10-майда борбордогу тойканалардын биринде орун алган ырчылар Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын үлпөт тою жаштардын сейилдөөсү менен башталды. Эки жаш бир нече унаанын коштоосунда Бишкектин четиндеги эс алуу жайлардын бирине достору, курбулары менен жөнөштү. Тоо коюнунда, шар аккан суунун боюнда жаштар сүрөткө түшүп, бийлешип, дасторкон үстүндө каалоо-тилектерин айтышты. Той кечкисин кандай уланды, сүрөттөр баяндайт.
Эки жашты ээрчитип Гүлзат Байзакова «Жар-жар» ыры менен залга кирип келгенде көпчүлүк тура калып кол чаап тосуп алды.
Канча жылдан бери ак жоолугун белендеп «балам, качан үйлөнөсүң?» деп келген Нурландын апасы келининин башына жоолук салды.
ЗАГС кызматкери өз вазыйпасын аткарып, эки жашка нике күбөлүгүн тапшырды. Эки жаш эми нике шакектери менен бири-бирин менчиктеп алышты. Салтка ылайык, нике шакектерди өкүл ата менен өкүл эне Урмат Усенов менен Неля белекке беришиптир.
Тойду эки жаштын ата-энелери сүйлөп ачып берди. Ата-энелерге кошулуп өкүл ата менен өкүл эне да чыкты.
Сүйүшкөндөр атайын бий даярдашыптыр. Нурландын аткаруусундагы «Көпөлөгүм» деген ырга туман арасында каалгый бийлегендерди суктанып карап отурдук. Бий соңунда атылган фейерверктер эки жаштын көздөрүнөн чачыраган сүйүү учкундарындай эле болду.
Жети кабаттуу тортту алгач тойдун күнөөкөрлөрү өздөрү ооз тийишип, кийин конокторго таратылды.
Колуктунун курбулары көгүш түстөгү окшош көйнөк кийишиптир. Асел ыргыткан гүлдү көгүш көйнөкчөндөрдүн бири тосуп алды.
Нурлан менен Аселдин кесиптештери эки жашты ар тараптан колдоого алып, оюндарга да активдүү катышып отурушту.
Ыр-күлкүгө, оюнга, бийге бай, куттуктоо сөзү аз той көпчүлүккө абдан жакты. Конверттер өзүнчө, каалоо-тилектер жазылган кагаздар өзүнчө кутуларга салынып жатты. Каалоо-тилектер жазылган кутудагы кагаздарды жаш жубайлар сууруп чыгып, ээлерине белектер тапшырылды.
Тамадалык тизгинге Эркин Рыскулбеков менен Кубат Кубанычбеков ээлик кылышты. Тойго шоу-бизнес өкүлдөрүнүн 90 пайызы келди десек да болот. Алар эки жашка каалоо-тилектерин айтуу менен ыр десте да сунушту.
Той ээлери, Нурландын ата-энеси Насипбек ага менен Тамара эже 600дөй адамга дасторконун жайып, бата алышты. Алар келгендерге ыраазычылык билдирүү менен соңуна чыгарышты.
Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg
Корбой койсон кутуласын.