Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖУМУРТКА ЖҮРӨКТҮН ИШТЕШИН ЖАКШЫРТАТ

№810 11-май -17-май, 2018-ж.

Жумуртка дасторконубуздагы эң белгилүү азык экени талашсыз. Антпегендечи? Даамдуу, арзан, тоюмдуу жана пайдалуу! Жумуртка кошуп түрдүү даамдарды даярдоого болот. Ал гана эмес айрым пикет, митинг учурларында пайдаланган жайыбыз да бар. Жумуртканын пайдасы тууралуу жакындан таанышып алалы.

ПАЙДАСЫ

Тооктун жумурткасы
Башка канаттуулардыкына караганда тооктун жумурткасында белок алда канча көп болгондуктан булчуңдарды чыңдоодо пайдалуу. Ошондой эле холестерин 2 эсе аз болуп саналат.

Бөдөнөнүн жумурткасы
Жумуртканын бул түрүнүн курамы В2 (рибофлавин), В1 витаминдерине, калий жана темирге бай. Аны пайдалануу менен дерматит, конъюнктивит ооруларынын алдын ала аласыз жана эс-тутумуңузду жакшыртасыз.

Өрдөктүн жумурткасы
Өрдөктүн 2 жумурткасында 7,8 микрограмм В12 витамини бар. Демек, өрдөктүн 2 жумурткасы сизди бир сутка бою гемоглобиндин түшүп кетүүсүнөн сактайт. Сарысынын курамында май көп болгондуктан, иммунитетти көтөрүүдө, салмак кошууда пайдаланууга болот.

Каздын жумурткасы
Каздын жумурткасы Омега-3 май кычкылына, антиоксиданттарга бай. Булар жүрөк кан тамырларынын иштешин жакшыртат. Ал эми курамындагы лютен эрте картаюунун алдын алат.




Үндүктүн жумурткасы
Үндүктүн жумурткасында цинк менен темир көп. Цинк урук чыктагыч безинин иштешин жакшыртса, темир организмге кычкылтектин жетишин камсыздайт.

 

 

  • Кабыгынын түсүнүн ак, саргыч же күрөң болушу тооктун породасына байланыштуу.Даамы жеген жеминен көз каранды.
  • Белогунда эч кандай май жана витаминдер жок. Бирок протеиндин көп бөлүгү дал ушул агында.
  • Курамындагы майдын жана витаминдердин дээрлик баары сарысында топтолгон.
  • Жумуртканын сарысы тооктун жеген жемине байланыштуу кызгылт сары, сары болот.


ФРИТТАТА

Керектелүүчү азыктар:
Пияз
– 1 баш
Гүлдүү капуста – 200 грамм
Шампиньон – 150 грамм
Сыр – 6 грамм
Жумуртка – 5 даана
Сарымсак – 1 тишче
Сүт – 50 миллилитр
Өсүмдүк майы – 4 аш кашык
Туз, мурч, калемпир –татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:
1. Жашылчалардын баарын жууп, тазалап алабыз. Пиязды жарым тегерек, шампиньонду, сарымсакты жука туурайбыз. Ал эми гүлдүү капустаны ажыратып алабыз.
2. Көмөч казанга 2 аш кашык май куюп, сарымсакты, пиязды, козу карынды жана гүлдүү капустаны салып, күчтүү отто 2-3 мүнөт кууруп алабыз. Андан соң капкагын жаап, 4-5 мүнөткө жай отто дымдап коёбуз.
3. Чоң идишке жумурткаларды чагып, сүттү жана сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды кошуп аралаштырабыз. Татымына жараша туз, мурч, калемпир кошобуз.
4. Эми муну дымдалып турган жашылчалардын үстүнө куюп, 3 мүнөт дагы дымдайбыз. Тамагыбыз даяр.


РУЛЕТ

Керектелүүчү азыктар:
Жумуртка
– 6 даана
Шпинат – 1 боо
Жумуртка – 3 даана
Сыр – 100 грамм
Сарымсак – 2 тишче
Быштак – 100 грамм
Каймак – 2 аш кашык
Өсүмдүк майы – 50 грамм
Туз, кара мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:
1. Шпинат, сарымсакты жууп-тазалап, майда туурайбыз. Буга быштак менен каймакты кошуп аралаштырабыз.
2. Жумуртканы чагып, үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды кошуп аябай аралаштырабыз. Татымына жараша туз, мурч кошобуз.
3. Көмөч казанга майдан куюп, ысыган кезде жумуртка менен сырдын аралашмасын куймактай кылып тегиз куюп бышырып алабыз.
4. Куймактын бетине шпинат, сарымсак, быштак жана каймак аралашмасын тегиз салып, оройбуз. Дасторконго койгонго чейин 1 сааттай муздаткычка салып коюңуз. Рулетибиз даяр!


ЭСКЕРТҮҮ! Чийки жумурткадан жасалган даамдарды жегенден абайлоо керек. Анткени сальмонеллёз бактериясы организмге кирип кетүү коркунучу бар.
Жумуртка 3 сааттын ичинде сиңгендиктен, жатарда жегенге болбойт. Жумурткага аллергиясы барларга болбойт.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(9)
15.05.2018. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы рецепттер экен)
15.05.2018. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жакшы көргөн тамак да жумуртка,канча болсо да отказ жок.
15.05.2018. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жумурткага аллергиям бар .Бирок тамагымы тыйбай жеп алам да.
15.05.2018. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чыныгы жумуртканы картип билерин "билесизби?", деп аттыңар элего Супер?
jemile түзөттү 2018-05-15 18:43:22
15.05.2018. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jemile, мен да ошондой окудумле)
15.05.2018. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jemile,ошо да
17.05.2018. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жумуртканы чийки ичиш керек
18.05.2018. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайдары эмес жумурткалардын деле пайдалуулугу барба
19.05.2018. 08:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чыныгы жумуртканы билиш оппоной. Тоок жумуртка коёру менен алып коюш (ыссыгы тарай электе). Хе хе тамашаа. Эми айылда жумуртканын баары натуральный. Тооктор коюп атышканда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо