Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ФИНЛЯНДИЯ – ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ БАКТЫЛУУ ӨЛКӨ

№814 8-июнь -14-июнь, 2018-ж.

Сансыз көлдөр, ак түндөр жана Nokia. Мунун бардыгы Финляндияда. Ары табышмактуу, көз жоосун алган өлкөлөрдүн бири саналган Европанын бул мамлекети дүйнө жүзүндө өнүгүүсү күч жана туруктуу эсептелинет. Финндер өздөрү айтмакчы, мындай жыйынтыкка Санта-Клаус эч жардам берген эмес.

Финляндия Республикасы

Көз карандысыздыкты алган күн (Орусиядан) – 1917-жыл, 6-декабрь

Расмий тили – Финн, швед

Борбору – Хельсинки

Мамлекеттин курамында – 19 облус бар.

Башкаруу формасы – Парламенттик-президенттик республика

Президенти – Саули Ниинистё

Дини – Христиан

Ээлеген аймагы – 338 400 чакырым квадрат (Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан 1,5 эсе чоң)

Калкынын саны (2015-жыл) – 5 миллион 560 миң

Валютасы – Евро

ТАЛАШУУНУН ЧОРДОНУ
Финляндия – Түндүк Европадагы мамлекет, швед тилинен Finland – «финндердин жери» деп которулат. Тарых барактарында Финляндия тууралуу биздин заманга чейин 98-жылы айтылат, заманбап тарыхы 1809-жылдан башталат. 650 жыл Швециянын карамагында күн кечирген финндер Швеция менен Орус империясынын ортосунда талашка түшүп келген. Көп жылдык согуш орустардын карамагына өтүү менен аяктап, император Александр I Финляндияга Автономдуу Улуу княздык титулун берет. Ушундан тарта финндер мамлекеттик башкаруу системин калыптандырып, финн тили мамлекеттик статусун алган, улуттук банкы курулуп, рублдан финн маркасына өтүшкөн. 1917-жылга чейин Романовдордун башкаруусунда болгон Финляндия «ак» жана «кызылдар» тирешин башынан өткөрүп, 1917-жылкы төңкөрүштөн соң көз карандысыз мамлекет статусун алат. Финндер орустар менен 1918-жылдан 1939-жылга чейин 3 жолу, Улуу Ата Мекендик согушта да аларга каршы согушкан. Бирок 1944-жылы Советтер Союзу менен келишимге келип, фашизмге каршы күрөшүп, акырында жеңүүчүлөрдүн желегин көтөргөн.

ӨНҮГҮҮГӨ КАРАЙ...
Финляндияны президент Урхо Кекконен башкарып турган маалда СССР менен мамилеси бир топ бекемдейт. 90-жылдары мамлекеттин соода тармагынын 20 пайызын камсыздаган СССРдин урашы менен финндердин мамлекетинде да катаал жашоо башталат: кеме куруу, курулуш, токой-чарба өнөр жайы токтойт. Жумушсуздук күч алып, эл Европанын башка мамлекеттерине агыла баштайт. 1995-жылы Европа биримдигине кирүү менен мамлекеттик экономиканы туруктуу сактап калууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
1995-2000-жылдардагы экономикалык өсүү 2 фактордун негизинде ишке ашкан. Биринчиси, Финляндия башка постсоветтик өлкөлөргө караганда мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү иштерин ийгиликтүү жүргүзгөн. Ишкана, холдингдердин жетекчилигине иштин көзүн таба билген инвесторлор келген. Экинчиден, коңшу Европа мамлекеттери менен бат эле тил табышып, алака түзүүгө жетишкен. Дүйнө жүзү боюнча Орусиядан тышкары бир да мамлекет токой-чарба өнөр жайы боюнча Финляндия менен атаандаша албайт. Кагаз өндүрүү боюнча биринчи орунда. Бүгүнкү күндө биз окуган ар бир бешинчи китептин барактары Финляндиядан чыгарылат.

БИЙЛИККЕ ЖУЛУНБАГАН САЯСАТЧЫЛАР
Тең укуктуулук, бай-кедей деп бөлүнбөй бирдей жашоо образы жана бирдей кызмат көрсөтүү – финндердин акыркы 20 жылдан бери келе жаткан «фишкасы». Жарандар бийликке көп деле жулуна беришпейт, анткени саясатчыларга көзөмөл күч: карапайым калктын салыгынын эсебинен акча төлөнгөн адам кандай, кайда жашап жатат, башкаларга эмнеси менен үлгү, канчалык эффективдүү иштеп жатканына чейин сындалат.
Учурдагы президент Саули Ниинистё 2012-жылдагы шайлоодон кийин мамлекеттин тарыхындагы эң бай президент аталган. Ал 10 жылдык башкаруусунда болгону жарым миллион евро тапкан. Статистикага ылайык, Финляндия президенти дүйнөдөгү көп каражат коротпогон ажолордун катарында.

ИЧКИҢ КЕЛСЕ ОРУСИЯГА БАР...
1919-1932-жылдар аралыгында Финляндияда «кургак мыйзам» орун алган. Кийин мамлекет жарандарга жумшарып, сыра, шарап ичимдиктерин ичүүгө уруксат берет. Бирок күчтүү ичимдиктерге болгон финндердин «сүйүүсү» кайрадан бир катар чектөөлөрдү киргизүүгө алып келген. Учурда сыраны 18 жаштан жогору, ал эми андан күчтүү ичимдиктерди 20 жаштан жогору адамдар гана иче алышат. Алкоголдук ичимдиктердин баасы өтө кымбат жана атайын дүкөндөрдө гана сатылат. Дем алыш күнү алкоголдук ичимдик сатууга болбойт, калган күндөрү сатуу убактысы чектелген. Көпчүлүк учурда «майрамдагысы» келген адамдар коңшу Орусия, Эстонияга чыгып эс алып келишет.

БҮТҮНДӨЙ ӨЛКӨ БРЕНДГЕ АЙЛАНГАНДА
Кичинекей мамлекет дүйнө экономикасында маанилүү роль ойной алат. Буга Финляндия башкы мисалдардын бири. IT-технология тармагында «Nokia», косметика чыгаруучу «Lumene», автошина чыгаруучу «Nokian», «Fazer» кондитердик фабрикасы, «Finnair» авиакомпаниясы, «Angry Birds» («Каардуу чымчык») мобилдик оюндарды чыгаруучу «Rovio Entertainment Oy» компаниясы жана башкалар. Бул атактуу бренддердин чети гана...
Финляндия кылмыштуулуктун төмөндүгү жана коомчулуктун коопсуздугун сактоо боюнча дүйнө жүзү боюнча 1-орунда турган өлкө. Муну менен алар өз мамлекетин да брендге айлантып коюшту. Мактанарлык көрсөткүчтөрүн санап өтсөк, ички дүң продукциясынын бир жаранга ылайыкталган көлөмү – 34 401 доллар (Кыргызстанда 3467 доллар), гендердик тең укуктуулук боюнча дүйнө жүзү боюнча 3-орунда, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун изилдөөсүндө таза абанын сапаты боюнча 3-орунда, 2011-2014-жылдары америкалык «Fund for Peace» фонду Финляндияны «Дүйнөдөгү туруктуу өлкөлөрдүн» катарына киргизген. Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун 2018-жылдын 14-мартында жарыялаган "The World Happiness Report" докладына ылайык, Финляндия «Дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө» деп табылды (Кыргыз мамлекети 92-катарда).
190 миңден ашык көлү бар «миңдеген көлдөрдүн мекени» аталган Финляндияга жылына миллиондогон туристтер, балыкчылар, аңчылар агылышат. Туризмдин өнүгүшүнө Лапландияда жайгашкан Санта-Клаустун шаарчасы да чоң салым кошуп келет. Жаңы жыл жана Рождество майрамдарынын алдында Финляндиянын эң кооз аймагы Лапландияга бет алган бир жумалык саякат 3-4 кишиден турган үй-бүлө үчүн бир нече миң еврону талап кылат. Кымбат болгонуна карабай жыл сайын бул шаарчага келген эс алуучулардын саны көбөйсө көбөйөт, бирок азайбайт.
Ал эми Рованиеми шаарчасында Күн асмандан түшпөйт. Себеби түндүктөгү айтылуу ак түндөр ушул аймакта даана байкалат. Бул жакта күн күндүзү да, түнү да тийип, полярдык күндү байкаса болот.

ҮЛГҮ АЛУУ ЭЧ КАЧАН КЕЧ ЭМЕС
Финндердин атагын чыгарган дагы бир тармак – билим берүү системи. Мугалим – мамлекетте эң көп төлөнө турган абройлуу кесип. Билим берүү министри Санни Гран-Лаасонендин айтымында, сапаттуу билим жана педагогдук кадрларга басым жасоо Финляндиянын мамлекет катары өнүгүүсүнө алып келген: «Финн коомчулугу мугалимдерди ар дайым баалап жана сыйлап келет. Мугалим – билимдүү, көрөгөч, келечек муунду туура жолго, өнүгүү жолуна салчу адам. Биздин ийгиликтүү билим берүү системибиздин сыры – мугалимдер. Аларга эч кандай чектөө жок, кандай материал таап келет, окутуунун кандай ыкмасын тандайт, өзү билет. Бул мугалимдин да, окуучунун да ар тараптан ачылуусуна алып келет. 1-2-3-класстын окуучуларына кыска окуу программасы түзүлгөн жана ал көбүнчө оюндардан турат. Ойногон баланын кызыгуусу жана эске тутуп алуусу күч болот. Окуучуларга үй тапшырма берилет, бирок аз өлчөмдө. Бала мектепте окуп, үйдө эс алуусу керек. Жогорку класстарда күнүгө дене тарбия сабагы өтүлөт. Бул да болсо балдардын кыймылда болуп, калган сабактарга активдүү катышуусуна алып келет»,- дейт министр.


Асыл Орозбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(13)
12.06.2018. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Буларда бийликке анча кызыкпаганы жакшы экен,талаптын кучтуулугунон.Бизде эптеп бийликке келсе,болушунча тыгып жесе.Калкынын саны биздей эле экен,онугушу боюнча бизден он эсе алдыда экен.
12.06.2018. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Мага мугалимдерди баалаганы жакты, бизге окшоп класстарды актатып, оз чонтогунон ремонт кылдырбай. Мугалимдер жыргап жаткансып.
12.06.2018. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Акыркы 30 жылдын ичинде болуп корбогондой онугуу, баардык тармакта суктанарлык. Бир жагынан ичин куйот жинин келет биздин мамлекеттин акыркы 25 жылдык тарыхын карасан. Салыштырсан кан басымын жогорулап нерф болуп оорукчан болосун. Биз швецария болобуз деп тош каккандан бери 25 жыл отуптур. Карызыбыз кекиртеке жетти. Корупциянерлер тоже кекиртектен отту. Билим системада реформа ноль. Айылга барып сабак берген мугалим жок, иштей турган врач жок. Ай кыргызым ай. Аллах баарыбыз куч кубат омат берсин
16.06.2018. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Kychtyy,Бабанов откондо 10жыл ичинде онукмок кыргызстан
16.06.2018. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kychtyy,карыз кекиртекке жетмек турсун комуп калды уже,башыьыздан ашып
12.06.2018. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эх
12.06.2018. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сыймыктанам ушул Финляндия Норвегияга чек аралаш жашаганыма- виза жасатсам путешествия кп келебиз буюрса. Мен жашаган жерде ал жактан товар алып келип саткан адамдар бар.Аралыгы бир саат бизден бул жака, озгочо шокалады башкача
12.06.2018. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Буйруса кыргызстаныбыз дагы онолот мага ишенип койгула алтындарым коррупционерлердин колун балта менен чабабыз керек болсо болгарка менен кесебиз аман болсок
12.06.2018. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Окуп отуруп маанайын которулотко.Бизге да насип кылсын.Кыргызстаныбыз онугуп,балдарыбыз кен келечекте жашасын!
13.06.2018. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Укмуштай өнүккөн өлкө экен, биз үлгү алчуудай мамлекет экен.
14.06.2018. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Өнүгүүнү өзгөдөн эмес, жеке өзүбүздөн баштайлы.
14.06.2018. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бирөөлөр го тамшанып отура бербей ынтымактуу болсок бизда өнүгөбүз.бизде чукумай биро башын көтөрсө бутунан тартып кайра ылдыйлатып койот да иштейм деген адамды.
15.06.2018. 06:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Орусиядан болунгондон кийин фундаментин туура куйуптур ошондогу бийлик. Коррупция кыоа алышпайт турбайбы, тыкыр текшерилип турушса. Бизде деле ошентсе башында "кочтун башы кандай болсо аягы да ошондой"болуп, азыр чиновниктерибиз жемек турсун акырын басып калышмак экен да. Азыр деле кеч эмес! Катуу режимге отуш керек да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо