Азимбек Бекназаров, экс-башкы прокурор: «РЫСБЕК ӨЛӨР АЛДЫНДА МАГА ЖОЛУГУУГА АРАКЕТ КЫЛДЫ»

№811 18-май -24-май, 2018-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)

4 жыл издөөдө жүргөн Рысбек Акматбаев 2005-жылы ошондогу башкы прокурор Азимбек Бекназаровго келип жолукканы белгилүү. Экөөнүн ортосунда кандай сөздөр болгону тууралуу коомдук ишмер Азимбек Бекназаров айтып берди:


– 2005-жылы мен башкы прокурор болуп турганда Рысбек Акматбаев мага «Өз ыктыярым менен келип колго түшүп берейин. Бир суранычым бар, бөгөт коюу чарасын өзгөртүп, мени издөөдөн алып, камакка албай, үй камагына чыгаргыла» деп телефон чалды. Ага чейин Топчубек Тургуналиевди жана башка депутаттарды ортого салып жүргөн болчу. Анан ал мага келип, сүйлөштүк. Мен «Сен өзүң криминал болсоң, «кызылдарга» өз ыктыярың менен келгениң «каралардын» мыйзамы боюнча «западло» болуп эсептелинет да, сени жазалашат «каралар». Сен «кызылдар» менен кызматташканың үчүн «положенец» болбой каласың да» дедим. Анан ал баласы тууралуу айтты. Баласын үйүндө плафонго илип өлтүрүп кетишкенби же балкондон ыргытып салышканбы?..
«Баламды өлтүрүп кетишти. Мен качып, издөөдө жүрүп, уулумду көмө алган жокмун. Аялым да өлдү. Аларга куран окута алган жокмун. Өзүм 5 маал намаз окуйм. Балам, аялым үчүн куран окута албасам, мага жашап эмне кереги бар? Ошондуктан тергөө менен кызматташам, эч жакка качып кетпейм. Эгер күнөөм болсо, аны моюнум менен тартам, колго түшүп берем» деди. Баласын айтканда мен ойлонуп калдым. Макул болуп, тергөөчүлөргө, орун басарыма жибердим. Анан жактоочулары менен келип, көрсөтмө берди. Прокуратура бөгөт коюу чарасын өзгөртүп, ишти ИИМге өткөрүп берген, ИИМ тергеди. Менин убагымда анын иши сотко өткөн. Кийин мен прокуратурадан кетип, депутат болуп калган убакта ал Максимге (ред.: Бакиев) өтүп албадыбы. Анан Бакиевдер өздөрү кийлигишип Биринчи Май райондук сотунан актоо өкүмүн чыгартышкан. Анткени аны депутат кылып, депутаттарга каршы пайдаланабыз дешкен.

«БИЙЛИК «КАРАЛАРДЫ» ПАЙДАЛАНЫП ТУРУП, АНАН КӨЗДӨРҮН ТАЗАЛАГАН»
– Албетте, Рысбек Акматбаевдин күнөөсү болгон. «Каралардын аталары» болгондон кийин күнөөсү болот да. Ансыз Кыргызстанда кыбыр эткен иш болбойт. Тергөө канчалык аны далилдеди, мен билбейм. Ишин окуган жокмун, тергөөчү болгон жокмун, үстүнөн жалпы жетекчилик кылдым. Мени Бакиевдер 5 айга жетпей башкы прокурорлуктан кетиришти. Көп иштерди «сындырабыз» деп мени кызматтан алышкан. Анткени Аксы окуясы боюнча президенттин өзүн, Курманбек Бакиевди суракка алып жатканбыз. Кийин парламенттин коррупцияга каршы атайын комиссиясынын төрагасы болуп дайындалып, коомдук көзөмөлдө турган олуттуу иштерди мен контролдоп калдым. Акматбаевге карата актоо өкүмү чыкканда шаардын прокурору Учкун Каримовду чакырып, «Эмнеге ал кишилерди актатып жатасыңар? Туура эмес болуп жатат. Эмне себептен сунуштама жазбайсыңар?» десем, алар шаардык сотко сунуштама жазышкан. Бирок шаардык сот Рысбектин ишин карабай калды. Өзүн өлтүрүп коюп, иш кыскартылып кетти.
Ал убакта баары ачыкка чыгып, мунун баары чоң саясатка айланып калган. Иниси Тынычбектин өлүмүн Батукаев менен Куловдон көрүп, Рысбек ачык чакырык жасап, Ак үйдүн алдына митингге чыгып, "Куловду жок кылам" деп кыйкырган. Аны президент чыгып тынчтандырган. Бул жерден Рысбектин Бакиевдер менен иш кылып жатканы ачыкка чыгып калган. Коомчулукта аны «бийликтин буюртмасын аткарып жатат» деген ой пайда болду. Ошондо парламенттеги Рысбекти колдоп жүргөн бир топ депутат досторуна жолукканда «Эмнеге Максимдердин ишин кылат? Кой дебейсиңерби. Бийлик ар дайым ошондой «караларды» пайдаланып туруп, анан алардын көзүн тазалайт. Ушул бийлик эле тазалайт Рысбекти» деп айтчумун. Кийин ошондой эле болду.

«РЫСБЕК МЕНЕН ЖОЛУКПАЙ КОЙГОНУМА АЗЫР ДА ӨКҮНӨМ»
– 2005-жылдын аягында, мен депутат болордун алдында мага Мирлан Коноев Алматыдан чалып, «Бакиевдер Казакстандан киллер жалдашты. Жакында сизди атып өлтүрөт. Бишкектен чыгып кетиңиз. Муну сизге айтып коюшумду мага Рысбек байкем тапшырды» деди. Мени өлтүрүүнү Рысбекке тапшырганда ал баш тарткан экен. Ал убакта апам ооруп, Аксыга жөнөп жаткам. Мен баргандан 3 күндөн кийин апам каза болуп калды, Аксыда 20 күндөй жатып калдым. Шайлоого да катышып, Бишкекке кеч келдим. Кол салуу болгон жок.
Рысбек өлөрүнүн алдында дагы өзүнүн жердештери – менин курсташтарым аркылуу мага жолугууга аракет кылды. «Мен "каралар" менен кызматташпайм» деп жолукпай койгом. Ал убакта депутат болчумун. Рысбек өлгөндөн кийин иш сапар менен Көлдө жүрсөк, Коноевдердин атасы 50дөй аксакалдар менен келди. Исхак Масалиев, Топчубек Тургуналиевдер жана башка депутаттар менен чыгып жолуктук. «Рысбектин туугандарына кол салуулар болуп жатат. Арызданганы келдик» дешти. Ошондо атасы мени четке алып чыгып, «Рысбек сизге тапшыр деп маанилүү документтерди берген. Аларды сизге качан берели? Документтер Бишкекте. Азыр биз үйдөн чыга албай калдык. Бишкекке чыккан жолдон өлтүрүп кетишет» деди. Тилекке каршы, ал документтерди ала албай калдым. Кийин жакындарынын бир тобун чын эле өлтүрүп коюшту. Азыркыга чейин Рысбек менен жолукпай койгонума өкүнүп жүрөм. Балким, айта турган сөздөрү бар беле?..

«ЖОЛДОШУМДУ ӨЛТҮРГӨНДӨРДҮ КУДАЙГА КОЙДУМ»
Рысбек Акматбаев ИИМдин Кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси Чыныбек Алиевдин өлүмүнө да айыпталган.
2004-жылдын январь айына чейин Ош ШИИБин жетектеп турган Чыныбек Алиев ИИМдин Кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалат да, ага буюртма киши өлтүрүүлөрдүн бетин ачуу тапшырмасы берилет. Бирок 2004-жылдын 5-майында Чыныбек Алиевди өлтүрүп кетишет. Бул кылмышка шектелип Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Эркин Мамбеталиев кармалат. Ал эми Рысбек Акматбаев "Алиевди өлтүрүүгө буюртма берген" деп айыпталып, ага издөө жарыяланат. Эркин Мамбеталиев сот тарабынан Алиевдин өлүмүнө күнөөлүү деп табылып, эркиндигинен ажыратылып, 2005-жылдагы Март революциясынан кийин акталып чыгат.
2006-жылы Эркин Мамбеталиев «8 адамдын өлүмүнө тиешеси бар» деп айыпталып кайра кармалат. Сотто анын 3 кишини: Чыныбек Алиевди, Жыргалбек Сурабалдиевди жана уюшкан кылмыш тобунун жетекчиси Таалайбек Абасовду өлтүргөнү далилденет. Жыйынтыгында иш Жогорку Сотко чейин жетип, Эркин Мамбеталиев 2008-жылы өмүр бою эркинен ажыратылат. 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин сот «жаңы ачылган жагдайларга» байланыштуу бул ишти кайрадан карайт. Бул сапар Жогорку Сот "Эркин Мамбеталиевдин Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмүнө тиешеси жок" деп таап, ал башка кылмыштары үчүн 15 жылга эркинен ажыратылат. Бирок жаза мөөнөтү мунапыс менен кыскартылып, эркиндикке чыккан. Бул окуя тууралуу оюн сурап Чыныбек Алиевдин жубайына кайрылганыбызда, ал «Биз көрбөгөндү көрдүк. Жолдошумду өлтүргөнгө тиешеси барларды Кудайга койдук. Мындан башка жооп бере албайм» деди.

«УУЛУМДУ ЖАНЫШ БАКИЕВ ӨЛТҮРТТҮ»
Рысбек Акматбаевдин атасы Абдымалик аксакал учурда 82 жашта. Ал уулун төмөнкүчө эскерди:
– Уулдарым Рысбек менен Тынычбек биздин да, чоң ата-чоң энесинин да колунда жүрүп чоңоюшту. Рысбек кичинесинде апасына «атама айтыңызчы, мага штанга алып берсин» деп айтыптыр. Көрсө, бизден 55 чакырым алыстыктагы Ананьево айылындагы бир дүкөндө штанга сатылчу экен. Анда мен гаражда башкы инженер болуп иштечүмүн, макул деп бир айдоочуну кошуп жөнөтүп жибергем. Айдоочу дүкөндөн алыс токтотуп койгон экен, уулум оор штанганы өзү көтөрүп ташыптыр. Алып келгенден кийин штанганы орнотуп, груша илип алып, Тынычбек экөө машыгып жүрүштү.
Окуусун аяктап келгенден кийин Чолпон-Атада, Кара-Ой айылында бокс боюнча машыктыруучу болуп иштеп жүрдү. Милицияда иштөөгө чакырган экен, барбай коюптур.
1988-жылы машыгуудан чыккан соң бир пансионатка барып суу сатып алуу үчүн 25 рубль сунушса, милиция кызматкерлери акча талап кылышкан деп кармап кетишиптир. Ошентип ак жеринен 4 жылга кесилип кетти. Ар кайсы түрмөлөрдө көрбөгөн кордукту көрүп, аман-эсен кайтып келди. Уулум менен чогуу отурган бир азербайжан жигит келген, ошол «Рысбек "мусулмандар качан эле карагай кыркып иштечү эле?" деп түрмөдөгү мусулмандарды иштетпей койгон» деп айтып берген.
Анан эле Рысбек менен Тынычбек Фрунзеге барып ишкерлик менен алектене башташты. Рысбек «Манас» аэропортунун жанынан 20 гектар жер алып кызылча айдап, Тынычбек Алматыдан товар ташып, Германиядан машина ташып бутуна туруп кетишти. Кийинчерээк асыл тукум жылкылар менен алектене башташты. Рысбек Англиядан күлүктөрдү алып келди. Ошол күлүктөрү жарыштарга чыгып, жумасына 2ден унаа утуп турушту.
Жаныш Бакиев эле Рысбекти өлтүрттү деп ойлойбуз. Себеби Жаныштын баңгизаты менен алектенип жүргөнүн билип, Рысбек ага «башка тапканыңар деле жетишет да. Баарын тоноп жатасыңар, баңгизаты менен алектенбей эле койбойсуңбу» дептир. Ошондон кийин эле ал Рысбекке өчөшүп туруп алды. Ак үйдө, УКМКда иштеген тааныштары Рысбекке «Кыргызстандан чыгып эле кетчи» деп айтышса, уулум көнбөй коюптур. Рысбекти атып кеткенден кийин эле Феликс Кулов «Жаныш жакшы иштейт экен. Ага генерал бериш керек» деп чыкпадыбы...
Рысбегимдин артында 3 уул, 2 кызы калды. Улуу кызы Ошко турмушка чыккан, экинчи кызы менен 2 уулу Канадада окуп жүрүшөт. Бир уулу прокуратурада иштечү, азыр Бишкекте юрист болуп иштеп жатат. Уулдарынын баары өзүнө окшош.


Нурбек Абдыкадыров,
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(25)
22.05.2018. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Башкы прокурор болуп иштеген киши каралар кызылдар деп айтканы өзү кайсы чөйрөдөн экендигин далилдейт. Өлөрчө актаныптып канчасы чын канчасы калп бул сөздөрдүн. Баарын Бакиевге жүктөп салыптыр күнөөнү. Атамбаевдин жан сакчысы өлтүрсө АША кантип илешпей калган. 3 кишини өлтүргөн кишини бийликке келгенде мунапыс берип бошоткону эмнеси? Акыйкат жок бизде. 1 жылга жетпей өлөт деген Батукаев дале тирүү сопсоо жүрөт. Эмнеге аны коштоп чыгарып жибергендер жазаланбайт?
22.05.2018. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Негизи эле ушул Бекназаровго ишенбейм эмнегедир....
23.05.2018. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Pchelka85,мен дагы. Күн тийген жердин күкүгү деп коёт мындай кишилерди.Колунан келип турган,колунда бийлик,байлыгы бар адамдардын көзүн карап,сөзүн сүйлөйт дайыма
22.05.2018. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бир Рысбек аганын артынан уй булоосундо канча адам каза болгон! Окунучтуу(( Аялы эмне болуп каза болгон экен?
22.05.2018. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Акыйкат жок да бизде, ММК алар калп эле сүйлөй беришет. Криминалдар айткан сөзүнө жооп беришет. Бийликтегилер ге караганда.
22.05.2018. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Баары оз жазасын алат. Рысбектин бейкуноо канча жакын адамдары олуп кетти. Озун да жок кылып тынчышты. Былык иш чыкканча бир адамды олтуруу менен оной кутулуптур бийлик.
Кээ бир маалматтарда Рысбек тируу болгондо Ош окуясы болмок эмес дешет. Мейли "кара" болсун "кызыл" болсун, балким тируу болсо миндеген адамдар тируу калмак деген ой пайда болбой койбойт.
dobrajelatel түзөттү 2018-05-22 11:50:02
22.05.2018. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Алла рахматына алсын. Артында калгандар ар дегени айта берет,бирөө билип айтса бирөө билбей айтат. Баардык нерседен Алла кабардар.
22.05.2018. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ар демени
22.05.2018. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Казактардын Рэкетир деген киносун коргонсунорбу? Ошол Руслан-Рысбек, Саян-Мирлан, Аман-Нурлан жана дагы Адис, Кычан, Эркиндер бар. Коендой окшош история
22.05.2018. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эми Баяман же Анапияев жонундо жазгылачы
22.05.2018. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Робин Гуд же Рысбек деп кино тартса дерский кино чыгат рекетрдей эле болот мыкты режисер тартса
22.05.2018. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бекназаровду Рысбек Тоо ашууда кармап алып колун сындырып 300 000 $ га сындырган деп журушподу беле.
22.05.2018. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Анапияев да Кыргызга куйгон инсан беле?
22.05.2018. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бекназаров эмне ал XXXX да
Модератор admin_media түзөттү 2018-05-23 09:54:17
22.05.2018. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баяман жонундо да жазгылачы
22.05.2018. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мыкты киши болчу рысбек байке жаткан жери жайлуу болсун Баяман эркинбаев жонундо да маалымат бергилечи админ
22.05.2018. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бандит эле болчу. Бакиевдер Атамбаевдер дос эмес беле. Ушулар эле олтуртуп койду го.
23.05.2018. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баяманды жазгыла кутобуз
23.05.2018. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы адамдар бар учун, жаман адамдар жыргап жашайт!
23.05.2018. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tyty1990, Drift, Paprikafm, саламатсыздарбы! Сунуштарыңыздарга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
23.05.2018. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бандиттердин болгону да жакшы.Кооп кеткен жегичтерди тыйып турат кичине болсо дагы.
24.05.2018. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ак уй ак уй эмес эле ....кандуу уй болгону калды го.......
25.05.2018. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эмнегедир журогумдун тупкурундо, Рысбек байке тируу деген сезим жашап келет.
03.02.2021. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бекназаров култундап.начар киши.козу эле коп нерсени айтып турат.10- узбек кыргыз урушунда журналис кыздардын олуму чынбы деп сураса жалган,ушак деп култундап танып койгон.Эртеси эл ошол журналист Дуйшобаевден ошол суроосун бергенде,калп олум болгон жок дей албай азырынча айта албайм так малымат жок деп тайсалдап койгон.Кустурмайга ушул кишини деле кустуруп койсо болот.Бул киши деле таза эмес болуш керек...
06.02.2021. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бети жок киши да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо