Каныкей, ырчы: «ӨЗҮМДҮ НӨЛДӨН БАШТАП ЖАСАДЫМ»

№811 18-май -24-май, 2018-ж.

– Каныкей, жаңылыктарың менен бөлүшө кетсең...
– Жакшы жаңылыгым – Кыргыз улуттук консерваториясын бүтүрдүм. Үч дипломдун ээси болдум. Окуу да оңой болгон жок. Анткени үй-бүлө, чыгармачылык деп жатып көп убакыт бөлө албай жүрдүм. Гастроль деп жүрдүм, кийин турмушка чыктым, балалуу болдум. Бирок бул жылы «өл-тирил, бүтүрөм» дедим. Кээде чарчап "барбай эле койсомбу" десем, күйөөм дайым «бар» деп көндүрчү. Анын колдоосунан улам бүтүп алдым деп ойлойм. Сыймыктанып жатам, музыкалык билимимди тереңдетип, профессорлукка чейин жетким келет. Эмнеге болбосун, менимче, болот. Бул менин кыялым, кыялдарыма жетем деп ойлойм.

– Өзгөрүлүпсүң, болгону мурунку Каныкей менен азыркы алдымда отурган Каныкейдин айырмасын түшүнө албай жаткандаймын.
– Ал жылдары мен максималист болчумун. Эми элестетиңиз, Токмоктон келген жаш студент кыздын «мени каалагандай кылып өзгөрткүлө» деп макул болгонун. Азыр андай кыла албасам керек.Көп жолу ойлонуп туруп жооп бермекмин. Амбиция, жаштык, кызуу кандуулук... А турмушка чыкканда кааласаң да, каалабасаң да өзгөрөт экенсиң. Анткени сен эле эмессиң, күйөө бар, балаң бар, кайын журтуң бар. Биздин кыргыздын менталитетинин да таасири бар. Жаш кезде эч бир рамкага сыйбайм деп ойлойсуң. Ошол эле учурда өзүңө катуу чектөө да койбош керек. Эл эмне кылса ошону кылган менин табиятым эмес, менин өзгөчө дүйнөм бар.

– Күчтүү аялсыңбы?
– Курчтугумду, лидерлигимди мен чыгармачылыгыма, кайсы бир максатыма жетүү үчүн, өзүмдү өстүрүү үчүн колдоном. Бирок үй-бүлөдө анте албайсың. Кудайга шүгүр, үй-бүлөдө күйөөм экөөбүз баарын кеңешип чечебиз. Сырттан баккан адамга баары идеалдуу көрүнүшү мүмкүн. Жашоо андай эмес. Андай болсо бейиште жашабайт белек.

– Жаш кезиңде жылдыз болдуң. Акыл токтото элек маалда шоу-бизнесте өзүңдү кантип коргой алдың?
– Мындай сөз бар эмеспи. «Ачуунун даамын билбеген таттуунун даамын көтөрө албайт» деген. Ачуунун даамын көп татканым үчүн мен азгырыктын баарына туруштук бере алдым деп ойлойм. Эч бирин көрбөсөм, балким, азгырылмакмын. Ата-энем окушкан эмес, кичинемден алар окубаган соң мен окуйм дечүмүн. Башында бардыгы болгондо билимдин да, атактуулуктун да баркын билмек эместирмин. Ошол үчүн мен өзүмдү нөлдөн баштап жасадым деп айта алам. Албетте, жакшы устаттарымдын жардамы менен.

– Тагдырыңды бурган бурулуш болбогондо, продюсериң Мамасадык Багышевге жолукпаганыңда жашооң азыр кандай болмок деп ойлойсуң?
– Тагдырга ишенем. Ушул нерсе маңдайыма жазылган деп ойлойм. Бир эле продюсерим эмес, жолдошум да тагдырыма бурулуш жасады. Мамасадык болбосо андан да күчтүү продюсерге жолукмакмын. Балким деген нерсе жок, дал ушундай болмок деп ишенем. Мен өз мезгилинде керектүү адамдарга жолуктум.

– Ата-энеңден кандай тарбия алсаң, ошондой тарбия бересиң дешет. Балдарыңа кандай тарбия берсем дейсиң?
– Уулум азыр кичине. Катаал полиция кызматкери же жакшы полиция кызматкери деген оюн бар го. Атасы жакшы, мен катаал. Мен бир аз катуураак кармайм. Мага жакшы тарбия беришкен деп ойлойм. Кичинемде катуураак кармаса да, өспүрүм курагымда апам бардыгына уруксат берчү, анткени мага ишенчү. Балага ишенүү керек. Мен жулунган кыз болчумун, апам эркиндигимди чектесе мен өспөй калмакмын. Ошон үчүн кийин мага толук эркиндик жана ишеним берди. Апам менен аябай сырдашчумун. Мисалы, "апа, мен муну сүйүп калдым" деп айта алчумун. Атам каза болуп калган да, ошон үчүн өзүмдү эрке жетиммин десем болот. Кичине кезимде катуу кармап, кийин эркиндик берген апам азыр менин бүт оокатымды жасайт, жардам берет. «Апа, 99 жашка чейин жашаңызчы, мага ким жардам берет же эже-сиңдим болбосо?» дейм. Апам көпкө жашаса экен деп тилейм.

– «Шоу-бизнес – пафос, жалтыр-жултур, жасалмалуулук» деген экенсиң мурун, азыр деле ошол ойдосуңбу?
– Жакшы инсандарды кезиктирдим. Жүрөгүм каалаган, сыйлаган адамдарым менен жолугуп, жакшылыктарына күбө болом, урматтайм.

– Алтын дооруң болуп турган учур продюсериң менен иштешкен кездериң экен. Акыркы учурларда андай ырларыңа күбө боло албадык. Эмнеден деп ойлойсуң?
– Үй-бүлөмдү түптөп жатам. Бала күтүп жатам. Бардыгын четке жылдырып коюп, "мыкты ыр жаздырат элем" деп кеткеним да туура болбой калат. Бирок ырларым бар, жүрөгүмдө. Убактым жетпей жатат. Мамасадык жан дүйнөсү менен иштечү, балким, ошондондур. Бир альбом ошондо чыкты, кийин өзүм бир альбом чыгардым.

– Аялга эмне керек деп ойлойсуң?
– Аялга мээ керек. Ошон үчүн билим алышы керек. Билимдүү болсо эч кимдин көзүн карабайт. Билим алгандан кийин бири карьера жасасын, бири үй-бүлөсүн түптөсүн. Адамдарды чектебеш керек. 50 жашымда деле ырдай берем, бирок азыр жаш кезимде үй-бүлөмдү түптөп алышым керек. Жаш кезимде төрөп алышым керек.

– Бардык чечимиңди туура деп ойлойсуңбу же шектенүү болгон учурларың болгонбу?
– Жылдыз белгим тараза болгон үчүн чечим чыгарып жатканда жети өлчөп, бир кесем. Андыктан ар дайым туура чечим кабыл алганга аракет кылам.


Нуржамал Жийдебаева
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  14 
Комментарийлер(15)
22.05.2018. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азамат
22.05.2018. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-31
Кулкун келет да нолдон баштап жасадым дегенине, жыгачтан же темирден жасаган устадай.
23.05.2018. 06:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
bond02,озун озу жазаган деген выражениени уккан жок белен? Кобунчо ийгиликке оз кучу менен жеткен адамдар жонундо айтылат. Англисчеси self-made millionaire болот, озун озу жазаган миллионер. Кругозорду остуруу керек
23.05.2018. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
bond02, эн кыйыны адам учун озун озу тарбиялаш! Эрки кучтуулор гана озун озгортуп, жашоосун башка нукка, озу каалаган жолго сала алат!
22.05.2018. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
мен да таразамын бирок чечимди ойлонуп чыгаралбайм шашып кетем.
22.05.2018. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Siren.ms, менда
22.05.2018. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куруу чака катуу кылдырайт болбой,результат коргозгулочу))Дуйнолук денгээлдеги ,легандарлуу ырчы болушунузду каалайбыз!
22.05.2018. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Каныкей эженин ырлары аябай сонун чыгат,мындай карап текстин окуганда тушунуксуз бирок чыныгы таланттын ээси болгондугунуз учун да жонокой саптарды журокко жеткире аткараттырсыз!!Ийигилик
22.05.2018. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Азамат узуун кийинген жакты. Үй булоосун биринчи орунга койгон экен
22.05.2018. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Жакшы маек болуптур.(аялга мээ керек дегени жакты)
22.05.2018. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Конечно, башында баарына даярмвын дейсинда! Атын чыкканда башкача ойлоп каласын! Тушкон акча эмнеге экиге болунуш керек деп ойлодунда. Акчаны озун алып тойдунбу Эми!
22.05.2018. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Miya,туура. Эч эле продюсерин жакшы дебейт. Ал болбосо бул денгээлге жетмек эмес
25.05.2018. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Begimay.emir1,Продюсерин "жаман" деп айтпаптыр го, сиз каяктан окудуңуз?
23.05.2018. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мыкты айым создорду орду орду менен суйлойт ырларыда укмуш садагам деген ырын ушул убакка чейин угуп келем ийгилик апче
23.05.2018. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мамасадык экоо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо