Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Айдана Дека, ырчы: «ТЫПЫЛДАГАН ТЫҢ КЕЛИН БОЛГУМ КЕЛЕТ»

№809 4-май -10-май, 2018-ж.

– Салам, Айдана! Чыгармачылыгыңда кандай жетишкендиктер, жаңылыктар бар?

– Саламатсызбы? Чыгармачылыгымда жаңылыктар көп. Азыр жаңы долбоор менен иштеп баштадык. Жаңы клип тарттырып жатам. Бул клибимде таптакыр башкача образда, мурункуга окшобогон Айдана Дека болом. Элге сюрприз болсун деп клиптин презентациясына чейин образымды Инстаграмга жүктөбөй, элге көрсөтпөй катып жүрөм.

– Ырдаганың, кийингениң корейлердикине окшоп кетет. K-pop күйөрманы окшойсуң.
– Мурда K-pop күйөрманы эмес болчумун. Бий тобумда жалаң өспүрүм кыздар бийлейт, ал эми азыркы өспүрүмдөрдүн баары эле K-pop`ко кызыгышат. Бийчилерим менен маектешип калганда алар мага K-pop тууралуу кызыктарды, жаңылыктарды айта беришет. Ошентип кызыгып кеттим.
5 жылдан бери Бишкекте K-pop фестивалы өтөт. Мурда жөн эле көрчүмүн. Быйыл болсо бийчилерим менен катышайын деп чечкем. Тандоо турунан өттүк. Буюрса, жакын арада Түштүк Кореяга барып, концерт уюштуруу пландарыбыз бар. Түштүк Кореяга барып фотосессия уюштуруп, клип тарттыргым келчү, буюрса, жакында ошонун баарын ишке ашырганга аракет кылам.

– Эгерде мүмкүнчүлүк болсо кайсы кыялыңды орундатат элең?
– Аябай кыялкечмин, көп нерселерди кыялданам. Азыр айтсам баналдуу угулат болушу керек. Бирок мен эң негизги – дүйнөдө согуш болбой, тынчтык болсун деген кыялымды орундатмакмын.

– Дүйнөлүк жылдыздар менен дуэт аткарууну кыялданып көрдүң беле?
–Ариана Гранде, Селена Гомес, Жастин Биберлер менин жүрөгүмө жакын ырчылар. Корей ырчыларынан «BlackPink» тобунун кыздары менен чын жүрөктөн дуэт аткаргым келет. Мага негизи
K-pop`тун эркектери жакпайт, кыздары абдан жагат.

– Сыртыңдан караган кишиге жемин жедирбеген кыздай көрүнөсүң...
– Кээ бирлер «абдан жоош көрүнөсүң» десе, «аябай тыңсың, баарына жетишип, чогуу алып жүрөсүң» дегендер да көп. Өзүм жөнүндө айтсам, эгерде жумуш болсо жоопкерчилик менен аткарып, олуттуу мамиле жасайм. Мурда ыр жаздырсам, клип тарттырсам же кийим тиктирсем бүт нерсеге өзүм кийлигише берчүмүн. Азыр ойлосом туура эмес экен. Анткени ар бир адам өзүнүн ой жүгүртүүсү менен иштейт да. Аларга тоскоол болсом ар бир ырым, клибим окшош, мен каалагандай эле боло берет экен. Ошондуктан ар кимге тың болуп кийлигишпей калдым (күлүп). Бирок чынында эле башкаларга жемимди жедирбейм.

– Бийчи кыздарыңды кандай жол менен тарбиялайсың?
– 9 жаштан 16 жашка чейинки 100гө жакын бийчи кыздарым бар. Кыздарымды урушпайм, өзүмдүн сиңдилериме мамиле кылгандай мамиле кылам. Өспүрүмдөр менен иштешүү өзгөчө нерсе, психолог да болуу керек. Анткени өспүрүмдөр чоңоюп, өткөөл куракка жеткенде ар биринин мүнөзүн түшүнүп, тил табышуу зарыл. Мен ар бири менен жакшы мамиледемин.
Кээ бир бий студиянын кыздары эжейинен коркушат. Анткени эжейи урушат. Дайыма кыздарга «мен силерди андай ыкма менен тарбиялабайм, бири-бирибизге ишенимдүү, күйүмдүү, эже-сиңдидей бололу» дейм.

– Кыз менен жигиттин достугуна ишенесиңби?
– Ишенем. Анткени классташтарымдын, чыгармачылыкта жүргөн кесиптештеримдин арасында эркек досторум көп.

– Мурунку маектериңде «бир жигит көңүлүмдү буруп жүрөт» дедиң эле, ал эмне болду?
– Дагы эле жакшы мамилеси, адамгерчилиги көңүлүмдү буруп жатат (күлүп). Жигитим боло элек. Азыр сүйүүгө, жеке жашоого убактым, каалоом жок экенин ал деле билет, түшүнөт. Ал убакытты, менин чоңоюшумду күтүп жатат окшойт.

– Көбүнчө ырчы Аваз Акимов экөөңөр чет өлкөлөргө чогуу барып, концерт уюштуруп каласыңар.
– Экөөбүз Түркияга эле барганбыз. Биз менен кошо Самат Эркинбеков дагы барган. Ага чейин чет өлкөлөргө көп эле чакыруулар болгон, бирок ата-энем «жалгыз барбайсың» деп жибербей коюшкан. Түркияга чакыргандар экөөбүздүн жалпы тааныштар экен. Мага чалып «1 ырчы кыз, 1 ырчы жигит, 1 алып баруучу керек. Сени чакырсак кайсы ырчы жигитти сунуштайсың?» дегенде Авазды сунуштагам. Аваздан да өзүнчө сураса мени сунуштаптыр. Ошентип сунуштарыбыз төп келип калып чогуу барганбыз. Ал жакта апамдын дагы тааныштары болгондуктан ишенип жиберген.

– Бакыт деген сен үчүн эмне?
– Жумушка кубануу менен шашып барсаң, жан дилиң менен иштесең, жумуштан кийин үйгө баратканда дайыма жакындарың күтүп жатканын билсең – бул эң чоң бакыт. Мисалы, мен бий студияма кыздар менен бийлейин, сүйлөшөйүн деп жанталашып барам, кечинде үйдө жакындарым күтүп жатканын билем, мен үчүн ушунун өзү бакыт.

– Тойлорго чакыруулар болобу?
– Албетте, болот. «Бийле» деген ырым менен тойлорго көп чыктым. Мени көбүнчө жаштар көп барган үлпөт тойлорго чакырышат. Бийчилерим менен кошо барып, өзүмдүн шоу программамды көрсөткөндү жакшы көрөм.

– Чыгармачылыкка короткон чыгымдарыңды тапкан кирешең актайбы?
– Азырынча чыгармачылыктан акча таппайм, тескерисинче, аябай көп акча коротуп жатам. Чынын айтсам, чыгармачылыктан акча табууну максат кылбайм. Мен үчүн акча табуу эмес, чыгармачылык биринчи орунда. Мисалы, бий студиямда жакшы бийлеген кыздар акча төлөшпөйт. Анткени жакшы бийлеген, таланттуу кыздарга жардам бериш керек. Клип тартканда, ыр жазганда эч качан акча аябайм. Чыгымдарыма ата-энем колдоо көрсөтөт.

– Өзүңдү келечекте кандай келин элестетесиң?
– Кайын журтума эркелеген келин болсом керек. Эркелеген дегенде эч нерсе кылбаган эмес, бүт иштерди так кылган, жаман мүнөзүмдү көрсөтпөй, дайыма күлүп жүргөн шайыр, тыпылдаган тың келин болгум келет (күлүп).


Асхат Субанбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg


Айдана Дека: "Жакында такыр башка Айдананы көрөсүңөр"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(32)
08.05.2018. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+40
Анжелика
Самара
Айпери
Айдана Дека
Асема
Асель Кадырбекова
Очеред бузулбадыго. Бизде легендалар копго ошолордон интервью алгылачы.
08.05.2018. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+53
эч бир уга турган ыры жок, кимдер учун ырдайт тушунбойм.
08.05.2018. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-19
Ийгилик
08.05.2018. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Билбейм соз жок кызыкпайм бул кыздын ырларына
08.05.2018. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
7-8 класстагы кыздай алып журот озуну.
SUPER.KG видео
08.05.2018. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Боенбосо сулуу кыз корунот болчу
08.05.2018. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Корейлерди туурабай эле койсонор болот эле
08.05.2018. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Суйгонумго суйгонум!
08.05.2018. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Иииййй озунчо эле
08.05.2018. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+34
буларда чыгат эртен,Аваз менен 5жылдан бери суйлошуп жургонбуз деп
08.05.2018. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
ошода ишениш деле жок уйлонсо уйлонуп алсынчы
08.05.2018. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
ХХХХХХХХХ кантип тыпылдаган келин чыгат болду экен сенден
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-08 16:45:34
08.05.2018. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Бул кыз качан чоноёт. Буну менен тендер бир уй булонун казанын калдыратып атат. А бул кыз мультфильмдерде журот.
08.05.2018. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Супер инфо силерди айылдагы кары адамдар да узбой окушат эн коп нускалуу гезит болгондо кийин улуу муундагы онор адамдары жонундо кобурок жазсанар,совсем майдаланып кеттинер,женил желпи болуп.
09.05.2018. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Margo82,туура жаздыныз абдан майдаланып кетишти!канчалаган легендалар бар Кыргыздын маданиятын которгон!кайра кайра кайра эле ошол эле жуздор,сыймыктанчуу кызыга турган эч нерсе жоок!супер инфонун жалпы жамаатына иштерине ийгилик каалайм ошону менен бирге талыкпаган изденуу каалайм
08.05.2018. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бла бла бла...
Озунчо эле тын киши...
08.05.2018. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Ырларын унун билбейм бирок ото ото аракет кылгандай сезилет. Бийлегени жагат, сулуу Жана назик сонун кыз. Эргуу деген клибинде озгочо образы жаккан.
08.05.2018. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Клипке, кийингенине эле маани берип журо бербей голосуна да озгортуу киргизгенинде качан эле таанылмаксын!Же озунду башка жактан сына;Ырчылык сен учун эмес!Чыгармачылыктан акча таппаган сон,ата-энендин акчасын чачканындан не пайда!
08.05.2018. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эгер бул чындап Аваз менен суйлошуп жаткан болсо просто Аваз адашат жалко, кыз тугонуп калса да токтоораак ыймандуурак кыз таап албайбы дейм да Аваз тим боле жонокой акылдуу бала, бул ойсеке качан токтолот тушунбойм бул кайсыл талантына сахнада журот озу? Такыр жасалма кыз... Тын келин болушуна ишенбейм бул тамак аш кылмак тугул 1 чайнап берсе керек тамактыда буга
08.05.2018. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ким бул, тааныбайт экем. Саны бар, сапаты жоктордон окшойт
08.05.2018. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Автордун атын аран окудум гооо,башкача ат экен.
08.05.2018. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушу кыз ырдабай деле койсо болчудай.мейли эми озуно жагат да.
09.05.2018. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
"Бийле" жанагы биздин журогубузго жетип, козубузго жаш ала уккан ырбы?))))


09.05.2018. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
К рор деп окупмун, ки поп турбайбы))))
09.05.2018. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a, кей поп гоо
11.05.2018. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
00Mira77,ки поп деп угупмун
SUPER.KG видео
09.05.2018. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Такыр башка Айдананы көрөсүңөр дейт го чачыңды кырасыңбы же катту семиресиңби ошондо чындап башка Айдана болосуң го дейм
09.05.2018. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тез тезден тыпылдатып турса тын келин болосун
09.05.2018. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жаш кызга ийгилип каалап, жакшы созунорду жазып койгула, акырындан журуп анан такшалат, бироону сындашты кыйын билебиз, озубуздун колубуздан келбейт, аракет кылып чыгып атабы эмгектене берсин, жакшы соз жазып дем берип коюуу ашыктык кылбайт.
11.05.2018. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айылдама Тека дегенда артист барбы ?!
13.05.2018. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы маек бериптир.Бийчи кыздарына жакшы мамиле кылганы жакты.
14.05.2018. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айдана талантын оркундой берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо