Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)

№807 20-апрель -26-апрель, 2018-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)

Кызын керебетине жаткырып үстүн жаап коюп, өзү да жатты. Бирок уктай албады. Ички туюму бир нерседен кабар бергендей тынчсыздана берди. Анын жашоосу ушинтип улана берди. Бактылуу беле? Жок! Жашоосу кызыктуу беле? Балким. Бирок жашоосунда бакыттын даамын сездирбеген, кызыкты туйдурбаган бир жоготуу бар эле. «Унут, унут» деп жатты ар жолкусунда акылы.


ххх

– Бүгүн менин ишим бар эле. Эрте чыксам болобу?
– Эмне ишиң бар?
– Жеке ишим бар.
– Хм, болуптур, эртең анда эки саат кошумча иштейсиң,- деди кабагын чытыган үй ээси. Жанында отурган күйөөсү майланышкан көздөрү менен узата карап калды.
Ооруканага жакындаган сайын Жамилянын жүрөгү катуу согуп баштады. «Аз калды, жарым саат, анан баары бүтөт» деп чымырканып жатты. Кезегин күтүп аялдардын катарында отуруп калды. Эч нерсени ойлобогонго тырышты. Бир аз жүрөгүнө уруксат берсе эле бул ишти кыла албачудай.
– Жамиля Тунжа, келиңиз...- деди ичкеридеги үн.
– Даярсызбы?
– Даярмын. Кийимдерин чечинтип даярдап жатышты.
«Башка айлам жок болчу, бөбөк. Кечир мени. Сага жашоо бере албайм. Укугум да, мүмкүнчүлүгүм да жок» деди сызылган жашын сүртүп.
– Даяр болсоңуз жүрүңүз.
Бир, эки... Үчүнчү кадамды таштаганда бөбөктү ажал күтүп турган эшикке кирет. Жамиля эшиктин туткасын кармап бир саамга ойлонуп туруп калды да, кайра чечкиндүү басып кирди. «Аз калды, бир 10 мүнөт чыдасам баары бүтөт. Эч нерсе калбайт. Аз чыдасам...»
Бирок ойлору тынчтык бербеди. Алибек менен Жамилянын баласы! Бул тууралуу канча кыял курушчу эле. Көз алдына наристе кыялдары келди. Мына, эки колун жайып чачтары сексейген кыз бала чуркап келе жатат. Алибек менен Жамиля тосуп алып, ортого алып өөп-жыттап... «Кыялдарымды өз колум менен өлтүрүп жатам. Бизди өлтүрдүм. Алибек менен Жамиляны өлтүрдүм. Эми наристени...»
– Бир... Эки... Үч...
Жамиля каалгып кетип бара жатты.


ххх

Ойгонуп эки жагын караганында оорукананын кушеткасында жаткан экен. Жанында медайым отуруптур.
– Бүттүбү баары?
– Жок, эсиңизди жоготуп койдуңуз. Абалыңыз начар болгондуктан доктур кийинкиге жылдырды.
–Демек, аборт кылбадыбы? Менин кызым тирүүбү?
– Кийинкиге жылдырдык. Кааласаңыз эртеңки күн...
– Жок, жок, каалабайм. Рахмат сиздерге.
Шашып ордунан турган Жамиля курсагын сылап алып шашып сыртка жөнөдү. Бул тозоктун отунан алыстаганга шашты.
– Мен ага барганга аргасызмын, Нуриля, башка айлам жок. Мен Алибектин баласын өз өмүрүмдү курмандыкка чалсам да сакташым керек.
– Мен билгем. Муну кылбашыңа ишенгем,- деди күлүмсүрөгөн Нуриля.
– Эми Керемге шек алдырбаш керек. Убакытты коротпой аны менен жолугушуум керек.
Анын жолун да ойлоп табышты. Керем ар дайым түштөнө турган жер бар эле. Ошол жакка булар да кире турган болушту.
– Ал жерге билесиңби кимдер кирет? Стамбулдун бүтүн элитасы... Экөөбүз кантип киребиз? Эмне шылтоо менен?
– Башка жолун издештирели.
– Эмрени чоң энеси менен көрүштүрүү үчүн алып баралы.
Тагдырдын тамашасы эмеспи бул. Атын укса жаа бою качкан адамды кайра өзү издеп баштады. Ар жума Эмре чоң энеси менен интернет аркылуу сүйлөшүп турчу. Бул сапар уулуна алар Стамбулда экенин айтканга уруксат берди. Чоң эне ошол замат Эмрени үйүндө күтөрүн айтты. Капканга ким-кимди илди, бул жолу белгисиз эле.


ххх

– Керем, Эмре Стамбулда экен. Мен аны тез арада көрүшүм керек. Эгени жибер да, алдырт.
– Кайдан билдиң, эне?
– Скайптан сүйлөшүп жатып Эмре капысынан айтып алды. Энеси айтпа деп буюруптур, бирок жаш бала да, айтып алды.
– Кайсы жерде имиш?
– Кадыкөй тарапта. Сен Эгени жөнөт, мен ага даректи берем. Мен неберемдин келишине кам көрөйүн.
Карбаластап үйдү көздөй кетти Эсма. Керемдин жүрөгү дүкүлдөп кетти. Уулун көрөбү азыр? Жамиляны?
Көрдү. Эмрени чачынан жыттап, көзүнөн өөп, кучагына кысты. Аны мурдагыдай көтөрүп желкесине отургузду.
– Мен чоңмун эми, антип көтөргөнгө болбойт,- десе да болбоду.
– Сагындым сени, арстаным.
– Мен дагы.
– Энең кандай?
– Жакшы, көп иштеп жатат. Үйдө дайым болбойт. Мага тейзем карайт. Кыргызстанда мен өзүм жумуртка кууруганды үйрөндүм.
– Дагы эмнени үйрөндүң?
– Өзүм турганды, колу-бетимди жууп, керебетимди жыйнаганды. Ал жакта бала багуучу жок.
– Бала багуучу болушун каалайсыңбы?
– Жок, мунун баарын эми өзүм кылганды билем.
– Арстаным менин, сенин бул үйдө жашагың келеби?
– Ооба, бирок энем көнбөйт, ал ар ким өз үйүндө жашашы керек дейт.
– Мен Жамиляны көндүрсөм...
Керемдин жүрөгүндө үмүт ойгонду. Эмрени жибергенин өзүнчө жакшылыкка жоруду.


ххх

Жамиля өзүнүн бул жакта экенин билгенден кийин Керем кабар алат деп ойлогон. Бирок Эгени жиберип уулун алдыртып алып, өзү келбегенине таң калды. Ал билген Керем Жамиляга жолукмайынча тынчыбайт эле. Бул жерде бир нерсе бар... «Эмнеси болсо да көрөм» деди чыйрала. Жумушунан чыгып үйүн көздөй бара жаткан. Караңгыда бир узун караан турганын көрдү.
– Жамиля!
Жалт тиктеди. Алдында Керем турган экен. Өңү да азып, карый түшкөндөй сезилди. Чачын ак басып кетиптир. Эмнегедир аяп кетти.
– Керем?!
Жакын келди да, Керемди тиктеп туруп калды. Мына алдында турган сулуусу, Жамилясы. Ар дайым көргөндөгүдөй жүрөгү тыпырап кетти. Аптыга дем алып алды. Мына, турат сулуусу, баягы эле капкара жалындаган сырдуу карек. Апакай жүзү, кара чачы, сымбаттуу дене түзүлүшү, койкоюп турушу.
– Келдиң, демек...
– Келдим.
– Эмне мага жолукпадың?
– Өз жолум менен жашайын дедим,- деп баратып эрдин тиштей токтоду.Такыр калп айта алчу эмес. Бул жолу бардык эркин жыйышы керек. Керемге эч бир шек жаратпашы керек. Эгер курсагындагы бала Алибектин баласы экенин билсе, ал эч нерседен кайра тартпайт эле. Аздыр-көптүр Керемди билем деп ойлочу. Таш боор, куу, өз кызыкчылыгы үчүн эч кимди аябаган адам. Намыскөй дагы.
– Биротоло келдиңби?
– Билбейм, апам, сиңдим менен келдим. Сиңдим оор дартты башынан кечирип жатат. Аларды алып бул жакка келгенден башка айлам калбады. Бирок чыгабыз бул абалдан дагы.
– Билем, сен күчтүү аялсың.
Керем дагы жакын жылды. Көзүн көтөрүп караганга даай албады Жамиля. Жүрөгү түрс-түрс кагып айласы кете түштү. Ээгинен көтөрүп өзүнө каратты Керем. Каректери күйүп турган экен. Карай албай көзүн тартып кетти.
– Ырас келдиң, жаным. Стамбулга кош келдиң.
Чекесинен жумшак искеди. Денеси дүрт эте артка чегинди Жамиля, бирок күчтүү колдор кучактап алды.
– Кетпе, мени экинчи таштап кетпе. Мен сенсиз жашай албайм.
– Керем, коё бер.
– Мени таштап кеттиң. Сен үчүн өзүмдү түрмөгө салсам да сен бир кылчайбай башканын колун кармап кеттиң...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Башка сандарда:
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 764-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 765-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 766-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры) 767-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 768-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 769-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры) 770-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 771-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 772-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 773-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 774-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 775-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 776-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 777-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 778-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 779-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 780-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 781-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 782-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 783-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 784-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 785-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 786-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 787-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 788-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 789-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 790-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 791-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 792-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 793-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 794-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 795-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 796-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 797-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 798-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 799-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 800-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 801-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 802-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 803-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 804-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 805-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 806-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 808-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 809-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 810-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 811-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 812-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 813-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 814-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 815-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 816-сан
Комментарийлер(20)
24.04.2018. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай де
24.04.2018. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Керемге качан жолугат деп жаттым эле). Мына келди ошол убакыт. Керем менен эле бактылуу болсун эми.
KOCMOC түзөттү 2018-04-24 09:28:59
30.04.2018. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KOCMOC, той болчу кундор да алыс эмес)
24.04.2018. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушулар эмне болду деп уйкудан калып саргайып күттүм
24.04.2018. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
айтпа бир жума ойлоно турган болдумго экоо качан жолугат деп
24.04.2018. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жамиляны кызганып кеттим Керемден...
24.04.2018. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неле карыган чал менен болушун каалайсынар тоа жардам сурап чынын айтса деле Керем жардам берет эле
24.04.2018. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Dilbaranurdinova,
Башынан баштап окусан кары эмес
24.04.2018. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ооз тийгизип эле койдуңар анан суперчилер
24.04.2018. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Дианага боорум ооруду. Суйгон жары башканы суйсо андан откон азап жок болуш керек. Жамиля кайра келбесин Кыргызстанга. Керемге тиеби башкасынабы ошондон ары жоголсун
24.04.2018. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
nurhan2702, ОЗУ чуркап тийди да Диана
24.04.2018. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен бир гана бул жерде Жамиляга боорум ооруп жатат(((
Диана озунон корсун, жабышып тийген озундо куноо.
Алибек мн Жамиля кыйналып бутпой болду, ушул аялдын айынан, ушу жок болгондо баары эле сонун болмок;(((
Керем мн калышынды каалбайм Жамиии, бактылуу эле болсон экен садагам!!!!
Dina.janym түзөттү 2018-04-24 13:55:16
24.04.2018. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дианага боорум оорубайт, себеби суйбогонго суйконуп жалдырап жатып тийип албадыбы ушундай болоорун билип туруп. Керем болсо жазасын тартып жатат
24.04.2018. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээх
24.04.2018. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой тоообааа ушунчада созобу бутурсо экен батыраак мен кыйналып кеттимго аягына кызыгып
24.04.2018. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
(Уландысы кийинки санда) деп кашанын жабылганы мага шылдындап кулуп турган смайликке окшойт )))...дагы кутосун эми бир жума дегенсип...
jalbyrak түзөттү 2018-04-24 17:48:40
25.04.2018. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жамилааа,токтооооооо?!
27.04.2018. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суроттогу Жамила кызы менен го э. Аягы жакындап калгандай
30.04.2018. 05:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз жок бугун окуп чыктым баарын 6 саатта окуп буттум
30.04.2018. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Диананы куноолойм булар бир болбой калышына.Экоо бир болуп бактылуу болсо болот эле эгер Диана болбогондо эх ушу...озун ойлогон адамзат.Эгерде Жамиля жолундан чыгып калса мен тоскоол болбойм жол бошотуп берем деген элего Диана.эмнеге андай кылбады.Ата-журту алып кетем дешсе да конбоду...Ошол баарын бузбаганда...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо