Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

РЫСБЕК АКМАТБАЕВ КЫЛМЫШКЕРБИ ЖЕ РОБИН ГУДБУ?

№809 4-май -10-май, 2018-ж.

Мындан 12 жыл мурда, тактап айтканда, 2006-жылдын 10-майында жалпы кыргыз элине таанымал Рысбек Акматбаев белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөн. Бул киши тууралуу оң да, терс да сөздөр айтылып жүрөт. Аны коомчулук «кылмышкер», «бандит» атаса, дагы бирлери «кыргыздын Робин Гуду» катары сыймык менен эскеришет. Мына ошол Рысбек Акматбаевди тааныгандар, көрүп-билгендер ал киши тууралуу айтып беришмекчи.


СПОРТТОН КРИМИНАЛГА
Акматбаев Рысбек Абдымаликович 1960-жылдын 6-июлунда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында туулган. Ошол эле шаардагы мектепте 6-класска чейин, кийин Нарындагы спорт мектебинде бокс багытында окуган. Аскердик кызматты СССРдин КГБсынын атайын багыттагы отрядында диверсант-чалгынчы катары Германиянын Лейпциг шаарында өтөгөн. Андан соң Бишкектеги Дене тарбия институтун аяктап, бокс боюнча машыктыруучу болуп иштей баштаган. Бокс боюнча спорт чеберине талапкер.
Рысбек Акматбаевдин мыйзам менен олуттуу маселеси 1988-жылы башталган. Бул жылы ага "рэкетчилик менен алектенди" деген айып тагылып камакка алынып, 6 жылга эркинен ажыратылат. Анын 2 жолу соттолуп, жаза өтөгөнү белгилүү. Өтө коркунучтуу кылмышкерлер, кримтөбөлдөр жаза өтөгөн атактуу Орусиянын Пермь крайындагы «Ак ак куу» абагында да 1 жыл отурган.
2001-жылы "уюшкан кылмыштуу топ түздү" деген күнөө тагылып, ага издөө жарыяланат. Муну менен катар 2001-2004-жылдардагы бир нече адам өлтүрүүлөргө да тиешеси бар деп айыпталат.
Ал ИИМдин Кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси Чыныбек Алиевдин өлүмүнө да айыпталган. Чыныбек Алиев 2004-жылдын 5-майында унаасы менен баратып Бишкек шаарынын Чапаев-Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде жол чыракка токтогон кезде белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөн. Көп өтпөй Алиевди атып кеткендер отурган БМВ автоунаасы «Кыргызавтомаш» заводунун аймагынан табылып, кылмышка шектелип Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Эркин Мамбеталиев кармалат. Ал эми Рысбек Акматбаев буюртма берген деп айыпталып, ага издөө жарыяланган.

КРИМИНАЛДАН САЯСАТКА
2005-жылдагы Март революциясынан кийин Рысбек Акматбаев өз эрки менен ошол убактагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровго келет. Ал эми 2006-жылдын январь айында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аны толугу менен актап чыгат. Ошол эле жылы шайлоого аттанып, 9-апрелде өткөн Жогорку Кеңешке шайлоодо Балыкчы округунан 80 пайыз добуш алып жеңишке жетишет. Бирок депутаттык мандатты ала элек жатып, 10-май күнү мечиттен кечки намаздан чыгып келаткан жеринде белгисиз кылмышкерлер аны автоматтан атып кетишкен. Көп өтпөй аны аткандар минип жүргөн Ауди үлгүсүндөгү автоунаа табылып, анын ичинен 3 Калашников автоматы табылган. Акматбаевдин өлүмүнүн сыры дале ачыкка чыга элек.

АКМАТБАЕВ VS БАТУКАЕВ
Рысбек Акматбаев менен «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин ортосунда узак жылдарга созулган согуш жүргөнү белгилүү. Бул согушта 2 тараптан тең өтө көп адам өлтүрүлгөн. 2005-жылдын 20-октябрында Рысбек Акматбаевдин бир тууган иниси, Жогорку Кеңештин депутаты
Тынычбек Акматбаев Молдовановка айылындагы дал ошол Азиз Батукаев отурган №31 колонияда бунт чыгып, аны тынчтандырууга барган учурда атып өлтүрүлгөн. Аны менен кошо ЖАМКнын жетекчиси Икматулла Полотов, депутаттын жардамчысы Абдулхамид Алыкулов жана Жогорку Кеңештин эксперти Таласбек Оморов да өлтүрүлгөн. Бул кылмыш боюнча 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган Азиз Батукаев 2013-жылы бийлик тарабынан бошотулуп, учурда эркиндикте.
Бул окуядан кийин Рысбек Акматбаев миңдеген тарапташтарын чогултуп, ошол убактагы премьер-министр Феликс Куловдун кызматтан кетишин талап кылып 2006-жылдын 31-мартында Ак үйдүн алдында митингге чыккан. Ал инисинин өлүмүн "саясий буюртма" деп атап, "аткаруучу Азиз Батукаев, буюртма берген Феликс Кулов" деп күнөөлөгөн. Президент Курманбек Бакиев митингчилерге чыгып жолугуп, күнөөлүүлөр тиешелүү жаза ала тургандыгына убада бергенден кийин гана митингчилер тараган.

 

ФАКТЫЛАР:
• Рысбек Акматбаев өлтүрүлгөнгө чейин да анын өмүрүнө 2 ирет кол салуу уюштурулуп, бирок аман калган. 1996-жылы Бишкектеги ресторандардын биринен чыгып келе жатканда каршылаштары ага гранатомёттон ок атышкан. 2000-жылы Боом капчыгайында Рысбек Акматбаев бараткан унааны кууп келишкен кылмышкерлер ага автоматтан ок чыгарышкан. Бутуна ок тийген Акматбаев камыштардын арасына качып кирип аман калган. Ал эми анын жан сакчысы ошол жерден каза болсо, айдоочусу 2 күндөн кийин ооруканада каза болгон. Аларды аткан деп анын мурунку жакын адамдарынын бири, учурдагы «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев күнөөлүү деп табылып, 2002-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган.
• 1997-жылы Рысбек Акматбаевдин каржылоосу менен Чолпон-Атада мемориал тургузулган.
• 2005-жылы жазында анын 11-класста окуган уулу белгисиз жагдайда каза болгон.
• Рысбек Акматбаев 2005-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Фехтование федерациясынын президенти болуп шайланган.
• 2006-жылдын 10-августунда Акматбаевдин жээндери Нурлан Коноев, 2007-жылдын 19-апрелинде Мирлан Коноев атып өлтүрүлгөн.
• Рысбек Акматбаевдин артында 3 уулу, 2 кызы калды.


«УУЛУМ БООРУКЕР ЭЛЕ»
Эки уулунан тең айрылган Сабира Соодалиева уулу Рысбек тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Тун уулум Рысбек төрөлгөндө биз ата-энебиз менен чогуу жашачубуз. Рысбек 1-класска барып калганда өзүбүзчө бөлүнүп, Рысбек менен Тынычбек экөө тең чоң ата, чоң энесинин колунда калды. Үйлөрүбүз жакын эле болчу, алар 2 үйдө тең жүрүп чоңоюшту. «Болор уул богунан» деп коёт го, Рысбек бала кезинен эле токтоо, акылдуу болуп чоңойду. Бир да жолу башка ата-энелерден «балаң тентектик кылды», «бирөөнү сабап койду» деген сыяктуу жаман сөз уккан жокпуз.
Студент кезинде чалым экөөбүз Рысбектен кабар алганы бардык. Ал кезде Ысык-Көлдө балык көп эле, унаанын багажына толтура балык салып, Фрунзеге бардык. Биз барганда ал машыгуу залында экен. 5-6-класста окуган балдар да машыгып жатыптыр. Ал биз ала барган балыктын бирин да албай, ошол балдарга, машыктыруучусуна таркатып берип салганы эсимде. Санаторийге колунда барлар келет, жоктор келет да. Мага «колунда жоктор келип калса, биздин кийимдерден ала барып берип койчу» деп турчу. Мына ошондой боорукер эле.
Институтта 2-курста окуп жүргөндө «аскерге барат элем» деп калыптыр. Токтотуп калалы деп атасы экөөбүз барып, ректоруна жолуктук. Ошондо ректор «уулуңуз мага мурда да келип «аскерге барам» дегенде токтотуп койгом. Эми дагы барам деп оолугуп алыптыр, «окууңду бүткөндөн кийин бар» десем көнбөй койду» деди. Ошентип кой десек болбой аскерге кетип кызмат өтөп келген.
Уулдарымдын артында жакшы сөздөр, аттары өчпөй тарыхта калды. Бирок аны да көрө албагандар болот экен, жаманатты кылганга аракет кылышты.

«БАҢГИЗАТ САТКАНДАР МЕНЕН КҮРӨШҮП ЖҮРЧҮ»
Алексей Севергинов азыркыга чейин классташынын ата-энесине келип, «колдон келбей жаткан жумушуңар болсо бүтүрүп берейин» деп турарын айтат:
– Рысбек экөөбүз параллель класста окудук. Чогуу эле топ кубалап жүрүп чоңойдук. Өтө чынчыл эле. «Баңгилер көбөйсө улут жоголот» деп баңги саткандар менен күрөшүп жүрдү. 1999-жылы жайында Рысбек 2-3 бала менен мага келип «Жапар кайда жашайт?» деп калды. Жапар менин кошунам эле. Үйүн көрсөтсөм, «чакырып чыкчы» деди. Ага чейин Жапар «Рысбекке айттым, эми ал мени коргойт» деп жүргөн. Анын баңгизат сатып иштеп жүргөнүн ага чейин билчү эмесмин. Ага Рысбек «сен жакшы эле табат экенсиң. Наныңа жетет. Башка иш кыл. Эгер дагы баңгизат сата турган болсоң, аның үчүн кармалып, «мынча төлөп кутулуп чыктым» деп дагы мактана турган болсоң таарынба. Сен милициядан кутулуп кетишиң мүмкүн, бирок менден кутула албайсың. Түшүндүңбү?!» деди эле, Жапар ошондон кийин баңгизат сатпай калган. Көрсө, ал ага чейин кармалып, бирок кутулуп кетип жүрчү экен.
Бийликтегилерге кайрылып, алар аркылуу маселесин чече албаган адамдар Рысбекке кайрылышчу. Рысбек алардын маселесин чечип берчү.

(Уландысы кийинки сандарда)


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(39)
08.05.2018. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+36
Аттиң кыргыздын чыгаан уулу эле. Бул жерде бир эле кулов эмес, максим жаныш бакиевдер да бар. Албетте батукаев.
08.05.2018. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+36
Рыспек,Баяман,Санжар тируу болгондо башкача болмок азыр.Июнь окуясы болмок эмес
08.05.2018. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Stervamyn,Бизде башы көрүнүп,элге пайдасы тие тургандарды жеп жутуп атышат да. ХХХХХ ХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-08 11:06:06
08.05.2018. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nevestkaa,Баямын Эркинбанвдин уруксатысыз ХХХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-08 11:06:30
08.05.2018. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Stervamyn, Nevestkaa,
Улуттар арасында түшүнбөстүк жараткан билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
08.05.2018. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Рысь, Робин гуд, Рысбек авторитет, крёстный отец Кыргызстана деген аттарга конгон легендарлуу Рысбек Акматбаев журогубуздо дайым жашап келет, биз учун Рысбек Акматбаев тируу. Админ Баяман Палван, туштуктун авторитети кыргыз элине куйгон Баяман Эркинбаевди да жаза кетсениздер.
ady-88 түзөттү 2018-05-08 10:34:54
08.05.2018. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ady-88,
Саламатсызбы! Сунуштарды эске алабыз, рахмат.
10.05.2018. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
admin_superstan,Раатбек Санатпаев жонундо да жазгылачы сураныч?
08.05.2018. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эх азыр Рыспек менен Баяман тируу болгондо бири президент бири пример болуп иштегенде кандай гана соонун болот эле!
08.05.2018. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Коптон бери ушулар жонундо макала кутуп жургом... Робин гуд.
08.05.2018. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Эмнеге азыр ушундай адамдар жок? Айрыкча туштукко Баяман Эркинбаев керек эле
08.05.2018. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Баяман Алманбетти дагы жазгылачы
08.05.2018. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Робин гуд.ммм.силерда кээде чын нерсени жазат экенсинер.болбосо банга тыгып.кыргызстанда патриот 8 эркек бар.мадумаров мырзакматов с.жапаров текебаев шыкмаматов ташиев БАЯМАН жана РЫСБЕК раматылыктар
08.05.2018. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Attila88,+ Алманбет
08.05.2018. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушу кишини аябай сыйлайм,жакшы кором,суйом
08.05.2018. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Рыспек Акматбаев, Баяман Эркинбаев, Санжар Кыдыралиевдер тируу болгондо мамлекетибиз башкача болмок. Дуйнодо жок болсода журогубуздо жашай беришмекчи
08.05.2018. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тообо кылдым жашоосу тим эле криминал киного,озун эле эмес жакындары,баласы да каза болуп.
08.05.2018. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен тируу деп уккан элем.Ошол жерде аткандан кийин, милиция келгиче адамдары Рысбекти алып кетип калышкан экен
22.05.2018. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Meni_unut,Мен да тируу деп уккам
08.05.2018. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Рысбек Акматбаев кыргыз деп куйгон чыгаан уул болгон, каза болгондо аябай жаман болгом
08.05.2018. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Рысбек Акматбаевдин журогу дайыма кыргыз деп согуп турчу. 90чу жылдардын баштарында чуйдо Кавказ улутундагы кее бир адамдар абдан кооп кыргызды Адам санабай калганда ушул Рысбек агабыз ошолордун эстерине келтирип тизгинин тартып турчу. Ал Эми Азиз Батукаев ошол убакта Рысбек менен каршылаш болуп калганы чын, бирок Азиз эч качан вор в законе болгон эмес ал жон гана апельсин. Алюмин Феликстин бир ойдон чыгарылган гана ойуну. Создун маанисине тушунгондор плюс баса бергиле.
ady-88 түзөттү 2018-05-08 16:12:17
08.05.2018. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Рысбек Акматбаев дайыма карапайым элге кыргыз элине чын дилинен жардам берип куйуп турчу.
08.05.2018. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Санжарды кошбой эле койгулачы ,алардын арасына.
08.05.2018. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тарых мындай адамдарды эч убакта унутпайт.Козу отуп кетсе да эл эмгегин эч качан унутпайт.Канчалык бурмалашпасын жамандашпасын ЭЛ АДАМЫ болуп кала берет.Саткын жупуттатар , эл тоногон президенттер , апельсин азиз жана марионетка кулов кылган куноонорго жараша жазанарды аласынар.Окунучтуу эрте кеткени.Кыргызстан учун коптогон пайдалуу иштерди жасамак...Рыспек Баямандардын козу отсо да эл ичинде кадыр баркы ото жогору...
08.05.2018. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тарыхчылар бул жакта турбайбы. Биз кичинекей болуп билбей калдык окшойт, Робин гудду.
Snejana түзөттү 2018-05-08 22:14:00
08.05.2018. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Рыспек Акматбаев Балыкчыны гүлдөтө баштаганда атып кетишти. Чоң стадион курдурта баштаган, биз окучуулар барып ташын мусорун терип келгенбиз, ошодон кийин курулбай калды,атып кетишкенден кийин раматылык баары жакшы көрүшчү эле.
08.05.2018. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чыныгы патриот, кыргыз деп куйгон адам эле, саясатка жаныдан кадам таштап, жогору жактагы жегичтердин жегендерин кустурам деп баштаганда тиги жеп жутарлар кыпылдап жоготуштун айласын издей башташкан, ал сунуштары батукаевге майдай жагып ошонун арты мн максаттарына жетишти, чеченге ошол эле керек болчу, себеп дегенде акматбаев чечендин опкосун узуп баш котортчу эмес.
09.05.2018. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жаткан жери жайлуу болсун
09.05.2018. 06:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Баардык бандиттерди ушундай Рыскпектей эле кылып, жок кылып салыш керек. Булардан бир дагы пайда жок. Кольбаев тигиндей, мындай дейсинер бирок алар зыян эле келтирип жатат - наркотраффике тиешеси бар. Мен КР президенти болсом 24 саатын ичинде бут бандитерди жок кылмакмын эч кимден коркпой эле, алардын кучу жок, калп эле пиар.
11.05.2018. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
progresskg, лучше жеп жутаар азыркы системаны жок кылсанар жакшы болмок, кыргызстандын тубуно жете турган болушту карыз ала беришип
11.05.2018. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Matahara1980,кытайдан
09.05.2018. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Рысбек Акматбаев эчкачан наркотрафик менен иштеген эмес. Рысбек Акматбаев нефти алып саттуу боюнча иштеп байыган.
12.05.2018. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстанда озу ушундай жакшы чыккан,мекенине куйгон, чындыкты айткан адамдарды атып олтуруп тынышат.Ошто озбектерди баш котортчу эмес кымбат машина да мине алышпайт болчу ,а азырчы крутойдун баары ошолор...
12.05.2018. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы Адам эле
12.05.2018. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уландысын кайдан табам?
13.05.2018. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баяман олгондо тээ Озбекстандын четиндеги озбектер да суйунучтон аш кылышкан дейт го.Ушулар болгондо мынчалык баш которо алышмак эмес
14.05.2018. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар башы корунгон потриоттордун баарын олтуруп, жеп жутуп, арзыбагын арам акчага сатылып, каяктагы офирист , жеп жутаардын баарын креслого тизип алып, анан корунгонго док кылып, ар кимге нааразы болуп отуруп калганды жакшы коробуз. Чын чынына келгенде бийликте кыргыз деп куйгон 1 да адам жок. Только " кылымышкер, такымын жеген паракор, кылымышкер,2 жузду ыпылас кузгундар" отурушат. Жерлерди сатып, кен байлыктын баарын берип, андан алган арам параларына хан сарайларды курушту озд
15.05.2018. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын экинчи Манасы эле окунучтуу тируу болгондо. Азыркы жеп жутаарларга Караганда жакшы иштерди кылмак. Эли учун куйгон жигит эле. Рыспек ардайым биздин журогубуздо,биз аны эч качан унутпайбыз!!!
06.02.2021. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рысбек, Баяман, Санжар
Ушулардын айынан кылмыш дуйносу политикага аралашып бардыгын бандиттер чечип калды.
Түнкүсүн каракчылык кылып кундузу бир аз болугун элге берип койсо ошого алданып каласыңар.
Мурдунарга бок суйкоп койсо журо бересинер ...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо