Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

№807 20-апрель -26-апрель, 2018-ж.

Асел Кадырбекова: «НУРЛАНДЫН СӨЗҮНӨН, КӨЗҮНӨН МЕНИ ЖАКШЫ КӨРӨРҮН БИЛЕМ. МЕНИН СҮЙҮҮМ АНДАН ЭКИ ЭСЕ КҮЧТҮҮ»

"Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2012-2013-2014-жылдардын супер ырчы мырзасы" наамынын ээси Нурлан Насип 20-мартта сүйүктүүсү Асел Кадырбекованын колун сурап, шакек салган. Андан соң эки тарап жолугуп, кайнене болочок келининин кулагына сөйкө тагып, ак жоолугун башына салып, ырымын кылды. 25-апрелде эки жаш үй-бүлөлүк турмушка кадам таштаганы турушат. Ырчылардын кол кармашып, кыз-жигит катары сүйлөшүп келе жаткандарына жети жыл болуптур. Артта калган жети жыл тууралуу ырчылар өздөрү баяндашат.

Нурлан Насип 1990-жылы 10-сентябрда Токтогул районунун Терек-Суу айылында туулган. 5 бир туугандын төртүнчүсү. Ал 9-класска чейин туулган айылында билим алып, кийин борбордогу Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырган. Дити, кыялы, ою ырчылыкка багытталган Нурлан ал кезде өзүнүн кесиптешине үйлөнөм деп ойлобосо керек.
Асел Кадырбекова 1991-жылы 19-мартта Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда жарык дүйнөгө келген. 16 жашынан тарта алпаруучу катары Ош шаарындагы телеканалдардын биринде эмгектенип баштаган Асел кесиби боюнча юрист. 19 жашында ырчылыкка бет алган. Бир кездеги апасынын кичинекей эркеси мына минтип турмуш жолуна аттанганы турат.

Нурлан: – 2011-жылы Бек Борбиев агабыздын концертинде ырдамакмын, ыр жаздырууга студияга барсам, Асел Сайкалды (ред.: Бөрүбаева) жетелеп сыртта жүрүптүр. Анда Сайкал кичинекей кыз болчу. Аселге көңүл бурбай коё алган жокмун, карадым да, студияга кирип кеттим. Асел да Бек байкенин концертине катышмак экен. Ошондо тааныштык. Асел «ырларың жагат» деп мени укмуш мактады. Кийин айтып жатпайбы, көрсө, өзү жакшы ыр издеп жүрүптүр. Ыр жаздырыш үчүн мени мактаган окшойт (күлүп).
Асел: – Анда Нурландын «Унута албайм», «Жаным» деген чыгармалары популярдуу, бирок жүзү элге тааныла элек болчу. Мен телевидениеде иштегендиктен, эл жүзүмдү тааныйт, бирок атымды билишчү эмес. Нурланды чын эле таанычумун. Обон жазып берсе деп ойлоп, продюсери Канат Кадыржан байкенин телефонун алып, меникин бергем.
Н.: – Жаңы гастролго чыкканда Асел, мен, Асел Касымова, Мээри Шакулина төртөөбүз 1 айга кеттик. Асел бизге Канат байке аркылуу кошулду. Эмнегедир Аселге көп тийише берчүмүн.
А.: – Гастролдон экөөбүз көп уруштук. Мамилебиз келишпей, бири-бирибизди көрсөк жинденгенге чейин бардык. Мен кичинемден назик кызмын, Нурлан болсо колумдан катуу кармайт же түртүп кетет. Ошон үчүн аябай жаман көрчүмүн.
Н.: – Гастролдон келгенден кийин Асел менен жолуккум келе баштады. Ошондо эле сезимдер ойгонгон окшойт. Аселди жолугушууга чакырсам, бул да каршы болгон жок.
А.: – Гастролдо жүрүп Нурландын жакшы жигит экенин көрдүм, жөнөкөйлүгү жакты. Ошентип жолугушууга бардым. Анын үстүнө бир ай чогуу жүрүп көнүп да калыптырмын.
Н.: – Чыгармачылыктын аркасы менен Асел экөөбүз чогуу көп жерлерге, Түштүк Кореяга, Түркияга, Дубайга бардык. Сонун күндөр көп болду.
А.: – Мен чет жерге чыкканды жакшы көрөм. "Тигил өлкөгө барсак, бул жакка барсак" деп учун чыгарып койсом эле, калганын Нурлан уюштурчу. Сюрприз кылганды жактырат.
Н.: – Аселдин аткаруусундагы «Сага айтайын», «Кыя албайм» деген ырлардын обондору меники. «Роза гүлү» чыгармасынын аранжировкасын мен жазгам. Асел экөөбүз чыгармачылыкты жаңы баштаганда тааныштык. Ошондо Асел максаттарына жетсе экен дечү элем. Азыр өзүнүн аудиториясы бар ырчы. Менин ырларымдын көбү эле Аселге арналган.
А.: – Мисалы, «Көпөлөгүм» деген ырды мени менен телефондон сүйлөшүп отуруп, мага арнап жазган.
Н.: – Биз кыз-жигит катары 7 жыл сүйлөштүк. Бул чоң убакыт. Бул аралыкта таарынышуулар, сагынышуулар болду. Экөөбүз тең жашпыз да, таарынышканда «болду сүйлөшпөйбүз» демиш болобуз да, кайра эле сагынышабыз, жазылышабыз.
А.: – Мен эмоционалдуумун, эмне болбосун дароо сыртыма чыгарам. Нурлан токтоо, ал баарын ичине сактайт. Бирок экөөбүз тең ак көңүлбүз. Окшош жактарыбыз көп.
А.: – Ар бир айым сезимтал болот. Мен Нурландын көзүнөн, сөзүнөн мени жакшы көрөрүн билип турам. Нурлан мени ошол жакшы көргөнү менен өзүнө тартты, менин сүйүүм андан да эки эсе күчтүү.
Н.: – Аселдин кыял-жоругу, мүнөзү, жан дүйнөсү, кыскасы, баары жагат. Турган-турпаты менен көзүмө жакшы көрүнөт. Кээде машина менен аны бир жерге жеткирип баруу керек болот да. Ал машинадан түшүп баратканда эле сагынып кетем.
Н.: – Чыгармачылыкта жакшы жаңылыктарыбыз бар. Буга чейин Назира, Чыңгыз аттуу менеджерлер менен иштешип келдим. Аларга ыраазымын. Эми менин ырчы болуп элге таанылышыма чоң салымын кошкон Канат Кадыржан менен кайрадан чогуу иштешүүнү чечтик.
А.: – Жаңы дем, жаңы күч менен иштешүүнү ниет кылып жатабыз.
Н.: – Асел «туулган күнүмдү өткөрүп бер» деген. Ошол күнү колун сурап, шакек салууну пландап толкунданып жүрдүм. Апам менен кеңешсем, батасын берди. Колун сураарымды Асел билбейт эле, баарын даярдап коюп телефон чалсак албайт. Мен «атылдым» деп ойлодум. Телефонун албаса үйүнө барып эле шакекти колуна салайын деп ойлой баштадым. Кудай жалгап бир убакта байланышка чыкты.
А.: – 19-март – туулган күнүмдө чакыруу менен бир жакка кеткендиктен 20-мартта белгилейли дегенбиз. Бирок аны унутуп, уктап калыптырмын. Балдар телефон чалып чакырышты. Барсам Нурлан жок, көрсө, атайын кечигип жатыптыр. Кыздар «ушу бүгүн бирдеме болот» дешет, мен «жок, эч нерсе болбойт» деп коём. Бир убакта кучак толо гүл көтөрүп келип, гүлдөрдүн арасынан шакекти таппай колдору калтырап, бир топко толкунданды. Мындайды күтпөгөн менин абалымды сүрөттөгөнгө сөз жок. Нурландан өтүп мен да катуу толкундандым.
Н.: – 25-апрелде Аселди кыргыздын салты менен ата-энесинин колунан Оштон алып кетем. Анан 4-майда Бишкекте экөөбүздүн 1-концертибиз болот. Айрымдар концерттен түшкөн акчага үйлөнүү тоюн өткөрөт деп жатышат. Бишкектеги концертке көп каражат жумшалат, түшкөн акча өзүн жапса, бул жакшы.
А.: – Той-концерт беребиз. Үлпөт тоюбузга күйөрмандарыбыздын баарын чакыра албайбыз. Ошондуктан концертке келген көрөрмандарыбызга таттууларды таратып, жакшылыгыбыздан ооз тийгизели деп чечтик.

"Супер-Инфо" гезитинин жалпы жамааты эки жашка түбөлүк сүйүү, бакубат жашоо, чыгармачылык бийиктик каалайт!


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Сүйүктүүсүнө баш кошуу алдында турган ырчы Нурлан Насип: "Ырларымдын көбү Аселге арналган"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  18 
Комментарийлер(64)
SUPER.KG видео
24.04.2018. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жанагы ыйлаган жаш кызга кыйын болду да баарынан

24.04.2018. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бактылуу болгула кармашкан колунар эч качан узулбосун,Ар бир аткан танда силер учун бакыттын нуру жаасын.Жаратканым эки дуйно бактылуулукту насип кылсын иншаалах
24.04.2018. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бактылуу болгула ылаайым. Тилеген тилек,ой максатынар ишке ашсын. Мен ото кубанычтамын. Бактынарга коз тийбесин.
24.04.2018. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бакылуу болгула алтындар.
24.04.2018. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Асель кичинесинде эле сулуу кыз болгон экен.
24.04.2018. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу жана көп балалуу болгула! !!!
24.04.2018. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Окуп бир суйунуп алдым, бактылуу болгула
24.04.2018. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
асел без макияжа суротторун барбы. эми ажырашпагыла бири бирибизди тушунбой койдук дебегиле жети жыл суйлошуш оной эмесго жети жылда тушунсонор керек .
25.04.2018. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tyrgon,7 Жылдан бери Нурлан макияжсыз Аселди точно корсо керек, канчалаган сулуу кыздар жандап жургонуно карабай Аселясын жакшы корсо демек Асел макияжы жок деле силер ойлогондой туру суук эмес го деп ойлоп койдум. Макияжсыз суроттору жок деген темага чекит коюлса
24.04.2018. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу тугойлордон болгула. Жеке жашоонорду "жеке жашоо" бойдон калтырганыран он.
24.04.2018. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым эки дуйно бактылуу кылсын аябай сиздерди жакшы кором кубанычыма чек жок
24.04.2018. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
❤❤❤❤❤❤❤
24.04.2018. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болгула
SUPER.KG видео
24.04.2018. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгуулаааа
24.04.2018. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула,Асел тушунуктуу,жакшы кыздай эле корунот. Турмушту алып кетет деп ишенем
25.04.2018. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чын журоктон бакыт каалайм. Суйуунор туболуктуу болсун...
SUPER.KG видео
25.04.2018. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ылайым суйуунор туболуктуу болсун! Ар дайым бири-биринерди жолоп таяп эле журо бергиле. Жакшы кором туболук деген ыр саптардай туболуко бакыт каалайм сиздерге!!!!
25.04.2018. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оштун кыздары турмуш тиричиликке тын келет,экоо чогуу бактылуу болот деп ишенем
25.04.2018. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Suiuunor tuboluktuu bolsun,jaman kozdon ,jaman sizden jaratkan ozu saktasyn koop balaluu bolgula,Baldarynar ozunorgo okwogon wirin,ak konul bolsun,Bashkalarga ulguluu uibulolordon bolgula kelechekte,
25.04.2018. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу, таалайлуу болгула!!! Кармашкан колунар узулбосун!!! Коп балалуу болгула!!!
26.04.2018. 07:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
25-апрельде тою болот дешти элего, жым жымго, же мен адаштымбы?
26.04.2018. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Экөө тең ырчы, жашоолору түзүк эле болсо экен! Мен кыйын, сен кыйын болбой...
SUPER.KG видео
26.04.2018. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бактылуу болгула алтындарым озунордо корогозуп эле жургулочу сиздердин баскан турганынар менен кун откозом корунбой кетсенер сагынам
26.04.2018. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бири бирине аябай окшош экенби, бактылуу болушсун!
26.04.2018. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
26.04.2018. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болуп, урушпай талашпай ынтымакта жашагыла эми.
Не дейбиз эми бактылуу болгула!
26.04.2018. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми силер да Урмат Нелядай болуп тойлорго чогуу баргыла. Чогуу деэттерди жахдырып чогуу ырдагыла. Дайыма эле чогу болуп кармашкан колунарды узбогуло. Жаман коз жаман созго маани бербегиле. Баса бал айын кайсы олкодо откоросунор. Соссуз откоргуло ээ. Кийин окунуп калбагыла бизге окшоп.
27.04.2018. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бактылуу болгула концерт ке барабыз
27.04.2018. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Шоу бизнес чойросундо жургондорго "Кызганыч" темасы ото кооптуу. Бир биринер ар дайым туура тушунуп, колдоп, коштоп турганга аракет кылгыла))
Бакыт каалайбыз, туболуктуу болгула.
29.04.2018. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уйлонушту,той отту...бал айы...оххх Нурлан жыргап атаго
29.04.2018. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын журоктон бактылуу болгула, Кудай чогу болгон омурунорду узун кылсын
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо