ЖАНАР АКАЕВ: «КУЛМАТОВ КЕТКЕНДЕН КИЙИН БАЖЫДА КАЙРА КОРРУПЦИЯ БАШТАЛДЫ»

№812 25-май -31-май, 2018-ж.

Парламент депутаты Жанар Акаев Кубанычбек Кулматов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагалыгынан кеткенден кийин бажыда кайра коррупция башталганын айтып чыкты. Депутат бажынын жаңы жетекчиси Алмаз Оңолбековдун ишин сындады.

«Бажы кызматына Оңолбеков дегенди алып келдиңер. Иштегенине 30 күн болбой жатып Кулматовго өчөшүп, ошол жакта көп жылдан бери иштеп жүргөн кызматкерлерди иштен алып, кызматтан ылдыйлатып өзүм билемдик кылып жатат. Оштон айдоочулар кайрылып, транзиттик жүктү өткөрүүдө мурдагы коррупциялык схема кайрадан иштей баштаганын, акча алына баштаганын айтып жатышат. Ар бир фурадан 2 миң доллардан алып жатышыптыр, менде далилдер бар. Премьер-министр буга чара көрүшү керек»,- деди Акаев.

Кубанычбек Кулматов 2017-жылы декабрда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 1,5 айдан кийин ал «Ош» бажысынын кирешеси 10 эсе, Борбордук бажынын кирешеси 2 эсе өскөнүн айтып чыкты. Мисалы, мурда «Ош» бажысынын 1 күндүк кирешеси 1,5-2 миллион сом болсо, эми күнүнө 15 миллион сом түшө баштаганын, ал эми Борбордук бажыга мурда күнүнө 30 миллион сом киреше түшсө, акыркы мезгилде 60 миллион сом түшө баштаганын жар салды. Бирок казынага түшпөй жүргөн бул миллиондор үчүн бийлик азыркыга чейин эч кимди жоопкерчиликке тарта элек. Өткөн аптада Кулматов өз арызы боюнча кызматтан кетип, бул чечимин «бийлик мага талап койду, ал талапты аткарууга макул эмесмин» деп түшүндүрдү. Бирок Кулматов кандай талап экенин ачыктаган жок.

Ошондой эле өзү кызматтан кеткенден кийин Бажы кызматынан жетекчилик курамдын жарымы да кеткенин айткан. Бирок Алмаз Оңолбеков бажычылардын массалык жумуштан алынып жатканы боюнча маалыматты четке какты.


Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо