Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)

№811 18-май -24-май, 2018-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)

– Силер үчүн баары бүттү. Ал өзү керек болгон жеринде. Издейм деп, табам деп, кайра кайтат деп убара болбо. Сен ал мүмкүнчүлүктү колдон чыгардың. Анткени...

– Унчукпа!

– Жамилянын боюнда бар!

Узун сүргөн бул таймашта акыркы сокку болчу. Керем жеңди! Эңги-деңги болуп туруп калды Алибек. Анан чыгып кетти. Жамгыр жаап жаткан экен. Ошого карабай жүрөгү өрттөнүп жаткан эле. Нуриля анын аркасынан тиктеп турду. «Келесоо, ал сенин балаң» деди ичинен. Бирок муну оозунан чыгарганга акысы жок эле.


ххх


Керем эртең мененки гезиттерди барактап жатып селт чочуду. Дарбазадан кирип келе жаткан Жамилянын, экөөнүн террасада кучакташып жаткан, Эмренин сүрөттөрү чыгыптыр. «Белгилүү ишкер Керем Тунжа өлүп калган инисинин аялына жашыруун түрдө үйлөндү» деп турган экен. Дагы далай ыплас нерселер жазылыптыр.

– Аа-а!- бакырып-бакырып алды. Эч качан минтип өзүнөн чыккан эмес эле. Анын үнүнөн коркуп кеткен Жамиля, үй кызматчылар чуркап келди.

– Эмне болду?

– Силер чыккыла!- кызматчыларга орой үн каткан Керемдин көздөрү коркунучтуу эле.

Жамиля жерде жаткан гезитти колуна алып көз жүгүртүп алып, көздөрү бакырайып кетти. Окуган сайын жүрөгү кысыла баштады. Анда Ахмеддин кем акыл экени, ага Жамиляны зордоп үйлөндүргөнү, түрмөгө күйөөсүн өлтүрдү деп жатып чыкканы, Керем аны бошотуп, өзү күнөөнү моюнуна алганы бирден терип-тепчип жазылган экен.

– Билем мен муну ким жасатып жатканын,- деди тиштенген Керем.

– Ким?

– Шерифе.

– Аны менен баары бүтпөдү беле? Жакшынакай эле каалаганын алып ажырашпады беле?

– Алды. Ашыгы менен алды. Бирок ага аз, менин канымды ичип, тынч жашоомо бүлүк түшүрүп турбаса болбойт. Мен ага канча жолу айттым. Эми менин колумдан өлүп тынгысы келип жатат окшойт. Макул, аны да көрөлү.

Сабырсыздана ары-бери басып жаткан күйөөсүн аяп кетти. Кучактай калды.

– Баары жакшы болот.

– Албетте, баары жакшы болот.

Керем Жамилянын чачынан сылап кучагына кысты. Сыртта алай-дүлөй бороон болуп турса да, анын ичиндеги бороон басылган эле...


ххх


Шерифе Керемдин машинесин көрүп мыйыгынан жылмайып алды. Көздөрүнөн от жанып ачуусу кайнап жатканын элестетти. Бирок ал күткөндөй эмес эле.

– Салам!- деди токтоо гана.

– Салам!

Керемде бир өзгөрүү болгон экен. Адам өзүн-өзү тапканда гана ушундай гармонияга келсе керек.

– Эмне каалайсың менден?- деди ал.

«Сенин бүк түшүп жыгылышыңды каалайм. Сен так мендей жалындын ортосунда жаның күйүп, эч бир арга таппай кыйналышыңды каалайм» деп жатты Шерифенин көздөрү. Сыртынан сыр билгизбей күлүп койду.

– Эч нерсе.

– Анда жайыма кой. Шерифе, мен биринчи жолу көкүрөгүм тынчып өзүм каалаган жашоо менен жашап жатам. Сенин бүт өтүнүчүңдү аткардым. Сен муну менен мага зыян кылбай элесиң. Менин жакында кызым төрөлөт. Эмре менен кызым менин жашоомдун маңызы. Сен өзүң каалаган жашооң менен жаша.

– Хм, сенин кызың болот, ээ?
А мен эмнеге жалгыз калышым керек? Менин бүтүндөй өмүрүм сен үчүн, сенин кызыкчылыгың үчүн кетти. Сенин буйругуң менен канча жолу боюмдан алдырдым? Эне боло албадым. Эми сен кызың, уулуң менен бактылуу бол, а мен четте туруп сенин бактыңа кол чабайын, ээ? Ошентейинби? Бул сенче акыйкаттыкпы?

– Кечир мени.

Керем муну чын жүрөгүнөн айтты. Чын, эки жолу Шерифенин боюнан алдырткан эле. Анткени ал экөөнүн кийин деле чогуу болоруна көзү жеткен эмес. Туура, өзүмчүлдүк кылды.

– Мен ички туюмум менен кайсы бир күнү Жамиляга жолугарымды сезсем керек. Сени сүйө албадым. Экөөбүз дүйнөдөгү эң бактысыз жубайлардан болчубуз. Муну моюнуңа ал. Бактысыздыгыбызга буулгандан көрө өз жолубуз менен кеткенибиз жакшы эле.

– Азыр аялың сени сүйөрүнө көзүң жетеби?

– Шерифе...

– Менимче, сен дагы так мендей тозокто жашап жатасың. Анын көзүн күндө карап, шектенүүлөргө толо көкүрөгүң бир ишарат күтүп жашап жатасың, туурабы?

– Жамиля мага өзү келди. Бул жолу мен мажбурлабадым.

– Силерге бакыт каалашымды каалап турасыңбы, жок, мен жөн эле жолуңдан чыгып кете турган адам эмесмин. Мен сенин бүт былыгыңды чукуп чыгам. Сени биротоло жок кылмайынча жаным тынбайт. Бул гезиттеги кабар эч нерсе эмес. Сени бомба күтүп турат. Жакында жарылат. Уктуңбу, Керем Тунжа? Менден корк!

Керем мындан ары уга алган жок, чыгып кетти. Аял ыйлап жиберди. Өз өмүрүнө, жок болуп бара жаткан үмүтүнө, өзүнүн кыла турган иштеринен коркуп ыйлады.


ххх


– Жамиля, биз эфирге чыгабыз. Интервью берип кутулушубуз керек. Болбосо дагы эмнелерди токушат. Менин уулум менен кызым кийин мынчалык ыпластыкты угушун каалабайм.

– Мен эмне дей алам?

– Сен эч нерсе дебе. Баарына өзүм жооп берем. Сен болгону жанымда тур. Башка эч нерсенин кереги жок.

Кийинки эле жумада эң таасирлүү телеканалдардын биринде Керем Тунжанын интервьюсу чыга турганын угушту.

– Керем мырза, баштадык. Бир, эки, үч...

– Мени ишкер катары, ийгиликтүү бир адам катары билгендер бар. Бирок менин адамдык жолумдан кабарсыз адамдар да болушу мүмкүн. Дарегиме айтылган нерселерден улам жубайым Жамиля экөөбүз эфирге чыгууга макул болдук.

Керем сүйлөп жатты. Миллиондогон адамдар Күлчү кыз менен ханзааданын икаясынан угуп жатышты. Жамиля өзгөчө сулуу болчу. Сыпаа күлүмсүрөөсү да өзүнө жарашып, кимдин болсо да шилекейин агыза тургандай эле.

– Иниңиздин аялына үйлөнгөнүңүздү айтып жүрүшөт. Бул чынбы?


(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Башка сандарда:
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 764-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 765-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 766-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры) 767-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 768-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 769-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры) 770-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 771-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 772-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 773-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 774-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 775-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 776-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 777-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 778-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 779-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 780-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 781-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 782-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 783-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 784-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 785-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 786-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 787-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 788-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 789-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 790-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 791-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 792-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 793-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 794-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 795-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 796-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 797-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 798-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 799-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 800-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 801-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 802-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 803-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 804-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 805-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 806-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 807-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 808-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 809-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 810-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 812-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 813-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 814-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 815-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 816-сан
Комментарийлер(13)
22.05.2018. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мен биринчи
22.05.2018. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ураа мен биринчии дебеймби.......
22.05.2018. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иии эми кызыган да бутуп калды...
22.05.2018. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Автор бутуруп эле койо бербейсизби бактылуу кылып мен Алибеке барышын каалабайм
22.05.2018. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шерифе эми Жамилянын боюндагысын Алибектмн баласы экенин тактап берсе эле
22.05.2018. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошо шерифе бир нерсе кылат окшойт
22.05.2018. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул чыгарманын автору ким, китеби барбы?
22.05.2018. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мынча жаман...байкуш Керем Жамийлага ишенип журот...бактылуу эле болушса экен
22.05.2018. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кобуроок чыгарбайбы
22.05.2018. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Автор менде жакшы идея бар,Алибекти Керемдин апасына уйлондуруп койчу по братски. Анткени Алибек деле очун алып алсын экоонон
22.05.2018. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ema_cool_boy, Керемдин апасын Алибек башына тартабы, татынакай, тушунуктуу келинчеги турганда. Ошону кадырына жетип жашасын.
23.05.2018. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жамиля Азамат. Алибеке тийсе картошко чаап журмок. Керемге тийип же туура кылды. Эми жон эле журсо болмок жамиля. Уяты жок экен. Алибектен боюга кылып коюп
23.05.2018. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ema_cool_boy, этика нормаларын сактаңыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо