Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ОРОЗОДО ТУУРА ТАМАКТАНЫҢЫЗ

№811 18-май -24-май, 2018-ж.

ОРОЗОДО БУЛ АЗЫКТАРДАН БАШ ТАРТЫҢЫЗ

  • Газдалган таттуу суусундуктар жана пакеттеги ширелер. Булардын таттуу даамы ооз көңдөйүнүн чел кабыгында сакталып калгандыктан, кайра-кайра ичкиңди келтирет.
  • Тамактын даамын арттыруучу татымалдар, полуфабрикат азыктар, тез даярдалуучу тамактар (шаурма, гамбургер) организмге кеч сиңгени менен, адамды суусатат.
  • Жогорку сорттогу ундан жасалган азыктардын курамында организмге бат сиңүүчү углеводдор көп. Мындан улам кандын курамындагы канттын деңгээли көтөрүлөт да, курсак бат ачат.
  • Кофе же курамына кофеин кошулган суусундуктар организмге керектүү болгон сууларды айдап чыгып суусатат.
  • Соя соусу электролиттердин тең салмагын бузушу мүмкүн. Мындан улам канда натрий көбөйүп, организмде ашыкча суулар кармалып, чаңкатып, тердетет.
  • Маринаддалган жашылчалар. Маринаддоодо туз көп колдонулгандыктан, организмге суу көп топтолуп адам чаңкап жана шишиши мүмкүн.
  • Майонездин курамына табитти ачуучу азыктар (уксус, горчица, туз) жана кумшекер кошулат. Андыктан бул азыктан баш тартсаңыз организмиңиз сизге рахматын гана айтат.
  • Таттуу азыктар кандын курамындагы канттын деңгээлин көтөрөт. Калориялуу болгону менен, курамында пайдалуу заттар жокко эсе болгондуктан, курсак бат ачат.
  • Майсыз сүт азыктары лактозанын азайып кетишине алып келет. Майлуулугу 2 пайыздан кем эмес сүт, сүт азыктарын пайдаланыңыз.


Саарлык. Организмди ойготуу үчүн 1 чыны жылуу сууну ууртап ичүү туура. Андан соң витаминдүү, углеводдуу азыктардан жасалган тамактарды жеңиз. Алсак, нак сүткө жасалган таруу, күрүч ботколору, жаңгак, буурчактын түрлөрү, чечевица, жүгөрү, сыр, быштак, жумуртка, жашылча салаттары, тоок, уй эттери. Жемиштерден банан пайдалуу. Алма, жүзүм, апельсин жегенден баш тартыңыз. Курамында кычкылдар көп болгондуктан, адамды суусатат жана курсакты бат ачырат.

Ооз ачуу. Ооз ачкан соң 1-2 чыны сууну ууртап ичүү туура. 3-4 даана курма кошуп жесеңиз болот. Анын курамындагы кант адамды ток кармайт, канга бат сиңет жана ач болуу сезимин басаңдатат. Күнү бою ач жүргөндүктөн ооз ачарда куурулган, майлуу тамактарды тоё жебеңиз. Жүрөккө күч келип, ашказан, өт жабыркашы мүмкүн. Ооз ачарга организмге бат сиңүүчү тамак-аштар, бууга, сууга бышкан эт, жашылчалар, балыктан даярдалган даамдар, жашылча салаттары сунушталат. Суусундуктардан компот, чай, жаңы сыгылган мөмө ширелерин ичсеңиз болот.


КЕРАКАН

Керектелүүчү азыктар:
Уй эти
– 500 грамм
Картошка – 3 даана
Болгар калемпири –2 даана
Помидор – 2 даана
Пияз – 1 баш
Сабиз – 1 даана
Буурчак же сарымсак саадагы – 2 тутам
Өсүмдүк майы – 5 аш кашык
Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:
1. Жашылчалардын баарын аарчып, жууп тазалап алабыз. Картошка менен болгар калемпирин чоң-чоң, пияз менен сабизди жука, тегерек формада туурайбыз.
2. Буурчак саадагы 2-3 сантиметр узундукта тууралат.
3. Этти чоң-чоң кесимдерге бөлөбүз.
4. Казанга майды куюп, кызыган кезде этти 5 мүнөттөй кууруп, үстүнө жашылчаларды салабыз. Татымына жараша туз, мурч салып, көмбөгөндөй суу куябыз. Казандын капкагын жаап, жай отто 60 мүнөттөй демдейбиз. Тамагыбыз даяр!

ШИРЕЛҮҮ ТӨШ ЭТ

Керектелүүчү азыктар:
Тооктун төш эти
– 300 грамм
Помидор – 2 даана
Сыр – 70 грамм
Каймак – 4 аш кашык
Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:
1. Тооктун төш этин жууп, 1-1,5 сантиметр аралыкта түбүнө жеткирбей тилип "чөнтөкчө" жасайбыз. Андан соң туз, мурч сээп тыныктырып коёбуз.
2. Сыр менен помидорду жука кылып кесип, эттин «чөнтөкчөлөрүнө» кезектештирип салып чыгабыз.
3. Эттин бетине каймактан сүйкөп, 190 градуста ысып турган электр мешинде 35-40 мүнөткө салып бышырып алабыз. Фаршталган төш этине гарнир катары сууга бышырылган күрүч, гречка, жашылчалардын түрлөрүн жана картошка пюресин берүүгө болот.

БАНАНДАН СМУЗИ

Керектелүүчү азыктар:
Банан
– 2 даана
Чагылган семичке – 1 аш кашык
Жаңгактын маңызы – 1 аш кашык
Сүт – 100 миллилитр

Даярдоо ыкмасы:
1. Банандын кабыгын аарчып салабыз да, туурайбыз.
2. Блендерге сүттү куюп, үстүнө семичкени, жаңгактын маңызын жана бананды салып, 1 мүнөт аралаштырабыз. Бул коюу жана таттуу суусундук сизге бир күндүк энергия тартуулайт.

 

 


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(7)
22.05.2018. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
буурчак орусча кандай которулат?
28.05.2018. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meni_kut,горох
22.05.2018. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
фасоль
22.05.2018. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Керакан менен банандан смузи жакты, жасаш керек экен.
SaIixa түзөттү 2018-05-22 14:05:28
22.05.2018. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жангак манызы деген эмне
23.05.2018. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abikova93,данеги
23.05.2018. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abikova93, ичиндегисин манызы дейт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо