ЧЕМПИОНДОР ЛИГАСЫ: «ЛИВЕРПУЛЬ» - «РЕАЛ» ТИРЕШИ

№812 25-май -31-май, 2018-ж.

26-майда быйылкы футболдук клубдук сезон Украинанын Киев шаарындагы «Олимпийский» стадионунда жыйынтыкталат. Анда мадриддик «Реал» менен англиялык «Ливерпуль» Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсүн аныкташат. Бул оюнда тараза ташы кимге оойт?

Финалга жеткен жолу «ЛИВЕРПУЛЬ»

1/8 финал. 5:0, 0:0 –
«Порту»
1/4 финал. 3:0, 2:1 –
«Манчестер Сити»
1/2 финал. 5:2, 4:2 –
«Рома»

Финалга жеткен жолу «РЕАЛ»

1/8 финал. 3:1, 2:1 – ПСЖ
1/4 финал. 3:0, 1:3 – «Ювентус»
1/2 финал. 2:1, 2:2 – «Бавария»

таблица

БОМБАРДИРИ

Мухаммед Салах – 10 гол

Криштиану Роналду – 15 гол

11 ЖЫЛДАН СОҢ ФИНАЛДА
Финалда англиялык команда фаворит эмес. «Ливерпулдун» азыркы оюнчулары беделдүү мелдештин чечүүчү беттешинде ойноп көрүшө элек. Акыркы жолу англиялык клуб бул мелдештин финалына 2007-жылы чыккан. Андан бери канча суу акты, канча курам алмашты. Клопптун карамагында гана «Ливерпуль» ийгиликтүү жолун таап баштады. Бул сезондо «кызылдар» өз чемпиондугунда 4-орунду багындырганы менен, татыктуу оюн көрсөтүп көпчүлүктүн назарын бура алышты. Курамындагы өзгөчө үчилтик атка конгон Салах-Фирмино-Мане бул мелдеште 29 гол жараткан үчилтик катары эсте калышты. Эми булар үчүн алдыда эң олуттуу тиреш күтүп турат – Серхио Рамос баштаган мадриддиктердин коргонуусу.

СЫРТТА БААТЫР, ҮЙДӨ ЖОК
«Реал» 3 жылдан бери Европадагы командалардын үшүн алып келет. 2 жыл катары менен Чемпиондор Лигасын жеңип алганы менен, жеңишке дагы деле тойбогондой. «Реал» үчүнчү ирет катары менен эң беделдүү мелдешти утуп алса, Зидандын аброюн эч ким түшүрө албайт. Бирок сыртта эрдик көрсөтүп жаткан «Реал» өз өлкөсүндө болгон кубокторду тарттырып жиберди. Андыктан сезонду ийгиликтүү аяктоо – мадриддик команданын башкы максаты. Мадриддиктер Чемпиондор Лигасынын ар бир баскычында өлкө чемпиондорун тизе бүктүрдү. Жарым чейрек финалда Франция чемпиону «ПСЖ», чейрек финалда Италия чемпиону «Ювентус» жана жарым финалда Германия чемпиону «Бавария».

ЮРГЕН КЛОПП:
«Биз үчүн фаворит «Реал» болуп жатышы көйгөй жаратпайт. Акыркы эки жылда эки жолу жеңишке жетишкен мадриддиктер мыктылыгын далилдеп жатышат. «Реал» финалда утулганды билбейт. Бирок биз «Ливерпуль» экенибизди унутпашыбыз керек. Алар дагы да болсо утууну көздөшөт, биз аларды токтотконго аракет кылабыз. Финалдык оюндан бардыгын күтүүгө болот».

ЗИНЕДИН ЗИДАН:
«Машыктыруучулук карьерам Чемпиондор Лигасынын финалына үч жолу чыгуу менен башталганы чынында абдан жагымдуу. Мурунку жылдардагы финалды унутуу керек. Учурда эң негизги оюн «Ливерпуль» менен болгон беттеш. Биз сезонду анчейин жакшы баштай алган жокпуз, бирок сезондун аягында өзүбүздүн оюнубузду таба алдык. Команда финалга толугу менен даяр».


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
29.05.2018. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Реал-Мадрид 3-1 Ливерпуль
Реаааллл 13 Чемпиооон урааа
29.05.2018. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Реал какты го чиркин. Гарет Бэйл эркек экен молодец! Салах менен Роналдунун айырмасы асман менен жердей да экоону салыштырып болбойт. Клопп да жакшы киши корунот оюндун акырында оюнчуларга мамилесине караганда.
29.05.2018. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Барсачылар бул жакка кирбей эле койгула. Реал дегенде тушунордон чочуйсунар
29.05.2018. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Кариус белек кылды эки голду Реалга.Салахтын травма алганы ото окунучтуу болду чындыгында Рамос ото грязный игрок экен.а Кариуска болсо соз жок Бенземанын бутуна салып берди го топту келесоо десе.
Arsenal93. түзөттү 2018-05-29 10:55:04
29.05.2018. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Реал Мадрид чемпион
30.05.2018. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Реалдан ЛЧдун кубогун эч ким талашпасын! (Канат Бегалиев) хе хе хе
04.06.2018. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
реал эркекче чемпион болбоду бул жылы да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо