойсуңарбы?
– Албетте, балдарыбыздын көңүлү музыканы жактырып жатса, кантип каршы болмок элек? Колдон келишинче колдоп келебиз.

– Ошон үчүн да кызың экөөңөр кире бериште көп убакытты өткөрөт окшойсуңар?
– Ооба, бул жерде кызым экөөбүз пианино, скрипкада ойнойбуз. Ар бир адамдын ичинде түшүнбөгөн сезимдер болот эмеспи. Кээде бук болуп калганда музыкалык аспаптарды ойноп, кадимкидей жеңилдеп калам. Музыкотерапия деп бекеринен айтышпаса керек. Бул жерден мен жан дүйнөмдү дарылап, тазартып турам.

– Өзүң азыр эмне менен алексиң?
– Учурда Улуттук филармонияда Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин солистимин. Андан сырткары чакыруулар болуп турганда той-кечелерге катышып турам.


Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Музыкалык аспаптарга бай кыл кыякчы Залина Касымованын үйүндө конокто

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(16)
24.04.2018. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Сонун экен. Уйунуздо жакшылыктар коп болсун.
24.04.2018. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Скромный сонун уйунуздор бар экен. Кут береке толуп турсун ар дайым. Аскат Мусабеков менен жарашпай койдунарбы барыбир, каап сизди катуу суйчу экен. Супердин тамаша торунда байкаган элем.
24.04.2018. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кут болсун жакшы уй экен жакшылыктар коп болсун
24.04.2018. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Уйун детально корсотуу да опасно го. Айбек Карымовго окшоп уурудан кутулалбай журбосун. Тем более кыяктары 500$ болсо
24.04.2018. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизге да буйурсун куттуу уйлордон.Аябай скромно,уйундо буюдарда ашыкчасы жок аз гана,саз гана экен.Апасынын себиндеги буюмдарды ыргытып салышкан окшойт))) Эски буюм козго урунбады.
SUPER.KG видео
25.04.2018. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аскат менен жарашып алсанар аябай суйунот елем.Ансыз деле омур аз.Балдар турат дегендей
25.04.2018. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу кыз жагат мага
25.04.2018. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу кыз жагат мага, ийгилик сага
SUPER.KG видео
25.04.2018. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кут болсун жакшылыктар коп болсун.Сизге чыгармачылык ийгилик жана бактылуу болунуз.
25.04.2018. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыягын чертип, суйлобой деле койсо болот экен. Жалан эле мактанаарлык создор.
25.04.2018. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Байыртадан кыргыз эли этке жакын болушуп эт жешчу. Нарындын эли гана эмес бут кыргыз эли этке жакын билбесен билип ал.
26.04.2018. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asel889305, эмне деп атасыз тоо десе, бээ дептирсиз го...
25.04.2018. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулдорун аябай айтыптырго жаны эле отургузулган окшойт,уйунор сонун экен насип кылсын,балдарынызды атасыз тарбиялабай жарашып алсанар жакшы болмок.
26.04.2018. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ошондо бул айым,ата энесинин уйундо окшойт. Ата энесинин уйун корсотту да туурабы?
26.04.2018. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ZANIA-92, кочодо калтырышмак беле анан?!
03.05.2018. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишиниз ийгиликтуу болсун.Жакшылыктар коп болсун бактылуу болунуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо