Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)

№812 25-май -31-май, 2018-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)

– Иниңиздин аялына үйлөнгөнүңүздү айтып жүрүшөт. Бул чынбы?

– Туура, иним Ахмед каза болгондон кийин бир топ убакыттан соң үйлөндүк.

– Жубайыңыз менен кайсы жерден таанышып калгансыз?

Керем менен Жамиля тиктеше түштү. Экөөнүн тең жарасына тийди.

– Менимче, бул суроолор ашыкча.

– Бул суроого мен жооп берсем болобу?- деди Жамиля акырын.

– Болот.

– Инсандардын кайсы жерден таанышканы, же бири-бирине болгон мамилесинин башталышы менен бүтүшү маанилүү эмес. Менин оюмча, Керем экөөбүздүн азыр жашап жатканыбыз, үй-бүлөбүздүн биримдиги, таза мамилебиз маанилүү. Ошентсе да өтө кызык болсо жооп берейин. Мен Ахмедге жолуга электе анын агасы Керем менен таанышкам. Бирок тагдырдын буйругу менен Ахмедге турмушка чыгып, биздин уулубуз жарык дүйнөгө келди. Керем экөөбүздүн тең жоготуубуз чоң эле. Бири-бирибизди аяп, көңүл жарасын айыктырганга жардам берип жүрүп сүйүүбүз ойгонду. Баш кошо турган болдук. Бул жерде чоңойто турган, сөз кыла турган эч нерсе жок. Биз бактылуубуз! Интернетте жазылып жаткандай менин улутум, жашым, өткөн күндөрүм маанилүү эмес. Келечек бактыбыз маанилүү. Мен келечегимди күйөөмдүн колуна тапшырдым, демек, ага ишенем.

Керем аялын оозун ача тиктеп калды. Өмүр бою интервью берип жүргөндөй токтоо, ынанымдуу сүйлөдү. Жамиля эфир бүткөндө гана денесин майда калтырак басып турганын байкады.


ххх


Компьютерди кайра ачат, аягына чейин көрөт. Кайра өчүрөт. Көргөн көзүнө ишенбей жатты. Бул кабарды ал жан талашып деле издеген эмес. Бирок өзүнөн-өзү эмне кыларын билбей отуруп «Жамиля Тунжа» деп түркчө жазса ушу кабар чыгып калды. Ошондон бери нес абалда. Макул тийсин, макул жашасын, бирок минтип эл алдына чыгып күйөөсүн актап-жактап турушу түшүнө кирбеген нерсе эле. «Бул ал эмес» деди ичинен. «Бир нерсе болгон буга, болбосо минтпейт эле». Өзүнөн-өзү башына бир кырсык келгендей, же Керем аны ушинтип айт деп эл алдына чыгаргандай нерсени ойлоп тапты. Эч ишенгиси келбеди. Бирок анын жанын жеген нерсе Жамилянын көздөрү эле. Видеодогу көздөр аны, тескерисинче, башка нерсеге ынандырып турду. Кичинесинен ал оозу алдаса да, көзү алдай албасын билчү. Ошол Керемге болгон жылуулук көзүнөн көрүнүп турганга жаны тепчилип жатты. Аны сүйүп калышы мүмкүн! Кеткен күндөн тартып дал ушул нерседен коркконун бүгүн моюнуна алды. Ал үчүн баарынан маанилүүсү ушул эле. Аны баары бир көрбөсө болчудай эмес. Чыдап жашай албачудай. Акыркы жолу көзүнө тик карап, сезиминин өзгөргөнүн же өзгөрбөгөнүн билип өлсө арманы жок. Эч кимге айтпай Түркияга бара турган болду. Сырын жалгыз Данияр байкесине айтты.

– Барганда эмне чечилет?

– Чече турган нерсе жок. Тигинин кучагында жатканына да эмес, ага бала төрөп бере турганына да эмес, аны мени карагандай караганына чыдай албайм. Жок дегенде сен түшүнчү, мен өлүп баратам. Мен кеткенде ага барбай турганына ишенгем. Аны менен кайра жашабай турганына 100 пайыз ишеним бар болчу. Анткени ал душманынан да артык душманы болчу. Ал мага, ага, баарыбыздын тагдырыбызга балта чапкан кара ниет эле. Эми ага бала төрөп берет. Анын аялы! Түнү жанында, күндүз колунан тамак ичет, балдарын кучагына кысат. Мен өзүмө сөз бердим. Токтотом, эч ким залал көрбөсүн дедим. Бул Жамиля деген оорудан айыгам дедим. Эч кимге билдирбей күйдүм. Бирок бул видео мени өлтүрдү. Мен андан айыга албасымды сездим.

– Сен да бир аялдын коюнундасың. Алибек, өзүңө келчи. Эмне айырмасы бар, ал аны кантип караганынын? Баатыр, кой, жараны ырбатпа. Баары бир бул нерсенин артка кайтышы жок.

– Сен да түшүнбөйсүң.

– Түшүнүп турам абалыңды, бирок барганда эмне кыласың? Дагы жанын кыйнайсың кыздын. Анын жарасы бүтүп калды деп ойлоп жатасыңбы? Кайра-кайра эле жарасынын картын сыйрый бергениңден эмне чыгат?

Алибек муюдубу, үн каткан жок. Ордунан турду да, машинесине отурду.

– Алибек, бул абалыңда рулга отурба. Бир аз кызып калыптырсың. Мен жеткирип коём.

– Жок, кабатыр болбо, могу турган жерге өзүм эле жетем.

Терезесинен ошентип айтты да, от алдырып жөнөдү. Даниярдын айткандарын ойлонду, Нурилянын жүзүнө тиктеп туруп айткандарын эстеди. Чындап эмнени өзгөртө алат? Баары бүтпөдү беле? Ойлонуп бара жатып ылдамдыкты жогорулатып баратканын сезди. Төмөндөтөйүн деп баратып тим койду. Көңүлүндө бир эрегишүү пайда болду. Балким, кайдыгерлик дагы... «Тойдум баарына» деди тиштене. Акыркы мүнөттө гана өзүнө келе калып рулду бурганга аракет кылды. Бирок кечигип калган болчу. Машине жолдон чыгып барып даракты сүздү.


ххх


Керем уктоого камданып жаткан аялын көпкө тиктеп турду. Анын дайым ушундай бир уурданып карай бермей адаты бар. Анын ар бир кыймылын эстеп, күндүз жумушта болгондо ууртунан жылмайып алат. Азыр эти оорлошуп калганын, апакай жүзүнө бир аз сепкилдер чыгып калганын, бутун олдоксон таштап аярлай басканын, ичин кармап ууртунан жылмайып алгандарын тиктеп отурду. Тим эле бир сонун кино көрүп жаткандай эле. Анын көз карашын сезген Жамиля карап койду.

– Эмне болду?

– Жөн эле. Сен кандайсың?

– Эртең доктурга барам. Менимче, баары жакшы эле. Алты ай болдук туура.

– Менимче, беш.

Жамиля эмне дээрин билбей калды. Оңтойсуздана кетти.

– Аа, ошондойбу?

– Мен кызымдын ар бир айын санап жүрөм. Аны чыдамсыздык менен күтүп жатам...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Башка сандарда:
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 764-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 765-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 766-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры) 767-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 768-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 769-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры) 770-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 771-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 772-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 773-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 774-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 775-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 776-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 777-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 778-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 779-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 780-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 781-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 782-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 783-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 784-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 785-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 786-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 787-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 788-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 789-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 790-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 791-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 792-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 793-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 794-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 795-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 796-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 797-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 798-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 799-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 800-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 801-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 802-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 803-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 804-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 805-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 806-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 807-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 808-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 809-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 810-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 811-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 813-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 814-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 815-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 816-сан
Комментарийлер(17)
29.05.2018. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тууй ата! Бул жагы эмне болот эми?
29.05.2018. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйгонуно жетсе соонун болмок
29.05.2018. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
олдуго эми
29.05.2018. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Наркомандардай супер инфо чыкса менин кыялым менен мамалакты издеп окуй турган болдук го.
29.05.2018. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дагы бир жума... Журок оорулуу болуп калмай болдук го. Алибек? Унутчу Жамиляны!
29.05.2018. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
KOCMOC,жоок унутпасын. чын суйгон киши кантип унутат.
29.05.2018. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Алибек олуп калса экен жамиля тынчыраак жашайт болчу. Мамалакты окубай койдум ушул бутсо токтотом сериялды
29.05.2018. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иии Керем эсептеп жургон турбайбы. Эми эмне кылат Жамийла.?
29.05.2018. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жамиля дура. Тынч Бир жерин эптеп журо бкргендего Эми омур бою кыйналып да калат.
29.05.2018. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Автор бутурун батыраак, каша кайнай берип, тубуно алып кете турган болду.
Алибекти олтур, жаны тынсын баарынын,тообо фантазияныз ото кучтуу экен.
Суйуу, -каша+варенье болуп калды.
29.05.2018. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жамиля тунжа деп интернеттен издеп көрдүнөрда окшойт
30.05.2018. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aszyma, ооба)
29.05.2018. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар бир санын калтырбай жамилянын тагдырын туура бир жыл окуптурбуз, кошо кайгырып бирге кубанып журогубузду оорутуптурбуз. Эми аягын жакшы эле бутурчу автор сураныч. Болбосо кийинки сериалды окуп баштабай эле койгонум он болот окшойт го. Калп эле кайгыра бербей
29.05.2018. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Неге Алибек олуп калса дейсинер? Алибекте эмне куноо? Жамийла озу таштап кетти башында,иштейм деп бул тагдырга туш болду, Алибек озу жалгыз бала болсо, олбосун
30.05.2018. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алибекти олтурбой эле койгулачы. Экоо тен бактылуу болгонго акылары бар. Таптакыр эле унутуп эмес, журогунун тупкуруно сактап коюшсун...
01.06.2018. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Керем 5 айлык десе ,Жамиля алты деп айыбы ачылып калат эми
04.06.2018. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Wwww
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо