Нурлан Насип: “АСЕЛ КЛАССТАШТАРЫМА КЫЗМАТ ӨТӨДҮ”

№813 1-июнь -7-июнь, 2018-ж.

25-май – бүтүрүүчүлөр күнү айрым ырчылар үчүн да өзгөчө майрам болду. Алар 10, 20 жылдап көрбөгөн классташтары менен болгон жолугушуу кечеси тууралуу кызыктарды айтып беришти.

-Туулган айылыма бара элегиме 7 жыл болуптур. 9-классты бүтүп келгендиктен айрым классташтарымды 12 жылдан бери көрө элек экем. Мен алгач айылыма бекер концерт уюштуруп, андан соң классташтар менен жайлоого чыгып 3 боз үй тигип, жылкы союп, сайрандадык. Асел классташтарга чай куюп, келиндик кызматын аткарды. Анан, албетте, арабызда “балалык сүйүүм сен элең, сага айта албай калдым” деп армандарын айткандар болду (күлүп). Белек катары мугалимдердин үйүнө керектүү буюмдарды сатып алдык. Ошондой эле мектепке проектор, керектүү жабдууларды алып, айылдын мечитин оңдоп бердик.











Эрнест Бөрүбаев, ырчы, тамада: “КЛАССТАШТАРЫМДЫ ТААНЫБАЙ КАЛЫПМЫН”

-Мен Өзгөн районундагы Жыланды айылында мектепти аяктагам. 10 жылдыкка барган эмес элем, 20 жыл аралыгында айрымдарын тааныбай калыпмын. Мени көрүп “сиз да ушул жактан болосузбу?” деп таң калгандар болду. Ичим ачышканы айрым классташтардын арабызда жоктугу, мугалимдердин карыгандыгы. Кечээ эле мектепти бүткөндөй болдум эле, убакыт билинбей өтө берет экен да. Мугалимдерге үй буюмдарын, мектепке компьютер белек кылдык.


Азиза, ырчы: “20 ЖЫЛДЫККА БАРГЫМ КЕЛГЕН ЭМЕС”


– Мурун 10 жылдыкка барганда жаш экенбиз да, 90 пайыз аяштарыбыз классташ балдарыбызды бизден кызганышкан эле. Ошол отуруш көп жакпай, 20 жылдыкка барбайм деп сөз бергем. Бирок кайра эле классташтар чогулуп баштаганда чыдабай кошулуп алдым, чогуу окуган балдар-кыздарды көргүм келди, сүйлөшүп отургум келди. 20 жылдык мага жакты, мурун жолдошторун кызганган аяштарыбыз менен камыр-жумур болуп, жакшы отурдук. Алгач Токтогулда кафеде отуруп, кийин Чычкан капчыгайында эс алдык. Мугалимдерге акчалай, буюмдарды белекке бердик. Мен кошумча музыкалык аппарат, тамаданы моюнума алдым.

Мындан сырткары Аваз Акимов Түштүк Кореяда жүргөнүнө байланыштуу 10 жылдыкка келе албаганын айтат. Кубаныч Сатаев, Кубаныч Ажыбаевдер да айылына барып 20 жылдыгын белгилеп келишти. Ошондой эле актёр Марат Жанталиевдин мектепти бүтүргөнүнө 40 жыл болуптур.


star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(12)
05.06.2018. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Охоо 7жылдан бери дейт го Нуке
05.06.2018. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
7 жылдан бери оз айылына барбаганына уялуунун ордуна сыймыктануу менен суйлоптур го...

Болбосо гастролдоп канча журот, ошол жерден ар айда канча жолу ары-бери отот...

Башкасы болсо ушул созду айтуудан арданмак...
05.06.2018. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Эрнест Борубаевдин интервьюсу жакты . Чындап эле кандай гана окунучтуу кечээ мектепти аяктагандай болобуз .Бирок коп нерсе озгоруп копчулугу арабызда жок .эхх омур, омур
05.06.2018. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аялынды мага корсот мен кандай эркек экенинди айтам. Классташтар жолукканда билинет аялдарын коруп, ким кандай эркек экенини.
05.06.2018. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Djal1987,"аялдарын коруп ким кандай эркек экенин эмес"- досундун кандай болуп озгоргонун коруп аялынын кандай экенин билсен болот


Бул соз кобунчо классташ кыздардын куйоосуно тууру келчуудой. А классташ балдарга "Сени коруп аялын кандай экенин айта алам"- десен болчуудай. "Аял жакшы,эр жакшы"-деген соз бекеринен айтылган эмесго дейм.Аялы жакшы болгон учун келип отлтурат,жаман аял эрди тууган уруктан да,достон да ажыратат.
05.06.2018. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Pandora,тоо десе бээ дебечи. Бар лолулорго тийип алгыла. Бир жолу олдунорго аялдан умут кылып. Силерди тогуз ай которуп тун уйкусунан ойгонуп багып чонойтуп койду жетишет эркек болгулачы ары шолбуробой. Иштеп чон чон басып тарс тарс суйлоп уйбулоонорду багып. Аялдын этегине жармашып жашабай.
05.06.2018. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Вай Нурлан 7 жылда барбаГаны жаман болуптур. Тоа.
05.06.2018. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Каякты караба Нурлан Асел уже ззззз аллергия
05.06.2018. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Анжелика, Самарахон жокко
06.06.2018. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
aman0296,эмки сандан орун алып коюшса керек да)))
06.06.2018. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Асель байкуш аябай кызмат кылган турбайбы
06.06.2018. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Замир Арыкбаев да барып келди 20 жылдыкка. Ырчы шоу бизнес окулдорун алып барып айылына чон майрам уюштуруп берди
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо