№810 11-май -17-май, 2018-ж.

Алтынай Карыбекова, модель Бегимай Карыбекованын эжеси:
«АЙЫЛДАШТАРЫБЫЗ «НАРЫНБЕКТИН КЫЗДАРЫ» ДЕП БИЗ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНЫШЧУ»
Алтынай
Бегимай
БИР ТУУГАНДАР:

Алтынай Карыбекова –
1990-жылы туулган, IT-адиси
Эрназар Карыбеков
1992-жылы туулган, жеке ишкер
Нурай Карыбекова
1996-жылы туулган, студент
Бегимай Карыбекова
1998-жылы туулган, модель

Боюна өңү жарашкан модель Бегимай Карыбекова биздин гана эмес, бир нече чет өлкөнүн подиумунда басып, мода дүйнөсүндө ийгилик жаратып келет. Бегимай сулуунун бир тууган эжеси Алтынай да бойлуу, келишимдүү. Алар тууралуу кененирээк билүүнү каалагандар үчүн төмөнкү маекти сунуштайбыз.

– Алтынай, Бегимай, кандайсыңар? Бир туугандардын бала кези кайда өттү, кепти ушундан баштасак...
Алтынай:
– Саламатсыздарбы? Биз төртөөбүз тең Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылында туулуп, ошол жакта бала кезибиз өттү. Мектепти да ошол айылдан аяктадык. Баарыбыз борборго кетип, Бегимай менен чоң энемди айылга калтыргыбыз келбей, экөөнү жаныбызга көчүрүп келгенбиз. Чоң атам 2009-жылы каза болуп калган. Атабыз жалгыз эркек. Атам менен апам үйлөнгөндөн кийин борборго иштегени кетишиптир.Чоң эне, чоң атам төртөөбүзгө бирдей мээрим төгүп, туура тарбиялашты.

Бегимай: – Биздин үйүбүз мектептин жанында болчу. Мектептен келе жатсак самоорду кайнатып, ысык нанын даярдап алып экөө тең күтүп турушчу. Бир да жолу урушкандары эсибизде жок. Бизден “дүйнөдө эң биринчи кимди жакшы көрөсүңөр?” деп сурашса, төртөөбүз тең “чоң ата, чоң энебизди” деп жооп берсек керек.

– Кимиңер эмне менен алектенесиңер?

А.: – Мен кесибим боюнча IT-адисимин. Азыр Берлиндеги компаниялардын биринде иштейм. 2 аптага эс алууга келдим. Иним Эрназар кесиби боюнча бажы кызматкери, бирок учурда ишкерлик менен алектенүүдө. Нурай болсо КМКТАУнун дизайнерлик бөлүмүндө 4-курста окуйт.

Б.: – Нурай менин сынактарга кийчү кийимдеримди даярдоодо чоң жардам берет. Өзүңөр билгендей, мен моделмин. Учурда Орусиядагы моделдик агенттиктер менен иштешип жатам.

– Бир тууган Карыбековалардын үчөө тең келбеттүү экен. Кимдин гени, атаңардынбы же апаңардынбы?

Б.: – Төртөөбүздүн тең бойлорубуз узун, атабызга окшошпуз. Көптөр мени чоң энеме да окшоштурушат.

А.: – Мен 9-классымда облустук деңгээлдеги сулуулар сынагынын жеңүүчүсү болгом. Ошондо Бегимай “мен да ушундай сынактарга катышсам, жеңүүчү болсом” деп кыялданган. Үйдө куурчак театрын уюштуруп, ар кайсы жаныбардын үнүн туурап бизге спектакль коюп берчү. Бегимайдын актёрлук да шыгы бар. Чоң атам “көрөсүңөр, ушул кызымдан бирдеме чыгат. Жалгаса жаан, каргаса кар жаадырат” дей берчү. Жамгыр жаап жатканда ыйлап жатса “көрдүңөрбү, мен жаадырып жатам” деп сүйүнгөнү эсимде. Шаарга келгенине 1 апта болгондо “Алтынай эже, сулуулар сынагы болот экен, катышып көрөйүнбү?” деп кеңеш сурады. Жыйынтыгында Бегимай алдыңкы бештикке кирди. Ошондо уюштуруучулар Бегимайдын айылдык экенине такыр ишенишкен эмес. Ошол сынак сиңдиме күч, стимул берди.

– Мектепте кандай окудуңар?

Б.: – Алтынай эжем мектепте өтө жакшы окуп, артыкчылык аттестаты менен аяктаган. Биз деле жакшы окудук, бирок артыкчылык аттестатына жеткен жокпуз. 

– Шаарга келгенде кыйналган жоксуңарбы?

А.: – Мектептен орус, англис тилдерин жакшы окуп, кошумча курстарга барып тургандыктан борборго келгени тилден кыйналган жокпуз. Борбордогу гимназияны бүткөндөр менен тең эле окудук.

– Мүнөзүңөр окшошпу?

А.: – Кыздардын чечкиндүүсү Бегимай. Ошол эле учурда күйүмдүү. Кээде мендеги маселени колумдан жулуп алып чечкенге аракет кылат. 19 жашта экенине карабай көп нерсеге жетишти, ата-энебизге да жардам берет. Ушул курактагы айрым кыздар ата-энесине жардам бермек түгүл, өздөрүн камсыз кыла албай жүрүшөт.
Айылдаштарыбыз “Нарынбектин кыздары” деп биз менен сыймыктанышчу.

Б.: – Бир тууган болгондон кийин көп эле жактарыбыз окшош. Өң-келбетибиз да окшош болгондуктан туугандар адаштыра беришет.

– Бир туугандар ичинде деле бири-бирине жакындар болот, Бегимай, кимге жакынсың?

Б.: – Нурай эжем менен жаш айырмабыз аз болгондуктан бала кезде ага жакын болуп чоңойдум. Ал эми Алтынай эжем экөөбүздүн жашоого көз карашыбыз, принциптерибиз, кийимге табиттерибиз окшош. Кээде гардеробубуз да аралашып кетет. Эжекелериме бирдей эле арызданып, бирдей эле эркелейм. Эрназар байкем менен чоңойгондо жакын болуп кеттим.

 

– Бегимай, ачык кийинип түшкөн сүрөттөрүңдү баракчаңа жүктөп каласың, ата-энең, туугандар терс пикирлерин айтышпайбы?

Б.: – Кыргыздардын психологиясы азыр ачык кийингендерди кабыл алууга даяр эмес. Биздин кийген кийимибизге караганда аракетибиз, ишибиз маанилүү. Моделдик агенттиктер резюмеден кийин интернеттеги баракчаңа кирип карашат. Аларга кыргыз элинин комментарийлери эмес, образды канчалык ачып бергеним маанилүү.

А.: – Биздин өлкөдө модель десе эле башкача карашат. Модель деген актёр, ырчы, медик дегендей эле кесип. Бегимай ачык кийинсе да ыйманы менен жүрөт. Мисалы, биздин ийгилигибизге тууган-урук жардам бербейт. Бардыгына өз аракетибиз, алдыга койгон максатыбыз менен жетип жатабыз. Эң башкысы бизди ата-энебиз колдойт.

– Ата-энеңер эмне менен алектенет?

А.: – Атам убагында айылдагы клубдун башчысы, “Бек” деген топто ырчы болуп эмгектенген. 1995-жылдан тарта соода-сатыкка өтүп кетти. Апам болсо медициналык окуу жайды аяктаган, башында кесиби менен иштеп жүрүп, кийин ал да соодага өттү.

– Рахмат, маегиңерге.

 

"Биз чоң энебизден тарта заманбап ойлонобуз".
Бегимай апасы жана эжеси Алтынай менен. "Кандай иш кылбайлы бизди ата-энебиз колдоп турат",- дешет кыздар.


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(24)
15.05.2018. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсынар
15.05.2018. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Чындыгында баары келбеттуу, бойлуу, сымбаттуу кыздар. Учоон тен эн негизгиси бактылуу айымдардын катарын толуктагыла.
15.05.2018. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Учоотен окшошго
15.05.2018. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Мммда көп деле сулуу эмеско эл катары эле
15.05.2018. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чындыгында фигурасы мактанаарлык элек,бул дагы кудайдан берилген белек.
15.05.2018. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Молодцы)))Биздин айылдын сыймыгы)Бегимай Алтынай эже силерге ийгилик)
15.05.2018. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Адамдын сырткы корунушундогу биринчи сулуулук бой деп бекеринен айтылган эмес да.
15.05.2018. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Чынында Нарындын кыздарында кыргыздын нукура жузу, чыныгы сулуулугу катылган окшойт. Себеби коп улуттун аз жашаганында болсо керек. Мисалы: Ошто озбектер, Таласта казактар, турктор, Чуйдо ар улут дегендей. Нарындан башка улуттагыларды оной менен кезиктирбейсин. Бирин серин туристтерден башка. Илгертеден эле Ак Моор, Таттыбубу Турсунбаевалар да чыккан. Мен Чуйлук болсом да ушундай ойлойм.
15.05.2018. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Fortuna1987,Нарындык бирок мага окшоп бою кыска,тамакты тандап жебеген,учоонункундой он келбети деле кыйратып жок кыздарды асманга алып учуруп,тобобузду кокко жеткизип ийдиниз окшойт)))рахмат.
15.05.2018. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
k.anara,Нарындык окшойсуз да)))
16.05.2018. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Fortuna1987,))))
17.05.2018. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Fortuna1987,туура айтасыз Нарында чыныгы кыргыздар жашайт дегенге кошулам. Нарындык досторум Нарынга барганда жалан кыргызча суйлойбуз деп калышат.
15.05.2018. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Урматтуу айымдар жана мырзалар!!
15.05.2018. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
суроттору жокко же менин телефонум корсотпой жатабы эмне
15.05.2018. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сулуу кыздар экен
15.05.2018. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ах атангору.
15.05.2018. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Наарындык десе эле мактап жиберипсинерго башка областтарда деле сулуу кыздар бар атагы чыкпай эле журушот
16.05.2018. 07:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Shahrizaada,башка облусттагыларды чыгарып сиз деле мактай бериниз.Эч кандай тоскоол жок.
16.05.2018. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сулуу кыздар экен
16.05.2018. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынында Нарындыктар сулуу болушат
16.05.2018. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага Бегимай жакат бир караганда жагымдуу
17.05.2018. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биринчи жолу угуп коруп окуп жатам..тааныбайт экенмин
17.05.2018. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бөлүнгөндү койгулачыы э кыргыздар, кыздар айтып атат Нарынбектин кыздары деп сыймыктанышчу деп А Нарындык кыздар деп эмес,
Кичине эле жакшы жагыңар чыкса эле бөлүнө коёосуңарда э Кыргызымдын баардык кыздары сулуу келишет.
18.05.2018. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Учоо тен сулуу бирок Бегимай кобуроок сулуу мага ошондой корунду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо