БИР, ЭКИ, ҮЧ... ПИЦЦА ДАЯР!

№812 25-май -31-май, 2018-ж.

Албетте, пиццанын негизин ачытылган камыр түзөт. Бирок анын камырын ачытпай жасоого же болбосо ордуна лаваш, калама, батон колдонууга болот. Бул нерселер убактыңызды үнөмдөө менен бирге даамдуу пиццага негиз болуп бере алышат.

ЭКСПРЕСС ПИЦЦА

4 порция

Даярдоо убактысы – 30 мүнөт

Керектелүүчү азыктар:

Айран – 1 стакан

Ун – 2-2,5 стакан

Жумуртка – 1 даана

Өсүмдүк майы – 1 аш кашык

Кумшекер – 2 чай кашык

Ашкана содасы – 0,5 чай кашык

Сыр – 100 грамм

Помидор – 1 даана

Томат пастасы – 1 аш кашык

Каймак – 1 аш кашык

Орегано (кургатылган) – 0,5 чай кашык

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Унду элеп ага туз, ашкана содасын кошобуз.

2. Айранга жумуртканы, өсүмдүк майын, кумшекерди кошуп аралаштырып, үстүнө ундан чуурута салып, жумшак, колго жабышпай тургандай кылып камыр жууруйбуз.

3. Даяр болгон камырды 10 мүнөттөй тыныктырабыз да, 0,5 сантиметр калыңдыкта жаябыз.

4. Каймак менен томат пастасын аралаштырып камырдын бетине сүйкөйбүз. Эми үстүнө жука тууралган помидорду тизип, сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды жана ореганону себелейбиз.

5. Пиццаны электр мешинин табасына салып, 180 градуста 10-15 мүнөттө бышырып алабыз.

БАТОНДОН МИНИ-ПИЦЦА

4 порция
Даярдоо убактысы – 15 мүнөт

Керектелүүчү азыктар:

Батон наны – 1 даана

Колбаса – 150 грамм

Сыр – 100 грамм

Жумуртка – 2 даана

Сүт – 3 аш кашык

Кетчуп – 2 аш кашык

Болгар калемпири же помидор – 1 даана

Даярдоо ыкмасы:

1. Колбаса менен болгар калемпирин жука, тегерек формада туурайбыз. Сырды сүргүчтөн өткөрөбүз.

2. Нандын калыңдыгын 1 сантиметрден кесимдерге бөлүп, аларды жумуртка менен сүт аралашмасына малып, үстүнө кетчуптан сүйкөп, тууралган колбаса менен болгар калемпирин тизебиз. Андан соң үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн сыр себеленет.

4. Пиццаны 180 градуста иштеп турган электр мешине 7-8 мүнөткө салабыз. Мындай пиццаны көмөч казанга салып, капкагын жаап, жай отто 5 мүнөт бышырып алууга да болот.

ЛАВАШ ПИЦЦАСЫ

4 порция
Даярдоо убактысы – 15 мүнөт

Керектелүүчү азыктар:

Лаваш – 1 даана

Сыр – 100 грамм

Помидор – 1 даана

Болгар калемпири – 1 даана

Тоок эти – 200 грамм

Пияз – 1 баш

Кетчуп – 2 аш кашык

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Пияз менен тоок этин майда туурап, майга 5-7 мүнөт кууруп алабыз. Татымына жараша туз, мурч кошулат.

2. Помидор жука жана тегерек же жарым тегерек формада тууралат.

3. Лавашты электр мешинин табасына салып, үстүнө кетчупту тегиз сүйкөйбүз да, куурулган тоок эти менен пиязды тегиз салып, помидор жана болгар калемпиринин кесимдерин тизебиз. Эми үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн сыр себеленет.

4. Пиццаны 180 градуста ысып турган электр мешинде 7-8 мүнөткө салабыз. Пицца даяр.

ЭСКЕРТҮҮ! Калама жука болгондуктан туурамжыны ашыкча салууга болбойт.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(9)
29.05.2018. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң оңою батон менен калама пицца экен. жасап көрүш керек

29.05.2018. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Набайкана нанын дагы бетин жука тилип кесип салып анан кетчуп менен майонезди тегиз суртуп туруп устуно помидор колбасаны тизип анан сырды соломка кылып туурап тегиз себелеп микроволновкага 5 минутага салып койсо дагы соонун пицца болот.мына сиздерге эн оной эн тез даяр болуучу пицца
29.05.2018. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сүрөттөрү алмашып калганбы
29.05.2018. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
созсуз жасайм
30.05.2018. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эки жумуртка,7 аш кашык ун,бир кашык майонез,бир кашык сметананы аралаштырып бышырсанар сонун пица болот. Бул камыры болот,бетин озунор каалагандай кылып даярдайсынар сыр,кетчуп,майонез,эт ж.б
13.06.2018. 07:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Birimdik5555,толук жазсаныз жакшы болот эле. Дрожь дагы кошобу?
30.05.2018. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото улуу эмес отко бышырыш керек
30.05.2018. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калама пицца жокго
13.06.2018. 07:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орегано деген эмне?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо