Жоодарбешим, ырчы: «СҮЙҮҮБҮЗ КҮЧТҮҮ, БИРОК РОМАНТИК ЭМЕСПИЗ»

№812 25-май -31-май, 2018-ж.

Жаш жубайлар ырчы Жоодарбешим менен Аксаана 5 жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан. Учурда наристе күтүп жатышат. Эки жаш менен баарлашып отуруп, «сүйүү бул – болбогон жомок» деген сөздүн өзү жомок экенине дагы бир жолу ынандым.

– Экөөңөрдү табыштырган кайсы күн? Ошондогу сезимдер эсиңердеби?

Жоодарбешим: – Аксаана экөөбүз жаздын жыпар жыттуу күндөрүндө, тагыраагы, 1-майда таанышканбыз. Ал күнгө миң рахмат. Биринчи көргөндө эле жүрөгүмдүн ээси ушул кыз деген ой келди. Бир көрүп сүйүп калуу дегенди укчумун, бирок башымдан өтө элек болчу. Дароо эле ашык болуп, сүйүүгө мас болуп, көздөрүм тумандап калды. Ошондогу сезимдерди сөз менен жеткире албайм. Ашыктык жалыны түн уйкумду бузуп, кайра-кайра обон кайрыктары келип, толкундардан чыга албай жаткандай бир башкача бушайман болгом. Ал кез тууралуу сурасаңыз ошол күндөр көз алдыма тартылып, дагы да толкунданып, акын болуп кетчүдөй болуп турам.

– Катуу сүйүптүрсүң да. Аксаана, Жоодарбешимди 1-көргөнүңдө кандай ой келди?

Аксаана: – Биринчи көргөндө Жоодар өзүн бийик сезген, керсейген адам көрүнгөн. Таанышып сүйлөшө келгенде менин оюм таптакыр туура эмес болуп чыкты. Тез тил табышып кеттик, турмушка болгон көз карашыбыз да бирдей экен. 1-2 жолу сүйлөшсөм да Жоодар мага көп жылдан берки таанышымдай сезилди. Ошондон кийин жакындан билгим келип, кызыгуум арта баштады.

Көрсө, Жоодар мен жакшы көрүп угуп жүргөн «Өкүнбө» деген ырдын аткаруучусу экен. Ал ырды уга берип, жаттап да калгам. Жоодар деген таанышыбыз деле жок, бирок апам капысынан Жоодар деп көп айтып алчу. "Ал ким?" деп сурап койчумун. «Пенденин оозунда болсо Кудайдын кулагында» деген ушул экен деп азыр ойлоп коём. Ошондо апамдын оозуна Кудайым күйөө баласынын ысымын салып коюптур. Апам экөөбүз ошол күндөрдү көп эстейбиз.

Ж.: – Бизди байлык, бийлик, атак-даңк же башка кызыкчылык эмес, ысык жана таттуу махабат бириктирип турат. Кудайым ушул сезимдерди узагынан кылсын.

– Сезимдер бир учурда экөөңөрдө тең пайда болуптур. Ошону билдирүү аракетин биринчи ким көрдү?

Ж.: – Албетте, эркек бардык жерде биринчи кадам ташташ керек. Ошондуктан мен биринчи сезимимди билдиргем. Ашык болгондугум ырас болгон соң мен эмнени күтүшүм керек деп ойлондум. Биз таанышкан 2013-жылы ырчы катары жаңы кадам шилтеп жүргөм. Аксаана менин ырымды угуп жүргөнү менен, өңүмдү тааный элек болчу.

А.: – Таанышканда мен Жоодарбешимдин ырчы экенин билген эмесмин. Спорт тармагында жүргөндүктөн ырчыларга маани берчү эмесмин. Апам казак кызы болгондуктан биз казак, кыргыз ырларын бирдей угабыз. Мен анын жубайы катары эмес, жөн гана угарман катары ырларын жогору баалайм.

– Романтиксиңерби? Мисалы, түнү менен кино көрөсүңөр же башка адатыңар бар дегендей...

Ж.: – Бул жагынан да окшошпуз. Сүйүүбүз күчтүү, бирок романтик эмеспиз.

– Бири-бириңерден алыста болуу оорбу, сурайын дегеним, Жоодарбешим бир топко Алматыда иштеп жүрдү окшойт.

Ж.: – Бири-бирибизден алыста жашай албайбыз го. Достор да бизди экөөңөр эки башка эмес, бир адамсыңар деп тамашалашат. Бир суткада 24 саат болсо биз ошол убакыттын баарын чогуу өткөргөнгө аракет кылабыз.

А.: – Жоодар Казакстанда аранжировкачы катары иштеп жүргөндө мен жанына барып алгам. Анткени тайларым ошол жакта, ал жак дагы мага жакын сезилет. Биз 5 жыл кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Ал убакыт көз ачып жумганча өтүп кетти. Азыркы бир үй-бүлө болуп жашап жаткан күндөрүбүз ошондо кыял эле.

Кудайыма ыраазымын. Мени колдогон, сыйлаган, айткан сөзүнө турган, эки жүздүүлүгү, куулугу жок, ар дайым эркекче жүргөн жолдошум бар экенине сүйүнөм. Буюрса, мыкты ата болот деп ишенем.

– Ата-эне статусуна ээ болоруңарга канча калды?

Ж.: – Аз калды. 1 айдын тегереги.

– Бизге сүйүнчүлөгөндү унутпагыла. Уул күтүп жатасыңарбы же кызбы?

А.: – Күтүүсүз белек болсун деп атайын ага кызыккан жокпуз. Эң башкысы, акыл-эси менен, алты саны аман төрөлүп, элибиздин керегине жараган инсан болсо деп тилеп жатабыз.

– Келинчегиң бошонуп алгандан кийин кесиби боюнча иштейби же үйдө отур деген эркектерденсиңби?
Ж.:
– Аксаана дизайнер, модель, спорт чебери, жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону. Чуркоо боюнча 8 жыл машыккан, 30га жакын медалы бар. Бирок мен үйдө отурушун каалаган эркектерденмин. Нике окулгандан кийин эркек киши аялды бардык жагынан камсыз кылууга, аял киши сага бала төрөп берип, тукумуңду улоого милдеттүү. Билегимде каруум, башымда акылым бар кезде аялымды иштетпейм.

– Бири-бириңерди эмне деп эркелетесиңер?

Ж.: – Азыр деле жаңы таанышкандардай сөзүбүз бүтпөйт. Буюрса, ичер суубуз түгөнгүчө ушундай мамилебизди сактаганга аракет кылабыз. Аксаана мени мамалагым, арстаным деп эркелетет. Мен болсо чычалатып челегим деп коём.

– Кайнене-кайнатанын жанында деле бири-бириңерди эркелетип, кучактай бересиңерби?

Ж.: – Андайдан алыспыз, мусулмандар үчүн ал жат көрүнүш болуп калат.

– Жоодарбешим, чыгармачылыгың токтоп калгандай, эмнеге алыстап кеттиң?

Ж.: – Негизи акыркы учурда ушул сөз артымдан көп айтыла баштады. Мен өзүмдү анчалык деле жылдыз сезбейм. Бирок ырдаганымды токтоткон жокмун. Зал толо концерт берип, угармандарымды топтой алдым. Мени ырчы катары кумир тутуп, сыйлагандар да бар. Казактар да чыгармачылыгыма кызыгып, алар менен да иштешип келдим. Чынында чыгармачылыгым мурдагыдай болбой солгундап кетти. 2016-жылы менин аска-зоом болгон атам өтүп кетти. Атамдын жылдыгы өтсүн деп бардыгын жыйыштырып койдум. Айрымдар 2 айдан кийин өз турмуш-тиричилигин ойлоп алаксып кетсе, мен үчүн оор болду. Анын ордун азыр да толтура албай, кыйналып келем. Ыраматылык атамдын орду катуу сезилди, тагдырдан мага берген оор соккусу болду. Кенжеси, эркеси болуп чоңойгон жаным кабыргам кайышып, бул күндөрдү атамды сагынуу менен өткөрүп жүрөм. Чыгармачылыгымдын солгундашынын себеби ушундай. Кээ бир оозуна алы келбегендер табалагансып "күйүп-өчтү" деп жатышпайбы. Мен үчүн ийгиликтер алдыда.

– Рахмат маегиңерге. Аксаана, аман-эсен көз жарып ал.

«Өмүрдө мени эч кимге, эч качан сатпаган эки жакыным. Ата болгону калсам дагы энеме дале баламын».


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  14 
Комментарийлер(21)
29.05.2018. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аябай жонокой адамдар экенсиздер бири бириниздерди толуктап журо бериниздер.
29.05.2018. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Чын эле копчулукко улгу болчулардан окшойт.Бактылуу болгула!
29.05.2018. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Аялы татынакая экен. Аман эсен көз жарып алсын!
29.05.2018. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жубайлардын мындай маегин окуган эмесмин.
Сонун !
29.05.2018. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
уйбулолук бакыт каалайм,бар болунуздар
29.05.2018. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бактылуу болгула маегинерге соз жок ото сонун
29.05.2018. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
соонун маек болуптур , жонокой адам экениниз журокту жылытат жоодар байке .Бактылуу болунуздар .
29.05.2018. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жонокой адам экениниз журокту жылытат ырчы катары сизди ап дайым сыйлайм . Бактылуу болунуздар
29.05.2018. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ырлары жагат особенно Бир тууганга арналган ыры. Дагы ырларын кутобуз. Келинчеги красавица экен аман эсен коз жарып алалы буйруса ;-) мен да кош бойлуумун мен ушул айдын ичи деп турам.
29.05.2018. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Соонун тугойлор туболук бактынар узулбосун. Жоодарбешим мага да жагат ырлары уну озгочо.
29.05.2018. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болгула... жаман коз, жаман создон алыс болгула
29.05.2018. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Кайнене деген ыры жакпайт. Кээде ыр болсо эле болду деген ырларды да ырдап коет го
30.05.2018. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
only_progress,экообуз ошондой ырларды ырдай албай журбойбузбу. Телефонду чукулап коюп.
30.05.2018. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Орозонун ыйык кунундо жакшы тилектер айтылыптыр, кабыл болсун! Бактылуу болгула! Келечек алдыда. Мен сыйлаган Жигит.
30.05.2018. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азамат экенсин колдон келсе эркек бардык жактан камсыздап аял үйдө балдарына тарбия берүүсү кажет. Ошондо баланын ата-энеге болгон мээрими көп болот. Туура кыласын 100% колдойм ушул оюңду.
30.05.2018. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Канчалаган эркектер журот аялын сыйлай албай уруп согуп иштетип акчасын жеп...Мусулманмын деп туруп аялды кандай караш керек экенин билишпейт.Аялына жакшы суйлоп ичиндеги сезимдерин билдирип баардык жактан камсыз кылып турса кайсы аял жаман болсун.Аялы колуна кол бутуна бут болуп бактылуу жашайт да.Эркектерден коз каранды уй булоонун кандай болушу.Ушул жигиттей эр азаматтар коп болсо Акылым бар белимде кучум бар аялымы бага алам иштетпейм деген анда кыргыз кыздары кор болуп чет жерде журмок эмес
30.05.2018. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кыйналып ыйлап жолдошум башка катын алып алды деп кочодо балдары менен жалдырап калмак эмес.Эркектер уйлонуп жатканда ойлонушса жоопкерчиликти тушунушсо...сезишсе...Ошондо уй булоодо ажырашуу аз болуп балдар бейпил турмушта жакшы тарбия коруп чоноюшмак
Nendi15 түзөттү 2018-05-30 16:47:25
01.06.2018. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жоодарды аябай сыйлайм
01.06.2018. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Макала махабат жыттанат го, керемет... Азаматсыз Жоодарбешим, ырчы катары мен да сизди сыйлайм Жана жакшы кором. Адамдык касиетиниз да жогору экен. Унунузду Б. Борбиевдин унуно окшотом, дагы жаны ырларды кутобуз. Наристениздер Аман Эсен дуйного келсин. Бактылуу болунуздар.
04.06.2018. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйлогон созу ордунда го азамат.ушул маектен кийин сыйлап калдым Жоодарды.ийгилик
04.06.2018. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызымдын ушундай эр азамат жигиттерди кобоё берсин. Бактылуу таалайлуу болгула.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо