Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

№811 18-май -24-май, 2018-ж.

Нурмат Садыров, ырчы:
«ТОРГОЮМДУ» ЫРДАП ЖҮРҮП ТАПКАН АКЧАМА ҮЙ АЛДЫМ»

Ырчы Нурмат Садыров баш калаабызда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 2 бөлмөлүү үй алып, апасына белек кылган. Бул ирет ошол үйгө "саякатка" бардык.

– Мурда батирде жашап, кафелерден тамак иччү элем. Эми жакшы болду, өз үйүмдө жашап, апамдын колунан тамак ичип, батир менен кафеге корогон акчага муздаткычты толтуруп жатам.

– Бул конок бөлмө. Өтө деле чоң эмес, бирок туугандар, достор келгенде отуруп, баарлашканга ыңгайлуу бөлмө.

– Уктоочу бөлмө – менин бөлмөм. Ушул жерден сыналгы көрөм, интернет менен алаксыйм. Бош убактымда чыгармачылык менен алектенип, жаңы идеялардын үстүнөн иштейм.

– Гардеробумда 50дөй сахна кийимдерим бар. Алардын эң кымбатын 50 миң сомго тиктиргем.

– Алган сыйлыктарым, наамдарым ушул жерден орун алган. Дагы бир топ сыйлыктарым бар, сандыкта катылуу.

«Нурматым келинчек алып келип, дагы бир сюрприз жасаса деп күтүп жүрөм»

 

Үйдүн тарыхын ырчы өзү айтып берсин:

– Нурмат, үй алууга көптөн бери камынып жүрөт белең?
– Апам «Акчаңды ыгы жок чачпай чогултсаң жакшы болмок. Үй алмаксың» деп айта берчү. Үйдөгүлөргө, апама айтпай 1 жылдай акча чогултуп жүргөм. Маңдай терим менен тапкан акчама 2 бөлмөлүү даяр үйдү 2018-жылдын март айында сатып алдым. Баасы 43 миң доллар болду. Чынын айтыш керек, бул үйдү алууга «Торгоюмдун» салымы чоң, тойлордо ырдап тапкан акчама алдым. Үйдүн мага чейинки кожойкеси Ак үйдө иштеген эже экен. Ал«Мен да ушул үйдөн ийгиликтерге жетип, мындан чоң башка ак өргөөгө көчүп баратам. Сен да ийгиликтерге жет» деп көп буюмдарын ырымдап, белек кылып калтырып кетти. Досторум менен чогуу барып терезе парда, палас сыяктуу анча-мынча буюмдарды алып келип түнү бою жасап, эртеси, 2-апрель күнү апама сюрприз кылдык.

– Бул үйдө кимдер жашайсыңар?
– Үйдө мен, апам, эжем, жездем жана алардын балдары болуп чогуу жашайбыз. Улуу агаларым көп жылдан бери борбордо турушат, бардыгы үйлүү-жайлуу. Апам мурда алардыкында жашачу эле, эми жанымда болуп, мага күндө майрам. Мурда батирде жашап, гастроль, той деп жүрүп мен дагы апамдын жанында көп турчу эмесмин. Эми жанындамын, неберелери учурашканы келип турушат, айтор, апамдын маанайы мурункуга салыштырмалуу жакшы болуп калды. Бул үйдү апама белек кылып калтырып, өзүм болсо башка жактан жер тилкесин алгам, ошол жакка жер үй салам деген ниеттерим бар.

Ырчынын апасы Базаркан Тажыбаеваны да кепке тарттык:

– Саламатсызбы, уулуңуздун мындай сюрпризи кандай сезимдерге туш кылды?
– Ошол күнү уул-келиндерим "Нурмат сизди кафеге чакырып, сүйлөшкөн кызы менен тааныштырат экен" дешкенинен кооз кийинип алып, койкоюп келатам. Анан эле көп кабаттуу бир үйгө алып барышты. Нурматым күлүп-жайнап эшикти ачып «Апа, үйүңүз кут болсун!» деп тосуп алды. Уулумдун бул белегин укканда аябай толкунданып, сүйүндүм. Дайыма «сюрприз» кылганды жактырат. Эми келинчек алып келип мени кубантса экен деп, дагы бир «сюрпризин» күтүп жүрөм. Кээде ыр жазып калам. Азыр силер келгенде да толкунданып, эргүү келип уулума арнап ыр жаза койдум. Анда окуп берейин:

Нурматым менин кымбатым,
Кудайым берген чоң бактым.
Тамшантып элди жүрө бер,
Ташкындай берсин талантың.
Токтогулдун торгою болуп аталып,
Сабалап бийик уча бер,
Талбасын эч бир канатың.
Тилегиң Кудай берсе экен,
Өмүрүң узун болсо экен.
Жакшы бир жанга туш болуп,
Бакыттын кушу консо экен.


Асхат Субанбеков
star@super.kg


Нурмат Садыровдун апасына белек кылган үйүндө конокто

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  20 
Комментарийлер(22)
22.05.2018. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ак оргонуз кут болсун!
22.05.2018. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Биздин балдарыбыз да ушундай ыймандуу, боорукер балдардан болсо экен деп тилейли Кудайдан, Нурмат азаматсын эми жакшы жарга туш болуп апанды кубандыр.
22.05.2018. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Нурмат, ак оргонор кут болсун! Уйунордон Ыйман ырыс ынтымак кетпесин! Азаматсын!
22.05.2018. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Нурмат, менин баламдын оозуна тукуруп кетчи, апам апам деп калсын ал дагы)))
22.05.2018. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Торгоюмду ырдап сен уй алсан анда булбулумду ырдагандар эмне алды экен?
SUPER.KG видео
22.05.2018. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodes Nurmat.Akilduu bala ekensin.Irlarin suilogon jagat,suilogon sozdorun oordunda.dagy jakwi chigarmalardi kutobuz
22.05.2018. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Толтура киши жашайт экен 2 болмолуу уйдо
22.05.2018. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Копчулук жашайт экен.
SUPER.KG видео
22.05.2018. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Журогум ушунча жылыды,азаматсын,биздин да балдарыбыз ыймандуу чоноюп апакелеп тур[moderated],эненин Бир бакыты ошондо
22.05.2018. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат бала экен. Ак жолтой болсун конушу.
22.05.2018. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баланын кубанычын коруу кандай бакыт. Куттуу уй болсун.
22.05.2018. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эжеси жездеси мн жашаганы кызык экен
22.05.2018. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апасынын Нурматка арнап жазган ыр саптары сонун экен
22.05.2018. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азаматсыз , апанызга белек кылган уйунуз куттуу уйлордон болсун ар дайым ийгилик коштоп журоо берин
SUPER.KG видео
22.05.2018. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апасы аябай жакшы аял экен
SUPER.KG видео
22.05.2018. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсың, соонун баласында. Ооба, биздин балдарыбызга да ыйман берсин. Энени сыйлаган сөзсүз бактылуу болот. Апаң жакшы келиндуу болсун. Ак оргон куттуу болсун. Чыгармачылык ийгилик.
22.05.2018. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суроттордогу создор окулбай калыптыр тубуно эле жазып койсонор болмок инфо
SUPER.KG видео
22.05.2018. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурмат Садыров алгалайбер тек ал
23.05.2018. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ким Ким менен жатат ишинер канча
SUPER.KG видео
23.05.2018. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат
25.05.2018. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурмат азамат экенсиз, дайыма апанызды кубантып журо бериниз, жонокойсуз ушунунуздан жазбаныз. Кулкулуусуз куудулсуз.
26.05.2018. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апама белек кылдым чоон тамга менен айтпай эле койсо болмок.бир комнатасын озу эээлеп жатып алса залда апасы эжеси жездеси бала чакасы менен жатат экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо