Элдана Таалайбекова: «ЖОЛДОШУМ ЖАЛБЫРТТАП КҮЙҮП КОРООДО АРЫ-БЕРИ ЧУРКАП ЖҮРҮПТҮР»

№814 8-июнь -14-июнь, 2018-ж.

Оорукананын босогосун аттаарың менен сырттагы ызы-чуу, күнүмдүк майда-чүйдө маселелер унутулат, унутулбаса да көп нерсеге шүгүр кылат эмеспизби. Бул жайдагы адамдардын тилеги бир – ооруканага түшкөн өзүнүн же жакындарынын амандыгы. Ары-бери баскан дарыгерлерди үмүттүү карап, шыпаа издеп отургандардын катарында Элдана Таалайбекова да бар. Анын жолдошу Исфандияр Бабашов денесинин 85 пайызы күйүп ооруканага түшкөн. «Элге кайрылып жардам суроо оор экен. Бирок айлабыз жок, убакыттан уттуруп жатабыз» деген келин капилеттен болгон кырсыкты көз жашын токтото албай айтып берди.

«КОЙДУН БАШ-ШЫЙРАГЫН КУЙКАЛАП ЖАТКАНДА ПАЯЛЬНИК ЖАРЫЛЫП КЕТИПТИР...»
-Исфандияр экөөбүз 2012-жылы баш кошконбуз. Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында жашайбыз. Жолдошум үй-бүлөдө эң кичүүсү болгондуктан, үйлөнгөндөн кийин кайнене, кайнатамдар менен чогуу туруп калдык. Айылда кайдагы жумуш, корообуздагы бирин-экин малыбызды карап жашайбыз. Эл катары тиричилик кылып, 3 балалуу болуп, бактылуу жашап жатканбыз. Кырсык биздин үй-бүлөнү күтүүсүз басып калды...
21-май күнү кечке маал кайнатам менен кайненем бир жакка кетишкен, балдар ойноп жүрүшкөн, мен үйдүн ичинде элем. Ошол күнү кой сойгонбуз, жолдошум койдун баш-шыйрагын куйкалап жаткан учурда паяльник жарылып кетиптир...
Короодон бакырган үн чыкты. Чуркап чыксам эле күйүп жатыптыр (окуяны кайра башынан элестеткен Элдана көз жашын тыя албай турду)... Исфандиярдын бүт денеси жалбырттап күйүп жатыптыр. Бакырып, бети-башын чапкылап короодо ары-бери чуркай берди. Мен көрүп нес абалда калдым, эмне кыларыңды да билбей калат экенсиң андай учурда. Кошуналарга деле барып жардам сурасам болмок да, бирок эсиме келген жок. Аны менен кошо ары чуркаса ары, бери чуркаса бери чуркай бериптирмин. Бир маалда Исфандияр көмкөрөсүнөн жерге кулады. Менин да башым тегеренип, эсимди жоготуп баратканымды сезип, кармана калдым. Үстү дагы деле күйүп жаткан, ошондо эки чака суу алып келип чачтым. Атынан айтып «турчу, турчу эми...» деп жалдырап жаттым. Жолдошум бакырып, кыйналып жатты же көтөрүп үйгө киргизе албайм... Ошентип жолдошум көз алдымда 2-3 мүнөттүн ичинде эле күйүп кетпедиби.

«ОЙЛОНГОНДОН ЖҮРӨГҮ КАРМАП, КАН БАСЫМЫ КӨТӨРҮЛҮП ЖАТАТ»
-Кайнагама, кайненеме телефон чалып айттым. Абам машина таап келип, Кызыл-Суу айылындагы райондук ооруканага алып барсак, дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырышты. Ал жакта 2 күн жатты, врачтар «72 саат ичинде нес абалдан чыгарышыбыз керек» дешти. Ал убакыт өткөндөн кийин «биз эми жардам кыла албайбыз. Борборго алып баргыла. Атайын «Тез жардам» унаасын чакыртпасаңар, оорулуу шаарга жетпей калышы мүмкүн, абалы оор» дешти. Атайын медициналык унаа чакыртыш үчүн 18 миң сом керек экен, баарылап акча издей баштадык. Врачтар «тездетпейсиңерби» деп урушат, карапайым адамдар үчүн бул чоң эле сумма да, акыры тааныштардан сураштырып таап Бишкекке жөнөдүк.
Эптеп борборго аман жетсе эле, врачтар жардам берет деп Кудайдан жардам сурап келдим жолду катар. 4-шаардык ооруканага 24-майда келип, кан куябыз деп, донор издедик. Ошондон бери күнүгө кан куюлат, тамчылатма дары куюлат. Бир дарысынын 100 граммдык ампуласы 3500 сом турат экен. Ооруну сездирбөөчү дарыдан бирди сайсаң сезбейт, 3төн өйдө сайылат. Башында күнүнө 15 миң сомго чейинки дарылар кетип жаткан. Ооруканада бар дарыларды бекер эле берип жатышат, врачтарга да рахмат. Азыр дарыгерлер биздин абалыбызды түшүнүп жатышабы, билбейм, азыраак дары жазып берип калышты.
Бирок жолдошумдун абалы күндөн күнгө оорлоп баратат. Ойлонгондон жүрөгү кармап, кан басымы көтөрүлүп, аба жетпей деми кысылып «кислород маскасы» менен дем алып жатат. Башында бир колун көтөрүп жаткан, азыр ага да алы жок. Жараатын күнүгө жаңылап таңыш керек да, ошол маал келгенде ооруга чыдабай ыйлап баштайт «ушинтип силердин да жүрөгүңөрдү оорутпай өлүп калсам болмок» деп. Ушунчалык кыйналып жатат...

«ТҮНКҮСҮН «ЖОК-ЖОК!» ДЕП ЧОЧУП ОЙГОНОТ»
-Ошол күн азыркыга чейин түшүмө кирет. Жолдошум нес абалынан дале чыга элек. Ал да кээде түнкүсүн «жок-жок!» деп чочуп ойгонот. Суюк эле тамак ичет, аны да түтүк менен беребиз, аны сиңире албай эми ашказаны да ооруп баштады.
Врачтар «өзүңөр көрүп турасыңар, абалы оор. Бардыгы Кудайдан» деп жатышат, дагы толтура дарыларды бериш керек дейт, ага кантип акча табарыбызды билбейм.
Жолдошум 8 бир тууган. Бир туугандардын, теңтуштардын жардамы менен ушунча кармалдык. Алардын да өз жашоосу бар да, бирок бардыгы жардам издеп чуркап жүрүшөт. Кайната-кайненемдер 60тан ашып калган адамдар, экөөнүн тең жүрөгү ооруйт, кан басымдары жогору, аларды келбегиле деп жатабыз. Балдар азыр кичинекей, эч нерсени түшүнө элек, улуусу 5те, ортончусу 4тө, кичүүбүз 2ге чыгат. Алардын түйшүгүн кайненем тартып жатат. Балдарыбыз сагынып жатышыптыр, бирок атасынын бул абалын көрсө коркот деп аларды келтирген жокпуз.
Эмне кыларыбызды билбей турабыз. Элге кайрылуу, жардам суроо оор экен, бирок айлабыз жок, убакыттан уттуруп жатабыз.

«ДЕНЕСИНИН 85 ПАЙЫЗЫ КҮЙГӨН, АНЫН 80 ПАЙЫЗЫ ТЕРЕҢ КҮЙҮК»
Исфандияр Бабашовду дарылап жаткан врач Каныбек Исманалиевден оорулуунун абалын сурап, жооп алдык:
-Исфандияр Бабашов бизге, 4-шаардык ооруканага 24-майда оор абалда келип түшкөн. Денесинин 85 пайызы күйгөн, анын 80 пайызы терең күйүк. Азыр күйүк септикотоксемиясы абалында (Күйүк септикотоксемиясы - токсикоинфекциялык оор патология, күйүктөн улам жаракатта пайда болгон ириңдеп кетүү процесси). Денесин коррекциялап турушубуз керек, анткени бүт денесинде тери жок, ошондуктан суюктук кетип жатат. Абалы оор, ошентсе да аракет кылып дарылап жатабыз.

«Балдары атасын сагынып жатышат. Бирок азыркы абалын көрсө коркот деп алып келген жокпуз».


Асыл Орозбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(42)
12.06.2018. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Ооо Кудай!!!Кандай деген кырсык.Окунучтуу.Инстаграммда Элсом номери журот.Акча которолу туугандар!!!Жардам берели,..
12.06.2018. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Исфандияр Бабашовго жардам берем дегендер үчүн Элсом номери: 0708 266480
13.06.2018. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Асылжан,точно ушул элсом экенине кантип ишнсек болот
13.06.2018. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Farhat25, ушул номерде агасы Искендер Бабашов менен сүйлөшүп, больницага барсаңыздар болот ишенимдүү болуш үчүн
12.06.2018. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Шыпаасын берсин Аллахым
12.06.2018. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
иииий жаман болуптур кудай шыпаасын берсин
12.06.2018. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен айылдамын. Елсомго единица салсак болобу. Которуп алып алышабы
12.06.2018. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
элсом го кантип кандай кылып которобуз суранам айтып койгулачы
12.06.2018. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Dilbaranurdinova,терминалдан менюнун ичинен,Электронные деньги дегенди басасыс,анан анын ичинде Элсом деген бар,ошол Элсомту тандап ушул номерин жазып акча салас.
12.06.2018. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы болуп кетсе экен эми. Паяльниктен дагы абайлагылачы айланайындар! Окунучтуу!
12.06.2018. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Паялник не кандай инструмент.
12.06.2018. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
aszyma,койду куйкалаган инструмент
12.06.2018. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Калла шыйрак куйкалачуу инструментпи.
12.06.2018. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
чырактай бала айып болуптур. Аллахым шыфаа берсин
12.06.2018. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кудай сактасын тооба кылдым. Айтылбай келген кырсыктан, бей ажал олумдон, курулай дооматтан сактасын Кудай
12.06.2018. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jaziko80,кечиресиз минус басылып кетти плюс басам деп
12.06.2018. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шыпаа берсин Аллах
12.06.2018. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Оо жараткан озун шыпаа берегор сакайып кетиниз
12.06.2018. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудайым шыфасын берсин. Сабр кылыныздар
12.06.2018. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул паяльниктен куйгондор көп болтат. Кытайдын чыгарган буйуму да этият болгула.
12.06.2018. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jaman boluptur ayali kosho churkai berbei jardam kilganda minchalik kuibot bele balkim
12.06.2018. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
О Кудуреттуу Аллахым бир озун колдо!
12.06.2018. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Орозонун айында ушундай адамдарга жардам берели ким канча которсо да сообу тийсин,,битирди деле ар бир уй булоо созсуз мечитке эмес ушул зар болгондорго беришсе..коп тукурсо кол болот мусулманчылык кылалы туугандар,,
13.06.2018. 07:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bash shyirakty juup tasalap ubara bolup,jee kursak toisochu , keregi jok ele nerse daa,otunga kuikalash kerek okshoit emmi, bilbei kaldym , nomerin bergile jaram kylaily bul jash ui bulogo.
13.06.2018. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо эмне учункантип жардам бериш керек экенин жазбайсынар?
13.06.2018. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
fanatka19, саламатсызбы! Исфандияр Бабашовго жардам колун сунам дегендерге Элсом номери: 0708 266480
13.06.2018. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшынакай бала экен эле .Аллахым озу сактасын .Убакыттын отушу мн мурунку калыбына келсин деп дуа кылалы .
13.06.2018. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах шыпаасын берип сакайып кетсиғ
14.06.2018. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым озу жардам берип жакшы болуп айыгып кетсин ооомиин
15.06.2018. 08:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ozu Kyrgyzstandagy kyzdar turmushka chykkycha bilim alysh kk eken,ushundai uchurlarda birinchi jardam korsotuunu uironush kk,Ayaldar jetishtuu bilim albagandyktan kanchalagan jash baldar kyinaltat,munun ayaly esi oop naraka beraka churkabastan suu kuisa mynchalyk bolboit ele,,bizdin kyrgyzdarga kyzdardy eptep turmushka chygaryp 2je 3 balaluu bolso tynyp kalsa boldu deshet,,,Ehh kachan onugot ekenbiz
15.06.2018. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Meken28,чыча албай калсаң да аялдар күнөөлүбү сен кызыңы күйөөгө береерде өрт коопсуздугу боюнча ж.б.окутуп анан күйөөгө бересин ал убакта аялы да шок болуп калган го жазат десе эле жаза бериш керекпи
15.06.2018. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Kulatov,sen birinchi jardamdy korsotuu degendi tushunboit okshoisun,,bilim alysh kk,kancha jash baldar kor bolup jatat ayaldardyn chala sabattygynyn aiynan saga baaribir okshoit,,bashyndy ishtegende ushintip bilim alysh kk degen sozgo karshy chykpait elen
15.06.2018. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Kulatov,uialbai jazganyndy kara,erkek degen da ushundip jazaby,uiat ,,
15.06.2018. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Meken28, Сенин денгээлине караганда , кыргыз кыздарынын денгээли 10эсе жогору экени байкалып турат.
15.06.2018. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Bashyn ishteibi men dele kyrgyzmyn,kyrgyzga kuigonum uchun jazyp jatam,,,jazganynan ele bilinip turat sen dele chala sabattuularga kiret ekensin
18.06.2018. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Meken28,коп жыл мурда менин кошунам да куцуп калган жарылган паялникке,жанында чон эле эркек тер журушкон,ошолор жанвнда туруп турса деле куйук алган ,аял кищи коркогураак да болот,нес абалда эмне кылаарын биллей калса керек
17.06.2018. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Meken28,кандай неме тообо.тоо десе бээ дейт го.Башына тушсо билээр элен эмне болгонун.
15.06.2018. 08:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ бизде терминалда Элсом жок экен. Тел.га бирдик салсак акча кылып чыгарып ала алабы кайра телефондон?
15.06.2018. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aszyma,ал единица болупле кала бере .Чыгара албайт
17.06.2018. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх Аллахым!Эли журтумду боодо кырсыктан бейажал олумдон сакта!
18.06.2018. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Этият болушум керек экен мендагы паялникти көп иштетем. Жарылат деп ойлобоптурмун
18.06.2018. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым озу шыпаасын берсин!ооруп журогум кысыла тушту.боодо кырсык балакеттен сактасын жараткан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо