КАНН ФЕСТИВАЛЫНДА КЫРГЫЗ УЗДАРЫ ТИККЕН КИЙИМДЕР КЫЗЫЛ КИЛЕМДИН КӨРКҮН ЧЫГАРДЫ

№812 25-май -31-май, 2018-ж.

71-жолу өтүп жаткан Канн кинофестивалында кыргыз кызынын тагдыры тууралуу тартылган тасма сыйлыкка татыктуу болду. Тактап айтканда, орусиялык режиссёр Сергей Дворцевойдун "Айка" тасмасындагы кыргыз кызынын ролун аткарган казак актрисасы Самал Еслямова «Аялдын эң мыкты ролу « деген наамга ээ болду. Канн кинофестивалынын сыйлык тапшыруу аземинде казакстандык актриса Самал Еслямова кыргыз дизайнери Кадыргүл Шаршембиеванын колунан тигилген кийимдер менен кызыл килем үстүнө чыкты. Шаршембиеванын айтымында, "Айка" тасмасынын жаратуучулары андан палантин, чапан жана моюн орогуч сатып алышкан.

"Биз кийимдерди Бишкек, Алматы жана Ташкент, үч шаарга чыгарабыз. "Айка" тасмасынын тартуучу тобу Алматыдагы дүкөнүбүздөн алышыптыр. Азыр чыр болуп "бул казактар тиккен буюмдар" деп жатышат. Бул менин автордук кийимдерим. Бардык кийимдер таза кийизден жана жибектен тигилет. Канн фестивалына биздин кийимдерди кийип чыкканы үчүн сыймыктандым. Кандай болсо да мамлекетибиздин аты чыгып жатпайбы".

Ошентип Канн фестивалында кыргыз мигрант кызынын тагдыры тууралуу тасма көрөрмандарды ыйлатса, кыргыз уздарынын кийимдери тамшантты.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(1)
29.05.2018. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Казактардын интервьюсун кордум го, бардыгы озубуздуку деген, бирдеме болсо эле Кыргызстанды жамай бересинер. Кыргызстанда торолгон ж б деп кичине салмактуураак болсо болмок жанылыкты чыгарган адамдар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо