Сайкал Садыбакасова, ырчы: «МАКСАТ ЭКӨӨБҮЗДҮН БИР ҮЙ-БҮЛӨ БОЛУШУБУЗГА ӨКҮЛ ЭНЕБИЗ САМАРА КАРИМОВАНЫН ТИЕШЕСИ БАР»

№809 4-май -10-май, 2018-ж.

– Кандайсың, Сайкал? Келиндик доор кандай жүрүп жатат?
-Жакшы, рахмат. Келиндик доор бир башкача сезим менен коштолот экен. Ак жоолук салынып, көшөгөдө отурганда менде буга чейин болуп көрбөгөндөй толкундоо болду. Ар бир үйдүн тарбиясы, тартиби башка да. Жөнөкөй эле нерсени мисал кылайын. Тамак-аш ичкенден кийин бир үй-бүлө идиш-аякты жууп, көмкөрүп койсо, дагы бири ичин майлык менен кургатат дегендей. Мен барган жеримдин үй тартибин бат эле өздөштүрүп кеттим. Кайненем менен да бат тил табыштым. Экөөбүздүн сырткы келбетибиз гана эмес, ички дүйнөбүз дагы окшош экен. Бир сүйлөшкөндө 2-3 саат деле сүйлөшүп отура беребиз. Мени аябай жакшы көрөт. Ооруп калсам да өз баласындай карап, күйөт. Кыз бала жаңы турмушка чыкканда башында коркуп, "көнөмбү, тил табышамбы?" деген суроолор келбей койбойт экен. Менин мындай сезимдеримдин бат жок болушуна кайненем чоң салымын кошту.
Максат дагы чыгармачылыктагы адам болгондуктан, бири-бирибизди тааныганыбызга 10 жыл болуптур. Мен аны байкемдей көрчүмүн. Башында турмушка чыкканыма ишенбей жүрдүм.

– Кайын журтта канча жүрдүңөр?
-Айылда 2 ай жүрдүк. Андан көп убакыт деле жүрсөк болмок, бирок Максат экөөбүздүн алдыбызда чоң жоопкерчилик турат. Коноктор кеткенден кийин чара-чара идиштерди жууп жатсам «бул деле идиш жууганды билет экен» дегендей, ичтери жылып карап калып жатышты. Бир аз ооруп калганымды эске албаганда, мага айылдын жашоосу жакты.
Көшөгөдө отурсам келин көргөнү келгендин баары мени менен сүрөткө түшүштү. Кичинекей кыздар курчап отуруп алып, менден кадимкидей интервью алышты. Мен да бала кыялмын да, алардын суроолоруна жооп берип отурдум. Ал жактын салты боюнча жаш балдарга бет аарчы сыяктуу нерсени ырымдап таратып берет экен. Мен бул салтты ошондо биринчи уктум. Кайын сиңдилерим кайненемден «жеңем эмнеге бизге белек берген жок?» деп сурашыптыр. Аны мага Максат айтып жатпайбы. Ал да аны эстетип коём деп унутуп калыптыр. Кийинки келишимде бир КамАЗ бет аарчы алып келем деп сөз бердим. Ошентип бир КамАЗ бет аарчы карыз болуп келдим.

– Апаңды, үйүңдү сагындыңбы?
-Ооба, апам менен күнүгө телефондон 1-2 жолу сүйлөшүп жаттым. Апам дагы мага көнүп калган да. Телефон чалып «ии, эмне кылып жатасың?» деп калат. Мен тамашалап «мага иш дайындап көнүп калгансыз да, ээ, жоктоп жатасызбы?» дейм. Апам кайраттуу адам, канчалык сагынса да билгизбейт. Бирок жолукканда көздөрүнөн мени жоктоп жатканы билинип турду. Айылдан Ошко келгенден кийин апам мен жакшы көргөн жер-жемиш, шишкебек, кийимдериме чейин берип жиберет. «Апа, жөн эле коюңуз, үйдө баары бар» десем болбойт.

– Турмушка чыккан соң жашоого көз караш да өзгөрө түшсө керек...
-Бойдок кезде ыр жаздырыш керек, хит жаздырыш керек, клип тартыш керек деп ойлонсом, азыр үй-бүлөмдү ойлоп, токтоо болуп калдым. Бир нерсе кыларда ойлонуп иш кылчу адамга айландым. Апам жалгыз бой 2 баланы тарбиялап чоңойтту. Турмуштун ысык-суугун жакшы түшүнөт. Ошондуктан «кызым, жаныңда жолдошуң болгон жакшы. Кайын журтту, күйөөңдү сыйла. Көп балалуу бол» деп кулагыма куюп келген. Ошол нерсе кыз баланын аң-сезимине кадимкидей таасир берет экен. Учурунда "апа, андай сөздөрдү кийин айтасыз" деп уккум келчү эмес. Апамдын сөздөрүн азыр түшүнүп отурам.

– Жолдошуң Максат Самара Каримованы «биздин бир үй-бүлө болушубузга себепчи болгон адам» деди, ал окуя кандайча болду эле?
-Асан өкүл атамды кичинемден тааныйм. Үй-бүлөлүк катышыбыз жакшы болгондуктан, биздин үйгө көп келчү. Самара өкүл апам менден бир жаш улуу, бирок анын мага караганда турмуштук тажрыйбасы чоң. Жашоосунда көп нерсени көрдү, кыскасы, турмушка бышкан айым. Өкүл апамдын чынында Максат экөөбүздүн бир үй-бүлө болушубузга тиешеси бар. Максат экөөбүздү оюн-чындан жабыштырып «силер сонун түгөй болосуңар, бири-бириңерге жарашып турасыңар» деп кулагыбызды «бышыра» берди. Акыры биз бир үй-бүлө, ал өкүл эне болду.

– Азыр Бишкекте экенсиңер, биротоло келдиңерби?
-Быйыл «Кыз-Бурактын» 40 жылдык юбилейи. Азыркы жаңы курам топтун 17-курамы. 40 жылдык юбилейге туш болгон бактылуу кыздар экен. Топко жаңы ырларды жаздырып, клип тарталы деп атайын Бишкекке келдик. Мен Ошто жүргөндө кыздар бул жакта өз алдынча вокалдан сабак алып, бийлеп машыгышат. Учурда 2-клипти тарттырып жатабыз. Кыздардын үндөрү аябай жакшы, биздин учурда үнүбүз бири-бирибиздикине окшош эле, булардыкы андай эмес. Кыздардын жаштары 16нын тегерегинде болгондуктан, 5 жылдык келишимди ата-энелери менен түздүк. Азыр бир жылыбыз аяктады. Курам келишим аяктагыча жаңыланбаш үчүн апам жаңы пункттарды киргизди.

"Башында турмушка чыкканыма ишенбей жүрдүм"



«КЫЗ-БУРАКТЫН» ЖАҢЫ КУРАМЫ




АЙЖАМАЛ АБДЫКЕРИМОВА, 2001-жылы Кара-Балтада туулган.
– Менин үнүм элдик ырларга ылайыктуу. Кастингге келген 400 кыздын ичинен тандап алышкан. Ата-энелерибиз менен 5 жылга келишим түзүлдү, анан иштей баштадык. Мен үчүн топко кошулуу оор болду. Үйдүн эрке кызымын да, Сайкал эже катуураак сүйлөсө башында көзүмө жаш айланып кетчү. Азыр көнүп калдым.






АЙДАНА НУРЛАНОВА, 2002-жылы Бишкекте туулган.
– Мен дагы «Жылдыз менен караокеде ырдоо» долбооруна катышып, ал жактан Сайкал эже топко чакырды. Буга чейин деле ыр жаздырууга катышчумун, бирок маанисин жакшы түшүнчү эмес экенмин. Биз азыр кыздар күнүгө ырдайбыз. Андан сырткары атайын хореограф менен иштеп, бий үйрөнөбүз. Азыр топ «Кыз-Бурактын» борбордогу Кызыл-Аскер районундагы үйүндө жашайбыз.



АЗИЗА ЭДИЛ КЫЗЫ, 1999-жылы Токтогулда жарыкка келген.
– Кичинекей кезимде «Кыз-Бурак» тобунун ырларын жакшы көрүп, мурунку курамдагы эжелердин ырлары менен чоңойдум. Алардай болуп ырдасам деп кыялданчумун. Мектепти аяктагандан кийин «Кыз-Бурак» тобуна кыздар тандалып жатат» дегенди угуп, кастингге келип, өтүп кеттим. Кесиптеш гана эмес, бир тууган да болуп калдык. Бирибиз сүйүнсөк баарыбыз сүйүнүп, бирибиз кайгырсак баарыбыз кайгырабыз. Үйгө барганда кайра эле кыздарга келгим келип сагына берем.




САЛИМА АБДЫКАЛЫКОВА, 2001-жылы Кара-Балтада туулган.
– Кичинемден эле ырдаганды жактырып, мектепте ырдап келдим. Айжан Газиеванын музыкалык мектебиндеги долбоордо Сайкал Садыбакасова менен чогуу бир тайпада болуп, ошол жерден Сайкал эже топко чакырды. Апам башка мамлекетте бир жылдан бери иштейт, ага айтсам, аябай сүйүндү. «Кыз-Буракка» келгени мен 100 пайызга өзгөрдүм. Сайкал эже туура ырдоону, өзүн сахнада кандай алып жүрүү керектигин үйрөттү.


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(28)
08.05.2018. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+43
Ажырашпай бактылуу өмүр сүргүлө. Үйдөгү анча мынча сөздөрдү сыртка алып чыкпаганга үйрөн. Көөп балалуу болгула.
Tyty1990 түзөттү 2018-05-08 09:25:04
08.05.2018. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Бактылуу бол. Максат экоон
08.05.2018. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
бактылуу болунуз. турмушта ар кандай кырдаал болот. Аял киши кучтуу,сабырдуу болсо баары жакшы болот.
08.05.2018. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Бактылуу бол.Баары бир сенсиз Кыз-Бурак кызыксыз((
08.05.2018. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Бактылуу болгула. Апандай болсон жаман болбойсун.
08.05.2018. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+33
дарбыз жутунбу ошондон суйлочу кийинки санында.
09.05.2018. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kamchatka,ха ха
08.05.2018. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бактылуу болунуздар!
08.05.2018. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Максатка айт ХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-08 10:47:31
08.05.2018. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Сайкалдын фотосу эски фото го. Жаны фото жуктогулочу
08.05.2018. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Уй булоолук бакыт!!! Жаны келиндин жаш балдарга жуз арчуу салты Кулатов айыл окмотунда да бар,Гулшайыр эже унутуп калган окшойт,биз сактап кала албадык ал жакта сактап калган турбайбы....
09.05.2018. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Pandora,Туура Гулшаир эже унутканго,Кулатов айыл окмотунон болосунарбы дейм.
08.05.2018. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жаны курамдын кыздары баары сулуу экен! Ундору да жакшы чыгар деп ишенебиз. Хит ырларды кутобуз! Только вперед!
08.05.2018. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Сонун маек болуптур. Анжелика Асели жок сан да чыгат экен.
09.05.2018. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
dobrajelatel, Самара илинип кетиптир го бирок))
08.05.2018. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сайкал мага да жагат соонун кыз да озум кыз болсом дагы жагат
08.05.2018. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бактылуу болунуздар!!!
08.05.2018. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактылуу болгула.Сайкал ыймандуу келин болунуз.Кыз-буракка ийгилик.Анан да жаш кыздарды азыраак боёнткула.
09.05.2018. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сайкал эже менимче сизге Ырчылык эмес актрисалык эн мыкты тандоо!Себеби сиз аткарган ролдорду башкалар аткара албайт......
Кызбурактын жаны курамын 96-97-жылкы кыздарбы десем 2002лер турбайбы; Макияж менее аябай улуу корунушуп калышкан даа,,
09.05.2018. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Энесин коруп кызын ал дейт. Сайкал апасындай кучтуу, чечкиндуу, таасирдуу айым. Суйлогону орду менен , кийингени, баскан -турганы баары жакшы. Бактылуу болсун!
09.05.2018. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Неге ырчылар жеке жашоосун элге мактанганды Жакшы корот; Албетте Сайкал эже мактанган эмес бирок чупурогуно чейин айтыптыр го!?Ар Бир майда нерселерди айта берип да башынарга ушак уйосунор да;
09.05.2018. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
monster_high_98,Кайсы чупурогун айтып жатат тообо,уй булосундогун эч сыртка чыгарбаган ушул тугойлор болуп жататко,ичеги жууп атам,идиш жууп атам,тойдо,концертте деген бир да сурот жок,эн туура кылат,уй булону ушинтип элге жарыя кылбай сактап калыш керек,ар дайым кайненендин суйуктуу келини,куйоондун суйкумдуу жары,балдарындын мээримдуу энеси бол.
09.05.2018. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаны курамдын кыздары жаш эле экен. Бирок корунуштору чон корунот экен. Мага эле ошондойбу достор,жээ силерге да ошондой сезилдиби.
09.05.2018. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sarter-9301,ашыкча боенуп алышкангада
09.05.2018. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болгула Сайкал,Максат.
11.05.2018. 04:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Самар Шапа 007 эле болуп алыптырго
11.05.2018. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер
14.05.2018. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Демек, Кыз бурактын камчысын Гулшайыр эже Сайкалга откоруп берген го.Ийгилик!
Токтоо келин болупсун,бактылуу болгула!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо