Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)

№813 1-июнь -7-июнь, 2018-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)

Керем келип адатынча анын курсагы менен ойной баштады.

– Кандайсың, периштем. Аз калды сени менен көрүшөбүз. Сен кимге окшош болор экенсиң? Эмре чоңойгон сайын мени тартып бара жатат. А сен апаңдын көчүрмөсү болсоң керек, ээ? Мейли, кимге окшошсоң да сени аябай жакшы көрөм. Тез кел, бөпөм. Мен сени күтүп жатам,- деди шыбырай.

Жамиля күлүмсүрөй берди.

– Сен муну көп эркелетет окшойсуң. Азыртадан эле билинип жатат.

– Бул наристе сени мага кайрып берди,- деди Керем.

Жамиля чочуп кетти, сырын билип калдыбы? Керемдин көпкөк көздөрү мурункудай эле махабатка толо тиктеп турган экен.

– Бул бала боюңда болгондон баштап сенде мага деген жылуу сезим ойгонду. Ошону айтып жатам.

Ал жеңилдене дем алды. “Кызым, сен эч нерседен коркпо. Апаң эч качан сырын ачпайт” деди ичинен.


ххх


Алибек оор операцияны башынан өткөрүп жандандыруу бөлүмүндө жатты. Коридордо турган келин менен кайнене бири-бирине сүйөнүшүп араң эле отурушту.

– Сиз барып эс алыңыз, апа, мен бул жерде болуп турам.

– Жок, кете албайм, балам. Бул жерден бир карыш чыксам эле уулумду бирөө менден тартып кетчүдөй абалда турам. Мен кете албайм.

Кайненесинин ийинине жөлөнүп алып уктап кетти. Энеде кайдагы уйку. Бир ою Алибекте болсо, экинчи ою келининде. “Келиним эмес, кызым болуп калды. Бир көзүм Алибек болсо, экинчи көзүм Диана. Мен кимисине кыярымды билбейм. Сүйөт бул менин акылсыз уулумду. Канчалык көңүлү ооруп турса да билдирбейт. Жанагы неме ортодон чыга калбаганда келин-уулум кандай гана бактылуу болушмак”. Энелик жүрөгү менен баласы жөн жерден жол кырсыгына кабылбаганын билип турду.

Алибек бир күндөн кийин эсине келди. Эрдин кыбырата бир нерсе дегендей болду. Аялы жакындай берип “Жамиля” деп жатканын укту.


ххх


Жамилянын ай-күнү жакындап калган эле. Түн ичинде ичи ооруп жатканынан ордунан турду. Бели сыздай түшүп онтоп жиберди. Керем ойгонуп кетти.

– Эмне болду, жаным?

– Менимче, башталды!

– Коё тур, азыр чыда...

Карбаластаган Керем ары-бери чуркай берди. Кебетеси күлкүлүү эле. Бырс күлүп жиберди.

– Шашпа, азыр эч нерсе боло элек. Толгоо аралыгы 10 мүнөт болгондо барабыз.

– Чынбы? Өөх, коркуп кетсе.

– Коркпо, баары жакшы болот.

Жамиля бул жолу жеңилирээк төрөдү. Ымыркайды Керемдин каалоосу менен анын көкүрөгүнө жаткырышты. Алаканына араң баткан кичинекей анын жүрөгүнөн биротоло орун алды.

– Кош келдиң, Айла! Менин жашоомо, дүйнөмө кош келдиң!

Ал мындан бир жыл мурун тагдыры ушунча өзгөрүп кетерин билген эмес. Жамиля аны кечире турганын, Эмре жанында болорун, кичинекей кызы төрөлөрүн билбеген эле. Дүйнөдө ушунчалык бакыт боло турганына эч качан көзү жетпеген. Бардык жаман нерсенин эшигин ушу кыз жаба тургандай сезилди. Анын бакыты ушул жан менен толукталгандай, бир бүтүн үй-бүлө боло тургандай сезилди.

Жамиля кызын колуна алды. Шектенип наристенин жүзүнө тиктеди. Жүрөгү алып учуп кетти. Ал ичинен Кудайга миң мертебе жалынып наристеси Алибекке окшобой калышын каалаган эле. Бирок ушу учурда Алибекке окшоп калышын тилеп турду. Жок дегенде экөөнүн кыялындагыдай жашай албаса да, кызы алардын кыялындагыдай болушун каалады. Анткени Алибек кызы өзүнө окшош болушун каалачу.

– Кимге окшош экен?- деди жанында турган медайым.

– Атасына- деди жаш аралаш күлүмсүрөгөн Жамиля.

– Жок, менимче, сизге...

Кызын бооруна кысты.


ххх


– Айла!

Кичинекей бул дабышты угары менен башын шак бурат. Атасын көрөт да колу-бутун сербеңдете талпына берет. Атасы ушунусуна эле курсант. Кучагынан чыгарбайт, өөп жатып калат. Муздун сыныгындай муздак караган көпкөк көздөрү азыр башкача эле. Кызына үйрүлүп түшкөнүнө Жамиля да бир аз кооптонуп турчу.

– Сени эч качан мындай абалда көрбөгөм. Эмреге да мынчалык эмес элең?- деди ал бир күнү атасы менен кыздын сүйүүсүн байкап.

– Сен ал кезде мага болгон жек көрүүңдөн улам менин сүйүүмдү да байкабадың. Эмре башкача шартта төрөлдү. Бирок анын ар бир кыймылы, ар бир күнү менсиз өткөн жок. Түн ичинде болсо да анын жытын жыттап алып, анан өз бөлмөмө келчүмүн.Ичимден эзилип сүйүп жатсам да сыртымдан билдирчү эмесмин. "Уул энесине жакын болот" дешет го. Менин сүйүүм канчалык күчтүү болсо да ал сени жакшы көргөндөй мени жакшы көрбөдү. Балким, болгон ызаңды, капаңды, жек көрүүңдү эне сүтү менен ага өткөргөндүрсүң. Азыр алдымда турат, жигит болуп калды. Менин мүнөзүм, менин көздөрүм мага ар дайым сыртын салып карайт. Баарынан жаманы, ал нерсе мен эмне кылсам да өзгөрбөйт, анткени ал мага окшош. Кызымда эч катуулук жок, дүйнөнү күлүп карайт, сүйүп карайт. Мен аны канчалык жакшы көрсөм, ал мени менден ашып жакшы көрөрүн билем. Мага тиктегенин бир көрсөң...

– "Ашып кеткен сүйүү баланы бактылуу кылбайт" дешет. Ошону акылыңа түй.

– Жөн эле айта беришет. Менин кызым дүйнөдөгү эң бактылуу кыздардан болот.


ххх


– Ата, тортту үйлөйлү, ичиңден тилек айт.

– Менин кызым дүйнөдөгү эң бактылуу кыз болсун!

Тортту чогуу үйлөштү. Алибек кызына эзилип тиктеп туруп “менин кызым дүйнөдөгү эң бактылуу кыз болсун” деди. Дүйнөнүн экинчи бир бурчунда дагы бир ата кызына ушул тилектерди арнап жатканын билбеди.

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Башка сандарда:
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 764-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 765-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 766-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры) 767-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 768-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 769-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры) 770-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 771-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 772-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 773-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 774-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 775-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 776-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 777-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 778-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 779-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 780-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 781-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 782-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 783-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 784-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 785-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 786-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 787-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 788-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 789-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 790-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 791-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 792-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 793-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 794-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 795-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 796-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 797-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 798-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 799-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 800-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 801-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 802-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 803-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 804-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 805-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 806-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 807-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 808-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 809-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 810-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 811-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 812-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 814-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 815-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 816-сан
Комментарийлер(18)
05.06.2018. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен биринчи
05.06.2018. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Lekarstvosvoegomuja, Азамат, сага жыгачтан Оскар сыйлыгын тапшыралы.
05.06.2018. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жамиляга эле окшош болсун. Бактылуу жашап кетсин
05.06.2018. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Шашып кирип эле окудум. Качан бутооооооот. Апасына эле окшоп Жамиля Керем менен калсын. Болду автор жакшы жеринде бутурчу
05.06.2018. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
boldu emi, ushul boyuncha butsunchu
05.06.2018. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул бакыт аягына чейин уланса экен
05.06.2018. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул сериал бутпойт окшойт)) Жамиля менен Алибектин кыздары бир адамды суйуп калышат окшойт... бир тууган экендигин чонойгондо билишет
05.06.2018. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушунгон жокмун ошондо кимге окшош Алибеке же Жамилягабы
05.06.2018. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алмбектин эки кызы тен туулган куну бир кундо болуп калдыбы
05.06.2018. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн сонун жазылыптыр .ушул боюнча бутуруп коюнуз урматту автор .
05.06.2018. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Автор таш боор болбой, бизди кыйнабай, баардыгын бактылуу кылып бутур. Ар ким оз уйбулоосу менен чогуу бактылуу болушсун.
aibars түзөттү 2018-06-05 12:13:35
05.06.2018. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биринчи окуган, мен суйгон бет ушул,эн сонун чыгарма
05.06.2018. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Булардын бул кубанычын Шерифе ортодон чыгып бирнерсе кылбасале болду
05.06.2018. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тузук тузук...
05.06.2018. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шерифенин бир балээси бар болуш керек
06.06.2018. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммм
06.06.2018. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Башкы суротто Жамиля менен кызыго менимче. Жалгыз калат окшойт Жамиля кызы менен эле
12.06.2018. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы кызыгына келгене бутуп калды...Автор кобуроок жазчы,куто берип оорумай болдум(
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо