Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

САЯСАТ ЖАНА КООМ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

№396 4-10-июнь, 2010-ж.

ШЕР БОЛОТ ШЕРДИК КЫЛДЫБЫ?

Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Шер Болот адилеттүү кызмат көрсөткөн милиция кызматкерлерин сыйлады. Жакында эле Бишкек шаарында аял милиция кызматкерлери КИА автоунаасын жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан. Андан түшкөн айдоочу өзүн “Ички иштер министринин жакын тууганымын” деп тааныштырган. Бирок мыйзамды көзөмөлдөп, милиция кызматкерлер айдоочуну тийиштүү протокол боюнча 300 сом айыпка жыккан. Ошентип, эки милиция айым министрлик тарабынан Ардак грамота менен сыйланды.
Маалымат үчүн: Болот Шерниязов Шер Болот деп аты менен тек атын өзгөртүп, жаңы паспорт алды.


ЖАЙЫТТАН БАШТАЛГАН ЧАТАК

26-майда Өзбекстандын Кыргызстандын ичинде турган Сох анклавындагы Хушяр айылынын эли менен Баткен облусунун Согмент айылынын эли араздашып калды. Кошуна эки элдин ортосунда чыр ырбап, Өзбекстан атайын даярдыктагы миң аскерин жана беш райондун милиция күчтөрүн киргизүүгө үлгүрдү.
Бул окуяга чейин Хушяр айылынын жашоочулары Баткен облусунун жетекчилигине Кыргызстандын жайытын ижарага алуу жаатында кайрылышкан. Бирок тийиштүү келишим жок болгондуктан, уруксат берилген эмес. Ошол себептен Хушяр айылынын эли Кыргызстандын Чарбак айылына барчу суу каналдарын тосуп, анда жашаган 400 тургунду суусуз калтырган. Мындан сырткары, жолду да жарактан чыгарышкан. Ушул эле күнү Хушяр айылынан өтүп бара жаткан кыргыз жүргүнчүлөрдү барымтага алып, алардын машиналарын таш бараңга алышкан. 26-31-май аралыгында Сох анклавынан өтүп бара жаткан Баткен облусунун жашоочуларынын 10 машинасы талкаланган.
Ал эми 31-майдан баштап кыргызстандыктар жаңжалды улап, Баткен облусунан Өзбекстандын Риштан шаарына барчу жолду тосуп алышкан. Бул жол Сох анклавын Өзбекстан менен байланыштырып турган негизги трасса болуп эсептелет. 500гө жакын чогулган нааразы топ Сох анклавынан өтүү үчүн кыргыздарга коопсуздук кепилдигин түзүүнү талап кылышкан.
Бул улуттар аралык жаңжал массалык мүнөзгө айланып кетмек, бирок укук коргоо органдары чатакты басаңдатууга жетишти.
Андан соң Баткен облусунда Өзбекстан менен чектешкен ­“Кайтпас” чек ара постунун өз тарабын Кыргызстан 31-май күнү жапты. Ал эми 1-июнда Фергана облусунда Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы К.Матенов менен Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара командири Р.Мирзаев жолугушуу өткөрүштү. Анын жыйынтыгында кыска убакыттын ичинде чек араны делимитация жана демаркациялоо маселелерин аяктоо, эң негизгиси, жогоруда айтылган өзбекстандык армияны Кыргызстандын аймагынан алып чыгып кетүү чечимдери кабыл алынды.
Казакстандын стратегиялык изилдөө институтунун директору ­Булат Султановдун айтымында, Кыргызстанда этникалык жаңжал башталып кетсе, өзбектердин атынан Өзбекстандын ислам кыймылы (ӨИК) аралашып кетиши ыктымал. “Мындан улам Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө коркунуч туулушу мүмкүн”,- дейт серепчи.
Маалымат үчүн: Өзбекстандын Сох анклавы Баткен облусунун аймагында турат. Анклав Өзбекстанга тиешелүү болгону менен, анын калкынын дээрлик көпчүлүгүн тажиктер түзөт.


ТҮРКИЯГА САПАР

Убактылуу өкмөттүн төрайымынын 1-орун басары Алмазбек Атамбаев­ 1-июнда Түркияга учуп кеткен. Бул жолку сапарында ал Түркиянын президенти Абдуллах Гүл, премьер-министр Режеп Эрдоган менен жолугушуу өткөрдү. Анкарада өтүп жаткан А.Атамбаевдин иш сапарында экономика тармагында өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды. Эскерте кетсек, апрель окуясынан бери Алмазбек Атамбаев Түркияга экинчи жолу барып отурат.


КУРМАНБЕК БАКИЕВ АДВОКАТ ЖАЛДАДЫ

Европадагы юридикалык структуралардын маалыматы боюнча, Кыргызстандын экинчи экс-президенти белгилүү канадалык адвокат Роберт Амстердамдын кызматына кайрылган. Анда К.Бакиевге каршы козголгон кылмыш иштери боюнча экс-президенттин кызыкчылыгын коргоо жана эл аралык Интерпол аркылуу издөөгө тоскоол болуу айтылган. Роберт Амстердам өзүнүн кызматын өтө жогору баалагандыктан, ал кылмыш иши эл аралык резонансты жарата алган жана көп гонорар төлөй алгандар менен гана иштешет. Айрым маалыматтарга караганда, анын гонорары 2 миллион долларга бааланат. Кызыктуу жагдайы, Роберт Амстердамдын кардарларынын арасында Таиланддын экс-премьери, 2006-жылы бийликтен кулатылган Таксин Чинават да бар. Мындан улам “Курманбек Бакиев тажрыйбалуу адвокат жалдаган” дегенге негиз туулат.


ЖУРНАЛИСТТИН УРМАТЫНА ЭСТЕЛИК ОРНОТУЛАТ

УӨнүн төрайымынын орун басары Ө.Текебаев журналист Геннадий Павлюктун элесине арналган эстеликтин үлгүсүн айкелчилер менен талкууга алды. Буга чейин УӨнүн жыйынында анын үй-бүлөсүнө 1 миллион сом материалдык жардам көрсөтүү чечими кабыл алынган.
Маалымат үчүн: Геннадий Павлюк орусиялык ­“Аргументы и факты”, “Комсомольская правда” гезиттеринде редактор болуп иштеген. 2009-жылдын аягында оппозициялык мүнөздөгү медиадолбоорду баштамак. Бирок ушул эле жылдын декабрь айында Казакстандын Алматы шаарында ур-токмокко кабылып, алтынчы кабаттан ыргытылган. ОБСЕ менен көз карандысыз серепчилер анын өлүмүн саясий буйрутма деп мүнөздөшкөн.


“АТА МЕКЕН” СУРАМЖЫЛОО БОЮНЧА АЛДЫДА

Азыркы учурда “АКИpress” маалымат агенттигинин сайтында жүргүзүлүп жаткан сурамжылоо боюнча “Ата Мекен” партиясы тизмеде 23,1 пайыз менен биринчи орунда келе жатат. Буга чейин биздин гезиттин №394-санында www.super.kg сайтында добуш берилип жаткан сурамжылоонун жыйынтыгы жарыяланган. Ал боюнча “Ата Мекен” партиясы 38,4 пайызга ээ болуп, башка партияларды артка калтырган. Ал эми 3-июнга карата бул көрсөткүч 38,9 пайызга жогорулап, аталган партия биринчиликти бербей келе жатат.


НАРЫНДЫКТАР АЧКАЧЫЛЫК ЖАРЫЯЛАШУУДА

Нарын облусунун борбордук аянтында 7 адамдан турган топ ачкачылык акциясын баштады. Алар облустагы өкмөттүк администрацияларда иштеген айрым жетекчилердин, баары биригип 40 кишинин кызматтан кетишин талап кылышууда. “Кетсин!” деген тизмеге көбүнчө пенсия курагындагы кызматкерлер кирген. 2-июнда Нарын облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу А.Эсенбековдун катышуусу менен нааразы болгондордун талабы каралып, Нарын шаарынын мэри Алмаз Кулатов кызматтан кетүү жөнүндөгү арызын жазып берген.


НАЗАРБЕК НЫШАНОВ ЭЛДИК КУРУЛТАЙГА ЧАКЫРАТ

“Кыргызстандын патриоттук партиясынын” баш катчысы жана коррупциялык системага каршы күрөшүү, “Улуттук кайра жаралуу” элдик-патриоттук кыймылдын жетекчиси Назарбек Нышанов каалоочуларды Элдик курултайга чакырууда. Анда өлкөдө тамыр алган паракорчулукту жоюу, эски бийликтин өкүлдөрүнөн кутулуу маселелери каралат. Легитимдүү элдик коалициялык өкмөттү түзүүнү каалагандар 2010-жылдын 23-июнуна белгиленген курултайга катыша алышат.


ЖАШТАР БАЛДАРГА ЖАРДАМ БЕРИШТИ

1-Июнь – Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Новопавловка балдар үйүнүн тургундары майрамды 31-май күнү башташты. Алар үчүн шоу-бизнестин өкүлдөрү катышкан концерт уюштурулуп, андан кийин тасма көрүү үчүн кинотеатрга барышты. Бул кайрымдуулук акциясын жаштардын “Ынтымак өлкөсү” партиясы “Россия” кинотеатрынын жардамы менен ишке ашырды. Акциянын жүрүшүндө жаш балдар тарткан сүрөттөрдөн турган көргөзмө да ачылып, кызыктуу сүрөттөр эл алдына коюлду.


ЖАҢЫ МИНИСТР КЫЗМАТТА

Убактылуу өкмөт тарабынан бош турган министрликтин жетекчисинин орду бекитилди. Буга чейин Билим берүү жана илим министри Абдулда Мусаев болсо, мындан кийин аталган министрдин милдетин Канат Сыдыков аткармакчы болду.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(20)
07.06.2010. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А.Атамбаев Туркияда Осмон империясына жардамга келип шейит кеткен аталарыбыздын урматына курулган кумбоздун ачылышына катышып,соз суйлоп кетти.Бул кумбоз 2005-жылдын 26 мартында Аскар Акайыч тарабындан ачылышы бол4у,бирок,насип Атамбаевге буйруптур.
Ал жерде Атамбаевге бир катар суроолор суралып отту,Кыргыз мекендештерибиз тарабынан.Негизинен "ушинтиш керек,тигинтиш керектерге" басым жасап,кылып атабыз дегендерге токтолбоду.
07.06.2010. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орустарга айкел тургузганча,ошол акчаларга 1-июнь куну жаш балдарга бекер балмуздак таркатсанар пайдалуурак болмок.Эч курдай дегенде ошолор кубанып калышмак.Олгондон пайда бар беле,Алтындан айкел тургузсанар да кайрылып келбейт.Андан коро,бул жактагы тируулорго конул бургула,садагасы кетейиндер.
07.06.2010. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул озбек кургурлар жинге жаман тийип атышат,акыркы убактарда.Эмне жатат экен озу ушуларга.КЫРГЫЗЗЗ ким,силер ким?Кыргызга кырын корсоткон озбек али энесинден туула элек.Этият болгула сары ..тер!Байкабай ажыдардын куйругун басып атасынар.Бир Кыргыз дуйного бедел.Дуйнодогу эн улуу улут-КЫРГЫЗЗЗ!!!
Кыргыз болуп жаратканы учун Кудайга мин бертебе шугурчулук келтирсек да аз...
07.06.2010. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
prezidentterdi kuup salgan kirgizga, ozbekterdi kuugan 6 sekundda desen)))
07.06.2010. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
=))) озу озбектердин баарын особенно ош жакта, кыргызча суйлотуп, озбек мектептерин жаап, анан свадебный салондору барго Ойпопик, Гульпача деген))) ошолорду да жаап салыш керек! Эркелеп кетишти го. Кыргызча суйлошуп, кыргызча журушсун Кыргыз жеринде!!! Озу бир партия тузуш керек.
07.06.2010. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ozbekter chyn ele ozdorun kyiyn seziship zorduktap kyrgyz jerine biylik jurguzgusu kelishen. Alkymyna karap kolun sunushsa bolo. aramza kalk, kyrgyzdarday akyryna cheyin tura alyshpayit jana ar kimisi ozunun artyn oylop, birin-biri satuuga mash.
07.06.2010. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ozbekterdi di kolumdan kelse jok kilmakmin , baw kilip Islam Karimovdu
07.06.2010. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озбектердин кобуб кетишине озубуз куноолубуз качан болсо оозубузду ачып журобуз. кыргызда жок мектептер-садиктер ошолордо.убагында озбектер кыргызстанда 250-300мин болсо азыр 700минден ашык экен. а озбекстанда 700минден ашык кыргыз болгон болсо азыр 250минге азайыптыр
08.06.2010. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин ойумча, кубабуба айткандай озбек мектептерди надо закрыть. кыргыз тилин онуктуруш керек. Эмесе дагы 5 жылдан кийин озбек тили басып кетет. Азыр уже ошко барсам кыргыз таппай калам. Баары озбокчо, даже тойлордо озбокчо ырларды ырдашат экен кыргыз келинин узатып жатканда! Уят ко! Паркыбызды кетирип отурабыз лохторго окшоп. Батырак баарын жай жайына койуш керек пока не поздно!
08.06.2010. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин оюмча, өзбектерди титиретип кармап турган кыргыздын чыгаан жигиттери жетишсиз болуп турат
08.06.2010. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми озун Шер ойлоп калганын корбойсунобу бийлике келбей жатып. Хе-хе-ху-ху-х..
08.06.2010. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улантам: Озу бир партия жаратыш керек АНТИСАРТ деген! Ураматтуу модератор, менин комментарийлериме тийишпей эле койгулачы сураныч, мен жаза берем ойлогонумду!
08.06.2010. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу KubaBuba!Өз ой-пикириңизди калтырып жатканыңыз жакшы. Бирок темадан четтебесеңиз!
09.06.2010. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол сох айылына суу биздин кыргызыстандан агып барат ошол сууну башынан кыргыздар элу жаап салса болмок. Негизи СОХ Кыргызстандын жери убакыт келет кайрып алганга ушинтип эле тура бербейбиз каныбызды тогуп болсо да алабыз ал жерди, биздин болочок муундарга!!!
09.06.2010. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ozbekter omur boy bizdin jailoo suularybyzga zar bolup otot oshondoi ubakyt kelet buirusa.
09.06.2010. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mен тушунбой атам, емне учун кыргыз жеринде турган айыл Озбекстанга тиешелуу,аны да сатып жибердик беле?
09.06.2010. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле озбектер аябай эле кутуруп кетти.Кыргыздар менен тен тайлашып бийлик да талашкысы келет.Абирок ойлоп коргулочу Озбекстанда кыргыздарды бригадир да кылып шайлабайт а биз болсо "келин-келин" деп депутат кылып шайлап алдык
10.06.2010. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озбектерге сатылган же бир казан АШКА берилген жерлер толтура шахмардан да кыргыздын жери дейт алардын хамзасы качып барып ошол жерде олтурулгон экен аларга берип салыптыр.кампирабад (ханабад)бар, мурда паселок
кара-багыш болгон
10.06.2010. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр Шахмардан болуп турган озбектердин жери чын эле кыргыздарга тиешелуу болгон, Шаймерден деп аталып.
10.06.2010. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жерлерибизди алабыз буйруса. Армияны кучтуу кылышыбыз керек ошондо гана кайтарып алабыз сарттардан!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо