Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«БАЛАГА СҮЙҮНЧҮ ПУЛ БЕЛГИЛЕНГЕН УБАКЫТТАН ӨТҮП КЕТСЕ БЕРИЛБЕЙБИ?» Адистин кеңеши

№808 27-апрель -3-май, 2018-ж.

Кыргыз Республикасында 2018-жылдын 1-апрелинен тарта "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Мыйзам боюнча жөлөк пулдун үч түрү бар: «балага сүйүнчү», «үй-бүлөгө көмөк» жана «социалдык жөлөк пул». Аталган акча каражаттарын кимдер ала алышат, суммасы канча, кандай шарттар каралган? Окурмандардан келген суроолорго Социалдык өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын адиси Айкөл Турганбаева жооп берет.

«СҮЙҮНЧҮ ПУЛ АЛУУДА КАНДАЙ ДОКУМЕНТТЕР КЕРЕКТЕЛЕТ?»
– «Балага сүйүнчү» акча каражатын алууда кандай документтер керектелет? Кайсы мекемеден алабыз, төрөтканаданбы же почтаданбы?

Айнура, Аксы району

– «Балага сүйүнчү» каражаты – 2018-жылдын 1-январынан тартып ар бир жаңы төрөлгөн ымыркайдын үй-бүлөсүнө берилүүчү бир жолку төлөм. Бул төлөнүүчү каражат баланын ата-энесинин канчанчы перзенти экенинен, үй-бүлөнүн турмуш шартынан, байбы же кедейби, буларга көз каранды эмес. Эгер үй-бүлөдө эгиз балдар же болбосо 3, 4 эмдер төрөлсө, анда ар бир ымыркайга өз-өзүнчө сүйүнчү ыйгарылат. Мындан сырткары асырап алынган, камкордукка алынган жана эркинен ажыратуу жайларында төрөлгөн балдарга да берилет. Болгону керектүү документтерди тапшыруу шарт.

Алар:

Ымыркайдын ата-энесинин паспорту
• Баланын күбөлүгү
• Жашаган жеринен маалым кат (каттоого турган жеринен эмес, факт жүзүндө жашаган жеринен)

Учурда Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жана Мамлекеттик каттоо кызматынын 2018-жылдын 13-февралындагы бирдиктүү буйругунун негизинде "балага сүйүнчү" пилоттук долбоордун алкагында электрондук арыз толтурулуп жатат. Ал үчүн жашаган аймагыңыздагы калкты тейлөө борборлоруна, маалыматтык күркөлөрүнө жана жарандык абалды каттоо органдарына жогорудагы документтер менен кайрылууңуз керек. Арыз толтурулгандан кийин келе жаткан айдын 10-15ине чейин 4000 сом өлчөмүндөгү акча каражаты банктык эсебиңизге которулат, карточкаңыз менен ала бересиз.

«КАЙНАТА, КАЙНЕНЕМ ПЕНСИЯ АЛЫШАТ...»
– 4 балам бар. Өткөн жылы балдарыма жөлөк пул чыгартайын деп документ топтоп барсам, «кайнатаң да, кайненең да пенсия алышат экен» деп чегербей коюшкан. Жаңы кабыл алган мыйзамда бул жагдай кандай каралган?

Атыргүл, Кочкор району

– Жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, пенсионерлер менен чогуу жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо жана пенсионерлердин өз эмгеги менен иштеп тапкан пенсиясын өздөрү үчүн жумшоосуна, керектөөсүнө шарт түзүү максатында үй-бүлөнүн кирешесин эсептөөдө пенсия кошулбайт. Бирок бул норма ушул жылдын 1-июлунан баштап күчүнө кирет. Бир айлык кирешеңиздерди эсептеңиздер. Эгер ал кепилдөөчү суммадан (900 сом) ашпаса, ар бир балаңызга 810 сомдон жөлөк пул чегерте аласыз.

«СОЦИАЛДЫК ЖӨЛӨК ПУЛДАРДЫН ӨЛЧӨМҮ КӨТӨРҮЛӨБҮ?»
– Мен 2-топтогу майыпмын. Сурайын дегеним, социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү качан көтөрүлөт?

Талант, Бишкек шаары

– Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга (1, 2, 3-топтогу) берилүүчү социалдык жөлөк пулдардын өлчөмдөрүн өкмөт тарабынан жогорулатуу пландаштырылууда. Бюджеттин мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен жөлөк пул 2018-жылы орточо 33 пайызга жогорулайт.


«БАЛАМА КҮБӨЛҮК АЛА ЭЛЕКПИЗ...»
– Жолдошум экөөбүз тең паспортторубузду жоготуп алганбыз. Апрелде көз жаргам. Азырынча балабызга күбөлүк да ала элекпиз. Балама сүйүнчү акча ала аламбы?

Мадина, Жети-Өгүз району

– Документтерди тапшыруу мөөнөтү бала төрөлгөн күндөн тартып 6 айдан ашпашы керек. Белгиленген убакыттан өтсө берилбейт. Андыктан тийиштүү документтерди эртерээк бүткөрүп, тапшырууга аракет кылыңыздар.



«ҮЙ-БҮЛӨГӨ КӨМӨК» ЧЕГЕРТҮҮДӨ ЭМНЕЛЕР ЭСКЕ АЛЫНАТ?»
– 6 балам бар. Келинчегим экөөбүздүн тең туруктуу жумушубуз жок. «Үй-бүлөгө көмөк» акчасын чегерте алабызбы?

Мирбек, Кара-Көл шаары

– «Үй-бүлөгө көмөк» – 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга ай сайын төлөнүүчү төлөм. Бул төлөмдү чегерүүдө үй-бүлөнүн бир айлык кирешеси эсептелинет. Тактап айтканда, бир айлык киреше үй-бүлөдө жашаган ар бир жандын башына бөлүнөт. Эгер сумма кепилденген эң төмөнкү кирешеден ашпаса (КЭТКинин өлчөмү 900 сом), анда «Үй-бүлөгө көмөк» каражатын чегерте аласыз. Бүгүнкү күндө «Үй-бүлөгө көмөк» каражатынын өлчөмү (бир балага) – 810 сом. Буга аймактык коэффициенттер кошулуп эсептелет. Үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоодо төмөнкүлөр эске алынат:

• Негизги ишинен, кызматынан алган эмгек акысы
• Ишкердик жүргүзүүдөн алынган кирешелер (жер иштетүү, мал-жандыктары, соода иштери жана башкалар)
• Узакка пайдалануучу товарлар (унаа, трактор, комбайн)



«АЙМАКТЫК КОЭФФИЦИЕНТТЕР ЭСКЕ АЛЫНАБЫ?»
– Буюрса, май айында көз жарганы турам. Билишимче, жөлөк пул чегерүүдө аймактык коэффициенттер эске алынчу эле. Балага сүйүнчү пул алууда

да бул жагдай эске алынабы?

Сабина, Ак-Талаа району

– 2017-жылдын 28-июлунда кабыл алынган мыйзамда 1-январдан тарта төрөлгөн ар бир ымыркайга берилүүчү «балага сүйүнчү» каражатын чегерүүдө аймактык коэффициенттер эске алынган эле. Алсак, Бишкек шаарында төрөлгөн балага 4000 сом өлчөмүндө сүйүнчү акча берилсе, Нарын шаарында бул сумма 4000 сомдон 6000 сомго чейин түзчү.
2018-жылдын 30-мартында кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жөлөк пулдары жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизгенден кийин, 1-апрелден тарта «балага сүйүнчү» чегерүүдө аймактардын коэффициенттери алынып салынды. Себеби бул бир жолку гана төлөм болгондуктан, төрөлгөн жерине карабай ар бир төрөлгөн баланын укугун сактап, бирдей өлчөмдө берүү бекитилди.

Окурман, сиз укуктук жактан коргоого муктажсызбы?
Анда биздин «Адистин кеңеши» рубрикабыз кызматыңызда. Сиздин тынчыңызды алган суроолорго тажрыйбалуу адистер жооп беришет. Кат жазыңыз, кеңеш сураңыз! Суроолорду (0312) 32 33 26 номери, 0557756319 WhatsApp номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(27)
01.05.2018. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бюрократиядан качан кутулабыз ?
Логика деген жок !!!
Ата энесинин паспортунун негизинде жаңы төрөлгөн ымыркайга күбөлүк берилет.Ошол паспортту алуу үчүн жашаган жеринен маалым кат керек болот.

Демек "сүйүнчү" акчаны алуу үчүн ымыркайдын "КҮБӨЛҮГҮ" жетиштүү да. Анда ымыркайдын аты жөнү, ата-энесинин аты жөнү жазылган.
04.05.2018. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rifle_I,Справка үчүнда 20-10 сомду ким алат анда.
06.05.2018. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Rifle_I, эмне дегени турасын эми ? кайдагы бюрократия?Акча алаарда банк паспортунду талап кылгандай эле ата энеси да паспорту менен баруу керек да. Кичинекей ымыркайдын суроту жок болсо метркада...ойлонсон жазаардан мурун. Туугандарынын любойу которуп алпарып ала берет да документи жок
01.05.2018. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ата энесинин паспорту жок болсо каяктан баласында метрика болсун
01.05.2018. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйунчу пулду кайсы карточкага которот интересно.карточкасы жок болсо жаны ачтырабы ошону толук тушундурсо болмок.
01.05.2018. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
010288, тийиштуу документти даярдап, банктан карточка ачтырасыз.
01.05.2018. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aiturgasha,1 жолу алынчу сүйүнчү пулга дагы карточка жасатыш керекпи
01.05.2018. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россия же башка мамлекеттерде торогон кыргыз жарандары кантип ала алышат. Алар деле кыргыз жарандарыго кай жакта торосо да бериш керек да туурабы?
01.05.2018. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Факт турундо жашаган жеримден справка алып барсак болбойт деп койдуго? Каттоодо турган жеринден алып кел деп. Туулган жеримден учеттон чыгып, турмушка чыккан жериме учетко турушум керекпи эми?
01.05.2018. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жаны торолгон баланын ата энесин документ чогулттуруп кыйнабастан, торотто катышкан врач медайымдардын карточкасына эле которуп койуш керек. Баарибир ошолорго берилет
20.05.2018. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dair_17,анда алар ошол пулду тоноп калганын берет,алып келген акыма жол кире,обед деп
02.05.2018. 06:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Суйунчу пулу орустардай 100—200 мин болсо бизде, тороп жаткандагы видеонду да алып кел дешсе керек.
08.05.2018. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gumigumi1990,орусун 13 мин берет...суйунчу пул....
02.05.2018. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жолок пул,суйунчу пул алуу учун жашаган жериндин пособие адисине да инсап берсин. норм.документти которуп барсан да кайра кайра кайтара берет ал жок бул жок деп.
07.05.2018. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ALINALISA,гезитти которуп алып баргыла мына деп.Укукту коргогонду да, талашканды билгиле да
02.05.2018. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин абысыным 2 балалуу болду. Биринчисине алган эмес экинчи баласына алайын деп документ даярдаса келбей жатат. Баласына уже 4 ай болду.Туулганда эле тапшырган эле атана бар энене бар дедиртип аябай чуркатты. Байкуш тоолтура документ топтоп аран тапшырды бирок келбей жатат. Пособье беруучу эжеге барып сураса жонотком келбей жатат деп коёт экен. Бирок элдер айтып жатат ага акча бериш керек болбосо даяр документти да жонотпой коёт экен. Анан ал док-н сурогу отуп жолок пул келбейт калат экен
02.05.2018. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
As_Gul,тапшырдым деп журо бербей тызылдатыш керек буларды улам-улам барып. Суперди колунарга кармап алгыла мына деп козго сайып
03.05.2018. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
deva, кагылайын сурап жатабыз жоноттум келип калаар деп созулуп жатышпайбыы
02.05.2018. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен 27-январьда коз жаргам. Февральдын 10дорунда документ тапшырганбыз, жогоруда айтылган уч эле кагаз эмес машинасы жок жери жок деген справка и уй булодо канча Адам болсо аларга справка жашаган тууралуу. Анан банктан счет ачтырып анын квитанциясы ишигылса ото убарагерчилик экен. Жолдошум тапшырган эле документтерди, счет ту апасынын атына ачтырам десе банктагылар озу болбосо ачпайбыз дептир, айла жок озунун атына ачтырыптыр. Эми жолдошум башка жакта, мен банкка Б арып сурасам счет ачкан
02.05.2018. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адамга гана маалымат бере алабыз дешти. Бул не деген маскарапозчулук?! Мамлекетибиз бергиси келсе Роддомдон чыгып атканда бермек баланын метркасы болгондон кийин туулганы факт болуп атпайбы.
02.05.2018. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Суйунчу пул алабыз деп документ чогултуп нары ьери чуркасак деле 4000акчабыз кеткидей.лучше тапшырбайле тынч отурган жакшы окшойт.
03.05.2018. 07:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой бул мамлекеттик кызмакызматкерлер оздорун укмуш сезишип элди убара кылганды жакшы корот. Эртен эле ишинен кол жууп калчу кун келет, козду чон ачып бироого жакшылык кылганды да уйронолу.
Бербестин ашы бышпас болуп ошол бир аз акчага тырышып олуп кеткиле
03.05.2018. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин келиним дагы январда төрөгөн. Мыйзам күчүнө кирээри менен документ тапшырып койгон экен, он күнгө жетпей эле 4000 сом акчаны колуна алды. Өзүңөр туура эмес тапшырып алып жаткан жоксуңарбы? Же менин келиним эч жерде иштебейт, тааныштыгы деле жок. Жогорудагы эле документти сурашыптыр. Үй машина, пенсия боюнча эч кандай документ сураган жок деди.
04.05.2018. 05:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таштайсын -жашайсын деген сөз бар акча берсеңер эле болду сразы чыгат сүйүнчү акчаңар
06.05.2018. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура эле.. Эмне ата энеси паспортун алып бара албайбы сураган жерге? Акча алаарда любой банктан паспорту жок ала албайсынар да, туурабы? Кайдагы бюрократия? Малсынар десе арданасынар, анан элементарный иштерге келгенде анкоо чалыш болуп каласынар. Ымыркайды любой тууганы которуп барып аеча ала берет да документи жок
07.05.2018. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
altyn7776,любой тууганы барып алгыдай баланы алар жаратты беле тобо. Атасы же апасы алат
31.08.2018. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашагандыгы тууралуу справка алып барсам базада жоксун деп кайтарды бул не деген канча жылдан бери Эле ушул жердемин ал жака бар тиги жака бар дейт кочондун атын билип кел ээ суйунчу берген акча документтерди толуктагычам озу менен озу болот экен кыйнабайле жон Эле берсе болбойбу??????
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо