БИР БҮРКҮМ. ОКУУ ЖЫЛЫНЫН БАШТАЛЫШЫ 10-СЕНТЯБРГА ЖЫЛАБЫ?

№811 18-май -24-май, 2018-ж.

  • Укук коргоочу ЧОЛПОН ЖАКУПОВАнын экс-президент Алмазбек Атамбаевге соттон утулган доосун төлөө үчүн Ысык-Көлдөгү коттеджинин сатыкка коюлушун Жогорку Сот "кайра каралсын" деп артка кайтарды.
  • «Учурда КАМАКТА ОТУРГАН саясатчыларга карата эң туура чечим – президенттин ырайым кылуусу». Бул пикирди Бишкекте өткөн форумда экс-премьер Феликс Кулов билдирди.
  • ОКУУ ЖЫЛЫНЫН башталышы 1-сентябрдан 10-сентябрга жылдырылышы мүмкүн. Бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.
  • Белгилүү спортчу КАНАТБЕК БЕГАЛИЕВ Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти, Ош аэропортунун милициясынын мурдагы жетекчиси Жалил Атамбаев вице-президенти болуп дайындалды.
  • Аида Салянованын ордуна ГҮЛНАРА-КЛАРА САМАТ парламентке депутат болуп, 17-майда ант берди.
  • Өлкөгө алынып келинген автоунааларды КАТТОО МӨӨНӨТҮН 5 күндөн 10 күнгө узартуу сунушталууда. Тийиштүү мыйзам долбоорун парламент комитети 3-окууда жактырды.
  • Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл 62 МИҢ ОКУУЧУ мектепти аяктайт.
  • Футбол боюнча ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУ учурунда Орусияда мигранттардын каттоого туруу мөөнөтү 1 күндөн 3 күнгө узартылды.
  • 16-майда «200 миң доллар пара алган» деп шектелип кармалган Башкы прокуратуранын Мамлекеттик айыптоолорду колдоо жана соттогу өкүлчүлүгү боюнча башкармалыгынын жетекчиси УЛАН ЧАЛБАЕВдин ордуна КУМАРБЕК ТОКТАКУНОВ дайындалды.
  • Кыргыз өлкөсүнүн 8 жараны Түркияда СОЙКУЛУККА АЙЫПТАЛЫП, өлкөдөн чыгарылды.
  • Энелер күнүнө карата жети жана андан көп баланы тарбиялап өстүргөн 1354 аял «БААТЫР ЭНЕ» ордени, алты баланы толук тарбиялаган 454 аял «ЭНЕ ДАҢКЫ» медалы менен сыйланды.


Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо