Руслан Абылов: «КОНЦЕРТИМ – 5 ЖЫЛДЫК ЭМГЕГИМДИН ЖЕМИШИ»

№808 27-апрель -3-май, 2018-ж.

"Башка жанга чалба", "Дария", "Бийкеч", "Кыргызымдын сулуу кыздары" аттуу ырларды аткарып жүргөн ырчы Руслан Абылов 5-май күнү Бишкек шаарындагы Спорт ордосунда алгачкы жеке концертин бергени турат.

– Руслан, концерт бергени жатыптырсың, толкундоолор болуп жаткандыр.
– Толкундоолор бар. Колдон келишинче аракет кылып жатабыз. Өзгөчөлүгү – сахнага ар бир чыккан ырчыны жандуу музыка коштойт. Алпаруучулар болот, албетте, бирок эл менен өзүм көбүрөөк баарлашып концертти жандуу кылганга аракет кылам. Режиссёрлор менен бирге концерттин программасын иштеп чыктык.

– Чыгармачылыгыңа, концерт уюштурууга жардам бергендер барбы?
– Чыгармачылыкка аралашканыма 5 жыл болуп калды. Концертим – 5 жылдан берки эмгегимдин жемиши, өзүмө отчёт десем болот. 10дон ашуун ыр жаздырып, бир нече клип тарттырдым. Эч кимдин колдоосу, жол көрсөтүүсү, демөөрчүсү жок эле өз аракетим менен жүрөм. Ырчы болуу кыялыма жетүү үчүн бир топ аракет кылдым, чет жерге барып иштеп жүрдүм. Убактымды, эмгегимди жумшаганым текке кетпей мен тилеген күн келип отурат.
Концертти өткөрүп алгандан кийин өзүм үчүн экинчи секирик катары ырчылыкка белсенип киришем деп турам.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
01.05.2018. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Капа болбосун бирок тааныбайт экем
01.05.2018. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Абылов десе Чоро тобундагы бала окшойт десем,вообще эле башка адам го.
01.05.2018. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эл таанып, ырларын куткон ырчылар концерт берсе жакшы болмок, негедир акыркы жылдары туйшугу аз, акчасы коп той-топурга эле чуркап калышты...
02.05.2018. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Руслан Абылов, концертиниз мыкты денгелде отсун. Клиптеринизди ырларынызды угуп бийлеп журобуз.
03.05.2018. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырчылар кобойуп,тааныбай да баратабыз копчулугун.
04.05.2018. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай ырчы бар беле ырларын угуп көрөйүнчү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо