№810 11-май -17-май, 2018-ж.
УКМК парламент депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиевдин жана анын жакындарынын мүлктөрүн камакка алды. Маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тастыктады. Шадиевдин 50 жана 100 пайыз ээлик кылган 10 ишканасы, Бишкек менен Чүй облусунда жайгашкан бир канча турак жайы, унаасы камакка алынганы жазылган. Ошондой эле 25 банктын аттары аталды. УКМК бул банктарда Шадиев жана анын үй-бүлөсүнүн банктык эсептери жана ячейкалары бар экенин, аларды камакка алуу керектигин же банктарга бул маалыматтарды тактоо тапшырылганын ачыктаган жок.
Ошентип Шадиевдер «Карвен 4 мезгил», «Боорсок плюс» өңдүү 10 компаниянын 33 пайыздан 100 пайызга чейинки үлүшүнө ээлик кылары ачыкка чыкты. "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
5
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |