Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

№814 8-июнь -14-июнь, 2018-ж.

АССАЛОМУ АЛЕЙКУМ, ЖАРАМАЗАН, ОН ЭКИ АЙДА БИР КЕЛГЕН ОРОЗО ЖАН...

«Супер-Инфо» гезити шоу-бизнес өкүлдөрү менен биргеликте салтыбызды улай жарамазан айтып чыктык. Мында биздин катарды Талант Кадыров, Руслан Абылов, Дайыр Исмадияров, Аваз Акимов, Үмүтай Абдышова, Мурадил Данияров, Арсен Дайырбеков, Кудайберди Айтбосунов, Данияр Эрматов, Алмаз Шаадаев толуктады. Бизди көрүп уюлдук телефондоруна тартып, кошулуп ырдаган жарандар да болду. Биз барган үй ээлери дасторконун жайнатып, акча кыстарып мыкты тосуп алышты.

Манас Алыкулов, куудул:
«БААРЫБЫЗ ОРОЗОБУЗ, ТАМАГЫБЫЗДЫН ТУЗУ КАНДАЙ БОЛСО ДА ТААРЫНБАГЫЛА»

Жарамазанчылар шоумен Манас Алыкуловдун үйүнө багыт алдык. Анын үйүнүн жанына келип, көчөдө репетиция кыла баштаганыбызда эле Манас үй-бүлөсү менен дарбазасын ачты. «Атамдын жолун жолдобосом, ашпозчу болмокмун» деген Манас өз колу менен палоо басыптыр. «Үйдөгүлөр баарыбыз орозо кармадык, тамагыбыздын тузу кандай болсо да таарынбагыла» деп шоумен баарын күлдүрдү. Жарамазанчыларга ырымын кылып шоумендин апасы көйнөк, жоолугун, акча берди.

Мухтар Атаналиев, ырчы:
«ЖАРАМАЗАН АЙТЫП КЕЛИП, МЕНИН ДА КӨҢҮЛҮМДҮ КӨТӨРДҮҢӨР»

Ырчы Мухтар Атаналиев акыркы учурда кино жаатында да эмгектенип, ырчылыктан алыстап кетти. Жарамазанчылар анын студиясын жаңыртып кирип бардык. Ырчы "жарамазан айтып келип менин да көңүлүмдү көтөрдүңөр" деп учурунда хит болгон ырларын созуп берди.

Актан Арым Кубат, кинорежиссёр, актёр:
«ШААРДЫН ТАРИФИ МЕНЕН УЗАТАЙЫН»

Кинорежиссёр Актан Арым Кубаттын үйүнө Күн-Туу айылына бардык. Короо-жайына, бак-шагына өзгөчө мамиле кылган режиссёр биз барганда алча терип жатыптыр. «Силерди кантип узатсам?» деп капчыгын аңтарган актёрду жигиттер тамашалай «айылдын салты, шаардын тарифи менен узатыңыз» дешти. «Шаардын тарифи менен узатайын» деген актёр жарамазанчыларды ыраазы кыла акча кыстарды.

Райхан Абдувалиева, ырчы:
«МЫКТЫ МААНАЙ ТАРТУУЛАГАН «СУПЕР-ИНФОГО» РАХМАТ»

Ооз ачар убакта жарамазанчылар ырчы эжекебиз Райхан Абдувалиеванын үйүндө болдук. Райхан айым өзү да орозо кармаптыр. Куда-кудагыйлары менен жарамазанчыларды тосуп алган ырчы берерге ашын таппай сүйүнүп жүрдү. «Рахмат «Супер-Инфо» гезитине, бизге ушундай шаң тартуулашты. Үйдөгү конокторумдун да көңүлүн көтөрдүңөр. Мен да ырдап берейин» деп обон созду. Жарамазанчылар ар бир үйгө алакан жайып, бата тилеп жатышты. Заманбап тилде айтылган бата үй ээлерине жакты.


Cүйүн Кулматова
star@super.kg


Атактууларга жарамазан айттык, жабырашып кайттык

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
12.06.2018. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Райхан эжебиздин уйу зор экен го
12.06.2018. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
М. Атаналиев аябай карыптыр го.
12.06.2018. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jaramazan aityp barsa biileit beken
12.06.2018. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jaramazandy toi kylyp alyshkanby. Jaramazanchylar eahikten kaitchu bele. Dastarkondu kara.
12.06.2018. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ай супер ай супер баарына эскертип анан барыпсынар ээ? Баары кооз кийнокторун кийип алып жасанып кутуп атышкан экен. Шрек бала очкисин чечип эле койбойбу
SUPER.KG видео
13.06.2018. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакты мага
13.06.2018. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаны Ак-оргого биздин уйго келип кетти
SUPER.KG видео
13.06.2018. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Актан Арым эле даярданбай алча терип жургон го
14.06.2018. 04:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мухтар Атаналиевден интервью алгылачы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо