Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жаныш Майр, актёр: «КОЛУМДАН КЕЛСЕ ТОЙ БЕРБЕЙ, БАЛ АЙЫН БАТКЕНДЕ ӨТКӨРМӨКМҮН»

№812 25-май -31-май, 2018-ж.

– Жаныш, элибизге таанымал бойдок жигиттердин катарын толуктайсың. Кыз-жигит мамилесин талкуулабайлыбы?
– Макул, талкууласа талкуулайлы. Досторумдун жарымы үйлөнгөн, жарымы үйлөнө элек. Жашым болгону 28де. Эркектер бул куракта карт бойдок атыкпайт. Бышып турган кезим. Шашып-бушуп үйлөнгөндөрдү да көрүп жатабыз. Кудай өзүбүзгө ылайык түгөйдү тандап койгон. Эми ошону табышыбыз керек. Кээ бирлер ага эрте жолугат, айрымдары кеч табышат. Мен жолуга элекмин. Жолуксак эле мен аны тааныйм, дароо эле «сенсиң» дейм. Ал жакын жерде, тегерек четте эле жүргөнүн сезип турам. Жолугар деп жүрөм.

– Тегерек четте жүрөт деп калдың, чыгармачыл чөйрөдөн деле болушу мүмкүн экен да? «Эл эмне дейт?» долбоорунда жакшынакай кыздарыбыз бар эмеспи...
– Назира Айтбекованы кесиптешим катары урматтайм. Келинди ойногон Алтынайдын жолдошу бар. Даткайым менин карындашым. Ошо, бизде жок. Актанды кыздай кийинтип алып эле таанышып көрбөсөм.
Ушул жашка келгени эркектер өзүнүн болочок жарын табууда ой экиге бөлүнөрүн түшүндүм. Биринчиси, болочоктогу жубайым мындай адам болсо, ушундай аял алсам, ушундай кызды сүйдүрсөм дейт экенбиз. Экинчиси, үйдөгүлөргө кандай келин болот, кийин кандай маселе болбосун мени колдойбу, мен аны бага аламбы, башкача айтканда, кыргызча карайт экенсиң.

– Бардыгы төп келген түгөйүңдү таап, жакында той болорун билебиз. Өзүң да тамада болуп жүрөсүң, үлпөт тоюңда ысырапкорчулукка жол бересиңби?
– Дүйнө жүзү боюнча, менимче, кыргыздар эле үйлөнүү тоюн 2 жолу берет. Мындай карасаң кыз узатуу деле үлпөт той да, туурабы? Кыргыздар азыр аябай ысырап кылып, бири-биринен ашып кычыратабыз деп жатышат. Ушул тууралуу балдар менен өтө көп ойлонгонбуз. Мисалы, кортежди алалы. Биздин салтыбызда мындай нерсе жок болчу, жөндөн жөн эле 20 миң сомду ысырап кылып кошуп алышты. Колумдан келсе мен той бермек эмесмин. Аял алсам нике кыйып, андан кийин ата-энелерибизди, туугандарыбызды алып тоого чыгып, жердин алдына эт бышырып, сүрөткө түшүп, анан бал айына Баткенге кетип калмакпыз.
Ушуга чейин ата-энем ушунча көп тойго барыптыр десеңиз. Бирок биз бир да жолу той бере элек экенбиз. Мен үйдүн улуусумун. Менден кийин иним анан карындашым бар. Анан туугандар биздин үй-бүлөдөн тойду аябай күтүп жатышат.
Бизде «тойго чакырбайсың» деген таарынуулар көп болорун билип жатам. Ойлонуп көрсөм, айрымдары менен ашып кетсе 3 жолу көрүшкөнсүң. Алар менен жолугуп калсаң биринчи кебетең жөнүндө бир нерсе дейт да, анан «эмнени айтсам?» деп ойлонот окшойт, тойго чакырбагандыгымды айтып таарынып коёюн деп чечишет. Ошондойлорго алдын ала айтып коёюн, мен тойго чакырбайм, силер таарынбагыла.

– Көлдүн сезонун ачып, интернеттеги баракчаңа «2018-жылдагы көл сезонун ачык деп жарыялайбыз» деп сууга түшүп жаткан видеону жүктөпсүң... Азыр май айы, суу муздак эмеспи?
– Орозо эртең башталат деген күнү көлдүн жээгинен машина менен өтүп бара жатып сезонду ачып алдым. Сууну жакшы көрөм, көргөн сууга түшө берем, муздакпы, муздак эмеспи карабайм, анан Ысык-Көлгө кантип түшпөй коём?

– Канча досуңа күйөө жолдош болгонсуң?
– Бир ай мурун Жумгалбек деген классташ досума күйөө жолдош болдум, биринчи жолу. Ошентип күйөө болгонго бир кадам калды. Кыз-күйөө коноктордон өйдөрөөк жерде отурат эмеспи. Баары алаканга салып койгондой көрүндү. Ким тамак ичкени, ким бийлеш үчүн келгени, кимдин сынап отурганы, баары байкалат экен. Программа боюнча эмне кылса болот, кыскасы, өз тоюма жакшы тажрыйба алдым.

– «Социалдык тармактарда отурбайм, баракчаларымды өчүрдүм» деп жаттың эле, кайра эле пайда болдуң, эмнеге?
– Мага социалдык тармактардагы адамдардын жүрүм-туруму жакпай баштады. Сүрөтүн илген адамдын чыныгы жашоодогу абалы андай эмес. Ал өзүн кандай көргүсү келсе ошондой сүрөткө түшөт. Анын үстүнө достор бири-бирибиз менен сүйлөшпөй баштадык. Анын сүрөтүн көрүп «ии, жакшы жүрүптүр» деп ойлойсуң. Балким, анын жашоосунда маселе болуп жаткандыр, мен аны билбей калат экем. Андан сырткары маанайды бузган негативди көп жазабыз. Кыргыздар бул жагынан элпекпиз. Ийгилик каалагандын ордуна жакпаган жерин баса калып жазганга маштыгыбыз көңүл оорутту. Үчүнчүсү, социалдык тармактар ушактын чыгышына себепчи болот экен. Мен ушакты өтө жаман көргөн адаммын. Бир күнү эсиме келе түшүп, SIM-картаны жөнөкөй телефонго салып, интернет тиркемеси бар телефонумду сатып салдым. Убактыбыз бир аз кызыксыз болуп бара жатканда эле телефон чукулап, мээбизди керексиз маалымат менен азыктандырып саларыбызды түшүндүм, күндүн узундугун билдим. Телефон чукулабай калсаң адамдар менен сүйлөшкүң келип баштайт тура. Үйдөгүлөр менен жайбаракат сырдаштым. Алар менен минтип сүйлөшө элегиме көп болуптур. Бирок менин жумушум WhatsApp менен байланып калыптыр, айла жок кайра интернетке киргенге ылайыктуу телефон сатып алдым. Мурун ким эмне кылып жатат деп Инстаграмдан лентаны карап отура берчүмүн. Азыр окурмандарым үчүн менин эмне кылып жатканымды гана чыгарам, лента карабайм.

– «Эл эмне дейт?» долбоорунда кайнененин, аскер кызматкеринин, айыл өкмөтүнүн образын жаратасың, өзүңө кайсынысы жакпайт?
– Мага кайнененин ролу жакпайт. Ойнобойт болчумун, айла жок болуп калды. Башында съёмка күнү кайнененин ролун аткарчу актриса келбей койгон. Ал күнгө баарын даярдаганбыз. Анан баары мени «КВНде кыздарды ойночу элең го, ойно» деп ой-боюма койбой тартып салышты. Мейли деп бир ойнодум, экинчи жолу да «өткөндө сен жакшы ойнодуң. Эл ушул образды жактырып жатышат. 1-сезонду ойно, 2-сезондо ойнобойсуң» дешти. Ошентип отуруп «баягы кемпирди кантип башка бирөө ойносун» деп 3-сезонго чейин ойнотушпадыбы.
Буюрса, алдыда дагы көптөгөн образдарды жаратабыз.

– Маегиңе рахмат, ишиңе ийгилик.

"Бизди көрөрмандар "Эл эмне дейт?" долбоорунун актёру деп таанышат. Бирок ар бирибиз өзүнчө авторбуз. Кинонун, жарнамалардын сценарийлерин да жазабыз".


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Актёр Жаныш Майр: "Бал айын Баткенде өткөрөм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(43)
29.05.2018. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Девушкасы бар болсо керек эле. Суротторун киргизип журот эле го. Урушуп кетишкен окшойт
29.05.2018. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кайнене менен аскер адамынын ролун мыкты денгээлде ачып берген,азаматсыз!Талантынызды баалайм!!
29.05.2018. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
"Бал айына Баткенге" дейби?
29.05.2018. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Баткенге жаман жавыштында сен
29.05.2018. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Акылдуу эле чопчон киши экен создоруно карасан, анан фамилиясын Майрамбеков деп эле койбойт беле, англичан эмес же дунган эмес болбой. Кыргызда Майр деген фамилия болчу беле. Нары жакта 7 созду айткандан ээрикпей эле. А так озу жакшы эле сыяктуу
04.06.2018. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nargiz94,Айтып жатат биз өзүбүз менен ишибиз жок бирөөлөрдөн сың тапканды жакшы көрөбүз деп айтып турса сенин жазганыңды кара! Ар ким өзү билет эмне кылышты сенин ишиң эмне жакпаса окуба!
29.05.2018. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Же Жаныш Майрамбек де же Жаныш ХХХХ де тамаша анан.Колумдан келсе дейсин ,колуңдан келет болгону каалооң күчтүү болсо.Суперге бир кыз мн чыгып интервью берди эле го сүйлөшпөй калдыңарбы?
Модератор admin_media түзөттү 2018-05-29 11:50:51
29.05.2018. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тыкыны аткарганы жагат вообщем сонун эле бала.
29.05.2018. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кайнененин образын сонун аткарган.
29.05.2018. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Универде окуп жургондо аябай жагат эле Жаныш, озгочо бийлегини. Универдин бий группасы бар беле ошондо бийлешчу. Абдан таланттуу жигит
29.05.2018. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Баткенге келсе эмне экен... Баткенда соонун.
29.05.2018. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Позитивдуу, бардык жагынан топ келишкен жигит. Озунузго ылайыктуу жар табышынызга тилектешбиз.
29.05.2018. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мээрима Майр деген девушкасы бар элего мунун
29.05.2018. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жаныш байке менден 7 же 6 жаш улуу болсо керек. Мен аны тамашоудо ойноп жүргөндө сүйүп калгам.)))) аябай сонун ойночу. Бийлегени дагы сонун. Мен билем сиз менин комментарийимди окуп атасыз)))) ушул жылы турмушка чыгайын деп атам. Сиз мени таппай жүрө бер бериңизчи. Мага бакыт каалап коюңуз)))
29.05.2018. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
saipi,бул СМСинди жигитин окуп калып экоонон тен калып журбогун.
30.05.2018. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
bond02,Эки адырдын чөбүн эңсеген аркар ачка калат болбой деп кой
04.06.2018. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bond02,Жигити коментарияны көрсө буга окшогон жеңил желпиден жакшы аял чыкпайт! Бул катындан кутула албай жүрөт элем жакшы болду прощай дейт да!
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2018-06-04 23:38:30
04.06.2018. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
saipi,фантазияң күчтүү экен!
29.05.2018. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
"эл эмне дейт" долбоорундагы эн мыкты ойногон актер катары аябай сыйлайм,ишинизге албан-албан ийгиликтер, чыгармачылыкта оркундоп-осунуз
29.05.2018. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мага дагы Жаныш байке Тамашоудо ойноп жургондо жакчу.7-класс белем дневнигимде Жаныш байкенин суроту бар болчу атайын сатып алгам.
karakyz23 түзөттү 2018-05-29 17:10:13
29.05.2018. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаныш байке жагат мага ) т
SUPER.KG видео
29.05.2018. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апасы жонундо айтпады го. Мумкун ажырашкандардыр мумкун отуп кеткендир. Ошол апасы тороду го бир да оозго албай койду
29.05.2018. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул Жаныш "бархатный сезон" деген кинодогу башкы каарманды ойногон чачы узун бала мн бир тууган эмеспи? Экоо аябай окшошуп кетет экен. Жаныш комментти окуп калсан ушул жонундо жооп кылып койчу.
29.05.2018. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаныш азаматсын. Мага баардык образдарын жагат. Озгочо аскер адамы болгону. Ушунундан жазба.
29.05.2018. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баткенге кетем десе Баткенден окшойт депмин
29.05.2018. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Красавчик. Эми уйдун чону экенсин. Чакан той откор. Бироого тойго барасвн анан анын кусмайы да бар. Сен ал жагыны унутуп койдунгт
30.05.2018. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Жаныш ойлонуп суйлосон. Баткенге асылбай макулбу.Кыргызстанды Кыргызстан кылган Баткендиктер.
30.05.2018. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Nurizaumar,молодцы! Патриот болуш керек.
30.05.2018. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Nurizaumar,сен да Канат Бегалиевче суйлоп койдунго.
SUPER.KG видео
30.05.2018. 06:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ойнойт ар бир образды. Ийгилик.
30.05.2018. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы маек болуптур той жонундо туура айткан
SUPER.KG видео
30.05.2018. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул жигитти тааныбайт элем. Бирок бугунку кундон баштап ушул жигитке куйорман болдум.)) Той жонундо оюбуз окшош экен. Самтырак салттардан бийик турган адамдар дагы бар экен да кыргыздардын арасында. Озунчо эле суйунуп алдым. Буюрса кыргыздардын ан сезиминде тонкоруш болуп, туркой салт-санаалардан арыла турган кундор алыс эместей.
SUPER.KG видео
30.05.2018. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоодо деле кайненего бул хаха
31.05.2018. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыйындын кыйыны,мыкты актер.Айыл окмот,кайнене,аскер мугалим,братан,анан музыкант,блогер да боло калат соз жок талантуу.Баарын Эл эмне дейтте камтылат,кайра кайра коргун келет.Бирок бажасын олтуруп койду окшойт акыркы сезонунда,антпегилечи ээ Жаныш?!
31.05.2018. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мыкты актёр, өзгөчө кайнененин ролун катыра аткарат
01.06.2018. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаныш, мага да абдан жагасыз, аябай таланттуу адамсыз. Тамашоунун эн харизматичный жигити элениз. эл эмне дейт да сонун чыккан. Кыскасы бардык образды мыкты денгелде ачып бере аласыз, азаматсыз. Бактынызды табыныз... ийгилик.
02.06.2018. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уй булодо чонумун бирда той боло элек дейт кайдагы ажырашканды жазган,озунун тилеги ысырап кылбоо келинди айылына алып барып ата-энесине кызмат кылдыруу экен,ата-энем коп тойго барган эми той откорбосом болбойт откорушум керек деп жатат экенда,маанисин тушунуп коммент жазсанар,Баткенге асылба ж.б деп ой келди жаза бербей.
04.06.2018. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бла Бла Бла!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо