Пирогдорду мөмө-жемиштерден, жашылчалардан, эттен түрлөп даярдоого болот. Бул жолу дүйнө элинин ашканасынан алынган, жер-жемиштер, мөмөлөр менен жасалган таттуу пирогдордун рецепттерин сунуштайбыз. Бул даамдар чайлашуу үчүн мыкты десерт болуп берерине шек жок.
ШТРУДЕЛЬ

Керектелүүчү азыктар:
Ун – 250 грамм
Каймак май – 20 грамм
Жумуртка – 2 даана
Алма – 2 даана
Өсүмдүк майы – 3 аш кашык
Кумшекер – 150 грамм
Кант упасы – 1 аш кашык
Корица же ваниль кумшекери – 1 чай кашык
Суу – 3 аш кашык
Туз – 1 чымчым
Даярдоо ыкмасы:
-
Унга кумшекерди, тузду, жумуртканы, өсүмдүк майын жана сууну кошуп камыр жууруйбуз да, 30 мүнөткө тыныктырып коёбуз.
-
Алманы жууп, кабыгын аарчып, ири тиштүү сүргүчтөн өткөрөбүз. Эми буга корицаны же ваниль кумшекерин кошуп аралаштырабыз.
-
Тыныккан камырды 2-3 миллиметр калыңдыкта жайып, алма туурамжысын тегиз салып, оромодой кылып оройбуз.
-
Штруделди 180 градуста иштеп турган электр мешинде 40 мүнөт бышырып алабыз. Бышарга 5 мүнөт калганда бетине каймак майдан сүйкөп, кайра электр мешине салабыз. Бышкандан кийин бетине кант упасынан себелеп, кесимдерге бөлүп, дасторконго коёбуз.
КУЛПУНАЙ МЕНЕН ПИРОГ

Керектелүүчү азыктар:
Каймак май – 100 грамм
Жумшак сыр түрү – 100 грамм
Кумшекер – 150 грамм
Жумуртка – 2 даана
Ваниль кумшекери – 1 пакет
Ун – 150 грамм
Көбүрткүч – 1 чай кашык
Глазурь үчүн:
Кант упасы – 100 грамм
Лимон ширеси – 3 аш кашык
Кулпунай – 200 грамм
Даярдоо ыкмасы:
- Каймак майды, жумшак сырды, кумшекерди, жумуртканы жана ванилди кошуп көбүрүп чыкканча жакшылап аралаштырабыз. Миксер пайдалансаңыз аралаштыруу жеңил болот. Эми бул аралашмага эленген ун, көбүрткүч кошулуп аралаштырылат.
- Электр мешинин табасын майлап, бир аз ун себелеп, даяр болгон камырды куюп, үстүн тегиздейбиз да, 180 градуста иштеп турган электр мешинде 50-60 мүнөт бышырабыз. 40 мүнөттөн кийин пирогдун бетин күйүп кетпеши үчүн фольга менен жаап коюшубуз керек. Бышкан пирогду 15 мүнөттөй табадан чыгарбай муздатып алабыз. Андан соң чыгарып толук муздатабыз.
- Глазурду даярдоо үчүн кант упасына лимон ширесин кошуп аралаштырабыз да, пирогдун бетине чуурута куябыз. Андан соң пирогдун үстүн тазаланып-жуулган кулпунай менен кооздойбуз.
ГАЛЕТА

Керектелүүчү азыктар:
Ун – 160 грамм
Кумшекер – 15 грамм
Каймак май – 65 грамм
Көбүрткүч – 5 грамм
Жумуртка – 1 даана
Туз – 1 чымчым
Суу – 30 миллилитр
Туурамжы үчүн:
Өрүк – 330 грамм
Бал – 1,5 аш кашык
Корица – 1 чай кашык
Манна акшагы – 2 чай кашык
Даярдоо ыкмасы:
- Унга көбүрткүчтү, тузду, кумшекерди, каймак майды, жумуртканы кошуп аралаштырабыз да, суудан чуурута куюп жумшак, чоюлчаак камыр жууруп, муздаткычка 40 мүнөттөй салып коёбуз.
- Өрүктү жууп, тең экиге бөлүп, данегин алып салабыз.
- Бал менен корицаны аралаштырып жай отто жылытып алабыз да, өрүктүн үстүнө куябыз. Эгер өрүк катуураак болсо, анда бул сиропко 20 миллилитрдей суу куюп, жай отто 3-4 мүнөт кайнатып алуу керек.
- Камырды жука жаябыз да, электр мешинин табасына пергамент кагазын төшөп, үстүнө жайылган камырды салабыз.
- Камырдын бетине манна акшагынан себелеп, өрүктөрдү тизебиз. Четинен 6 сантиметрдей аралыкты бош калтыруу керек. Бул галетанын бетине кайрылып жабылат.
- Галетаны 180 градуста иштеп турган электр мешинде 25-30 мүнөт бышырып алабыз. Эгер мындан да таттуу галета жегиңиз келсе, өрүккө кумшекерден себелесеңиз болот.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg