ТОЙЛОРДОГУ ЫСЫРАПКОРЧУЛУК КЫРГЫЗДЫН ӨНҮГҮҮСҮНӨ ТУШОО БОЛУП ЖАТАБЫ?

№809 4-май -10-май, 2018-ж.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ашыкча ысырапкорчулукту жоюу туурасында маселе козгоп, жалпы байге фонду 200 000 сомду түзгөн тойлордун жаңы үлгүсүнө сынак жарыялады. Сынактын максаты – коомчулукка той өткөрүүнүн жаңы эрежесин таңуулоо эмес, сунуш кылуу экенин белгилешет. "Жарандар биз сунуш кылган үлгү тойду жашоосуна колдонобу же мурдагыдай эле 8 сааттык тойлорду өткөрөбү, аны өзү билет",- дейт министрлик.

Тойлордогу ысырапкорчулукту кыскартууну буга чейин экс-депутат Аида Салянова да көтөрүп чыккан. Ал: «Ашыкча чыгымдарды аткаминерлер кылып, той-топур өткөрүп жатышат. Эл элитаны ээрчигендей болушу үчүн ысырапкорчулукту токтотууну мамкызматкерлерден баштоо туура болот»,- деген.

КОҢШУЛАР ТОЙЛОРГО ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИШТИ
Өзбек президенти Шавкат Мирзийоев быйыл өлкөдөгү бийлик өкүлдөрүнүн тойлорго барышына тыюу салганы белгилүү. Ал: «Өзбекстанда мен баш болуп бир дагы бийлик өкүлү туулган күндөргө, тойлорго барбайт. Ал заман өттү! Азыр тойдо жүрүү адамдардын ачуусун келтирет. Мындай тойлор жогорку даражадагы кызматкерлерсиз өтөт. Тойго кеткен 20 килограмм эттин ордуна бир кембагалдын үйүн сырдаганга жардам бер же телевизор сатып бер. Биздин адамдар той өткөрүүгө жана калың берүүгө 20 миң доллар табыш үчүн Орусияга ишке кетип жатышат»,- деп нааразы болгон. Президент бул тыюуга каршы чыккан кызматкер жумушунан айдаларын, жазага тартыларын да кошумчалаган.
Тажикстанда аш-тойлорду тартипке салуу боюнча мыйзам 2007-жылы кабыл алынып, коноктордун саны, тойдун убактысы, меню бардыгы тартипке келтирилген. Мисалы, сүннөт тойго 60 адамга чейин чакырууга уруксат. Үйлөнүү тойго келгендердин саны 150дөн ашпай, убактысы 3 саатка созулушу шарт. Туулган күн, мааракелер үй-бүлө ичинде белгиленип, сөйкө салуу сыяктуу ырым-жырымдар таптакыр өткөрүлбөй калган. 2017-жылдагы эсеп боюнча, Тажикстанда мыйзам кабыл алынгандан бери 18 миллиард сомони же 2 миллиард доллар үнөмдөлгөн.
Албетте, элди мажбурлап же таңуулап тарбиялоо тескери эффект жаратышы мүмкүн. Мындай таңуулоолордун кыргыз коомчулугуна сиңип кетиши да кыйын. Тойлорго кеткен маани-максатсыз чыгымдардан коомчулук эч кандай тыюуларсыз, өз аң-сезими менен баш тартып, ошол ресурстарды үй-бүлөнүн өнүгүүсүнө жумшаса жакшы жыйынтык берет беле?


ОШТО АР БИР АЛТЫНЧЫ НАСЫЯ ТОЙ-АШКА ЖУМШАЛАТ
Маалыматтар боюнча, чет өлкөлөрдө миллионго чукул кыргызстандык эмгектенет.
Улуттук банктын билдирүүсүнө таянсак, 2017-жылдын он айында мигранттардан Кыргызга 2 миллиард 288 миллион доллар которулган. Айрым маалыматтарга караганда өлкөдө жылына тойлорго 2 миллиарддан ашуун доллар сарпталат. Ошондо мигранттардын маңдай тери менен тапкан акчалары тойлорго эле жумшалып кетери зээниңди кейитет.
БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун 2017-жылкы маалыматы боюнча, Кыргызстанда алынган жыйырма насыянын бирөө тойго сарпталып, сап башында Ош шаары турат. Анда ар бир алтынчы кредит жакшылык менен жамандыктарга жумшалары көрсөтүлгөн.

Тойлор – өнөрпоздордун акча тапчу булагына айланганы белгилүү. Тойлордогу ысырапкорчулукту жоюу туурасында алардын пикирине кызыгып көрдүк.

Мирбек Атабеков, ырчы:
– Тойдун максаты – элдин батасын алуу, ошондуктан жалпы элди той-аштардан чектөө мүмкүн эмес. Бирок той үчүн көп чыгымдын деле кереги жок. Биздин тойлор дайыма кечкисин өтөт эмеспи, ошону кечкиге калтырбай күндүз берсек. Мисалы, дунгандардын тойлору түшкө чейин эле бүтүп калат. Эмнеге биз антсек болбосун? Түшкө чейин болсо азыраак отуруп, аз тамак желип, акча азыраак жумшалмак. Ырчыларга да жакшы болмок, күндүз тойго барып ырдап келип, түнкүсүн эл катары эс алмакпыз.

Нурзат Токтосунова, алып баруучу: – Улам жаш үй-бүлөлөр көбөйөт, балдар төрөлөт дегендей, ошондуктан тойлорго анча бөгөт коюлбайт. Бул ар дайым өсүп туруучу процесс. Бири-бирине атаандашкан тойлор азаят деп да ойлобойм. 2-3 тамактын ордуна 6 тамак бергендер да бар, мен ошого каршымын. Негизи дасторкондун жайылып турганы жакшы, соңунда баштыктарына салып кетип жатышпайбы. Ата-эне тойдон келгенде, балдары сөзсүз «эмне алып келдиң?» деп колун карашат. Эгер ошонун баары төгүлсө ысырапкорчулук болмок.

Азамат Болгонбаев, төкмө акын: – Мамлекеттик деңгээлде тойлорго өзгөртүү киргизүү убагы келди деп ойлойм. Жакшы нерседе деле, жаман нерседе деле бир идеология болуш керек. Бирок айрым коңшу өлкөлөр колдонуп жаткандай диктатуралык негизде өзгөртүү киргизгендей эмес. Тойлордо майда-чүйдө талаш-тартышты жок кылгыдай жалпы стандарт болсо, бул менин жеке пикирим. Мисалы, мен күнүмдүк турмушумда Лимузин менен жүрбөйм да. Үйлөнгөндө деле түшкөн жокмун, анткени мактангым келбейт. Өзүмдүн күнүмдүк турмушумдан ашык ысырапкорчулукка барууну туура көрбөйм. Тойлордогу ысырапкорчулук той ээсинин акыл деңгээлине жараша ойлоно турган нерсе деп билем.

Самара Каримова, ырчы: – Бирөөнүн үй-бүлөсүнүн ишине аралаша албайм. Ар ким "той кылсам, элге чай берип, бата алсам" деп ниет кылып жашайт. Биз деле балдарыбыз төрөлгөнү ата-энелик парзыбыздан кутулуп, элден бата алууну пландаганбыз. Ким канча киши чакырат, дасторконун кандай даярдайт, өзү билет да. Ырчыларды тойдо гана ырдап акча табат дешет, той болбосо концерт берип деле акча табышыбыз мүмкүн.


Үмүт Култаева, филология илимдеринин доктору, профессор: – Кээде бешбармагы бышпай, той түнкү бирге чейин созулат. Баш-аягын эсептесек бир сутканын 10 сааты тойго кетет. Мындан улам кийинки күндө пайдалуу иштин коэффициенти такыр нөлгө түшүп, жумуш ордуна да зыянын келтирип жатат. Экинчиден, тойдун эң асыл максаты – бата берүү унутулуп, анын ордуна атаандаштык, байлыкты, байланышты көрсөтүү сыяктуу нерселер алдыга чыгып жатканы өкүнүчтүү.

Насирдин Шамшиев, экономист: – Биз жылына тойлорго 2 миллиард доллардын тегерегинде каражат жумшалат деп болжолдуу эсептеп келебиз. Ар бир үй-бүлөдө жакшылык-жамандык болот, аны белгилөө да зарыл. Бирок чыгымын азайтып, экономикалык мүмкүнчүлүккө жараша өткөрүүнү үйрөнүшүбүз керек. «Мен андан кемминби?» деген атаандашуу, мактануу менен ал адам жашоо деңгээлин төмөндөтүп жатат. Айылдарда каражатын тойдон тойго чейин эптеп жеткирип жашагандарды көрүп жүрөм. Тойдогу ысырапкорчулукту андан көрө бала-чаканын билимин өстүрүүгө, ден соолугун чыңдоого, баш кошкон жаштардын турмуш-тиричилигине кетирген оң. Же болбосо чакан ферма ачып мал бакса, канаттууну көбөйтсө, балык өстүрсө, күнөскана тургузуп, ишкерлик кылса өзүнө, үй-бүлөсүнө гана эмес, мамлекетке да пайда.


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(33)
08.05.2018. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Тапкан экенсиңер кимден сурашты. Ырчылардан да сурайсыңарбы? Алардын жообу белгилүү да. Самаранын жообуна күлкүм келди.
10.05.2018. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tyty1990, Башка олколордун Президенттерине окшоп эле чектоо киргизип Мыйзамдаштырып салыш керек. Ашырып жибергендер жоопко тартылыш керек. Ырчыларда эмне интервью аласынар тушунбодум. Бир ырын фонограмма менен ырдап 200 долларды шыпырып кетишет, бул да ысырапкорчулук. Ырчылары жок эле той откоруу керек. Музыканттар эле бийге музыка коюп бере беришет.Ансыз деле тамадага,музыкантка,камерага,фотого деп акча толойбуз.Ресторандын кызматы менен,ар бир адамдан сырткары.Кыскартуу зарыл.
08.05.2018. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Конечно ырчылар учун бул жаман нерсе.Концерттен коп таппайт,бир тоцго эле минимум 200$га ырдашат.Кунуно минимум 1тойго барышат!!!!Озбекстанга окшоп,чектоо же запрет коюш керек.Элге очошуп канча деген адамдар кредит алат.Жылдап толошот.Чондордун откоргон тойлоруна эми соз жок.Элден жеген акчасын чачышат тим эле!!!Закон кабыл алынсын!
08.05.2018. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Кыскартыш керек туура. Бирок ырчы артистерди чакырбай эле бата алса да болот. Фонаграммада ырдап алгандары доллар. Самара бирок точно тойго барбаса 19 кундоп концерт коюп таап алат ОУДТ озунуку
08.05.2018. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ырчы чоорчуларды бийчилерди чакырууга тыюу салса болмок, ушулар элдин акчасын долларлап алып элди кыйнап ещё чет жактарга коротуп олкого зыян келтирип жатышат.
sirenaaaaa түзөттү 2018-05-08 10:30:24
08.05.2018. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
sirenaaaaa,

ар кимдин оз кааласоо, калашса чакырышпасын.
09.05.2018. 03:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Linkin., ушу сен да ырчы окшойсун.
Ырчыларды тойго чакырбаса баарыңар
Спорт ордону аңдып калат экенсиңер да
Качан кезек тиет деп концерт койгону
08.05.2018. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Тойлорду кобуроок откоруп кредитти болушунча алып чардап жыргап, акча асмандан жаап жаткансып чачып анан жаш уйбулону Москвага жонотуп эки бармакты мурдуга тыгып отуруп калыш керек да созсуз кыргыздарга. Кичине уномдоп жер тилке алып балдарым ушул жерге там тургузуп алгыла деп же мал алып кобойтуу деген ой олгонда бизде.
08.05.2018. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Самара акча учун ХХХХХХХХХХ Өзүн аракет кылып ыр жазып обон жаратып дегендей кичине болсо да эмгек кылбайсынбы. Ар кимдин казанына кол салбай. Анжеликаны баалайм баарына өзү аракет кылып ыр жаздырып чуркап жүрөт. Сен Анжеликага атаандашам десең 10 жолу торолуп корушун керек.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-08 16:50:45
08.05.2018. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ушул ырчыларга тойго барышына каршы мыйзам чыгарыш керек. Акчанын баары ушуларга кетет апсыгып. Ырдаганы фонограмма алганы миң доллар. Же бир алган акчасын актап жандуу ыр мн ырдашса да мейли эле.
08.05.2018. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Baku88,

чакыр деп бироо зордогондой жазыпсыз да.
08.05.2018. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Умут эженин суйлогону жакты, мурун дем алуу кундору отчу ,жумушка дем алып барасын,азыр кээ бирде жумада 3-4 тон той тунку 1-2 ге чейин барган сон батабызды берели деп кутобуз ,эртеси жумушка келуу кыйын болуп,кээ бир мекемелерде барсан жумуш ордунду жок,кече той эле кечигип келет куткуло деп оной жооп айтат,мамлекеттин онугуусуно коп эле зыян келуудо,айрыкча балдардын машина чыгуусунан коркосун бир машина 18000 сом ошол бийликте олтургандардын арендага берген машинасы,кафелери,
08.05.2018. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ким силерди ырчы чакыргыла деп атат , акчанарды аясанар чакырбагылада.Ырчыларда эмне
куноо?
2саатка 35мин алат экен бир ырчы.Оштон.Мисалы мен учун 35мин чон акча , 1айда да таппайм.Чакырбайм дагы.Ошондуктан бири биринерге атаандашканды токтоткула!
08.05.2018. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Akylai_aktan,


туптуура
08.05.2018. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Миллион умный сөз жазсаңар да без толк, баары бир бул боло берет и вечно улана берет, себеби бизде законду иштебейт и еще баарын бабкастыйлар чечет.
08.05.2018. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Самарахан кандай таризде концерт коюп , акча тапканын жакшы билебиз))
08.05.2018. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Башкысы атаандаштыкты токтотуу керек.
08.05.2018. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ырчыларды тойлорго чакырууга тыюу салынса,булар дагы мигрант болуп кетишсе керек))
Только тойлордон каражат табышатго)
08.05.2018. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздин кыргыздар бир эмес эки мыйзам чыкса дагы тоготпойт.Бүтүрүүчүлөр деле ресторан кафелерде отурбасын дешкенине канча жыл болду уккан эч ким жок,дагы деле өткөрүп эле жатышпайбы.
08.05.2018. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азыр бироодон той кандай болду десен Нурлан Насип Мирбек келди десе демек той укмуш откон болот. А эгер азыраак таанымал ырчыларды айтса демек той орто эле болду дейсин. Ырчы келбей эле бийчилер келсе иий деп коёсун. Тойдун кандай откону ырчылардан коз каранды болуп калган. Бул байкуштар дале ресторандын алдына барып пайлашат экен. Анан тамада менен суйлошуп ал той ээсине мактап анан ырдап калышыптыр кыскасы ырчынын да баркы кетти тойдун дагы баркы кетти. Азыр адамдар тойдон жадап калган.
08.05.2018. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айта берсе сөз көп. Тойду чакан эле кылып өткөрүш керек. 1 күндө баарын чачып отуруп калбай. Жылдап чогулткан акчаны
08.05.2018. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Көрбөгөндүн көргөнү курусун. 10 колун оозуна тыгып эми буттарын кошуп тыгып баштады окшойт. Суктугунун айынан сукулдап жүрүп шакылдаган сагызган да өлгөн экен.
08.05.2018. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен да бир жыл мурун той откортпой койгом куйоомо. Кайненем таарынып суйлобой жургон копко, себеби элдерге уулум Америкада той берет деп мактанып койгон экен. Бирок азыр ошол тойго кетчу акчага камаз алып иштеп журот.
08.05.2018. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен ысырапкорчулукка каршымын жетишеерлик кылып бата алса жакшыго. Эгер ашып ташып жатса кыйналган акчага муктаж адамдарга беришсе жакшы болмок.
09.05.2018. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самара тойго чакырбаса концерт коюп акча табышыбыз мумкун деп жазыптыр анан эмнеге ырчылар концерттен акча тушпойт озунун чыгымын жапса болду эле дей беришет го
09.05.2018. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырчылар ставкасын бирдей кылып Бишкекте баардык ырчылар бирдей Жалал абадта,Баткен,Нарын,Ыссыкколго,Ошко деп закон турундо баардыгынын ставкасын бирдей кылып коюшса жакшы болмок
09.05.2018. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар ким озунун шартына жараша жоо бериптирго.
Мирбек уйкудан калганына окунуп тойду кундузу откорууну ойлосо.Башка мамлекеттик жумушта иштегендер бара албайт да.
Самаранын колунда бар,жолдошунун катташкандары коп болуп ар ким озу билет десе.
Умут эжебиз кечкисин уйкудан калып,эртеси жумуштан кыйналганын айтып.

Аида салянова тууру айтыптыр чектоону мамлект башчыларынан башташ керек.Адамдын санына,убакытка жана менюга чектоо киргизуу керек.
09.05.2018. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыздар уйлонуп тойду откоруп келинчегин алып россияга жонойт себеби чыгымды келин иштеп толош керек ал жакта же жашап бактылуу болуп байып келишет же ажырашып келишет
10.05.2018. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
чынын айтсам ушул каада-салттар ашыкча чыгым кетируу мага эч жакпайт ошол тойлордун артынан мигрант байкуштар иштеп журушпойбу чет олкодо чурка деп гастарбайтер же башка дешсе деле.Салынган акча дагы экономдолбой той пой жаман жакшылыкка карызга эле жумшалат.дешсе дагы элдин созунон уялып барышат.жадатты ушул болбогон бири бирине атаандашуулар.тойду деле чакан откоруп койсок дейм эч кимди кыйнабай бирок келинмин айтууга укугум жок
10.05.2018. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кечээ жакында эле таанышым баласын уйлойм деп кыз тарапка кудаа тушуп келишти. 150 мин сом калын, 20 мин сом сут акы, 6 кой, 2 бодо мал дептир бул деле ысырапкорчулук да. Баланын ата-энеси ресторанда да той бериш керек, ага да болбоду дегенде 2 мин доллар кетет,айласыздан тамын коёуп кредит алышты, уйлонуп алып Россияга барып кредитти жабышат деп. Мыйзам чегинде тартипке салынбаса,улана берет ысырапкорчулук. Толонот да деп акылдуулар чыгымды кобойто беришет.
11.05.2018. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тойдун пайдасын Самара эле көрөт,кайсыл тойго барбайын Самараны көрөт элем.Жар жар айткан ким?-Самара,ырдап жаткан ким?-Самара.Мындай эле врач,мугалим, куруучу жөнөкөй кесиптин ээлеринен таппадыңарбы суроо сопкут кылганга.Бирок тойдо ысырапкерчиликти азайтуу керек,жөнөкөй эл кыйналып калып жатат байыраак адамга теңелип той өткөрөм деп.Тойдо негизи бата алуу керек го,бата алуусу унутулуп эле жайган столун көрүп сынамай,кандай өткөзөт экен деп сынап келмей тойго.
11.05.2018. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи тойду ырчылары жок эле өткөрсө болот.Ырчылар келет да фонограмма менен эзип 20 30 миң сомду сулкуйтуп салып чыгып кетишет.Жакшы бата бере турган жакшы аксакалдар болсо ырчылардан көрө.Ырчы дегенди кандай катыштырбай жок кылып салса болот эл журт?билгендер өз оюңарды бөлүшкүлөчү.
12.05.2018. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Насирдин Шамшиевдин жообу жакты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо