8 адамдын өмүрүн алган кырсык. АЙДООЧУ «ЖИНДИ» ДЕГЕН МААЛЫМКАТ МЕНЕН КУТУЛАБЫ?

№810 11-май -17-май, 2018-ж.

2017-жылдын 20-июлунда Ош-Бишкек жолунда 3 унаа, жүк ташуучу МАН, Хонда Степвагон жана Хонда Одиссей унаалары катышкан жол кырсыгы катталып, ал 8 адамдын өмүрүн алып кеткен. Бул окуя боюнча соттун өкүмү чыга элек. Бирок жабырлануучулар айдоочулар жазадан кутулуп кетет деп кабатырланышууда.

АЙДООЧУЛАРДЫН БИРИ КҮБӨ, ЭКИНЧИСИ ООРУЛУУ
Гезитибиздин №769 санында бул кырсык тууралуу сөз кылып, жол кырсыгынан каза тапкандар, алардын жакындарынын абалы тууралуу маалымат бергенбиз. Каргашалуу окуя 3 аял, 4 эркек жана 1 кичинекей кыздын өмүрүн алып кеткен. 3 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Арадан 9 ай өттү. Тергөө иштери аяктап, иш Ош шаардык сотуна өткөнү менен, азырынча соттун чечими чыга элек. Бирок жабырлануучулар "күнөөлүүлөр жазасын албай жоопкерчиликтен кутулуп кетишет" деп кабатырланышууда. Анткени сотто Хонда Одиссейдин айдоочусу күбө катары көрсөтмө берип жатса, Хонда Степвагондун айдоочусу психикалык жактан оорулуу деген маалымкатты көтөрүп жүрөт.

Ал учурда ИИМдин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев кырсык тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берген:
– Бишкектен Ошту карай бараткан Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгып, жүк ташуучу МАН унаасы менен сүзүшкөн. Бул учурда үчүнчү унаа, Хонда Одиссей келип Степвагонду сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен Степвагондун ичиндеги 8 адам каза болуп, айдоочусу оор жаракаттар менен ооруканага жеткирилген, унаа жараксыз абалга келген. Одиссейдин ичиндегилер жаракат алышкан эмес, унаа зыянга учураган. КамАЗдын ичинде 2 адам болгон. Алар башынан жеңил жаракат алышкан. Бул окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси боюнча (Жол коопсуздук эрежелерин бузуу менен бир нече адамдын өлүмүнө алып келген кырсыкка себепкер болуу) кылмыш иши козголгон. ИИМдин башкы башкармалыгы тергөөнү жүргүзүп жатат. Автотехникалык экспертиза даярдалды. Айдоочу уктап кеткенби же унаанын тетиктери чыгып кеткенби, ал экспертизанын жыйынтыгы менен белгилүү болот.

«ВРАЧТАР МЕНЕН ТЕРГӨӨЧҮЛӨРГӨ АКЧА БЕРИП СҮЙЛӨШҮП ЖАТЫШАТ ОКШОЙТ»
Аталган кырсыктан Өзгөн районунун Кароол айылынын тургуну Бактыбек Кочкор уулу 16 жашар тун уулу Исламбек Бакытовдон айрылган. Ал "айдоочулар акчанын күчү менен кутулуп кетүүнү көздөп жатышат окшойт" деп тынчсызданууда.
– Хонда Одиссейдин айдоочусу Н.А. уулун башынан эле күбө катары сурашкан. Азыр да ишке күбө катары катышып жатат. Тергөөчүдөн эмне себептен мындай болуп жаткандыгын сурасак, «Одиссейдин айдоочусунун кырсыкты болтурбай коюу мүмкүнчүлүгү жок болчу» деп жооп беришти. Биологиялык экспертизадан Одиссейдин алдыңкы бөлүгүндө каза болгон кишинин каны, чачтары чыкканын өзүбүз окудук. Адамдар чачылып кеткенде өлгөнгө көмгөн кылып Одиссей кайра үстүнөн тебелеп кетиптир. Акыркы соттук процессте Степвагондун айдоочусу С.Д. уулунун психикалык жактан жабыркаган деп Оштогу ооруканага жатып калганын уктук. Чын-төгүнүн билели деп ооруканага барсак, бизге маалымат бербей коюшту. Бирок тааныштарым аркылуу сурасам, «андай оорулуу жок» деп айтышыптыр. Анан ал адамга маалымкат берген дарыгерди издеп баштадым. Багыттаманы Куршабдагы оорукананын Айпери аттуу врач-психиатры бериптир. Айпери мага оорулууну көрбөй эле жетекчиликтен келген буйрук менен багыттама жазып бергенин айтты. Ош облустук ооруканасында иштеген, Айперини көзөмөлдөгөн Нурлан деген врач телефон аркылуу чалып, багыттама жаздырыптыр. Ал врачтар боюнча да облустук прокуратурага арыз менен кайрылдым. Алар ачык эле кызмат абалынан пайдаланып жатышпайбы. Айпери мага «Нурлан текшерүүчүбүз. Жазып бербесем, отчётторумду албай кыйнайт» деп айтты. Минтип эки айдоочу тең кутулганы калышты. Ортодон балдарыбызды жоготуп биз гана күйүп жатабыз. Макул, ал айдоочу оорулуу экен. Анда ал кантип рулга отурду? Анда оорулууга айдоочулук күбөлүк бергендер да жаза тартышсын! Дагы эмне кылып жиберишет, билбейм. Сот системасына өтө нааразыбыз. Ошол күндөн бери баарыбызга Ошко улам келип-кетүү деле кыйын. Бир эже Чоң-Алайдан бери келет. «Мына, бүтөт» деп жатсак, эми ушундай сюрприз жасап жатышат. Айдоочулар врачтар, тергөөчүлөр менен сүйлөшүп, акча берип жатышабы, билбейм. Күнөөлүүлөр тиешелүү жаза алышсын, бизге моралдык да, материалдык да чыгым төлөшсүн. Алардын айынан адамдар каза болду, канчалаган үй-бүлө сыздап, көз жашын кургата албай жүргөндө күнөөлүүлөр жазадан кутулуп кетпеши керек.


Багыттама жазып берген Куршаб ооруканасынын Айпери аттуу психиатр врачына байланышканыбызда, ал «Бул окуя боюнча ич ара да иликтөө жүрүп жатат. Азырынча эч нерсе айта албайм» деп жооп берди.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(24)
15.05.2018. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Аллах баарын билуучу. Аллах жазасын берсин
15.05.2018. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-23
Моралдык да , материалдык да чыгым толошсун деп айтпай эле койбойбу. Адамдар олуп жатса акчанын эмне кереги бар. Бул акча учун чуркап жаткандай сезилди
17.05.2018. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
aman0296,соттор жакшы иштешсе бир эле сот отурумунда бутуруп жаап коймок да,туура эле жазган метериальдык чыгымын пусть толошсун ар сотко келип кеткен акчасын жолунун,бул туура эле соз эч кандай жаман жери жо.
15.05.2018. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Акыйкатсыздык кылгандар Аллах алдындагы жазасынан коркушсун
15.05.2018. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кырсык каш кабактын ортосунда, атайлап барып сузбосо керек. Бирок орулуу деп кагаз алып алганы чатак болуптур. Андан коро жабыркагандардан кечирим сураса болмок.
15.05.2018. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
dina,атайлап сузгон эмес. Жол эрежесин одоно бузган. Такси кылып айдагандан кийин айдоочуу акча иштоо эле эмес жургунчулордун омуруно да жоопкер болот
17.05.2018. 03:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
taalay25,ооба канча киши салса ошончо кишинин омурун оз мойнуна алып бара турган жерине чейин жеткирип коюш айдоочунун милдети да.
15.05.2018. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
dina,жабыркаган менен адам омуру кыйылганы экоо эки башка нерсе. Жабыркаган деген кырсыка кабылып бир нерсе болуп бирок аман калса жабыркаган деп айтылат. Бул жерде оор жоготуу, адам омурлору кыйылып атат сегиз адам бир эле авариядан. Тушунбодум логиканызга сегиз адам омурун алган кырсыктын себепкерлеринин бири кечирим суроо менен эле ишти бутуруп коеруна
16.05.2018. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кырсык каш кабактын ортосунда,Ош Бишкек жолу канча адамдын омурун алды,биз да Ош Бишкек жолунда кырсыкка кабылганбыз,бирок шугур эчким жаракат алган эмес машинаны эсепке албаганда,кээде айдоочунун деле колунан келбей калат экен чындыгында биздин унаа башкаруудан чыгып кеткен,,,Бирок бул жерде албетте 8адамдын омуру канчоосу жакындарын жоготуп сай соогу сыздап жаткандыр!Жаткан жери жайлуу болсун!!
16.05.2018. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ушу жинди боло калгандар,жаман тажаттыңар.... Кудай акыл-эс берип жараткандан кийин шүгүр кылбайсыңарбы?! Бирөөнүн баласын сүзүп кетип,эми дөөрүп каласыңарда. Кылмышты кылдыңбы жазасын тарт. Тарткың келбейби?! Ичпей айда,Жол эрежесин сакта,оолугуп айдаба. Ушу гаишниктер текшерип жатканда жинди деген справкасын кошо сурашса да,эгерде справка болсо списокко жазып,правасыны алып койсун. Эртең ушундай окуяларда жиндимин деп чыга келбеши үчүн. Жинди болсоң жиндиканада жат,көчөдө машина айдабай.Тообо,
17.05.2018. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
AykaMer,туура соз,жинди деген справкасы болсо эмнеге рольго отурат канча адамды омуру ошол жиндинин колунда болуп жатпайбы и жинди деген справкам бар деп жургон туугандарынан кошуналарынан уялбайбы ушундай болуп журуптур дегенден,таккыр бессовестный экен.
16.05.2018. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмнеге бизде сот процесстери айлап-жылдап созула берет?!! Эмнеге арадан 10 ай отсо да, автотехникалык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек?!! Эмне учун?!!

Бул соттук процессти создуктурган тергоочулорду, сотту, прокурорду, автотехникалык экспертиза кызматкерлерин, "жинди" деген маалымкат берген врач менен ага корсотмо берген Нурлан аттуу врачты, кубо катары отуп жаткан Хонда Одиссейдин айдоочусун да Негизги куноолуу Стэп Вагондун айдоочусуна кошуп жазалагыла, кылмыш ишин козгоп
fantomas түзөттү 2018-05-16 12:43:25
16.05.2018. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Нурлан фамилиясы ХХХХ. ХХХХХХХХ Ошону биринчи очередьде камаш керек. Мен колуман келбейт да, не десен да актанат. Связдары кучтуу.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-16 14:46:29
16.05.2018. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элементарно ошо Оштогу психбольницанын жетекчиси иш маалында ХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-16 14:47:15
16.05.2018. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неге берки айдоочуну кубо катары сурайт. Ал да каршы тилкеге чыгып сузуп атат го. Анан аралыкты сактабай айдаган экен
17.05.2018. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынын артынан журуп жап жаш жашоонун кызыгын корбой отуп кеткен баланын атасы ошолорду чукушунуз кк,соттор убакытты созуп аткандыгы учун,гаилерди что жинди экенин билип туруп права берген деп чын болсо жинди экени,и главный жинди денен справканы берип аткан врачтарды жумушунан омур бою бошотуш кк соттош кк,ата эненин коз жашына карабай куноолу кишини жаап жургондугу учун,
17.05.2018. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ким эле камалгысы келсин элим
18.05.2018. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр ушундай болуп калды адамды олтурот жинди канада 15 күн эптеп жатат анан аны жинди деп койо жиберишет
19.05.2018. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу ушул он рулдуу унааларды такыр еле трассага чыгарбай коюш керек болду да ....мындай кырсыктар балким азыраак болоор беле...кырсыктын себеби белгилуу еле болуп турбайбы степ каршы тилкеге чыкканда камаз келип сузгон ал еми одиссей каттуу ылдамдыкта баратып токтото алган емес .....
19.05.2018. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Стептер тим еле жанталашып айдашат бишкек ош жолунда мен 60 тан поворот алсам алар 80 100 менен поворот алышат...кырсык айтып келбейт бирок алдын алсак балким канчалаган жарандарыбыз минтип жан какшап азап чекпейт беле деген ой келетда....мамлекеттин алсыздыгы жонокой нерселерди чече албаганда ушунчалык ызаа болосун
19.05.2018. 07:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ээх, таксистке деле боорум ооруйт... ал деле билбеген да мындай кырсык болоорун. Лично мен бул адамды тааныбайм, бирок кудай сактасын эч кимдин башына тушпосун. 8 адамдын омуру кеткенине таксист да психикадан айтпаса деле жабыркаган чыгаар. Ал таксисттин уй булоосуно боорум ооруду. Бала чакасына... Откондордун омуру жалка. Жаткан жерлери жайлуу болсун. Он гулунун бири ачыла элек балдарда бар экен. Кандай гана окунучтуу...
20.05.2018. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
urmattuu el jurtum namaz okusak ozubuzgo jakshy okubasanar da gusul daaratty tuura algandy uironup sapar namazyn da uironup algylachy. Emi munu ar kim ar kandsi kabyl alat jok degenderaksiaster jolgo chygaarda sapar nanazyn okusabar ozunor uchun jurgunchulor uchun dz jakshy kozunorgo akcha gana korunup zuuldap aidabastan
20.05.2018. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
макаланын автору перизат музуратбекова сиз менен кантип байланышсак болот. жардамыныз абдан керек болуп жатат
20.05.2018. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
psihikalik jaktan oorugan adamd kantip mashina aidait akmak dese bizde mashinani obgon jasaim dep kop kishi olup kaldi
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо