Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Сырга Аликеева, Анара Акбаеванын кайненеси: “КЕЛИНИМ КЕЛИНДЕЙ БОЛУП КЫЗМАТ КЫЛЫП, СЫЙЛАГАН ЖОК”

№813 1-июнь -7-июнь, 2018-ж.

“Келиним сиздерге кайрылып, баянын айткан экен. Мен да өз оюмду айтууну туура көрдүм”,- деп кайрылды Сырга Аликеева аттуу аял. Эске салсак, гезитибиздин мурунку санында Анара Акбаева аттуу келиндин айткан арманын чыгарган элек. Сырга айымдын айтымында, келини Анара жакшы болсо анын колунан ысык чайын ичип отурмак.

“ӨЗҮМ ҮЙҮН ЖЫЙНАП, КИРИН ЖУУП ЖҮРДҮМ”

– 2009-жыл болчу. Тойго эч кандай даярдыгыбыз жок эле. Балам бир күнү келин алып келип калды, экөө мурдатан эле сүйлөшүп жүрүшкөн экен. Мен “балам, даярданып алалы, анан үйлөн. Азыр үйүнө эле алып барып койчу” десем көнбөй койду. Мен Анарага “кызым, мен алгач ата-энең менен таанышайын. Ата-энең жалгыз баламды сотко берем десе эмне кылам?” десем, “менин ата-энем жоош, эч нерсе дешпейт” деп койду. Кошуналарым да келип “үйгө келген бакытты кубалаган болбойт” деп туруп алышты. Ошентип баламды үйлөнтүп койдук.

Балдар үйлөнгөндөн кийин Беловодск айылындагы үйдө чогуу туруп калдык. Куда-кудагыйымдын 7 баласы бар экен, бири каза болуп калыптыр. Келинимдин бир туугандары келип-кетип жатып баламдын тапкан-ташыганы ошолорго кетип жатты. Мага анда-санда эле тыйын ашырат. Коммуналдык кызматтардын баарын өзүм төлөйм. Ошентип 4 жыл чогуу жашадык. Келин болуп келгени колумду узартып кызмат кылып, сыйлаган жок. “Үйдү жыйнап алып анан жат. Каалашыңча кино көрө бер” десем, түнкүсүн мага тынчтык бербей кино көрөт, күндүзү уктайт. Өзүм үйүн жыйнап, кирин жууп жүрдүм. Ошентип 5 жыл чогуу жашаган соң мен да турмушка чыгып, бөлүнүп кеттим.

“УРГАН ЖОКМУН, УРСАМ ӨЛТҮРДҮ ДЕМЕК ЭКЕН”

– Мени сабады деп айтыптыр. Балам Орусияда жүрүп мага телефон чалды “апа, үйдү карап турсаң боло, келиниң арак ичип жатыптыр” деп. “Ай, балээге калам го, койчу, барбай эле коёюн” десем, жолдошум болбой “барып кел” деди. Барсам балдарын сыртынан бекитип коюп өзү жок. Дагы жакшы экинчи ачкыч жанымда болчу. Аны ачып кирдим, келиним кечки 9дарда келгенде “балдарды эмнеге камайсың? Азыр балдар токко урунуп, муздаткычта тоңуп калып жатат. Жолдошуң балдарды сага ишенип таштап чет мамлекетте иштеп жүрөт” деп башынан акырын эле түртүп койдум. Ал болсо апасына чалып “кайненем мени сабап салды” дептир. Урган жокмун, урсам өлтүрдү демек экен.


“БАЛАМДЫН ОРУСИЯДАН АЯЛ АЛГАНЫН КӨРГӨН ЖОКМУН”

– Өзүнчө турганда урушкандыр, бирок баламдын менин көзүмчө келинимди сабаганын көргөн эмесмин. Эч нерсе боло электе төркүнүнө кетип калат, балам болсо “апа, бул эмне кылганың, бизди ушинтип эле уруштура бересиңби?” деп аялынын артынан эле чуркап жүрчү. Анан мен ага “үйдөн эч оокат кылбайт. Эмне эле аялың кетсе кошо кете бересиң? Үйдө эле отуруп калбайсыңбы?” деп айтып урушчумун. Азыр жашаган үйдүн абалын көрсөңөр, менин сарайым таза ага караганда.
Баламдын Орусиядан аял алганын көргөн жокмун. Мен бул жакта турсам кайдан билмек элем? Балам аял алдым деп айтканы Анарадан кантип кутуларын билбей, көңүлү калсын дегени го.

“НЕБЕРЕЛЕРИМДИ ӨЗҮМ АЛЫП, ТУУРА ТАРБИЯ БЕРЕЙИН ДЕГЕМ”

– Неберелеримди өзүм алып, туура тарбия берейин дегем, бирок келиним макул болбой койду. Өзү тарбиясыз болуп өскөнү үчүн мени бир жамандап, ата-энесин бир жамандап жүрөт да. Үйдү өз маңдай терим менен алгам. Балама “мен каза болгондон кийин бул үй сага мурас болуп калат. Көзүм тирүүсүндө бербейм, анткени силерге ишенбейм” дегем. Келинимдин акылы болсо тымпыйып жашап, үйдү басып калмак да. Жалгыз балама бербегенде кимге берет элем үйдү?

Келиним Жалал-Абадга кеткен болчу, балам телефон чалса атасы “Анара эрге тийип кеткен” деп айтыптыр. Анан баламдын деле жини келет да. Мен да жиним келип үйдүн кулпусун алмаштырып салгам. Бир күнү “апа, келе жатам” деп телефон чалды, эрге тийгенин уккан жаным “келе жатсаң ырас болуптур, каттоодон чык” дедим. Ал дароо милицияга кабарлаптыр. Ошондо мен “бул менин үйүм. Эми такыр эле бербейм. Үйдү сатамбы-коёмбу өзүм билем” дедим. Мен деле 5 келин албайм да, жалгыз баламдын аялынын сыйын көрүп, ысык чайын ичип отурганым жакшы эмес беле.


Асыл Орозбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(30)
05.06.2018. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+42
ар кимдин оз чындыгы бар. бир нерсе деш оор" чужая семья-темный лес" акыйкатын Аллах гана билет. баарына сабыр тилем коелу,улуу орозо айында. антип -минтип жпаман пикир жазып кошо куноолорун артышпай
05.06.2018. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
love_you,толук кошулам сизге. Негизи үй бүлөнүн сыры, ичинде эмне болуп атканы 4 дубалдын ичинде эле калганы жакшы. Чоогу жашап, өз көзүбүз мн көрбөгөн соң кимисине ишенип, кимисине ишенбешти билбейсиң.
bermet104 түзөттү 2018-06-05 09:59:46
05.06.2018. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Акылдуу адам биринчи озун тарбиялайт,Акылсыз адам бироонун айыбын жарыялайт биринчиден келини ошол турмушка чыккандан кийин чыдап жашашы керек азыр эмне болсо эле интернетке кайненесин жамандап кайнатасын жамандап чыкмай мода болуп калды турмушка чыктынбы ошол турмушуна сабыр кылып жаша да сени бироо мажбурлап алса бир жон
05.06.2018. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Мен аябай окуп журогум ооруду эле кимге ишенсе болот
05.06.2018. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
zinagull1996,Эч кимисине ишенбе
05.06.2018. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Ээми кошуналарына барып суйлошуп келишсин.
05.06.2018. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Эми бул жерден кайын энелер кайын эненикин туура дейт. Келиндер келиндикин. Чындыгында кандай болгонун бир оздору билет жана бир кудай билет. Эч ким озунун катасын билбейт жана моюнунуна албайт. Эми куйоосу чыгат оз чындыгын айтып. Анан кыздын энеси.... ушинткендин эмне кереги бар? Эч кимге пайда алып келбейт. Жаман аттуу болушат элге болду андан башканы кутпой эле койсо болот.
05.06.2018. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Иий тиги келинге боорум ооруп жардам бергим келип жатты эле. Эми кимисине ишенеримди билбей калдым.
05.06.2018. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
guli-1980, гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер gazeta@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
05.06.2018. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Кобунчо бой аялдар жалгыз баласын келиндеринен кызганышат. Бул апанын турмушка чыгып кеттим дегенинен эле байкасак болот кандай аял экенин,тыпырайган эл эмне дейт дегенди билген аял мындай жашында турмушка чыкпай неберелерин эркелетип эле отурушат.
05.06.2018. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Оа ,кийин мен турмушка чыгып болунуп кеттик, дебей биринчи баланын турмушун жонго салып жардамдашбайбы жаш семьяга,жалгыз уулун бар экен тарбиясы жок дебестен келинди озун тарбияла,неберелерди таштап силер бир аз иштеп бутка туруп алгыла менин козумдун тируусундо деп моралдык жактан жок дегенде
Балан келин алып келсе сага эрге балээ барбы? Келиндин характери кандай айталбайм бирок сыртынан алдап келин кылсан болгудай эле кыз корунот...
05.06.2018. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кайынэнесинин тилин таап ыраазыы кыла албаса эмнеси келин.
05.06.2018. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир кудай билет, башка сөз жок.
05.06.2018. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кайненин тилин таап ага жагыш учун кайнене деген калинди да перзентиндей коруп боор тартыш керек кичине .айыбын таап эле тура бербеш керек уй булоо ошон учун бузулат кой кайда барасын балдакыйналат уйдо олтур деп боорун чачпай заарын чачса озунун баласы кызы да уйдон качан кантип эле боор тартып тогулуп турсаныз келининиз уйдон чыгып кетпесе керек бардыгы тынчтыкты каалайт жаш эле аял экенсиз балдарыныздын бактыга келининизди алып келин апасына жамандап олтурбай .акылга салып иш тутун
05.06.2018. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жалгыз балдар окшош болот окшойт. Келинде күнөө жок.
05.06.2018. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы кыз келиндер иий силер кайда баштагы женелерибиз кайда...ажырашыш деле оной азр буларга...орусияга жөнөшөт темселеп...и так көбөюп кетти эри жок жүргөндөр...көрсөн кейип кетесин ичип чегип көчөдө көрүнгөн адам мн кошулуп
05.06.2018. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ушул аялдын сөздөрү чындыкка окшошпой калыптыр,тейинен эле көрүнүп турат начар адам экени.
07.06.2018. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
beka260 созунузго кошулам
05.06.2018. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айлана
05.06.2018. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Турмушка чыгып кеттим дегени кызык го бул эженин...
05.06.2018. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Кыргызда жакшы сөз бар. "Тегине кара! Ата-тегиң ким? Кимдин тукумунансың?"-деген. Үй-бүлөөдө тарбиянын жоктугунан ушул нерсе болуп жатат. Келин ата-энесинен жакшы тарбия алган эмес, калпты-чынды койгулаштырып көнүшкөн да. Ошонун айынан болуп жатат. Бул менин жеке оюм!
06.06.2018. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жагы "Пусть говорят" болуп кетти окшойт...
06.06.2018. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кечирип койгула,кайнене не права. Себеби бир семьяны жакындан билем,историясы ушуларга окшошуп кетет. Келини кылып жатса деле,чайын берип кирин жууп жатса деле,сыйлап чай куюп бербейт,тарбиясыз деп эле жамандай берет элдин баарына.
06.06.2018. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Экөөндо тең эле бар го, сүйлөгөн сөздөрү орунсуз
07.06.2018. 05:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
erge tyibei jerge tyi, choon ele katyn kyschu jerin kyssyp otursa bolmok , kelindin syiyn koruup otursam bolot ele dep koiot uyaty jok!
neberelerin bagyshyp ui ookatyn kylyp, kelindi aldap soolap ish kyldyryp, ailanyp sogulup oturushtun orduna , kylganyn kara, uyat ele.
07.06.2018. 06:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kainene soroi, kebeten soolugur! bizdin juroktu oorutup bul kelin dagy, kantip jardam kylsak eken dep oilop da kettin ele.
07.06.2018. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо кылдым. УЙ-БУЛОЛУК бакыт каалаймын.
08.06.2018. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен келинге кобуроок ишендим, анкени бул эже деле оной эже эместей корунот."башынан акырын эле түртүп койдум" дептир,демек,кол которгону чын,акырын турткон эместей.Эмне аялын кетсе,кошо кете бересин дегенине караганда баласына устомдук кылып, анын жашоосуна коп кирише берген,баласын келининен кызганаберген эне окшойт. Эн негизгиси, эне баласын келининен кызганбай,аларга кечке аралаша бербесе эле,жаштар оздорунчо тил табышып жашай беришет.
08.06.2018. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Келиндин келгендегиси эстен кетпейт деген соз бар.Уйлонбо, уйуно алыпбарып кой деген создор менен конулун калтырганда.Баласына башта айтып тушундуруп , эскертип жургондо, айтпай алып келмек эместир эле.Болоор иш болгондон кийин, батасын берип калабербептир.Экоо тен ээрге кыйшык отурушуптурда башында эле.
09.06.2018. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Келген келинди тарбиялап алыш кайненеден! Ушундай мерез кайненелер бар. Ортодо балага эле кыйын...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо