Анжелика, ырчы: “АЙЖАНГА АЙТАРЫМ, БАЛДАРЫҢДЫН НАНЫН ТАЛАШКАН ЖОКМУН. МЕНИ ЖАШООҢО АРАЛАШТЫРБА”

№814 8-июнь -14-июнь, 2018-ж.

Эсиңиздерде болсо, ырчы Анжеликаны Айжан аттуу айым социалдык тармактагы баракчасы аркылуу "үй-бүлөмдү бузду" деп айыптаган. Эми ал айым Инстаграмдагы баракчасына 3 баласынын атасы – жеке ишкер, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын мурунку жетекчиси Марат Назарбековдун балдарына алимент төлөбөй жатканын жазып чыкты. Ал гана эмес, ишкердин баасы 1 жарым миллион доллар турган үйдө жашаарына, 100 миң долларлык бир нече машина айдаарына чейин айтып өттү. Интернет баракчасындагы катар чыккан билдирүүлөрүнүн биринде ырчы Анжеликанын укук коргоо органдарына жазган арызын да жарыялады. Бул окуядагы талкуудан улам ырчынын оюн угууну эп көрдүк.

– Анжелика, учурунда сага көпчүлүк ишенбей "бир үй-бүлөнү бузду" дешти эле, азыр ал окуянын башкача түсү ачыла баштады окшойт...
– Ал окуя январь айынан бери уланып келе жатат. Айжан мурунку күйөөмдү жана Анжеликаны коркутуп алам деген ойдо мага жалаа жапкан. Чындыгында Марат Назарбеков экөөбүздүн достук мамилебиз бар. Бирок кыз-жигит мамилебиз жок. Мен бирөөнүн күйөөсүнө көз арткан адам эмесмин. Мен андайды өтө жаман көрөм. Бирөөнүн бактысын бузуп, бактылуу жашап кеткен адамды да көргөн жокмун. Биринчи ызы-чууда Марат менен сүйлөшкөм. "Ортоңордо 3 балаңар болсо, ызы-чуу кылбай эле чечишип албайсыңарбы. Мени сенин ойношуң деп аялың жазып жатат" дегем. Андан кийин Айжандын телефонуна өзүм чалдым. Ал мага “Мараттан мен сураган нерсенин баарын алып бер” деди. Мен “Менде кандай маселең бар? Марат менен сүйлөшө албай жатсаң, сүйлөштүрүп берейин. Бирок сен каалаганды сурап бере албайм. Анткени анын жашоосунда мен сурап бергидей деңгээлдеги адам эмесмин” деп түшүндүргөм. Ошондо өкүрүп-бакырып укпай койгон.

– Ал айымга карата да арыз жазыптырсың...
– Айжандын атына арыз жазганым чын. Интернетте мага каршы баракча ачылып, кыздарыма, ата-энеме карата туура эмес сөздөрдү жазып жаткандыктан орган кызматкерлерине арыз менен кайрылгам. Менеджерим да мени каралаган аккаунтка жазган. Ошондо кыздар "ал жерде Айжан өзү, эжеси, апасы отурат экен" деп айтып калышты. Бирок чын-бышыгын билбейм. Кайрылган кыздарга тигил аккаунттан “Мен сиңдимди коргогонго укугум бар” деген кат келген. Ошол уккан нерсемди эле арыз кагазыма жаздым. Эртеси күнү мага каршы ачылган баракча жабылып калды.

– Марат Назарбековдун карындашымын деп бирөө чыгып жатат, анын жазгандарын окудуңбу?
– Ооба, анын жазгандарын курбуларым жиберишти. Мен аны жеке тааныбайм. Бирок менеджерим байланышса “ооба, мен карындашымын, болгон чындыкты жаздым” дептир. Мен деле азыр 3 кызы менен ажырашкан аялмын. Жолдошум мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам берсе берет, бербесе жок. Бирок мен аны эч качан “балдарды бакпай жатасың” деп айыптабайм. Адамга мүмкүнчүлүк бериш керек. Адамга ден соолук тилеш керек. Мурунку жолдошум кыздарымдын окуусун деле төлөчү эмес. Мен аны доомат кылган жокмун да. Балдарын бакпаган эркектерди жек көрөм. Айжан менин кийип жүргөн кийимдеримди көрүп алып, “Марат алып берип жатат” деп ойлоп жатса керек. Менин демөөрчүлөрүм – Инстаграмдагы окурмандарым. Окурмандарым көп болгондуктан, ар кандай ишканалар белектерин берет. Айжанга айтарым, сенин балдарыңдын нанын талашкан жокмун. Мени жашооңо аралаштырба. Белиңди бекем бууп иште, эч кимге ишенбе дейт элем. Айжан бул жолкусунда бактылуу боло албай калдыбы, дагы аракет кылып көрсүн. Менин да үй-бүлөм урады, көңүлүм калды, бирок жашоодон көңүлүм калган жок. Мен иштей берем, алдыга умтула берем.

Интернетте өзүн Марат Назарбековдун карындашымын деп атаган аккаунт Марат Назарбеков менен Айжан айым көп убакыттан бери чогуу жашабай калышканын, ошондой эле ишкер тууралуу окуялардын бардыгы курулай каралоо экенин жазып чыкты. Мындан улам Анжеликанын ысымы бул окуяларга айрым адамдардын кызыкчылыгы үчүн жөн жерден кошулуп калганбы деген ой келет.

Бермет аттуу айымга байланышканыбызда “ооба, мен жарыялаган нерсенин баары чындык” деди. Анын билдирүүсүн кыскартып беребиз:
"Менин агамды алимент төлөбөй жатат деген маалыматтар боюнча түшүндүрө кетейин. Агам аялы менен ажырашса да, бардык шартты түзүп берип, балдары менен байланышын үзгөн эмес. Интернетте агам тууралуу тараган каралоолордун бардыгы байкемден көбүрөөк акча өндүрүү үчүн уюштурулган".


Сүйүн Кулматова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -4 
Комментарийлер(84)
12.06.2018. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Таза мурункк куйом дептир да азыр эрге тийген окшойт чамасы!!!
13.06.2018. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
aika0906, мен да ошентип ойлоп калдым
13.06.2018. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
ХХХХ Гулумкандын кызы ...
Модератор admin_media түзөттү 2018-06-13 10:59:51
13.06.2018. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Акылы толук адамга баары ачык эле корунуп турат . Кебир куу тулкулор калп эле актанбай эле койсун. Карышкыр менен мамилем бар деген создо эле баардыгы бажырайып турбайбы
13.06.2018. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Farhat25, мен сизге кошулам
13.06.2018. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бир жолу интервью бергенде, эркек уйдо аялдан коп акча табыш керек деген эле. Ошондо Анжеликаны акчасы коп эркектер кызыктырабы? Деген ой келет. Марат мн мамилем жок деп журду эле,эми кайра бар деп чыкты.тооба кылдым. Баркын кетирип жатат озу. Куйоосу акча таппаса ажырашканы эмнеси. Тооба кылдым.
13.06.2018. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Jaziko80,ошондойго
14.06.2018. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Jaziko80,bul Anjelikadan 10 intervyu alsanar 10 no on bawka chigat.Demek mamilesi bar.Jondon jon ele eki uibbuloonu buzup aldinar.Anjelika sen omur boiu uwundai suluu bolup otpoisun.akilina kel.
13.06.2018. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Miya, баш тамгалар грамматика эрежелерине ылайык гана колдонулушу керек. Кыргыз тилинде жазууну сунуштайбыз.
13.06.2018. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
мин актансан да эл билип бутту кандай экенинди
13.06.2018. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Куйоосу бар аял да , башка эркек менен дос болот беле? Же куйоодон да ошондой досторун артыкпы? Менимче «мурунку куйоон» ушу досундун айынан эле ажырашты!
13.06.2018. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Озун пияр кылып сурот жуктой берет дегендерге тан калам, баары эле жуктойт сурот. Аларды эч ким байкабай атат просто менин байкашымча Саламат Садыкова эжебизди карасанар Анделика бир кундо 5 сурот жуктосо ал эжебиз 10 сурот жуктойт аны байкашпайт эч ким.
13.06.2018. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
3 кызы бир эле атаданбы ?
13.06.2018. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Bazana,3 дешетго. Бирок кичуусу мараттын копиясы...
13.06.2018. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Мурунку куйоом дейт да Урмат куйоосун, азыр эмне Маратпы ошондо ээри? Урмат да бир нерсени билип калып анан ажырашып кетти да намысына чыдабай. Марат менен Айжандын ортосунда бир нерсе болбосо ушунча интрига болмок беле. Эмнеге башка сулууларды мындай ушак ээрчибейт? Анжеликадан сулуу,ырчы ырчы айымдар толтура го. Куйоосу туруп эркектер менен дос болгону жакшы экен, аял-эркектин отосундагы суйуу акыры барып эмне менен бутоорун жинди да билет.
13.06.2018. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ошондо карындашы чындыкты айтты бекен?
14.06.2018. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Мен Анжеликаны жеткен калпычы экен деп ойлоп калдым. Мисалы ал "бироолордун куйоолооуно коз арткан аял эмесмин" дейт. Балким Анжелика башкалардын куйоолоруно тийип алууну максат кылбагандыр, бирок ошол башкалардын "куйоолору" менен "мамиле" курганын кандай тушунсо болот?!! Мисалы ошол эле Мухтар Омуракунов менен... Москвада бир номерде чогуу калган деген кептер тегин жерден чыкпагандыр... Кол кармашып кыналыша тушкон суротторучу?!! Жыналач тушкон суротторучу?!!
14.06.2018. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кытайга барган сапарында бир киши менен мамилеси бар деп чыгышты эле... Эми каяктагы чириген бай Марат менен достук мамилеси бар имиш озунун айтышы боюнча. Балким достуктан да жакын мамилеси бардыр?!! Тиги аялга кайрылуусунда ачык эле тиги эркектин тарабын алшаны коп нерсени айтып турат го.....

Бакиевдердин бири менен да мамилеси бар деп айтылып келген... Ошондо копчулук кумир тутуп келген Анжеликанын чыныгы жузу ачылганда, Анжелика элдин жуз карасына айландыбы?!!....
14.06.2018. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Анжелика соо эмес
14.06.2018. 08:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Шамал болбосо,чоптун башы кыймылдабайт дейтко. Кандайдыр Бир мандем барго. Болбосо апапакай Анжеликаны куноолой берет беле? Ананда куйоосу бар туруп
Марат менен достук мамилебиз бар болчу дептир
14.06.2018. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Анжелика ак эмес Анжелика башка жолдор мененле акча табышы мумкун эч кандай белек селек кылбайт ага болгону байлар менен журушу мумкун. Куйоосуно акыл эстуу ыйман ынсаптуу кыз келин туш келсинда.
14.06.2018. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Мурунку интервьюсунда тааныбайм Маратты Баян Есентаева келгенде жолдошум менен киргенбиз деген эле го,эми озум киргенмин доспуз дейт го,мурунку интервьюсу менен азыркысын коюп салыштырса эки турдуу суйлогон,куйоосун жамандабай эле койсо болмок ортого кошуп кетиптир, мурда Урматты кечке мактайт эле го,ар бир созу жалган экен эле да
14.06.2018. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эркек менен аял эч качан дос болбойт, болсо ойнош болот. Деле ушул катын тынч жүрбөгөн неме экен. Адам болгон сон уялуу деген болуш керек эле го. Бул катын улам күчөп бир арам ишке аралашканын койбоду. Айчүрөк айтканы чын эле өндүүдөй. Кенедей кезинде эле ХХХХ деди эле. Эми өркүндөтүп аткан экен.
Модератор admin_media түзөттү 2018-06-14 17:51:08
15.06.2018. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Урмат адам кылды эле го сени,суу ичкен арыка тукурдун сен,Кудай сага ыйман берсин аман бол.
16.06.2018. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мурда ким эле бул кыз, азыр ким болду? Куйоого тийип бардыка жетишип алып анан байкуш куйоосун тепти окшойтда. Тимеле экоо ото бактылуу деп ойлочуубузда ошентип суротторун жарыялап атса, Айчурок эжекебиз экоо урушканга чейин, анан не болду? Эми жашоосу норма болуп, акчаны ченгелдеп алып, бир убактарда мактап аткан куоосун, кайненесин кыйып ажырашканын.
16.06.2018. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атын чыкпаса жер ортто деп койчу беле.....
16.06.2018. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Форумда катындан айырмасы жок эркектер коп. Анжеликанын бактылуу айымына барып кийимнерди алмаштырып алгылачы бабскийге
18.06.2018. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Nanei,туура
19.06.2018. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nanei, форумда эркектер айтса оз калыс созун айтты!!! Сен Анжеликанын передачасы менен "оорусан" ал сенин жеке проблеман. Кааласан дарыланып кел, молдого барып окут озунду...

Эми ошондо эркектер оз пикирин айта алышпайбы сага калса?!!

Анжеликан кандай болсо ошондой кеп айтылаары турган иш да. Ал учун озун аз рекламалаш керек болчу, элден сын уккусу келбесе...
16.06.2018. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен Урматтын эчнерсеси болбойм бирок Москвада иштешип кандай адам экенин жакшы билем бул жигитти.Бул ХХХХ ишенип баардык шарттарын тузуп берген эми минтип бет аарчыдай кылып сонун кылып таштап кетти,Аллах бар сен жазасыз калбайсын Анжелика.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-17 16:42:00
16.06.2018. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Анжелика чатаксыңгоУрмат сенин да бешенең ачылып ыймандуу кызга жолуккун
17.06.2018. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Анжелика айым элден ар кандай сын пикирлерди уксада"Ак ийилет бирок сынбайт"деген макалдай жашап келет.Конулу бош адам болгондо эбак эле жок болуп кетсе керек эле.Нерви кучтуу экен.Азаматсын Анжелика ыймандуу,акылдуу,кучтуу айым бол.Коро албастык эле бул ушул нерседен арылсак Кыргызстан дагы онолот эле.Жеке мен Анжеликанын аркетчилдигин баалаймын.Жолдошум менен ажырашып кеттим деп жашоодо жашабай койуш керекпи.
18.06.2018. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
diar_1113,Кыргызстанда тескерисинче ак ийилбейт сынат кара ийилет сынбайт болуп калган заман!
17.06.2018. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыз-жигит эмеспиз дептир го ))) Уч баланын энеси экенин унутуп калган го ))) Кыз кезегин 17 жашында эле буткон !
17.06.2018. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Талыкпай иштей берем деп коп айтат. Иш корбой ушак угуп жададык
18.06.2018. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анжелика бул ситуациядан да чыгып кетет,черный пиар кылып.
18.06.2018. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мурунку жолдошум кыздарынын окуусуна жардам бербеген дейби?! Ошол киши сени албаса жүрөт элең шооруң куруп! Айчурөк Иманалиевага рахмат айт сахнага чыгып элге таанылдың! Же бир голосуң жок. Аллергия экен го!!!!
18.06.2018. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Буто элекпи э дагы эле?)))Эне журогу фильми 2 чыгат аздан кийин)))
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо