Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Чемпиондор Лигасы: САЛАХ ЖАНА БАШКАЛАР...

№808 27-апрель -3-май, 2018-ж.

Апта ортосу эки кызыктуу футбол беттеши менен толукталды. Чемпиондор Лигасынын алгачкы жарым финалдык оюндары өтүп, Ливерпуль менен Мюнхен шаары футбол борборуна айланды.

«ЭНФИЛД», КЛОПП ЖАНА РОК-Н-РОЛЛ

«Ливерпуль» 5:2 «Рома»
Голдор: Салах
(35, 45-мүнөттөр), Мане (56-мүнөт), Фирмино (61, 68-мүнөттөр) Жеко (81-мүнөт), Перотти (85-мүнөт)

Быйылкы сезондун башында «Ливерпулдун» дымагы ушунча болорун эч ким баамдаган эмес. Олку-солку ойногон Клопптун шакирттери бир күнү шумдук оюн көргөзсө, эртеси анчейин күчтүү эмес командага уттуруп койчу. «Ливерпуль» бул адаттан сезондун жүрүшүндө арыла баштады. «Кызылдардын» чабуулду гана ойлоп, кээде коргонууну таптакыр унутуп койгон сапаты бар.
«Энфилд» стадиону эч качан коноктор үчүн меймандос эмес. Бул стадионго кайсы команда келип ойнобосун, чабуулун унутуп, коргонууну гана ойлоосу зарыл. Антпесе иштин бүткөнү. Ылдамдык, чабуул жана дагы бир жолу чабуул. Юрген Клопп эми «Ливерпуль» үчүн идеалдуу оюнду тапкандай.
Оюндун алгачкы мүнөттөрү дээрлик тең болгону менен, Салах керектүү учурда сыйкырын колдонгондо Рим четинен урай баштады. «Кызылдардын» шумдуктуу Салах-Фирмино-Мане үчилтиги 68-мүнөткө чейин Алиссондун дарбазасына 5 гол жаратып салышты. Мына, чыныгы рок-н-ролл! Юрген Клопп «Ливерпулдун» чыныгы күчүн Европага көрсөтүп жаткан чагы. Бирок мындай ылдамдыктагы оюн 90 мүнөткө чейин узабайт. «Ливерпуль» футболчулары оюндун соңку мүнөттөрүндө чарчап баштады. «Рома» Жеко жана Пероттинин эсеби менен
2 гол жаратып, өз үйүндө боло турган беттешке үмүт жаратты. Римде «Рома» канчалык баатыр боло алгандыгын Месси жана анын командасы жон териси менен сезишкен. Жооптук беттеш да кызыктуу болот. Анткени Рим эрдикти жараткан шаар.

«РЕАЛ» ҮЧҮНЧҮ ИРЕТ ФИНАЛГА АТТАНАБЫ?

«Бавария» 1:2 «Реал»
Голдор: Киммих (28-мүнөт) Марсело (44-мүнөт), Асенсио (57-мүнөт)

Чемпиондор Лигасы. «Альянц-Арена» стадионунда кайрадан «Бавария» – «Реал». Эсеп 1:2. Дал ушундай сценарий менен өткөн жылы эле эки команданын беттешин көргөнбүз. Быйыл дагы бул кайталанды. Дежавю. Юпп Хайнкестин «Бавариясы» өлкө чемпиону аталып, чечүүчү беттештерге даярдык көргөн. Ал эми «Реал» кандай калыбында болбосун ар дайым коркунуч туудурат. Ананчы, негизги курамда Роналду даяр турганда Зидан голдон үмүтүн үзбөйт.
Бул оюн алгачкы мүнөттөрдөн тарта кызыгуу жаратат деген сөз чындыгында дал келди. Баштапкы мүнөттөрдө немис машинасы чабуулун күчөтүп, 28-мүнөттө Киммихтин оң капталдан ашырган соккусу Навастын дарбазасынан орун тапты. «Реал» өз оюнун таппай жаткан да дагы гол жарата алат. Муну 44-мүнөттө Марсело көргөздү. Ал эми экинчи таймда Рафиньянын катасынан улам Асенсио жеңишти конокторго алып келди. Калган мүнөттөрдө Рибери канчалык аракет жасабасын эсеп өзгөргөн жок.
Беттештин жыйынтыгы менен «Реал» үчүнчү ирет финалга чыгуу үчүн ири мүмкүнчүлүк түзүп алды. Эми өз үйүндө эки гол айырмачылыгында жеңилбөө жетиштүү. Зидандын «Реалына» каршы турууга Чемпиондор Лигасында азырынча бир да команданын алы келбей жаткан учур.


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(17)
01.05.2018. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Реал алга. Роналду бүгүн бир хет-трик кылчы.Реал-ливерпуль финалга чыгып,Реал 3-ирет чемпион болот буйруса. Салах менен Роналдонун беттешин көрөбүз буйруса финалда. Анан Барселонанын күйөрмандары куттуктайм ла лигадагы жеңишиңер менен.
01.05.2018. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салах жакында Бир больницаны жабдуулар менен каржылап Аллах учун знает берди эле.
Аллах ага эки эселеп жардам беруудо
01.05.2018. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nukura_jigit,знает бердиси эмнеси эми?
01.05.2018. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алга Реал. Роналду бүгүн бир хет-трик кылчы.Реал-ливерпуль финалга чыгып 3-ирет чемпион болот буйруса. Салах менен Роналдонун беттешин көрөбүз буйруса финалда.Анан Барселонанын күйөрмандары куттуктайм ла лигадагы жеңишиңер менен.
01.05.2018. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Реал чемпион болот мени менен ким мелдешет Реал чемпион болбосо аялымды бир суткага берем
01.05.2018. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
oshtuk_jigit,ХХХХ турбайсынбы.точно аялын барбы сенин озу.топ тоголок дейт не болуп кетет эч ким билбейт.берип журо бер аялынды ар кимге
Модератор admin_media түзөттү 2018-05-01 10:53:06
01.05.2018. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
oshtuk_jigit,аялың эмне сага кулбу
Ал дагы бирөөнүн кызы.
Өзүңү кой мелдешкиң келсе, Реал чемпион болбосо 11 ай үйүңдө кул болуп иштеп берем деп.
01.05.2018. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oshtuk_jigit,эркек болсон мен сен менен мелдешем, бирок аяалын озуно буйрусун, давай номеринди жаз 1000$ дан ойнобуз
01.05.2018. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Реал Бавария качан оюну?
01.05.2018. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Meni_unut,бүгүн 00:45 те
01.05.2018. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Meni_unut,бугун тунку саат 12:35 стартует Бавария айрыйт бугунку мелдеште Реалчылар туз жалайсынарго
01.05.2018. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Nurik1988,Озунун уйудо айрый албаган бироонун уйундо айрыйбы? Коросун бир гол да ура албайт Бавариян." сухойдо"ыргыйсынар го
01.05.2018. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялы жок бойдок неме болсо керек да...

Озунду сай, озунду... Утулуп калсан оз шорун озуно...
01.05.2018. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azabraza, адамдын намысына шек келтирген сөздөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
01.05.2018. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Реал Мадрид Алга
01.05.2018. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин оюумча Реал менен Ливерпул финалга чыгышат!

Рома менен Бавариянын шансы бар но 3 голдон урмайынча шанс болбойтко деймин)
02.05.2018. 05:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ливерпул чемпион болот го финалда реалды 4-1 эсебинде айдайт салах ,мане,дубль фирмино
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо