Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Гүлпар Тыныбекова, Айсулуу Тыныбекованын апасы: «КЫЗЫМ ӨЗҮН ТҮШҮНГӨН АДАМГА ЖОЛУКСА ДЕЙМ»

№813 1-июнь -7-июнь, 2018-ж.

Дүкөнгө кезек күткөн эл. Топтолгон адамдардын арасында кичинекей наристе турат, колунда кармаган баштыгы бар. Кичине кыздын жалгыз келгенин, жанында апасы жоктугун топтолгон эл деле билген жок. Бирок наристе ыйлабай, коркпой, ишенимдүү түрдө өз кезегин күтүп жатты... Бул эр жүрөк кичине кыз балбан Айсулуу Тыныбекова эле...

“КИЧИНЕСИНЕН ТЫҢ КЫЗ БОЛУП ЧОҢОЙДУ”

– Мурда студенттерди окууну бүткөндөн кийин иштеп келгиле деп республиканын ар тарабына таратчу эле да. Мен медучилищени, атасы Болот мединститутту бүтүп, экөөбүз тең Майлы-Сууда иштеп калдык. Ошол жерден таанышып, табышып, 1982-жылы үйлөнгөнбүз. Ортобузда 5 балабыз бар, 2 уул, 3 кыз. Улуусу Айдана, андан кийин Асел, уулубуз Медер, Айсулуу жана көкүрөк күчүгүбүз Темирлан.

Айсулуу 1993-жылы 4-майда төрөлгөн. 4 баламдын атын жолдошум койгон. Ушул Айсулуунун атын коёрдо өзүм сурангам. Балерина Айсулуу Токомбаева биздин жеңебиз болот. Ошол жеңебиздей белгилүү, таланттуу инсан болсун деп ошонун атынан койгом. Төрөлгөндө эле болбурап жаткан жоош кыз болгон жок, тескерисинче, чыйрак, эрте торолуп, эрте тили чыгып, эрте басты.

Ошол учурда дүкөнгө кезекке туруп нан алар элек. Үйүбүз сайдын жээгинде жайгашкан, аркы өйүз менен байланыштырган чоңдор араң басып өтчү көпүрө бар. Бир күнү Айсулууну таппай калдым. Кошуналар менен кошо издеп 1,5-2 сааттай убакыт өтүп кетти. Сайдын аркы өйүзүндө 200-300 метр аралыкта дүкөн бар эле. Көпүрөдөн өтсөм эле топтошкон эл турат. Чуркап бардым. Топтошкон адамдардын арасында кызым турат кипкичинекей болуп, колунда менин токулган баштыгым. Көпүрөдөн кантип өткөнүн билбейм. Ошондон кийин дайыма аркасынан акмалап, кайтарып эле жүрчүбүз. Кичинесинен эч нерседен коркпогон тың кыз болуп чоңойду.

“МАТЕМАТИКАНЫ ЖАКШЫ КӨРЧҮ”

– Кочкордун Теңдик деген айылына көчүп келип, Айсулууну 1-класска бердик. Мектепте жакшы окуду, өзгөчө математиканы абдан жакшы көрөр эле. Азыр да математикадан берген эжейи менен сүйлөшүп турат. Негизи эле так илимдерге жакын болду, мунусу кийин спортто да жакшы таасир берди окшойт. Жашынан эле чынчыл, адилеттүү кыз болду.

“БИЗДИН ҮЙ-БҮЛӨДӨ СПОРТ МААНИЛҮҮ”

– Спорт биздин үй-бүлөдө маанилүү орунда. Өзүм 5-класстан баштап волейбол ойнодум. Ошого жараша балдарымды да спортко жакын өстүргөнгө аракет кылдым. Балдарымдан биринчи болуп Медер күрөшө баштаган. Экинчи кызым Асел да университетте окуп жүргөндө жеңил атлетиканы тандап, чуркоо боюнча ийгиликтерди жаратып жүрдү.

Медер карындашы кичине кезде жерге жуурканды жая коюп күрөштүн бир-эки ыкмасын үйрөтүп калчу. Айсулууну күрөш дүйнөсүнө алып келген байкеси десем болот. Медер азыр да кеңешин айтып турат. Айсулуу Нарынга барып бир-эки кызды жеңгенден кийин “спортко көңүл бурайын, күрөштө ийгиликке жетет окшойм” дегенде каршы болгон жокпуз. Кызым КМТУну бүтүп, учурда Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында 2-курста окуп жатат.

“ЖАКШЫ КӨРГӨН ТАМАГЫН ЖАСАП ТОСУП АЛАБЫЗ”

– Манты, чүчпара, беш бармак, негизи эле мен жасаган тамактын баарын жакшы көрөт. Айсулуушкам чет жакка чыгып, келерде ал жакшы көргөн тамактарды жасап тосуп алабыз. Өзү оокатка тың, аябай таза кыз, бардык нерсени орду-орду менен жасаганды жактырат. Кичинесинен эле талаа жумуштарына чыгып жардам берчү. Малга жакын, атты басып бараткан жеринен секирип минип алат. 4-класстан жайлоого мал чыгарышып, уй саап, кой кайтарып эле жүрчү.

“АПА, СҮЙҮНҮЧҮМДҮ АЙТКАНГА ТАКЫР ҮЙГӨ ЖЕТПЕЙ КОЙДУМ...”

– Эң алгачкы эл аралык жеңиши дале эсимде. Индияга барып 3-орун алды. Ошондо “апа, такыр үйгө жетпей койдум сүйүнүчүмдү айтканга” деп кубанып келген. Азыр телефон деген балээ чыкпадыбы. Айсулуу мага жакшы телефон алып берген. Ал күрөшкө чыкканда интернет аркылуу баарын түз эфирден көрүп турам. Бир жери ооруп калды деп капа болом, ыйлайм. Кызым жаракат алган сайын кайгырып жатып ден соолугумдан да ажырадым. Кийинки убактарда “кызым, башкалар бир жыйынтык көрсөтүп эле 1 жылдап тыныгуу алат экен. Сен бир жылда 7 жолу ийгиликке жеттиң. Жаракат да алдың, кайра-кайра чыга бербей тыныгуу алсаң боло” деп айтып калдым. Угуп калдыбы, билбейм, катары менен эки мелдештен баш тартып мени сүйүнтүп койду. Жакында эле Энелер күнүндө келип куттуктап кетти.

“ОЛИМПИАДАНЫ ЭСТЕСЕ КАЙГЫРАТ”

– Олимпиадага катышат дегенде аябай кубандым, санаа тартып, Кудайдан колдоо күттүм. Айсулуунун жеңишин үй-бүлөбүз менен чогуу бүт эл күтүп жатты. Анда жеңилип калбадыбы. Өзү аны эстесе дайыма кайгырат. Анын көзүнчө эсине салып Олимпиада тууралуу айткыбыз келбейт.

Спортту түшүнгөн, өзүнүн чөйрөсүндөгү эле адамдын колун кармаса дейм. Өзү да “элимди Олимпиададан медаль алып сүйүнтмөйүнчө турмушка чыкпайм” деп калат. Элге берген сөздү көтөрүп жүрүш деле оор жүк.

“АШЫКЧА АКЧА ТААП КАЛСА КОЛУНДА ЖОКТОРГО БЕРЕТ”

– Элиме ыраазымын, кыргызда жакшы адамдар көп, ары-бери чыкканда “Айсулуудай кызды төрөгөнүңүзгө рахмат” деп алкышын айтышса сүйүнүп калам. Мурунку ажобуз Алмазбек Атамбаев чакырып сыйлык бергенде көңүл бурганы мен үчүн сыймык болду.

Ушунча ийгиликке жетип отуруп кызым бой көтөрүп кеткен жок, мурун кандай болсо азыр деле ошондой жөнөкөй кыз. Атактуулукту жакшы көтөрдү же кичинесинен кыйын жашоону көргөнгөбү, азыркыга чейин ашыкча акча таап калса колунда жокторго берет.


Асыл Орозбекова
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(26)
05.06.2018. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Азаматсыз айсулуу коп коп ийгиликтерди жарата бериниз
05.06.2018. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+47
Айсулуу тарыхта калды уже.Красавица.
05.06.2018. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+40
Сыйлай турган, сыймыктана турган кыз да Айсулуу! Молодец, буйруса олимпиададан алтын медаль тагынып анан турмушка чыксын жакшы адамды жолуктуруп
05.06.2018. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Алма сабагынан алыс тушпойт...апасы да адам катары аябай жакшы адам болсо керек. Айсулууга ийгилик ал эми апасынан кудайым ыраазы болгон болсун!!!
05.06.2018. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Айсулуудан үмүтүбүз чооооң. Буюрса олимпиадада сөзсүз жеңишке жетет. медалсыз кайтпайт деп ишенебиз. Сизге рахмат тарбиялап чоңойтконуңузга
05.06.2018. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Сыймыктанар жалгыз сенсин!
05.06.2018. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Окуп атып козумон жаш тегеренип кетти. Сизге рахмат!!!
05.06.2018. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Бактылуу болсун Айсулуу.Тилеген тилектерине,ойлогон ой максаттарына жетсин.Элдин батасы кабыл болсун.Кадыр баркына жеткен адамкерчиликтуу тугойлуу болсун.Апасынын ден соолугу,омуру болсун
05.06.2018. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Билбейм...окуп алып ыйладым???Адамдык сапаттардын баарына ээ болгон жакшы адамдын созуно ыйладымбы?...Билбейм?Азыркы жашообузда баардыгыбыз акча , бийлик, байлык,атак данк учун жашап калбадыкпы.Бул апабыздын созундо чын журоктон чыккан чыныгы создор гана айтылган.Бироолордун астында озун , кызын жылдыз кылгысы келбей, бар жашоосун коркомдобой айтып отурат.Элибизде чыныгы ак пейил , журогу таза адамдар кобойо берсин...
05.06.2018. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
ар бир энеге ушундай сыймыктанчу уул кыздарды насип этсин . Айсулуунун карьерасына, жеке турмушуна ийгилик каалайм. Кыргызстандын желегин бийииик желбиретип журо бер
05.06.2018. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бактылуу кыздардан болсун
05.06.2018. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Окуп жатып менда козумо жаш алдым суйунуп толкунданып, мен эле ушундай болдум десем комментарий жазгандар баары толкунданып козуно жаш алыптыр, Азаматсын Айсулуушка бактылуу бол,сени менен бут Кыргыз Эли сыймыктанат, келечекте дагы да ийгиликтерге жет, Ушундай даражага жеткирип чонойткон Апана алкыш мактоолор болсун омурлуу болсун, тарбиясына рахмат, Силерди Аллах колдосун!
05.06.2018. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Алтын кызда алтын
05.06.2018. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кээ бир эртектерге караганда бекем кыз
05.06.2018. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бар болсун апасына таазим...Ден соолукта бар болунуз..ийгилик сага Айсулушка..
06.06.2018. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бактылуу кыз бол! Рахмат ата-энесине Айсулуудай кызды тарбиялап остургон.
06.06.2018. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бактылуу кыздардан бол !!!!
06.06.2018. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
06.06.2018. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
06.06.2018. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азаматсын. Ото сыйлайм сестренка
06.06.2018. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Олимпиаданы эстегенде менин козумон жаш агып кетти.Айсулушканын ички дуйносун элестетип атам.Ызасын тен болушом.
07.06.2018. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vangolu,ызасын дегенди айтпа жаман болот анын жакындары шүгүр тирүү!
07.06.2018. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнегедир окуп жатып көзүмө жаш келди!
08.06.2018. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менин да козумо жаш тегеренип кетти,апанын создоруно таасирленип кеттим окшойт жана дагы Айсулуунун кыз болсо да Кыргыз элиме жениш алып бермейинче турмушка чыкпайм деген созунон болсо керек..Азаматсын Айсулуу.анча-мынча чиновник да сенчелик ойлобойт элин,бирок тагдырына жолуксан жакшылыкты токтотпой сразу турмушка чык,сен учун ар бир кыргыз кубанат,а женишти Кудай буюрса алып бересин!))
10.06.2018. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соз жок журогум ооруп,козумо жаш келди
03.08.2021. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсулуу, Кудайым буюрса эртен олимпиада чемпиону болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо