Асема, актриса, ырчы: «ШЫЛДЫҢДАП КӨП ЖИГИТТИН УБАЛЫНА КАЛДЫМ ОКШОЙТ»

№808 27-апрель -3-май, 2018-ж.

«КИЧИНЕМДЕ ЖИНИМЕ ТИЙГЕНДЕРДИ КЕЧИРИМ СУРАТА БЕРГЕН АДАТЫМ БАР ЭЛЕ»
– Бала кезиме кайрылсам, казан-казан тамак бышкан бардар үй-бүлөдө чоңоюптурмун. Эки агамдан кийин төрөлгөнмүн. Борбордо жашагандыктан, үйдө ага-туугандын балдар-кыздары студент болуп көп жүрүштү. Ошончо студент жашаган ызы-чуу үйдө кичинекей мен аларды көрүп эрте чоңойгум келчү. Көп киши жашасак деле эмнегедир мага кызыксыз болду. Азыр ойлосом, мен теңдүү эч ким жок болгондуктан кызыксыз боло берчү экен. Короодогу балдарга лидер болуп алчумун. Бала кезде ичиңде эч кандай арамдык жок болот эмеспи. Бир кыздын мурдунан кечке чимкирик ага бергендиктен, топко кошчу эмесмин. Ошол мамилем ал кыздын эсинде калыптыр, кийин чогуу иштешип калдык. Ошондо мага кек сактап калганы кадимкидей билинди. Жиниме тийгенди эле кечирим сурата берген адатым бар эле. Досторум ошону көп эстешет. Нурайым Азыкбаева, Кундуз Канатбек кызы болуп бир короодо чоңойдук. Нурайым көп ойночу эмес. Ал кичинесинен эле чыгармачылык менен алектенчү. Кундуз экөөбүз чогуу көп жүрдүк.

«БИЛЕМ, МЕН АКЖОЛСУЗ ЖАШАЙ АЛБАЙМ»
"Досуңмун" деп коюп жүргөндөрдүн былыктарын, кылыктарын деле көрүп жүрөм. «Мени жаныңа курбу кылып алып жүрчү» деп суранып алып, артыңдан суу куйгандарды көрдүм. Алардын мындай мамилесине эмгиче таң калып бүтө элекмин. Бирок жашоодо да артист болуп, аларга маани бербей, күлүп-жайнаганга үйрөндүм.
Негизи кыз кишинин жашоосу, жолу барган жери менен байланыштуу экен. Жолдошум Акжол ким менен катышса жамандык, жакшылыкта мен да барам. Мен тараптан курбуларымдын көбү бойдок. Алар жолдошумду «алтындай аяшыбыз бар» деп жакшы көрүшөт. Аялзаты көңүл бурууга муктаж эмеспи. Курбулар чогулганда Акжол баарына көңүл буруп, эч кимден албаган жылуулукту бир заматта тартуулап коюшу мүмкүн. Мага Акжолдукундай сүйүүнү эч ким бере албаса керек. Билем, мен Акжолсуз жашай албайм.

«КОКУСТАН ЭЛЕ ТААНЫМАЛ БОЛУП КЕТТИМ»
– Элге «Боз салкын» тасмасы аркылуу таанылдым. Таанымал болгонго даяр эмес болчумун. Киного тартылайын деген ой жок жерден тартылып, популярдуу болуп кеттим. Апам борбордогу басмаканалардын биринде иштечү. Каникулда мен да иштеп акча таап алчумун. Шаазада деген агай китеп кандай чыгарын көргөнү мен иштеген басмаканага келип жүрдү. Агай менен таанышып, бет маңдай отуруп калдым. Мен кичинемден куудулмун, бирөөлөрдү туурайм, шылдыңдайм. Ошол өнөрүмдөн уламбы, агай мени киного кастингге алып барам деди. Мен «кайдагы кино, кайсы заманды айтып жатат?» деп таң калгам.
Кастингден сулуу, бойлуу, боёнгон укмуш кыздарды көрдүм. Мен анда 11-класстын окуучусу, кашты терүү, боёнуу деген түшүнүк жок. Аларды көрүп кысылып, корунуп, кастингге кирбей койдум. Шаазада агай биз эң акырында кирели деп мени көндүрдү. Кирип, тартуучу топ менен тааныштык. Эрнест Абдыжапаров кийин айтып жатпайбы, мени көргөндө алгач жактырган эмес экен. Ал элестеткен кыз такыр башка болчу. Бирок роль аткарганымды көрүп кайрадан башка образды элестеткен.
Ата-энем киного тартылышыма каршы болушту. «Чыгармачылыкта нан таап жей албайсың, ишиң бирде болсо, бирде болбойт» дешти. Алар «кызыбыз тилдерди билип, дипломат болсо» деп кыялданышчу. Учурда эки кесиптин ээсимин. Биринчиси – дипломат. Экинчиси – элдин "билими жок актриса, режиссёр" деген кебин угуудан тажап, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин социалдык-маданий ишмердиги факультетин аяктадым.

«ГҮЛ КӨТӨРҮП КЕЛГЕНДЕРДИ ШЫЛДЫҢДАЧУМУН»
– Жаш кезде көп жигиттер аркамдан чуркады. Гүл алып келип берсе, ошол жерден ыргытып, кыргызча сүйлөсө «сен кыргызча сүйлөйсүң» деп шылдыңдап, керсейип кемсинткен күндөрүм болгон. Шылдыңдап көп эле жигиттин убалына калдым окшойт. Тасмадан кийин мага сүйүүсүн арнагандар көбөйдү. Коомдук транспортко түшсөм эл кеп кылып, карап, бир топ ыңгайсыздык болду. Таанымал болуп кетишиме көнө албай бир топ кыйналдым. Анын үстүнө ак-караны тааный элек жаш кызмын. Ошондой учурда өзүңдү жакшы нукта кармап калышың керек экенин түшүндүм. Негизи чыгармачылыкта жүрүү аялзатына чынында кыйын экен.

«ӨЗҮМДҮН ТАСМАМА ӨЗҮМДҮ ТАРТКАНДАН УЯЛБАЙМ»
– 25-апрелде мен режиссёрлук кылган «Сүйүү күчү» деп аталган тасмамдын ачылыш аземи болот. Мен өзүмдүн тасмама өзүмдү башкы каарман кылып тартуудан уялбайм. Колдорунан келсе каалагандар өздөрүн тарта беришсин. Мен үчүн азыр убакыт өтө баалуу. Мен дагы кинолорго тартылышым керек, төрөшүм керек.
Чынында «Сүйүү күчүнүн» бүтүшү кыйын болду. Съёмка аяктап калганда кырсык болуп администратор Хадижа деген кыз каза болуп калбадыбы. Мен аны акыр аягына чейин көз жумат деп ойлогон жокмун. Пластикалык операция жасатып берем деп жаттым. Ошондон кийин катуу депрессияга түшүп, дагы деле чыга элекмин. Тамак ичсем эле көңүлүм айнып кускум келет, анын айынан арыктап кеттим. Кинонун бүтүшү да кыйын болду. Кырсыктан кийин кинону бүтүрүүчү адамдардын мага карата мамилеси бузулду. Оңой эле бүтчү нерсе бүтпөй, татаалдашып, Бишкекке келсем, чоң эле кишилер кырсыкта менин эч кандай күнөөм жок экенин түшүнүп турушса да, башка кептерди козгоп туруп алышты. Монтаждап жатсак, өчүп калат, ушундай майда нерселер мени ого бетер депрессияга салды. Анан кинону таштап салдым. Ачылышын да масштабдуу эмес, чакан чөйрөдө кылайын десем, кинонун продюсери, жолдошум Акжол макул болгон жок. «Сен көйнөк кийип келип эле бер, калганын өзүм уюштурам» деп болбой койду.

«БАЙЛЫК ТОПТОЮН ДЕП ЖУЛУНБАЙМ»
– Уулум Адахан 9да, кызым Айлин 7де. Алар телевизордон, компьютерден алыс, сүрөт тартып, көпөлөк кууп, ийнелик кармап чоңоюп жатышат, ошого сүйүнөм. Уулум укмуш сонун бийлейт, Бактияр Токторов байкесин өтө окшоштуруп коёт. Анан тентек, кээде мага айтпай көп иштерди жасап салат. Бир жолу айылга барсак даараткананы өрттөп жиберген. Кызым болсо сүрөттү жакшы тартат. Өзүнүн дүйнөсү бар. Көчөгө чыкканда чачын сеңселтип алып асманды карап өзү менен өзү сүйлөшүп, жаратылышка суктанып жүрө берет. Эки балам кыргыздын керегине жараган мыкты уул-кыздардан болсо мага андан ашкан бакыт жок. Мага эч нерсенин кереги жок. Байлык топтоюн деп да жулунбайм.

"Уул-кызым телевизордон, компьютерден алыс, сүрөт тартып, көпөлөк кууп, ийнелик кармап чоңоюп жатышат, ошого сүйүнөм".


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Асема: "Айылдык жигитке турмушка чыкпайм дечүмүн"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(60)
01.05.2018. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
корбогондун коргону курусун дейт беле, окуп жатып дуйно жылдызы го дегем карасам баягы эле биздин мактанчаак жылдыз болумуш.
01.05.2018. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
bond02,озбектердин Севинчи го
01.05.2018. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Боз салкын киносунан кийин корбоптурмун мен бул кызды.
01.05.2018. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Асеманын күйөөсү түрк эмес, күйөөсү Баткенден болот кыргыз эле
01.05.2018. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чириген ооздон ириген сөз чыгат болбой жакшы сөздөрдү жазып койсоңор болот эле кээ бириңер. Күйөөсүн мактаса эмне экен? Ооба бир убакта туура эмес сүйлөп алып кийин кечирим сураган. Баарыбыз эле жаңылабыз ошондо Баткендик катары мага да катуу тийген сөздөрү. Асеманы кайын журтунда жөнөкөй эле келин катары билем.
01.05.2018. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин туура жазып жүргүлөчү сураныч!"Б.Бейшеналиева атындагы университет","Искусство инситут","Искусственный" ж.б.у.с айтылса кыжырым келет да,кыжырым!
01.05.2018. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ой тооба мынча коро албас ичи кара адамдар коп. Эмне жашоонордо эч жакшылык корбой жашап жатасынарбы? Неге мынча жаман создор мн сынайсынар, же ошондой эле озунор аппаксынарбы. Артистердин да тууган урук жакындары бар алар силер билип билбей жазган коменттерди окуп кандай абалда болот. Ошондой эле жакпай жатса жон эле жазбай эле койсонор болбойбу или вообще окубай эле койгула. Сындын да чеги болот Эл адамы сындаш кк бирок мынчалык эместа. Алардын ордуна озунорду койуп анан жазгылачы адамдар...
01.05.2018. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
18+ киносу эмне болду? Же дагы бир мактанганыбы
SUPER.KG видео
01.05.2018. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Чын эле, эч бир жакшы сөз айта албайсыңар... Асема силердин ырыскынарды тартып алып жеп жаткандай...

Жеке бул эжеге эч кандай жаман ой пикирим жок. Өз деңгээлинде бара жатат. Миң эле мактанып, мардайып баратса да, үйдө олтуруп, тилдерин бош койгондордон алда канча жогору...
SUPER.KG видео
01.05.2018. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kuurchak,Mamiev, гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер gazeta@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
01.05.2018. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ким мынча эле минус басып жатат тобоо.
SUPER.KG видео
01.05.2018. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Булда эл катары нанын таап жеп жургон адам неге мынча жаман кордунор,болгонун айтыптыр айылдыка тийбейм деп Баткенге келин болуп калдым дейт анын неси жаман.
01.05.2018. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жабыгыраак кийинсе болмок,Кыргызчага суйлойсун дегени жакпадыда,мактанып!Бактылуу эле болсун
01.05.2018. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баткендик жигиттер красавчик бт чыныгы жигиттин атына татыган жигиттер коп ошон учун бут артис кыздар Баткендик жигиттерге тийип жатат мисалы Айпери Кубик кызы, Асема ж. б
01.05.2018. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эх ушундай сулуу сүйгөнүм болгондо арманым жок эле.
03.05.2018. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
century, Кудай буюрса болот. Жакшы ниет жарым ырыс.
SUPER.KG видео
01.05.2018. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыргыздарда ушундай да, бироо кичине алдыга жылып калса эле, ой бул гооп кеткен го, мактанасын го деп. Оздору бир нерсе жасабай эле!

Соонун маек болуптур. Башкаларга окшоп жасалмасы жок жакшы маек бериптир.

Кооп-коп ийгиликтерди каалайм сизге. Кинонуз жакшы чыгыптыр. Айылга бир барып келгендей эле болдум)). Удачи вам))
01.05.2018. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Куйоосу памирлик кыргыз
03.05.2018. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Qwerty8800,боордуэздин
02.05.2018. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздарга бир нерсе жакчу беле, жакшы ийгилик каалап койгула болду жетет
SUPER.KG видео
02.05.2018. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким менен турмуш куруш бул ар бир адамдын озунун жеке проблемасы эмне кыласынар куйоосуно сын тагып сулууга тийип кор болгончо сени суйгондун гулу бол дейтко бактылуу болсо болсо...
SUPER.KG видео
02.05.2018. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Асема азаматсын сени коралбагандар сени чыйралтат. мага жагат ырлары
03.05.2018. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ийгилик, ийгилик жана ийгилик!
SUPER.KG видео
03.05.2018. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушуну корсом эле кыжырым келет
03.05.2018. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир жолу таарынышып жүрүштү эле күйөөсү менен. 1-2 жылдай жүрүп анан жарашты окшойт. Эми кармашкан колуңар ажырабасын. Бактылуу болгула.
04.05.2018. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыздын кызы болгон сон Кыргыз тилинде суйлогондорду шылдындачумун дегенин туура эмес аны айтпай эле койсон болмок ушул жерин кичине туура эмес болуп калыптыр карындаш. бирок жолдошун мактаганын эн туура аялы-жолдошу жаман болсода макташ керек, жакшы аял жаманды жакшы жакшыны хан кылат деген ата бабалардын созу бар карындашым уй булон менен аман бол азаматсын!!!.
04.05.2018. 08:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ийгилик,бактылуулук каалайм,алга Асема!!!
04.05.2018. 08:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
АЛга Асема!!!
04.05.2018. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул кыз жакпайт да. Кийингени жарым жыналач кийимдер клиптеринде. Куйоосу кой дегенге жарабайбы?!!

Суйлосо асмандан суйлойт, акылдуу немедей, хотя чындап акылдуу болгондо мындай суйломок эмес....
06.05.2018. 03:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Хадича деген кыз каза болуп.
Мен аны каза болот деп ойлобогом пластикалык операция жасатып берем дегем дейби ким тушунду? Тушунтуруп бергилечи мен тушунбодум
06.05.2018. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман эзилдиңерго,ар ким өз оюн айтат. Антип айтпа деп тыя албайбызда.
ТБ. Бир аз абайлап сүйлөөнү сунуштайм.
06.05.2018. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акыркы убакта негатив коп жаза башташтыго э
09.05.2018. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир Боз салкын фильминдеги ролу жагат , калганынын мааниси жок
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо