Алтынбек Сулайманов: «ТЕКЕБАЕВДИН ИШИ КАЙРА КАРАЛЫШЫ КЕРЕК»

№808 27-апрель -3-май, 2018-ж.

Жогорку Кеңеште «Бир бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов абакта отурган саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновго каршы козголгон кылмыш иши сөзсүз кайрадан каралып чыгуусу керек деген пикирде. Депутат бул тууралуу «Азаттыкка» берген маегинде билдирди. «Өмүрбек Чиркешовичти эркиндикке чыгаруу маселеси азыр коомчулукта көтөрүлүп жатат. Менин да жеке жарандык позициямда, анын ишин кайрадан караш керек. Туура эмес иштер болгонун коомчулук көрүп турат да. Бир убактарда Текебаев менен каршылаш болуп жүргөнбүз. Бирок адилеттүүлүк үчүн айтышым керек, ал кишинин иши сөзсүз кайра каралышы керек»,- дейт Сулайманов. Буга чейин парламентте Жанар Акаев, Исхак Масалиев, Кенжебек Бокоев өңдүү депутаттар акыркы жылдары саясатчыларга каршы козголгон кылмыш иштеринин мыйзамдуулугун кайрадан кароо зарылдыгын жаңы шайланган өкмөткө жана Башкы прокурорго сунушташты. 25-апрелде башкы прокурорлукка шайланган Өткүрбек Жамшитов өлкөдө резонанс жараткан кылмыш иштеринин мыйзамдуулугун карап чыгууга убада берди.
Айта кетсек, Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы «Мегакомго» байланыштуу Орусиянын жараны Леонид Маевскийдин арызынын негизинде ар бири 8 жылга соттолуп, учурда №47 колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жатышат. Текебаев өзү жана анын тарапташтары бул ишти «саясий куугунтук» деп атап келишет.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо