Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

№809 4-май -10-май, 2018-ж.

САМСАНЫ
түрлөп жасаңыз

Самса – өзгөчө жыты, даамы менен табитти ачып, тамакка болгон каалоону арттырат. Аны көптөгөн дүйнө элинин ашканасынан кезиктирүүгө болот. Анткени менен жасалышы, түйүлүшү, туурамжысы ар кандай. Түрлөп самса жасоо менен конокторду сүйүнтүүгө болот. Бүгүн көбүнчө шорпо менен берилчү майда самсалардын рецепттерин сунуштайбыз.

ПАРМУДА
КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:

Ун – 3 стакан
Жумуртка – 2 даана
Суу – 1 стакан
Эт – 400 грамм
Пияз – 3 баш
Куйрук – 100 грамм
Зире (майдаланган) – 0,5 чай кашык
Өсүмдүк майы – 2 аш кашык
Сары май – 100 грамм
Туз, мурч – татымына жараша
Күнжүт – 1 чай кашык

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
  1. Унга жумуртка, жылуу туздуу суу, өсүмдүк майын кошуп камыр жууруйбуз.
  2. Этти, куйрукту жана аарчылган пиязды майда туурап, татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырабыз.
  3. Камырды жука жайып, бетине сары майдан сүйкөп, тыгыз ороп, муздаткычка 20 мүнөткө салып коёбуз.
  4. Эми камырды 15-20 граммдан бөлүп, тегерек формада жайып, ортосуна туурамжыдан салып, топтой тоголок кылып түйөбүз. Самсалардын каптал жактарын суулап, ичи майланган табага түйүлгөн жагын төмөн каратып 4-6 даанадан кылып бири-бирине жабыштырып тизебиз.
  5. Бетине жумуртканын сарысынан сүйкөп, күнжүттөн себелеп, 180 градуста иштеп турган электр мешине бышырып алабыз.

СУЛТАН САМСА
КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:

Ун – 3 стакан
Көбүрткүч – 0,5 чай кашык
Ачыткы – 0,5 чай кашык
Кумшекер – 0,5 чай кашык
Маргарин – 150 грамм
Жумуртка – 1 даана
Сүт – 200 миллилитр
Фарш – 500 грамм
Картошка – 2 даана
Пияз – 4-5 баш
Зире – 1 чымчым
Туз, мурч – татымына жараша

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
  1. Унга көбүрткүч, туз, кумшекер, ачыткыны, маргаринди, жылуу сүттү кошуп жумшагыраак камыр жууруп, 30-40 мүнөткө тыныктырып коёбуз.
  2. Жашылчаларды аарчып майда туурап, татымына жараша туз, мурч, зире салып, фаршка кошуп аралаштырабыз.
  3. Камырды 60-70 граммдан бөлүп тоголоктоп, ар бирин жука, диаметрин 25-26 сантиметрдей кылып жаябыз. Жайылган камырдын бир бетине май сүйкөп оодарабыз да, экинчи бетине (май сүйкөлбөгөн) туурамжыдан салабыз.
  4. Камырдын четин ортого топтоп, момпосуйдун кагазын орогондой бир жолу бурап түйүнчөк формасына келтирип, калган камырды самсанын түп жагына тартып бекитебиз. Самсанын асты бир кат болуп калбашы керек.
  5. Самсанын үстүнө жумуртканын сарысын сүйкөп, 180 градуста ысып турган электр мешинде кызарганча бышырабыз.

ТОРЧО САМСА
КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:

Ун – 500 грамм
Каймак май – 60 грамм
Айран – 200 миллилитр
Каймак – 2 аш кашык
Кумшекер – 1 аш кашык
Жумуртка – 1 даана
Ашкана содасы – жарым чай кашык
Эт – 300 грамм
Пияз – 1 баш
Мак – 1 чай кашык
Туз, мурч – татымына жараша

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
  1. Унга 1 чай кашык тузду, ашкана содасын, кумшекерди, макты кошуп аралаштырабыз. Эми үстүнө каймак майды, каймакты жана айранды кошуп камыр жууруйбуз да, ороп 30-40 мүнөткө тыныктырып коёбуз.
  2. Эт менен пиязды майда туурап, татымына жараша туз, мурч кошуп туурамжы даярдайбыз.
  3. Камырдан үзүп алып, диаметрин 15 сантиметр кылып тегерек формада жука жаябыз. Эми камырдын бир бөлүгүнүн ортосун эки башына жеткирбей тилип, экинчи бөлүгүн үстүнө коюп, конус формасына (кулёк) келтирип эки четин жабыштырабыз.
  4. Ичине туурамжыдан 1 аш кашыктан салып, оозун бекитебиз. Түйүлгөн самсаларды ичи майланган табага салып, бетине жумуртканын сарысынан сүйкөп, 180 градуста иштеп турган электр мешине салып, кызарта бышырып алабыз.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(9)
08.05.2018. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Тан атпай табитти ачасынар да шилекеим токтобой агып жатат))
08.05.2018. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
deva,токтодубу (((((((((((
08.05.2018. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сонун. Рахмат!
08.05.2018. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Баары сонунго ,,,жасап коруу керек экен.Бирок баары бир мен учун 3бурчтуу эле озум жасаган самсадан отоору жок.
08.05.2018. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аппетитти ачып жиберди го
10.05.2018. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кобурткуч эмне деген
10.05.2018. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Varonin, разрыхлитель да
13.05.2018. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Varonin,Кобурткуч деген ачыткы(дрожжи)
12.05.2018. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
супер инфо рахмат силерге
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо