Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«КРЕДИТИ БАР ҮЙ-БҮЛӨЛӨРГӨ ЖӨЛӨК ПУЛ БЕРИЛБЕЙБИ?»

№813 1-июнь -7-июнь, 2018-ж.

«Үй-бүлөгө көмөк», «балага сүйүнчү пул» тууралуу окурмандардан келген суроолорго Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын адиси Айкөл Турганбаева жооп берет.

– Менин эки балам бар. Буюрса, августта үчүнчү наристем жарыкка келет. Сурайын дегеним, буга чейин мен банктан 3 жолу кредит алгам. Угушума караганда, банктардан кредит алган үй-бүлөлөргө үй-бүлөгө көмөк каражаты берилбейт экен. Мунун канчалык чындыгы бар?

Асел, Жалал-Абад шаары


– Ата-эне балдарга берилүүчү жөлөк пулдарды баланын өзүнө гана жумшоосу керек. Кредитти төлөө үчүн берилбейт. Негизи кредитти төлөөгө кирешеси бар, жетиштүү жашаган үй-бүлөлөр алышат. Кредитти банктан алууда, аны жабууда кирешелер көрсөтүлөт. Ошол кирешени тастыктаган маалым катты дагы жөлөк пул алуу үчүн кайрылганда көрсөтүү зарыл.
Августта көз жарсаңыз, кирешени эсепке албастан 4000 сом өлчөмүндө балага сүйүнчү пул ала аласыз.

«БИР ҮЙДӨ ЭКИ ҮЙ-БҮЛӨ ЧОГУУ ЖАШАЙБЫЗ»

– 3 балам бар. Кайненемдин колунда турабыз. Жолдошум экөөбүз тең иштебейбиз. Бизден башка үйдө эки кайним бар, студенттер. Кайненем гимназиянын директору болгондуктан «эмгек акысы көп» деп менин балдарыма үй-бүлөгө көмөк акчасын чегербей коюшту. Кайненем айлык акысына өз студент балдарын багышы керек да, чынбы? Же алган айлыгын менин балдарыма да жеткириши керекпи?

Жазгүл, Ош шаары

– Үй-бүлөгө көмөк – муктаж үй-бүлөдөгү 16 жашка чейинки балдарга ай сайын төлөнүүчү жөлөк пул. Эгерде бир нече үй-бүлө чогуу жашаган учурда алардын бюджети бирге болсо, бир айлык кирешеси чогуу эсептелет. Ал эми бир нече үй-бүлө бирге жашап, бирок бюджеттери башка болсо, өз-өзүнчө кирешелери эсептелип, муктаждыгы аныкталса, үй-бүлөгө көмөк каражаты ар бир үй-бүлөгө өзүнчө чектелет.
Тактап айтканда, бир айлык киреше үй-бүлөдө жашаган ар бир жандын башына бөлүнөт. Эгер сумма кепилденген эң төмөнкү кирешеден ашпаса (КЭТКнин өлчөмү 900 сом), анда үй-бүлөгө көмөк жөлөк пулун чегерте аласыз. Бүгүнкү күндө үй-бүлөгө көмөк каражатынын өлчөмү бир балага – 810 сом.
Жөлөк пул аты айтылып тургандай эле муктаж үй-бүлөгө убактылуу мамлекет тарабынан берилчү жөлөк акча. 3 балаңызга 810х3=2430 сом алганга салыштырмалуу жолдошуңуз экөөңөр иштесеңер бир айлык эмгек акыңар мындан жогору болсо керек. Жашаган жериңер боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылыңыздар. Алар акысыз курстарга окутуп, жумушка киргизүүгө көмөктөшөт.

«ЖОЛДОШУМ ОРУСИЯНЫН ЖАРАНЫ...»

– Жолдошум Орусиянын жараны, мен Кыргызстандын. Жакында Кыргыз жеринде көз жардым. Балама сүйүнчү пул ала аламбы?

Тахмина, Бишкек шаары

– Кыргызстандын аймагында төрөлсө жана туруктуу жашасаңыз сүйүнчү акчаны ала аласыз. Жашаган аймагыңыздагы калкты тейлөө борборлоруна, маалыматтык күркөлөр жана жарандык абалды каттоо органдарына кайрылыңыз. Эки гана документ талап кылынат: паспортуңуз жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү.

«ЖАЛГЫЗ БОЙ ЭНЕНИН БАЛДАРЫНА ЖӨЛӨК ПУЛ ЧЕГЕРИЛЕБИ?»

– Жалгыз бой энемин. 2 балам бар. Бирөөсү 2 жашта, бирөөсү 6 айлык. Эч жерде иштебейм. Эжем менен чогуу турам, анын да баласы бар, жездем каза болуп калган. Тааныштарым «эжең иштейт да, сага жөлөк пул беребесе керек» дешти. Эмнеге андай? Анын тапканы өз баласына араң жетет? Мен "үй-бүлөгө көмөк" каражатын чегертсем болобу?

Адина, Бишкек шаары

– Жалгыз бой энелердин балдарына да жалпы негизде гана жөлөк пулдар чектелет. Тактап айтканда, жалгыз бой эне статусу бөлүнүп каралбайт. Бир нече үй-бүлө бирге жашап, бирок бюджеттери башка болсо, муктаждыгы аныкталгандан кийин жөлөк пул ар бир үй-бүлөгө өзүнчө чектелет.

«СҮЙҮНЧҮ ПУЛДУН БЕРИЛИШИ КЕЧИКТИРИЛИП ЖАТАТ»

– Мен сүйүнчү пулга документтерди тапшырдым эле, бир жарым ай болду, тийбей жатат. Тапшырган жеримден сурасам «Бишкектегилер билет, биз билбейбиз» дешти. Сураныч, ушуну билип бериңиздерчи. Каякка кайрылышым керек? Ушинтип созуп жүрө берип анан «6 ай болду, эми берилбейт» дешпейби?

Бакыт, Алай району

– Жашаган жериңиздеги социалдык өнүгүү башкармалыгынан биле аласыз. Эгер так жооп ала албасаңыз министрликтин коомдук кабылдамасына, 0312 66-01-07 номерине чалыңыз.

«ЖӨЛӨК ПУЛ ЧЕГЕРТҮҮДӨ ҮЙДҮН КЫЗЫЛ КИТЕБИ КЕРЕКПИ?»

– Үй-бүлөм менен Бишкекте батирде турам. Батир акысына айына 3000 сом төлөйбүз. Бир уул, бир кызым бар. Буюрса, келинчегим жакында көз жарганы турат. Өзүм майыптыгым үчүн пенсия алам, кара жумушка жарабайм. Келинчегим иштебейт, балдар менен үйдө. Үй-бүлөгө көмөк каражатын алуу үчүн райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгына барсам «жашап жаткан батириңердин кызыл китеби керек» дешти. Кожойкеге айтсам макул болбоду. Сөзсүз жашап жаткан батирибиздин кызыл китеби керекпи?

Арзымат, Бишкек шаары

– Үй-бүлөгө көмөк каражатын, дегеле жөлөк пул чектөөдө батирдин кызыл китеби талап кылынбайт.


Окурман, сиз укуктук жактан коргоого муктажсызбы? Анда биздин «Адистин кеңеши» рубрикабыз кызматыңызда. Сиздин тынчыңызды алган суроолорго тажрыйбалуу
адистер жооп беришет. Кат жазыңыз, кеңеш сураңыз! Суроолорду (0312) 32 33 26 номери, 0557756319 WhatsApp номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(30)
05.06.2018. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
бюрократизм гулдоп атат ла бизде.керени жок кагазды деле сурашып. мамлекеттин акчасын жон эле берип коюшпайбы, мамлекеттин да эмес, элдин акчасы да, салыктан тушкон. "байдын ашын байкуш аяйт"болгон кызматкерлерди жоготсо туп-орду менен. иштейм дегендер толтура . Рамазанда жаман соз жазгандан да тартынасын, а так бесяят
05.06.2018. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
жөлөк пулду муктаж адамдар албай эле башкалары алып жатат чыныгы муктаждар алалбай жатышат
05.06.2018. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жолок пул алыш учун уйдун кызыл китебин да сурап жатышат айыл жергесинде. Ага кошуп уйунду милдеттуу турдо камсыздандыруу керек деп мажбурлап эле жатышат.
05.06.2018. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ошол суйунчу пулду алгыча, 2.3 мин кетип калат кагаздарын чогултуп тапшыргыча.
Алганын 4 мин болсо
07.06.2018. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
almanbetperm,ким айтты сага 2 3 мин кетет деп мен мына чогулттум акча короткон жокмун конечно чуркайсын без документ кантип бермек эле
05.06.2018. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бергенинер 4000 мин сом ошону жон бербей атана бар апана бар палан тукун документ дейсинер пособия болсо 810 сом айына аны да жон бербей холодильнигин бар тазигин казанын текшерип бересинер ансыз деле канчалаган миллион миллиарддаган акча жеп кетип жатышат карапйым элге келгенде уйунун кирешеси дешет бети жоктор россияда 150 мин рубль берет торолгондорго пособия 15 мин рубль Ар бир балага телевизор тазигин бар экен деле дебейт биз дикторе карап айым элге келгенде еле жоооок акча дей беришет
05.06.2018. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жөлөк пулду кыйратып берип жаткансып эми кредити барлар ала албай турган жаңы вариантын ойлоп табышкан тура
07.06.2018. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Shokoladka94,ошону айтсан акча жетиштуу болсо кредит албайт болчу элдин баары
05.06.2018. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бизге да бербей коюшкан жер улушунор жок деп. Экинчи баламда барсам,атасы Россияда деп чыгарбай коюшту.
05.06.2018. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Суйунчу пулга документ туурлап аткам. Мурдагы озундун жашаган уйундун кызыл китебин алып келди дешти. Эми бул документтин кандай тиешеси бар. Балам менен кун ысыкта атана бар, апана бар дешип жаман жадатышты ушулар!
05.06.2018. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aiturgasha,кызыл китептин кереги жок деп жооп бериптир го, гезитти которуп барып бетине такагыла
05.06.2018. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aiturgasha,номер жазышыптыр чалгыла жалоб кылгыла эмнеге кызыл китеп сурашат керек эмес экен..
05.06.2018. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Россиянын жаранымын. Азыр окуп отуруп оозум ачылды. Биринчи баламда 170мин декретный, 1 жарым жашка чейин айына 13000 чыгарып берди. Бул жактын жарандыгын алганыма окунбойм
05.06.2018. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Үйдүн докментин алпарбагыла ошол док деле ар нерсе жасап жатышат ар кимди учёько коюп кридит беришип жок болуп сага келип доолашат баштан өтү биздин
06.06.2018. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен январьда 2чи баламы Россияда тородум бирок Кыргызстандын жараныбыз суйунчу пулга тапшырайын десем берилбейт дешти Россиядан темболее беришпейт
06.06.2018. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балага куболук алыш учун да кызыл китеп керек деп бербей жатышат кызыма 1 ай болду торолгонуно
06.06.2018. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен балама алайын десем уйун жок экен деп беришпеди уйум болсо жолок пулдун керегида жок эле кыскасы жардамга муктаждарга берилбейт кыргызстанда чындык жок
06.06.2018. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bayazet, уйунор жок убактылуу батирде турсанар айыл окмоттон же квартальныйдан жашаганы анык деген маалым кат(справка) гана аласынар башка кызыл китеп, жашыл китеп тиешеси жок.
06.06.2018. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстанда эки эле нерсе укмуш так иштейт: бири Бишкектеги ысык сууну очургондор бир кун кечикпей, экинчиси соцфонддун пенсия, жолок пул, суйунчу пул бергендери))) тимэле уйундо эмнен бар эмнен жок 5-6 комиссия текшерип) байдыкын байкуш кызганаттын баары ушул жактабы деп кетем.
5 баласы бар куйосу аялынын туруктуу иши жок экен машинанар, бир ат, бир уйунар бар экен деп бербей коюшуптур. Ушундай закон чыгарып жаткандар айылга келип 5 бала менен 1 ат, 1 уй багалат бекен жашап корушсо дейм
dina түзөттү 2018-06-06 16:04:45
08.06.2018. 08:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dina,Туура
10.06.2018. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dina,соцфонддун бул жерде тиешеси жок,жашын келдиби же стажын жеттиби пенсиягачыга бер.
07.06.2018. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Так жооп жокко ошондо кредити бар адам алат жолок пул или албайт деп так жооп берсенер журокту сыкпай
07.06.2018. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эптеп эле бир кынтык таап, бербеш керек да. Жолок пул деген эле соз, алыш учун канча документ топтоп и ещё канча кутуш керек.
07.06.2018. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр каждый кишиде кредит бар. Ошону били туруп чыгарган жыйынтык.
07.06.2018. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сүйүнчү пулду 4 ай дегенде аллык. Албай жле койчу десем болбой аялым менен иним чуркап жүрүшүп 2миңдей коротушуп акыры алышты
08.06.2018. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анда эмне машинасы, тазиги, муздаткычы болсо жолок пул ала албайбы? Ката кетиришиптир да тизмеге Уйун эмес туалетин болсо бербейбиз десе сонун болмок. Себеби бардык уй булодо туалет бар да деп ойлойм. Ошондо тегиз баарына бербей кое алат окмот.
11.06.2018. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
cubich,
08.06.2018. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ДЕкретке чыксам, кайра жумуш ордума чыкканча жөлөк пулга аракет кылсамбы дедим эле.......жөн эле коет окшойм......
09.06.2018. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кридит баардык уйбулодо бар болуш керек ошол кридитти балдары учун каржылайт да мисалы: муздаткыч алайын десе жолок пул жетпейт кошумча сыртан кирешеси жок болсо айла жок да ,бизде жалан ак мээлер нени ойлоп таптынар дагы.
10.06.2018. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россиянын жаранымын деп жазыптыр бир жаран, албетте Россияга жетүү үчүн Кыргызстан көп иштеш керек! Биздикилердин башы коррупциядан чыкпай, тоноп жатышса кайдан өнүкмөк элек, айтайын дегеним Россия багып жатат, биздин элди, жаштарыбыздын көпчүлүгү Россиядабыз! Биздин ишканада кыргыздар иштейбиз, Кыргыз жарандарыбыз баарыбыз, бирок, ишибиз официальный, закондуу түрдө алабыз баарыны. Бир кызыбыз төрөп кетти, ошого 183миң декретной төлөп, азыр баласына 13-15миңден пасобия алып турат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо