Айнура Бектурганова: «МЕНИ ЫРЧЫ ТААЛАЙБЕК БЕКТУРГАНОВДУН БАЛБАН КАРЫНДАШЫ ДЕШЕТ»

№814 8-июнь -14-июнь, 2018-ж.

«Сагыныч», «Эмне мынча сүйөм сени?», «Назира» сыяктуу ырларын гитара менен аткарып, кыргыз кыйырына дүң болгон чаткалдык Таалайбек Бектурганов эсиңизде чыгар. Таалай аман турса 2018-жылдын 19-июнунда 50 жашка чыкмак...
Мына ошол маркум Таалайбектин 19 жылдан бери аял күрөшүнө түшүп келе жаткан бир тууган карындашы Айнура Бектурганова бар. Адистиги – медайым, учурда Чаткалдын Каныш-Кыясында жашайт, 48 жашта.

– Айнура, айтсаңыз, аялдар күрөшүнө кантип келип калгансыз?
– Агам ыраматылык Таалайбектин таасири менен келгем. Таалайбек мектепте окуп жүргөндө каратэ, күрөш, оодарыш, футболго кызыгып, алар менен алектенип жүрдү. Сууда жакшы сүзчү. Айылыбыз Жаңы-Базардын четинен Чаткал дарыясы агып өтөт. Жай келип күн ысыды дегиче ошол суудан айылдаш, дос балдары менен чыкчу эмес. Агамды көрүп мен да мектепте 7-класс экенимде чуркоого, 10-классымдан күрөшкө кызыгуум өсүп, машыга баштадым. Майрамдарда мектепте, айылда өткөрүлгөн иш-чараларда кыздар күрөшүнө чыга калчумун.
Биринчи жолу айылыбызда өткөрүлгөн Нооруз майрамында коңшулаш кыздардын бири менен күрөшкө түштүм. Андан да күрөш ыкмаларын билип калгангабы, тиги кызды бат эле жыгып койдум. Чогулган эл «Айнура машыгып жүргөн, жеңмек, азамат!» деп мени кубатташкан эле. Элдин мактоосу деле адамга дем берет экен. Ошондон өзүмдүн күчүмө ишенип кийин эл алдына тартынбай эле чыгып калдым.
Турмушка чыккан алгачкы мезгилдерде күрөшкө кээде гана чыгып жүрдүм. «Үй-бүлөлүү болуп деле чыгып жатат» деп айтышабы деп тартындым. Бирок майрамды уюштуруучулар «күрөшкө чыккан кыз-келиндер аз, чыгышың керек» дешти. Жолдошум да чыга бер деп уруксат бергендиктен макул болгом. Кыскасы, 1999-жылдан бери майрамдарда уюштурулган айылдык, райондук иш-чараларга дайыма катышып, аял күрөшү боюнча алдыма эч кимди чыгара элекмин. Дайыма 1-орунду алып, байгеге ээ болом. Байгеге акча, килем беришет. Акчалай 3000-4000 сомдон аз ала элекмин. Элдер мени «ырчы, обончу Таалайбек Бектургановдун балбан карындашы» дешет.
Уулум Дастан да мени тартып, күрөшкө, кол күрөшкө, оодарышка катышат. Ал эми 2 кызым, жолдошум спортко кызыкпайт.

– Агаңыз Таалай аман болгондо жакында 19-июнда 50 жашка толмок. Бир тууган катары аны эскерип берсеңиз. Мүнөзү кандай эле?
– Таалайбек чарбачыл, өжөр, чечкиндүү, эч нерседен тайманбаган, куудулдук жагы бар бала эле. Үйдү деле жыйнап, тамак деле жасай берчү. Кыздын ишин эркек жасабайт деген нерсе жок болчу анда. «Колума жугуп калмак беле?» деп жеңдерин түрүнүп алып шымаланып бат эле бүткөрүп койчу иштерди. Ата-энемди да эркелетип «алтындарым, Кудай буюрса, чоңойсом силерди багам» дечү.

– Ырчылык шык кимден өткөн?
– Негизи үйдө атам комуз чертчү, сөзмөр эле. Апам да сөзгө чебер, жемин эч кимге жедирбеген аял болчу. Таалай атамды көрүп 7-классынан комуз черте баштады. Кийин гитараны үйрөнүп, ыр чыгарганга өттү. 1992-жылы «Эмне мынча сүйөм сени?» деген биринчи ыры хит болуп, радио, телевизордон чыга баштады.
Ошондо ата-энебиз, бир туугандары да кубанып Таалайбек менен сыймыктанып калдык. Чыгармачылыгын колдогонго өттүк. Таалайбек 1993-жылы ырчылар менен айылга концерт коюп келишти. Жеке концертин 1995-жылы 19-июнда туулган күнүндө Бишкекте өткөрдү. Ага апам, сиңдим катышып, сүйүнгөндөрүнөн сөздөрү түгөнбөй келген. Досторунун бири гитарада ойногон ырчы Нурлан Тилебаев эле. Анын да кийин көзү өтүп кетти.
Таалайбектин гитарасы азыр "Таалай элеси" тобунун ырчысы Тотомидин Жолдошевде жүрөт.

– «Назира» деген ырын сүйгөн кызына чыгарганы белгилүү.Экөө неге баш кошпой калган?
– Кыз Чаткалдан болчу, экөөнүн баш кошуусуна анын ата-энеси каршы болгон. Бишкекте окуп жүргөндө бир жолу үйгө келди. «Назира» ырын чыгарып, анын тексти жазылган кагазды үйдөгү эски чемодандын түбүнө катып коюптур. Бир күнү ушундай ыр чыгардым деп бизге ырдап берди. Кийин ошол ырынын аталышы менен айылга концерт коюп, Чаткалга абдан дүң болгон.

– Кийин Таалайбек Орусияга Жылдыз деген сүйгөнү менен чогуу кеткен экен...
– Ооба. Ал кыз Кербенден (Аксы) эле, кесиби врач болчу. Бизге алып келип тааныштырган. Агам менен Орусияга чогуу кеткен. Бир жылдан кийин 1995-жылы агам 27 жашында каза болгондо сөөгүн алып келгендер менен чогуу келди үйгө. Ошентип экөө баш кошконго жетишпей калышты. Баш кошуп калышканда агамдын артында баласы калат беле?!

– Үйүңүздөрдө башка бир туугандарыңыз да ырдайбы?
– Биз 11 бир тууган элек. Бирөөсүн атамдын агасы багып алган. 7 уул, 4 кыз. Балдардын төртөөсүнүн, кыздардын биринин, Айымкан деген эжемдин көзү өтүп кетти (быйыл жазында). Айымкан эжем Маданият техникумун бүтүргөн. Ошол жашынан ырдачу. Таалайбектин ырларын да ошол ырдап жүрчү. Бирок турмушка чыгып, бала-чакалуу болгондон кийин чоң сахнага чыкпай калды. Таалай жаш кетсе да 20 обондуу ыр чыгарган. Ошол ырларын жана архив сүрөттөрүн эң улуу эжебиз Ажар сактап жүрөт. Акмат деген көзү өтүп кеткен агамдын 2 баласы учурда гитара менен Таалайбектин ырларын ырдап жүрөт. Үндөрү да окшошуп кетет. Аларды угуп «Таалай өлбөптүр» деп калабыз өзүбүзчө.

– Таалайбек тууралуу тасма тартылат деген маалымат тараган эле. Эмне болду?
– Ооба, бирөөлөр тартабыз дешкен. Бирок азыр токтоп турат. Тартабыз деген башкалар да чыгып жатат. Көрө жатарбыз.


Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(11)
12.06.2018. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эмне болуп каза тапкан маалыматты кайдан окусам болот?
13.06.2018. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Meni_unut,Россияда милициялар өлтүрүп койгон поезден ыргытып жиберген
16.06.2018. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
taalay25,милиция ыргытканын эч Ким билбейт,озкбуздун кыргыздар деле кылышы мумкун,запросто эле жасап коюшат. Ал кезде Эллер акчаны жанына салып журушчу экен поезде,ощол нерседен чыккан балее болкшу мумкун
12.06.2018. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ырлары жагымдуу эле , биз учурунда хит эле,ырдачу элек,жаткан жери жайлуу болсун.
12.06.2018. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Таалай Бектургановдун ыры азыр жаштарга кор болуп жатат да,обонун бузушуп эле,
12.06.2018. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Таалай агабызды 1995жылы москвадан поезд менен келе жатканда белгисиз адамдар олтуруп кетишкен жаткан жери жайлуу болсун жердешимдин ырларын эч ким унуткан жок
12.06.2018. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Интервью алып аткандан кыска кылбай кызыктуу суроолорду берип, куйормандары учун кызык болгон маалыматтарды алгылада, жогоруда деле суроо салышыптыр форумчулар, мисалы эл арасында айтылып жургон боюнча поездден ыргытып ийген деген маалыматтар айтылып журот, бир тууган карындашы мн байланышып аткандан кийин, эмне себептен ыргыткан, куноолулор кармалып жазасын алышканбы ж.б ушул сыяктуу суроолорду бергиледа, дайымале интервью алып атпагандан кийин, кыскасы журналист кызыктуу маек куралбаптыр.
13.06.2018. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Каарман айтат баарын эле, бирок чоң аудиторияга жарыялабашы мүмкүн. Анын да өзүнүн себеби бар
13.06.2018. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таалай Бектургановдун өзү жөнүндө кенен маалымат алса болмок. Бир тууганы күндө интервью берип жаткансып чокуп чокуп сурабай. Эмне себептен өлүп калган? Поезден жөн эле ыргытып жиберген эмес да, эмне себептен табышмактуу өлүм менен аяктаган? Өтө көп суроолор
13.06.2018. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Макалага 2 баа.arlenchikтин айткандарына кошулам
16.06.2018. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талайдын ырлары менен чонойдук 50 жашка толмок экен карачы убактын отконун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо