Кайрат Примбердиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «МЕНИН БАГЫТЫМ ЕВРОПАГА БУРУЛДУ»

№810 11-май -17-май, 2018-ж.

Кайрат Примбердиевдин ырларын жакында Европа радиолорунан угуп каласыздар. Андан тышкары ырчы спорт менен машыгып жатканын, дагы далай кызыктарды айтып берди. Аптанын каарманы сиз менен.

– Сени мото, вело сүйүүчү деп уктум. Чынбы?
– Ооба, мотоцикл менен велосипед тебүүнү аябай жакшы көрөм. Шаар кыдырып калган учурларым да бар. Негизи мен улам эле жаңы нерселерде өзүмдү сынап көргүм келе берет.

– Кандай жаңылыктарың бар?
– Чыгармачылык жаатында англис тилинде ыр жаздырдым, Бельгияда бир лейблден жарык көрө турган болду. Келишим түзүлдү. Европалык чарттар бар, ошолордон алдыңкы орунду алса, анда ошол тарапка иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Клипти да Европага ылайыкташтырып тарттырам, клипти жактырса ага да келишим түзөбүз. Жеке жашоомдо болсо башым менен спортко кирип кеттим десем болот. Эрежесиз мушташ менен машыгып жатам. Спортко тартылгандан бери 15 жыл чеккен тамекини таштап салдым.

– Эркектерди азгырган нерселерге "иммунитетиң" барбы? Кумар оюндары, тамеки, ичимдик, сулуу кыздар...
– Кумар оюндарына азгырылбайт болушум керек. Анткени кичине кезде карта ойноп калсак мага фортуна жылмайчу эмес. Эч качан утчу эмесмин, ошон үчүн ойнобойм. Ичимдикке башынан жокмун, тамекини таштап жатам. Сулуу кыздарды болсо кээде карап коём (күлүп). Эркектердин баарынын эле сулууларга суктанууга акысы бар эмеспи. Бирок барып кыйшаңдап таанышып деген нерсе жок. Үй-бүлөмдү өтө жогору коём.

– «Голос» теледолбоорунан кийин КМШ өлкөлөрүнүн жылдызы болдуң. Сен өзгөрдүңбү?
– Чыгармачылыкка келгенден баштап аябай дүңгүрөп атымды чыгаргым келчү, аны кантип ишке ашырууну билчүмүн. Мисалы, кыргыз элине атың чыгышы үчүн кыргыз ырларын ырдаш керек болсо, КМШны дүңгүрөтүү үчүн жок дегенде орусча, англисче ырдаш керек. Чет тилдерди үйрөнүп, англисче ырларды жаттап үнүмдү таптап жүрдүм. Мээнет кылсаң акыры Кудай деле «тырмаңдап жатат, байкуш, берейинчи ушуга» дейт экен. Жеңишке болгон, өзүмө болгон ишеним пайда болду. Бактылуулук пайда болду, мурун бир нерсе жетпей жаткандай боло берчү. Материалдык жактан камсыз болуп калдым. Сынактан кийин ушундай өзгөрүүлөр болду.

– Дүйнөнү дүңгүрөтөм деген кыялың келдиби же бул башталышы элеби?
– Жок, азыркы жетишкендиктер мен кыялданган нерсенин туу чокусу эмес. Потенциалым ачыла элек, баары алдыда.

– Кайсы бир учурда чыгармачылыкты таштап кетем деген чечим болгонбу?
– 2006-жылы чыгып баштадым. «Сагынганда», «Апам үчүн» деген ырларымды эл жакшы кабыл алды. Кийинки жазган ырларым жакшы кабыл алынган жок. Ошондо көңүл калып, баарын таштап салдым. Анын ордуна жандуу ырдамай деген кызыкчылык пайда болгон. Тескерисинче, ошол тыныгуум жакшы болуптур, үнүмдү жакшы таптап алдым. Мурун өзүмдү бир нерсени аягына чыгара албайм, «слабохарактерныймын» деп ойлочумун. Кээ бир адамдар болот го, өзү менен өзү ичинен сүйлөшүп жүрө берген. Мен кичинемде ошондой болчу элем. «Тур, эмне жатасың, кыймылда» дей берип өзүмдү өжөр кылып коюпмун. Азыр ойлойм, билинбеген менен көк бет экенмин деп (күлүп).

– Ичиңден «Кайрат, сен мыктысың» деп көп айтып калдыңбы?
– Ар бир ырчынын жылдызы жанып, анан өчөт. Дуулдап эле сыйдын үстүндө жүрө бербейсиң, кайсы бир учурда бүтөт экенин билем. Мактоолор таасир берет, мен да пендемин да. Дардаңдап бара жатсам кырларымды түздөп турган келинчегим бар, досторум бар.Түздөп турган адамдарым бар экенине кубанам.

– Кесибиң боюнча электрик экенсиң, ток көп тартат деп уктум...
– Электрик кесибине сүйүп деле тапшырган эмесмин. Ошол убакта окууга өтүү кыйын болчу. Бир кесип болуп калсын деп тапшыргам. Кичинемден эле мага токтун өчү бар. Бир жолу микрофондон тартса болобу. Эриндерим жакын кармаганда, нымдуу да, катуу ток урса чочуп кетип сөгүнүп ийдим. Алдыда отурган бир-экөө угуп каткырып калышты. Ошол үчүн «кой, бул кесип мен үчүн эмес экен» деп электрик кесибин окуткан окуу жайды таштап салгам.

– Талантың атаңдан өткөнбү же апаңданбы?
– Атамды көрбөй калдым, "жакшы ырдачу" деп айылдаштары айтып калат. Гитара менен Виктор Цой, Владимир Высоцкийлердин ырларын ырдаганда айыл чогулуп алып угушчу экен. Апам жумуш кылып жүргөндө кыңылдап жүрө берчү. Мыкты ырдайт. Үндө вибрация деген нерсе бар, ошону апамдан үйрөнгөм. Үнүм апамдыкына окшоп кетет.

– Сынакта ырдап жатканыңда өңүңдү көрбөгөн адам орус улутундагы киши ырдап жатат деп ойлосо болчудай мыкты аткардың. Ушунча машыктыңбы?
– Мени сынактын катышуучулары, уюштуруучулары «киргиз с русской душой» деп коюшчу. Айылыбыз Иванно-Алексеевка деп аталчу, эки украин ага-ини негиздеген экен. Айылдын 70 пайызы орустар, украиндер болчу. Жаздын кечтеринде 3-4 орус кучакташып ырдап айылды кыдырышчу. Аябай сиңирип калсам керек.

– Уулуң Амирди «Пусть говорят» берүүсүнөн көрүп зээндүү бала экен деп калгам. Анын таланты байкалабы?
– Телеберүүдөн уулум чыкканы өзүмө да күтүүсүз сюрприз болду. Апамды сүйлөтөт деп ойлогом, анткени апамдын телефонун сурашкан эле. Карасам уулум, аябай толкунданып кеткем. Уулума көп көңүл бурганга аракет кылам. Кичинекейим да агасын аябай жакшы көрөт. «Амирге барабыз» деп сүйүнө берет. Таланты бар, спортко да кызыгып жүрөт.

– Бардык иштериңден жубайың кабардар болот экен, бул сени кысып жибергендей болбойбу?
– Тескерисинче, анын бул мүнөзү мага аябай жардам берет. Так, жоопкерчиликтүү, уюштуруучу, идеяга бай адам. Ооба, бардык ишимден кабардар, мен ага баарын айтып, кеңешип турам. Менин иштеримден негизи баары эле кабардар. Апама деле чалып «мындай кылып жатам, тигинткен жатам» деп айтып турам. Досторумдан деле жашырбайм. Өзүм аябай эле ачык мүнөзмүн. Жашыра турган эч нерсе жок деп ойлойм.

– Чет өлкөлөргө көп чыгып жүрөсүң, алардын шоу-бизнеси менен биздин шоу-бизнестин айырмачылыктары кандай?
– Ортодо асман менен жердей айырмачылыктар бар. Тапкан акчасына келсек эле алар биздин ырчыларга караганда көп табышат, ошондой эле көп акча салышат, сапаты мыкты клиптерди тартышат, үнүн мыкты жаздырышат. Биздин ырчылардын потенциалы, үнү алардыкынан мыкты деңгээлде. Каныбызда тартынчаактык, жөнөкөйлүк бар. Мен катышуучулардын арасынан эң уялчаагы, жөнөкөйү болчумун. Башкалар колунан эч нерсе келбесе деле мурдун укмуш көтөрүшөт, кыргыз десе эле кыйгач карап калышат. Бирок ошол жөнөкөйлүгүм калыстар тобуна аябай жагып калыптыр. Ошол үчүн ырчыларыбыз чет жакка көп чыкса такшалып, көзү кадимкидей ачылып калмак деп ойлойм.

– Маегиңе рахмат.


Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg


Кайрат Примбердиев: "Европага биринчи кадамдар башталды"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(17)
SUPER.KG видео
15.05.2018. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Азаматсын
15.05.2018. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Молодец, эч эле "Мен" деген жок экен, баардык адамда озгочолук бар. Ийгилик!
15.05.2018. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азаматсыз!Кыргыз элинин сыймыгы болуп журо бериниз ,албан-албан ийгиликтер
15.05.2018. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азамат,талантын оркундой берсин
15.05.2018. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ырчы деп ушуну айт
15.05.2018. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жонокойлугу , адамгерчилиги менен айырмаланып турат. Азаматсын
15.05.2018. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Мен Кайрат байкенин фанаты эмесмин,бирок эн эле соонун,эн эле мыкты,жан дуйносу кенири,карочи бир соз менен айтканда чёткий личность экен.Келечека карай сизге ЧОН-ЧОН ийгилик!!!
Ferdews түзөттү 2018-05-15 13:37:48
SUPER.KG видео
15.05.2018. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
алга тек алга
15.05.2018. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Чынын айтканда "Голоско" катышканда ишенген эмесмин дальше отот экенине. Бирок отборочный турдагы ырдаганын укканда тан калгам укмуш эле уну бар турбайбы деп. Анан до конца кордум го суйунуп козумо жаш алып. Мага жакканы токтоп калбай алдыга умтулуп изденип жатканы. Ийгилик каалайм!
15.05.2018. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Урматтуу айымдар жана мырзалар!!
15.05.2018. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
nursaliha, эмне эле бардык жерге ушул созду жазып жатасын?
15.05.2018. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Голос беруусундо конкуренция абдан чон. Дима Биланга рахмат Кайраттын талантын баалаганына.
SUPER.KG видео
15.05.2018. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оператордун аты бир тайлык го,үч адамдын атын бириктирип. Небересинин фамилиясын мугалимдер айта алышпай кыйналса керек. Оригиналдуу ат экен. Кайратка ийгилик.
15.05.2018. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
молодец жердеш спорттон да бир озунду сынап эби келсе результат корсот, Курал Чокоевдей эки кун залга барып учунчу куну чечинип гезитке чыга калбагын. ырчылардан Гулжигит Сатыбеков экоон эле болосун Кыргызстанга.
SUPER.KG видео
16.05.2018. 06:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын!
18.05.2018. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын. "Сагынганда" - деген ырына ооруп да жургом бир убакта. Азыр деле озумчо кынылдап ырдай берем ошол ырды.
20.05.2018. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Микрофондон ток тартканын окуп бир каткырып алдым го, ото жонокой мырза экен чынында
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо